ЖЕКЕ МЕНЧИК - КОЛ ТИЙГИС
РЕДАКЦИЯДАН:

Газетабыздын 1 -октябрь күнкү санында Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн аймагындагы бир нече айылдардын элинин ортосунда жер талашууга байланыштуу пикир келишпестиктер болуп жаткандыгы жөнүндө чакан маалымат жарыяланган. Жарыяланган ошол маалымат боюнча, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында жер басып алуу аракеттеринин тегерегинде эки тараптын өкүлдөрүнө сөз бердик. Бир тараптын өкүлү Жапар Момункуловдун макаласы газетабыздын №69 санына жарыяланды. Бүгүн экинчи тараптын өкүлдөрүнүн маектерин жарыялайбыз.


ИСАКОВА АЙГҮЛ -
Орок орто мектебинин
директору

- Айыл элинин эки жаат болуп жер талашып, чыр-чатак чыгаар абалга келип калганы боюнча эмне айта аласыз?
- Маселе ушунчалык катуу көтөрүлө баштады. Иштин башында мени турат деп жатышат. Мен эмес, Кыргыз Республикасынын Конституциясы турат. Конституциянын 12-беренесинде "Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет. Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн" деп ачык эле жазылып турбайбы. Демек мыйзам боюнча Кыргызстандын ар бир жараны Кыргызстандын каалаган жеринен жер сатып алса же өз жерин сатса болот. Мындан тышкары үлүш жерди сатканга да уруксат берилген. Бул боюнча атайын мыйзамдар, жер Кодекси бар. Ушул мыйзамдардын чегинде биздин туугандар чогулуп, Орок айыл өкмөтүнөн 27 гектар жер сатып алганбыз. Мен ошол айылда (Селекция- ред.) турганым үчүн 2010-жылы Гүлмира Сыйдалиева деген кожоюндан мага ишеним кат жазылып берилип, калган документтердин баарын мен бүтүргөм. 2007-жылы сатылып алынган үлүш жерлердин баары менин туугандарымдыкы болучу. 2008-жылы трансформация боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ошондон кийин гана үлүш жерге жеке турак үй куруу үчүн деп кызыл китеп чыккан. 4 жер 4 кожоюнга бөлүнүп, трансформациялары бүтүрүлүп, сатуу-сатып алуу документтери аркылуу менин тууганыма өткөн. Ушуга чейин жакшы пландар болуп жаткан -бул жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салганга деп инвесторлор келип, жерлерди көрүп, элге жете тургандай арзан кылып, эл маданияттуу жашасын деп сөз болуп баштаган. Революция болгондон кийин бул иш токтоп калган. Анткени чет элден келишкен инвесторлордун баары качып кетишкен. Анан туугандар акылдашып көрдүк да, муну жеке турак үй курууга эле берели деп чечип, жайында мен отпуска убагында топографиялык съемкасын тарттырып, генпланын чийдирип, тийиштүү мамлекеттик мекемелерден бекиттирип, 380 участокко бөлүнүп менчиктештирилип, ар бир участокко кызыл китеби алынган. Апрелден баштап биздин айыл өкмөтүбүз алмашып, Кубатбек Дүйшөналиев келгенден баштап ушул жерге асылды да калды.
- Жаңы айыл өкмөт каяктан келди?
- Ал ушул эле айылдын тургуну. СДПК партиянын мүчөсүмүн деп келип, жакшынакай иштеп жаткан адамды алып түшүп, ордуна отурган.
- Ал мурда ушул айыл өкмөтүндө иштечи беле же башка жактан келдиби?
- 15 жылга чейин эч жерде иштебей жүргөн экен,кийин 1 жылча мектепте физик мугалими болуп иштеп келген. Келип отуруп алгандан кийин эле ызы-чуу башталды. Канча инстанцияга чейин барды. Биз да корктук, болгон документтерди көрсөтүп, керектүү инстанцияларга кайрылдык. Колубузда соттун чечими да бар, бул жер силердики деген.
