Бекболот Мусурманкулов:
"Дубайда дем алып жаткан аба дагы сатылат"

Бүгүнкү күндө жүз миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрүшөт. Чынын айтканда, Кыргызстандын экономикасынын түркүгү да ошолор. Эгер мигранттар жылына жиберген миллиндогон долларлар болбогондо, өлкөнүн бүгүнкү абалы кандай болот айтыш кыйын. Чет элдеги миңдеген мекендештерибиздин бири Бекболот Мусурманкулов учурда Бириккен Араб эмираттарынын Дубай шаарында эмгектенип жүрөт.
Ал Кыргызстанда жүргөндө ЖОЖдордун биринде окутуучу болуп иштечү. Анын айтымында Кыргызстандын БАЭге караганда, өнүгүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды колдоно албай жатабыз.


- Дубайда эмне иш кыласың?
- Мен иштеген жерди "Дюти Фри" деп коет. Ар бир эл аралык аэропортто ошондой эркин экономикалык зоналар бар. Мен Дубайдын аэропортундагы "Дюти Фриде" иштейм.
- Иштеген жериңде кыргыздар көппү?
- Бул компания чоң жана көп улуттуу. Менин билишимче, 44 улуттан турган 3700 жумушчу иштейт. Биз келгенге чейин кыргыздар жок болчу дешти. Биздин группа Кыргызстандан биринчи болуп, алтымыштай киши келген. Жарымынан көбү эркектер.
- Айлык-акы кандай?
- Айлык-акы сыр эле болсун. Бирок Кыргызстанга караганда бир кыйла жакшы.
- Кыргызстандагы кайгылуу окуяларды кандай кабыл алып жаттынар?
- Интернеттен үзгүлтүксүз маалымат алып турдук. Албетте, терс маанай жаратып, көңүлүбүздү чөктүрүп жатты. Биздин компанияда Орто Азиядан эки гана улут иштейт. Ташкенттен келген өзбектер жана биз, кыргыздар. Алар менен абдан жакшы мамиледебиз. Бирок, ташкенттиктер эмне болуп жатасынар деп сурашса, ынгайсызданып, өзүбүздү күнөөлүү сезип жүрдүк.
-Парламенттик шайлоодо добуш бере алдынарбы?
- Жок. Бул жакта менин дем алыш күнүм ага туура келбегендиктен, добуш бере алган жокмун. Башкаларды билбейм.
- Жергиликтүү калктын эмнеси жагып, эмнеси жакпады?
- Жакпаган нерсесин байкай элекмин. Бул өлкөнүн эли эгер алардын жүрүм-турум эрежелерин бузбасаң, сени абдан сыйлайт. БАЭнин системасы өзүнчө бир башкача, ар бир кишинин баскан турганы, кыймыл аракети көзөмөлгө алынган. Уурулук, аракечтик, тоноочулук ж.б. терс көрүнүштөр такыр жок. Түн ичинде да коркпостон каалаган жагыңа баса бересиң. Полициянын көзөмөлү күчтүү.
- Ушундай эле суроо. Чет элге чыккандан кийин Кыргызстандын кандай кемчилик жана артыкчылыктарын байкай алдың?
- Санай берсек, бизде кемчиликтер көп эле. Эң өкүнүчтүүсү, элдин акчасынын уурдалып, бийликте коррупциянын гүлдөп жатышы. Бул жактын эли "мамлекет үчүн" десе, ал эми мамлекет "эл үчүн" деп иштейт. Биз өлкөдөгү системаны толук өзгөртүүбүз зарыл экендигин түшүндүм. Кыргызстандын артыкчылыктары жана жакшы жашоого болгон потенциалы 100 пайыз деп айткым келет. Мисалы, таза сууну айтайын: бул жакта сугатка түгүл, ичерге суусу жок. Деңиздин суусун тазалап, чөлдү бейишке айландырып салышкан. А бизде баары төгүлүп жатат. Аны иштеткен, көзөмөлдөгөн киши жок. Буларда керек болсо, дем алып жаткан аба дагы сатылат. Маселен, жабык жерлердеги муздатуу системасын ошондой деп түшүнсөк болот.
Мөмө-жемиш, жер-жемиш,эт жана башкалардын баары импорттолот. Самолет менен келгендиктен баасы кыйла кымбат.
- Кыргызстандын өнүгүшү үчүн эмне зарыл деп ойлойсуң?
- Ар бир жетекчи мамлекеттикин уурдабай, таза иштегенде гана жакшы жашоого жете алабыз деп ойлойм.

Маектешкен
Заирбек БАКТЫБАЕВ




  ОшМУ ОҢДООГО МУКТАЖ

Кыргыз Республикасынын президенти Р.И. Отунбаевага
КРнын Башкы прокурору К.К.Байболовго
КР Билим министри К.Садыковго
ОшМУнун жамаатынын мүчөлөрүнөн
КАЙРЫЛУУ


