Учурмаек

Азимбек Бекназаров,
вице-премьер-министр:
"Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууда Мырзакматовдун салымы чоң"
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

- Ош окуясынан кийинки тергөөлөр, Сиздин дарегиңизге карата сын айтылып, соттук териштирүүлөр жалаң бир улутка басым жасалууда деген кине коюлуп келүүдө. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Түштүктө жалаң өзбектерди камап, кыргыздарга жан тартууда деп кыйкырык салгандар Бекназаровдон көрүп, "кетсин" дешүүдө. Мен аларга айтып келдим, мындан ары да айтаарым, кылмыш болгон жерде улут да, жердешчилик да болбойт. Кылмыш кылган адам улутуна карабай жазаланат. Кылмышкерлерди улутка бөлгөндүн өзү айбанчылыкка жатарын баса белгилеп коеюн. Иштин иликтенишине байкоо жүргүзүп отуруп, мен кыргыздарга ыраазы болуп турам. Теңметең соттолсо да бир кыргыз кыйкырып чыгып, маалымат жыйын өткөрбөдү. Кызыгы, кыргыздар соттолуп жатат деп укук коргоочулардын бирөөсү да чуу салбады. Эгер керек болсо, биз соттолгон кыргыздардын тизмесин да беребиз. Бирок, аны айткандын өзү уят. Соттолуп, үй-бүлөсү азап чегип, кыйналып жаткандарды саясатка айландырып, тизмесин көтөрө чуркоо пастыкка жатат. Албетте, калыстык үчүн айтып коеюн, кыргыздар теңметең соттолууда. Тилекке каршы, эл аралык уюмдардын бирөөсү да муну айтпады. Бир жактуу маалымат берип, бир өңчөй улутту колдошууда. Чет элдик уюмдар кыргыздар адвокатына каражат сурап барса четке сүрүп, жалаң өзбек улутундагы жарандардын адвокаттарын каржылап жатат. Бул эмне деген көрүнүш, эмне деген саясат?
- Азимбек Анаркулович, ушул окуяны улай бир суроо, Оштун мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан жылдыруу аракети чоң саясатка айланып кетти. Митинг менен коштолгон окуяга Сиз барып М.Мырзакматовду колдогонуңузду ачык билдирип, өлкөнү Түндүк-Түштүккө бөлгөн сөзүн коштоп турушуңузду кантип түшүнөбүз?
- Мен анын Түндүк-Түштүккө бөлгөн сөзүн колдогон жокмун. Сен сурооңду жакшылап бербейсиңби? Оңдогун. Ушинтип суроо берип, элдин башын айландырасыңар.
- Сиз М.Мырзакматовду колдогоңузду айтканыңыз чын да.
- Мырзакматовду кызматтан алуу же албоо маселесин колдодум. А Түндүк-Түштүккө бөлгөн сөзүн колдогон эмесмин. Ушуну так айтып коеюн. Ооба, М.Мырзакматовду кызматтан алат экен деп эки күн Ошто митинг болду. "Дагы бир Ош окуясы тутанып кетпесин, барып тарат" деп Президент мени жөнөттү. Ал жерде М.Мырзакматовдун ордуна Алишер Сабировду мэр коет экен деген сөз тарап, араң элдешип келаткан эки улуттун ортосунда кайра от тутануу коркунучу туруптур. Мен барганда абдан чыңалган беш миңдей эл бар экен, мени да ташбараңга алып, УӨнүн дарегине түрдүү сөздөрдү айтышты. Арга жок мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин тынчтыгы үчүн чыдап сүйлөдүк. Мелис ошол жерде: "Мени кызматтан алам дешип жатат, мен макул болгон жокмун. Колуңардан келсе алабергиле деп баса бердим" деди. Мен ооба ошондой сөз болду, бирок Мелисти кызматтан алган жок. Эки министрликти сунуш кылды эле ага көнбөдү. Мунун ордун эч ким талашпады. Эгер келе турган болсо Алишер Сабиров эмес, орун басары Сабиров Таалай деген жигит келиши ыктымал дедим. Чындыгында эле сунуш болуп, ага макул болбогондуктан Роза эжеге эл колдоп жатат, азыр алганыңыз болбойт. Кыйынчылык күндөрү ушул жигиттер күнү-түнү башын өлүмгө сайып иштеди, шайлоо бүткөнгө чейин турсун деп айткам. Эң негизгиси элди ынандырып, коомдук тартипти калыбына келтирдик. Ортодон Мелисти кызматтан алган буйругу чыкпаса да ызы-чууну чыгаргандар болду.