Бир жолу айыл өкмөтү мени конторасына чакырып алып, "инфраструктуранын акчасын кандай жумшайсың?" деп сурады. Мен "жол салам, свет коём, суу киргизип берем" десем, "Ал жакка жумшабай эле, Орок айыл өкмөтүнө бөлүп бер, мен Жалдын жеринин баарын оңдойм" дейт. Мен каршы болсом, "революция болуп жатканын көрүп жатасыңбы, элдин баары захватка чыгат, анда сенин жериңди мындай эле алып коёбуз" деди. "Андай болсо мыйзам түрүндө жасагыла, буга 2007-жылы эле чечим чыккан" дедим. Тигил жакка чуркады, бул жакка чуркады, баары мыйзам чегинде болгондон кийин эми 7 айыл элди дүрбөттү. Бекмурзаев Жумаш деген орун басары Сарбан айылын, "Республика" партиясынан координатор Бейшенова Аида Жалды, жергиликтүү Кеңештин депутаты Жусубалиева Асылкан Селекцияны, Момункулов Жапар Жалдын жармысын, Асыкеев Бахтыяр Кашка-Башты, Кукешева Жыпар Жалдын бир жагын, Исаков Шурубек, Ысманов Бекин, Барманова Дариха, Багышов Жаңылбек дегендер элди үгүттөп чыгышты. Эл "захватка" чыгат деп ишенген жокпуз, бирок ызы-чуу болуп, эртеси эл аябай эле келди. Алар менен кошо НТС телевидениеси, ЭлТР каналынан келип тартып кетишти. "Мына, мобул жер Бакиевдин жери экен, ушул жерди басып алып жатабыз" дешип, Аида Бейшенова, башка бир топ адамдар интервью берип башташты. Ошол күнү мен жөнүндө эч нерсе айтпай калдык дешкенби, үч күндөн кийин НТС кайра келип, менден эч нерсе сураган жок. Теледен "Үлүш жерлер туура эмес экен, аларды Исакова сатып жатыптыр, эл захват кылып алышты" деген мазмунда айтылып кетти. Биринчи күнү эл басып киргенде биздин менчик болсо, биз өзүбүздү коргошубуз керек деп укук коргоо органдарына "тигил-бул адамдар башында туруп жер басып алуу уюштурулуп жатат" деген мазмунда арыз менен кайрылдым. Эртеси акимдин кабинетине 15 адам барганда жергиликтүү депутат Жусубалиева Асылкан деген "буга мектеп директору Исакова күнөөлүү" дейт. Анан ошол жерде сөз болуптур "Ал силердин үстүңөрдөн арыз жазган, эми силерди камайт" деп. Сокулуктан келип эле машинадан кыйкырып түшүшөт "мына, Исакова арыз жазыптыр, эми бизди түрмөгө камайт, силер бизге арыз жазып бергиле, биз силерди коргойбуз, биз жерди өлүп кетсек да алып беребиз" деп. Анан эл ошол жерден эле "биз Айгүлдүн үйүн өрттөйбүз" деп жөнөшөт. Ошондо мен туугандарымды үйгө чакырып койгом, бирок ал күнү эл бир аз тынчып, туугандарым үйлөрүнө кетип калышкан. Бирок түнкү 3тө үйүмө май куюлган бөтөлкө ыргытылды. Уктай элек болчубуз, ызы-чуу түшүп өчүрүп калууга жетиштик. Милиция чакырдык, ал 10-15 минутада эле келип калды, бирок эч кимди тапкан жок. Эртеси жаныбызда кошуна жашаган адам тапырап чуркаган адамдардын үнүн укканын айтты. Ошондон кийин эч кандай иликтөө-сурамжылоо жүргөн жок. Кошуналарымдан "бирөө-жарымыңардыды күбө катары сурамжыладыбы?" десем эч ким келбептир.
- Сиздин үйдү өрттөөгө жасалган аракет боюнча кылмыш иши ачылган-ачылбагандыгына кызыктыңызбы?
- КУПтан өттү деп участкалык милиционер келип айтты.
- Окуя кайсы түнү болду эле?