Чыныгы элдик революциянын турмушка ашуусу менен коомдун бардык чөйрөлөрүндө эл күткөн тилектердин жүзөгө ашып жаткандыгы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө ишеним отун жаратты.
Мындай өзгөрүүлөр өзүнөн-өзү болуп жаткан жери жок. Мамлекет башчысынан жана өкмөт мүчөлөрүнөн талыкпаган эмгекти, туруктуу, өзгөрбөс, ишенимдүү позицияны талап кылууда. Бакиевдин чагымчыл кара күчтөрү өзүлөрүнүн бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай ыкмаларга барышкан, керек болсо, Оштогу кан төгүүгө чоң салымы бар, бул өкүнүчтүү. Ошондой күчтөрдүн эң коркунучтуусун арам байлык топтошуп, аны коргоп калуунун түрдүү амалдарын ойлошуп, ыңгайлуу убакытты күтүп турушкан, жаңы бийликтин тушунда да өз кызматтарында коомайланып отурушкан айрым чиновниктердин тобу түзөт. Мына ушундай кызматкерлердин тибине ОшМУнун ректору М.Орозбековду кошууга болот. Массалык-маалымат каражаттарында ректор жөнүндө канчалык чыркыраган чындык айтылса да, эски бийлик тарабынан такыр көңүл бурулган жок. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бир нече жолу кылмыш иши козголуп, бирөө да акыр аягына чейин акыйкат каралган эмес.
"Ак жол" партиясынын саясий кеңешине мүчө болуу менен М.Орозбеков элге каршы жүргүзгөн саясатын ого бетер күчөттү. ОшМУда коррупция гүлдөп өсүп, медициналык адистиктерге кирүү сынактары 2-3 миң долларга чыгып, сессия учурунда паракорчулук күч алып, ректор өзү баш болуп паракорчулукка ыңгайлуу шарт түзүп, паракорлорду колдоп турган.
Биз Сиздерге төмөндөгү жагдайларды маалымдайбыз:
1.М.Орозбековдун жетекчилиги учурунда ОшМунун үстүнөн алты жолу укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, Эсептөө палатасынын Ош шаардык прокуратурасына кайрылганына карабай, бардык иштер жабылган.
2.ОшМУнун карамагында турган Баткендеги жана Алайдагы окуу имараттары арзан баада сатылган.
3.ОшМУнун көмөкчү чарбасы (кой,жылкы) толугу менен жок болду.
4. Которуу жана тикелөө үчүн төлөмдөр, 3-5-курстардын келишимдик акылары, жатакана үчүн төлөнүүчү суммалар мыйзамсыз жогорулады. Мындай зордук-зомбулукка чыдабаган студенттер 2009-жылдын 26-октябрында көтөрүлүшкө чыгышты бирок, студенттердин койгон талаптарынын бирөө да аткарылган жок. Тескерисинче, куугунтукка алынды.
5.Азыркы БиМ факультети окуп жаткан имаратка сметада көрсөтүлгөн тендердик төлөмдөн көп каражат кеткен.
6.2009-2010-окуу жылында кышкы которуу жана тикелөөдө медицина факультетинде окуган чет элдик студенттерди тикелөөдөн түшкөн 25000 долларды М.Орозбеков күбөлөрдүн көзүнчө өз чөнтөгүнө салган (65 студент).
7.Быйылкы жылы жалпы жамаатка 13-айлык берилген жок.
ОшМУнун комиссиясынын чечиминин негизинде 2010-жылына төмөнкү факультеттер жоюлган:
1."Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат"(ФИМО)факультети жоюлуп,үчкө бөлүнүп кеткен. (деканы ф.и.к. доцент Сулайманв Ж.)
2.Кыргыз филологиясы факультетинин түштүк регионун тейлеген мамлекеттик тил жана кеп маданияты кафедрасы жоюлуп, ф.и.к.,доцент А.Жунусов кафедра башчылыгынан бошотулган.
3. Педагогика жана искусство факультетинин деканынын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары п.и.к.,доцент Б.Муратбаевди, табият таануу жана география факультетинин деканынын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары доцент Э.Айдаралиевди ээлеген кызматтарынан себепсиз бошоткон.
4. ОшМУнун биринчи проректору профессор Т.Кадыров структуралык өзгөрүү болду деген шылтоо менен биринчи проректор кызматынан мыйзамсыз бошотулган. Буйругу жок.
Университетте курулушка көңүл бурулуп,окутуунун сапаты жөнүндө эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөй калды. Университеттин айрым жетекчилери бир да аудиториялык сабак өтүшпөйт. М.Орозбеков "Геодезия" адистигинен окуу жүктөмүн алып, башкаларга өткөрүп, айлыкты өзү алса, аны көргөн өкүл баласы, экономика боюнча проректор, кафедра башчысы "эрке бала" А.Борбоев дегеле сабак өткөн эмес.
Кыскасын айтканда, ОшМУда мыйзам бузуулар көнүмүш адатка айланып, ректорго каршы чыккандарды куугунтуктоо салттуу көрүнүш катары каралып,мындай жорук-жосундардан жамаат толкуп, бирок, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сабыр кылышып, эл ишенген Убактылуу өкмөт акыйкат чечим чыгарат деп үмүттөнүп турган мезгил. Паракор, коррупционер ректор М.Орозбековдун кылган кылмыштары тергөө органдарында тергелсин жана сот жообуна тартылсын.
Ошондуктан ОшМУнун ректорлугуна абийирдүү, ар намыстуу, таза колдуу, өз ишинин мыкты адиси болгон, билим берүү проблемаларын мыкты түшүнгөн компотенттүү, глобалдык деңгээлде ой жүгүрткөн инсанды ОшМУнун жамаатынан коюп беришиңиздерди суранабыз.
Кайрылууга
68 кызматкердин
колу коюлган.