- Кыйын кырдаалды эске албай ызы-чуу чыгаргандын кереги бар беле?
- Которуу жөнүндө гана сөз болгон. Анткени, каражат бере турган донорлор шартын коет экен. Эл аралык уюмдардан "ушул кишини кетирип бербесеңер болбойт" деген сунуш болуп, ошол маселе каралыптыр. Менимче ушулардан улам элдин тынччылыгы, жардамдын келиши үчүн башка жакка которулууну Мелиске сунушташкан өңдөнөт. Ал макул болбой, жанагыдай окуя башталганда Президент мени чакырып: "Элди тынчтандырып келбейсиңби" деди. Барып, элди тынчтандырып кайттык.
- Мелис Мырзакматовго "сүйлөгөн сөзүң туура эмес болду" деп ага катары - айта алдыңызбы?
- Чыгып кетип баратканда, жыйын бүткөндө Жантөрө Сатыбалдиев, Курсан Асанов, укук коргоо органдарынын башчыларынын көзүнчө - элди тынчтыкка чакыра албай жатканда сен эмнеге Президенттин дарегине акаарат келтиресиң? Каалайбызбы, каалабайбызбы ал - эл шайлаган Президент. Сен жакшы көрөсүңбү, жаман көрөсүңбү ал - мамлекеттин башчысы. Эл тандаган адамды сыйлаганды билбесең - сенин эмнең мэр дедим. Ал туура эмес айтканын мойнуна алды. "Азимбек Анаркулович кечириңиз. Мен саясатчы болбогондон кийин кээде сүйлөгөнүмдү ооздуктай албай калам" деди. Түндүк-Түштүк дегенин да айттым. Так сүйлөй албаганын мойнуна алып: "мен андай адам эмесмин, өзүңүз билесиз" деди. Чындыгында эле Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууда Мырзакматовдун салымы чоң. Бакиевдер Ошко барып отуруп алабыз дегенде укук коргоо органдары эмес, Урустам Маманов, Асылбек Жээнбеков, Мелис Мырзакматовдун жигиттери кууп чыкты. Мен чындык үчүн ошол жерде ушул адамдардан суранып жүргөн киши катары айтып коеюн, булар чоң роль ойноду. Эгер Мырзакматовдор мурдагыдай Бакиевдерди колдоп туруп алганда эмне болорун бир Кудай билет эле. Кийинки барышында да ушулардын жигиттери кууп, ошону менен алардын иши бүттү. Түнкү саат төрттө чалып, балдарың менен Бакиевдерди тососуң, киргизбейсиң деп өтүнгөм. Бизди укту, Убактылуу өкмөттү колдоду. Июнда болгон окуяда да миңдеген студент кыздарды зордуктатпай, өрттөтпөй тикесинен тик туруп сактап калган ушулар. Кандуу күндөрдө кол куушуруп отурган жок. Кылган иштерин унутпашыбыз керек.
- Аталган окуяны шайлоодо колдонгондорун байкадыңызбы?
- Ушул синдромду колдонгондор болду. Анткени, айрым партиялар жалаң өзбектер же кыргыз эместердин добушун алды. Кыргыздар бир нече партияны колдойбуз деп бөлүнүп, бөтөндөрдөн утулуп калды. Азыр кыргыздарды сырткы күчтөр жеңди. Ынтымагы жогунан кыргыздар бу сапар да утулду. Жакында Ноокаттан келатсам өзбектерге таркатылган баракчалардан беришти. Анда ким кыргызга душман болсо "баланча" партияга добуш бер деп жазылыптыр. Мен ал партиянын атын айтпай эле коеюн, эл өзү билет. Уят-сыйыт, эл-жер дегенди унутуп, добуш алыш үчүн ушундай деңгээлге жеттик.
- Эмне үчүн Бекназаров биринчи темага айланды деп ойлойсуз?