- 22-сентябрдын түнүндө саат 03тө. Таңкы 5 ке чейин милиционерлер иликтеп кетишкен, ошол бойдон иш токтоп калды. Жолдошум ушул эле Жал айылынын тургуну болгондуктан, ошол жакка барып, "силер ыргыттыңарбы?" деп ар кимден сураштырса, эл ого бетер жинденип, мына, булар биздин балдардан көрүп жатышат, каматат деп ызы-чуу башташат. Ошондон бир нече күндөн кийин эле Жал айылынын өзүндө да бир-эки үйгө бөтөлкө ыргытылыптыр. Биздин үйгө ыргыткандар табылбагандан кийин эми бул хулигандык иш башка айылдарда да уланып жатат.
- Жерди басып алуу маселеси боюнча да тийиштүү жерлерге кайрылдыңызбы?
- Акимден баштап президентке чейин кайрылдым. Азырынча эч кандай реакция жок. Аким келип эл астында сүйлөгөндө "маселе оң чечилет, силерге алып беребиз" деген маанайда сүйлөп кетет. Ал жакка нааразы болгон 1700дөй адам келип жатат, бул жакта 300дөй эле жер болсо, кимисине каяктан алып берет -анысы менен иши жок. Келген эл болсо кыйкырып-өкүрүп "биз 27-контурду алабыз, анан 42-контурду, анан 105-контурду алабыз" деп өздөрүнчө кожоюн.
- Ушул маселе боюнча акимдин жеке кабыл алуусунда болдуңузбу?
- Жок.
- Аким бир-эки жолу келдиби?
- Эл чогулган дүйшөмбү күнү келди. Бул жерде мындай да парадокс болуп жатат. Мени мектеп директорлук кызматымдан алуу үчүн айылдык Кеңештин сессиясына 3-маселе катары алып чыгышыптыр. Анда аким, "силер мага арыз жазып бергиле, мен чечип берем" деп аларга убада берип коёт. 7 айылдан эл келип жерди кайтарып, мына алабыз, ана алабыз деп ишенимдүү отурушат, аким айтты, алып берем деди дешип. Ушул жерден жер ала тургандар бүт баары СДПКга мүчө имиш, анткени айыл өкмөт да, аким да СДПКнын мүчөлөрү.
Дагы бир кошумчам - захватка келген элдин баары 2008-жылы жеке турак үй курууга 4 сотыхтан участок алышкандар. Алардын бирөөсү да ушул Селекция деген айылга келип үй салышкан жок. Көбү жерлерин сатып жиберишип, машина минишип, айдаганы айдап жүрөт, айдабаганы кайра сатыштыбы - белгисиз. Ошол сатып жибергендерден туура эмес саттым деген бирөөсү да жок. Ызы-чуу салгандар жерди алып эле кайра сатып жибергендер болуп жатышат.
- Нааразы болгон тараптарда регионализм, түндүк-түштүк маселеси жокпу?
- Анча-мынча болуп жатат. Жерди негизинен "биз местныйлар алабыз" деп жатышат. Жөн отурбай, магазин, дүкөн, камокторго кирип,ар нерселерди алып,бирок акчасын төлөбөй качып кетип жатышат. Артынан кууп чыгышса, топтолуп турган элдин ичине кирип кетишет. Ал жакка магазиндин ээлери коркуп баралбайт. Андан тышкары кечинде ушунча көп жаш балдар, өспүрүмдөр мас болуп жүргөндүктөн, адамдар көчөгө чыгалбай жатышат. Орус чал-кемпирлер, жашы улгайып бараткандар кокус Маевкадай болуп кетсе эмне кылабыз деп мага да кайрылып жатышат.