- Бекназаровдун сүйлөгөнүнөн, чечиминен жаманатты кылабыз деген күчтөр көбөйгөндүгүнөн. Анткени, жыйырма жылдан бери Кыргызстанда жеп-ичкен, уурдап-тоногондордун кокосуна кылкан болуп сайылып, түн уйкусун бузуп жатам. Баамдап көргүлөчү, ошондойлордун куйругун менден башка өкмөттүн кайсы мүчөсү басып жатат. Тескерисинче, ошол уурулар менен колтукташып алып шайлоодо жүрүшпөйбү. Эмне үчүн журналисттер ушуну анализдебейт. Ким алар менен келишпес согуш жүргүзүп жатат, реалдуу айткылачы? Акаев-Бакиевдин куйруктарына кылмыш ишин козгоп, ачык күрөшүп келаткан ким? Кыргызстанда жыйырма жылдап эки президенттин айланасында жүрүп байыган корруционерлердин жападан жалгыз душманы - мен. УӨнүн көпчүлүк мүчөлөрү алар менен биригип алып, мага каршы маалымат согушун баштады. Мисалы "Форум" гезити Муралиевдин 200 миллион доллары сыртка чыгып кетти деген сөзүн келтирип, буга Бекназаров менен Б.Ибраевдин катыштыгы болушу мүмкүн деп имиш сыяктантып жазышты. Муралиев ачылыш жасаган жок, 200 миллион доллар 5,6,7-апрелде чыгарылып кеткенин биз биринчи айтпадык беле. Чындыкка жакындаштырып жазбайбы гезиттер. Ушундан улам, журналисттерди майрамы менен куттуктап, өздөрүнө революция жасасын дейм. Убактылуу өкмөт сөз эркиндигин бердик эле ооздоруна киргенди оттой баштады. Кичинекей имиштерди жазып, бирөөлөрдүн заказын аткарып жатышат. Биздин соттошуп отура турган убактыбыз жок. Калп нерселерге көңүл да бурбайбыз. Бирок, бет, уят керек да, эртең эле көрүшөбүз, учурашабыз. Мени качырып, өлтүрүп, миллиондогон акчаларды чөнтөгүмө салып жаткандар менин көзүмдү кантип карашат. Мен качпайм. Тескерисинче силерге акча берип жаткан көптөрдү качырышым мүмкүн.
- Сиз кызматка койгон прокурорлорго каршы кылмыш иши козголуп жатканын кандай түшүнөбүз?
- 8-апрелден баштап бардык ячейканы камайлы, кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салалы дегенбиз. Арыз жазып келгендерди карап, текшерип, эч кимден уурдабаса, таза болсо кайтарып берүүгө милдеттенгенбиз. Биз ошентип чектөө салганбыз. Факты боюнча кылмыш козголду деп Байболов билдиргенин, шаарда бир тергөөчүнү камаганын уктум. Исаева деген аял "Менин ячейкама арест салынып калды, чыгарып бер" деп келсе тергөөчү чыгарып бериптир. Мен ойлойм бул жерде кылмыш жок. Шаардын прокурорлорун ошол иш бүткөнгө чейин убактылуу кызматтан четтетиптир. Жалпы жонунан негизсиз арест салынып, анан чыгарылган деп айтылып жатат. Негизсиз салынбаганын жогоруда айттым. Революциянын эртеси бардыгына салынган. Анан бир тергөөчү гана каражатты чыгара албайт. Ал жерде финнадзор, улуттук банк, сырткы башкаруучу дегендер бар. Эгер туура эмес болсо алар көтөрүп чыгып, бул Бакиевдики, тиги Надельдики болчу, эртең бизге да жашоо керек, токтоткула демек. Эч ким тергөөчүгө үстүнөн буйрук бере албайт. Мыйзамсыз жолго бирөөсү да бара албайт. Ошондуктан, Хегай дегенди камаганы туура эмес деп эсептейм. Ал токтом менен берген. Тескерисинче, бербей койсо сен бир нерсе үмүт кылып мунун мыйзамсыз акчасын бербей койгонсуң деп, тергөөчүнүн үстүнөн иш козгосо болмок.
(Уландысы бар).

Зулпукаар САПАНОВ