БЕЙШЕНАЛИЕВ Салмоорбек -
Жал айылынын тургуну
Кыргызстанда ар бир революция болгон сайын бул жерлерди шаардыктар, дагы башка адамдар, ушул айылдардын жашоочулары басып алууга аракет кылып келишти. 2005-ж. Акаев качып кеткенден кийин да бүт шаардыктар басып баштаганда Сокулук районунун акими башында туруп, шаардыктардын бардыгын сүрүп чыгарганбыз. Шаарга чейин келип, Ак үйдүн жанындагы аянттан Бакиевди катыштырып, айыл элинин миңдеген тургундары "жерибизге тийбегиле" деп чогулуш өткөргөнбүз. Андан көп өтпөй айылга келип, акимдин катышуусунда айылдык жыйын болуп, биздин үлүш жерлерибиз ар бирибизге 10 сотыхтан тийгенин, ал жерлерибиз Манас айылында экенин айтканбыз. Анан ошол жактагы үлүш жерлерибизди аким менен макулдашып жакын жерлерге, эл отурукташып калган ФПСтин ар кайсы контурларына которгонбуз. Булар Манастан которулуп келген 10 сотыхтан тийген жерлер. Ал эми негизги жерлерибиз башка, ар кайсы айылдарда. Азыркы айыл өкмөт Кубатбек Дүйшөналиев өзү эле чатак кылып, Сокулукка барып териштирип, эч нерсени далилдей албагандыктан, "тигил сатып жатат, мунусу жеп алган" деп элди тукуруп койгону коркунучтуу болуп жатат. Эл арасында мурда 5-6 киши эле арыз жазганы болбосо, ынтымакта элек, азыр болсо эки жаатташып, миңдеген кишилерге оор болуп калды. Баарысы эле жер алабыз дешип, бирөөнүн сатып алган жерин талашып-тартышып ит болуп атышат.
Мисалы, мектептин директору үлүш жерлерди кимден сатып алганын мен билбейм, бирок жашоочулар мага келгенде эле айтам -"бул үлүш жерди сатып алыптыр, силердин бул жерде үлүшүңөр жок болсо, же силер сатпасаңар, анда эмне келдиңер?" десем, "бизге ушул жерди басып алгыла, мен силерге чыгарып берем деп айтты" дешет. Ошентип эл кошуна-колоңунан, жакындарынан угуп эле дүрбөп жатышат. Айрымдары менден сурашат. Мен аларга "туура түшүнсөңөр, сенин менчик үйүңдү талашсам мени эмне кыласың?" деп сурасам, "атып салам" дейт. "Бул да ошондой да, колунда госактысы, жеке менчик деген кызыл китеби болсо, басып алганга кандай акыбыз бар. Бизге 2000-жылы көк китепти жөн гана шарттуу түрдө берген, калем менен жазылып турат, ошону бул мыйзамдаштырып чыгарып алган" десем бири да каршы чыккан жок. Бул жерде жөн гана айыл өкмөтүнүн айтуусу менен жерди баса калып жатышат. Ызы-чуунун чыгышында ошонун күнөөсү көп.Бүгүн айыл өкмөтү атка минип турат. Эртең жөө калса, элдин тепсендисинде калышы мүмкүн, ошону түшүнгөн жок. Мындай нерседе таяктын экинчи учу бар да. Биз эки президентти кетирген менен законду кайра буза албайбыз. Трансформациясын алып салган күндө да жеке менчик формасын буза албайбыз да. Процесс жаман нукка бурулуп баратат. Азыр жаш балдар бири-биринин үйүнө от ыргытып кол сала баштады. Мындай нерсени угуп көргөн эмеспиз. "Мен ыргыткан жокмун, билбейм" деп моюндарына алышпайт. Бул жерде бир гана айыл өкмөтүнүн күнөөсү. Ишти аким да акырын колдоп жатканбы дейм. "Чечип берем, көрүп берем, кудай буйруса кылам" дебей, элдин алдына чыкканда ачык айтыш керек да. Аким деген милийса, же прокурор эмес да жазалай турган. Аким элди тең карай турган киши. Закон боюнча мындай экен десе эл түшүнөт эле. Ошондуктан биздин эл азыр аябай жаман, оор акыбалда турат. Эгер абалды оңдоп, мыйзам нугуна салып, тартипке келтирбесек,аягы жакшы болбой калышы мүмкүн. Бири-бирибиз менен чабышып, өрттөшкөнгө чейин барып калышыбыз мүмкүн.

Маектешкен
Машакбай
РАХМАНКУЛОВ