Бакиевдин Ташиевге жазган каты
Камчыке кандай абалың,
Айтпадың чалып кабарың.
Ачуума тийип турсаң да,
Акыры ишке жарадың.

Биринчи максат ушундай,
Бекем тур, эми кутурбай.
Убактылуу дегендердин,
Учурун таап кутулбай.

Сүрүлүп минтип калкымдан,
Калканыч таптым каапырдан.
Жөлөк пул керек десеңер,
Жөнөтөм дагы "жашылдан".

Түштүктү көтөр түрүлтүп,
Түндүктү козго бүлүнтүп.
Мыктылап ишти кылгыла,
Мыктыбекти жүгүртүп.

Аралап түздү, адырды,
Жакшылап салгын кадырды.
Сак-сактай бербей калп эле,
Садага чапкын Садырды.

Айтпаса болбойт акмакты,
Арбын бир жерден аксатты.
Алгандан башка билбеген,
Айдактап иштет Акматты.

Кеп мындай эми кеңешсек,
Эч нерсе чыкпас тирешсек.
Оборун ачып койгула,
Ошого көнгөн Кеңешбек.

Кылтагын тарткын кармаштын,
Кыябын билгин алдаштын.
Мактоодон башка жарашпайт,
Мазесин изде Алмаздын.

"Жалгызсың, бирок көпсүң" де,
"Сен чоңсуң өзүң лөксүң" де.
Сен турган жерде кыргызың,
Тизелеп келип чөксүн де.

Ушундай кепти көтөрөт,
Ушинтип туруп көкөлөт.
Убагы бышып калганда,
Урабыз кайра экөөлөп.

Көргөнмүн далай чеченин,
Эсебин таптым эченин.
Киндиктен ылдый тепсеңер,
Маңкасы агат "Текенин".

Акылы бар да, эси жок.
Айбат бар, бирок сеси жок.
Айыбын тартса кошуп ал,
Адашкандын кечи жок.

Жашылбайлардан берилген,
Жакшылап андан семирген.
Алганын эми актасын,
"Ыздачы" сура Темирден.

"Акмын" деп жүрүп кемирди,
"Такмын" деп жүрүп семирди.
Эми ээгинде кылдан ажырайт,
Эскертип койгун Эмилди.

Өөдөлөп издеп көч жылат,
Өз тууганы өч чыгат.
Тамтаңдай берсе жөнү жок,
Такыр башка чөп чыгат.

Ак кылып көөдөй караны,
Жашырып-жаап жарааны.
Антташкан шертке "БЭК" экен,
Азимбек ишке жарады.

Аярлап кепке келгиле,
"Акеңден" салам бергиле.
Азике шарты ушундай,
Аянбай бере бергиле.

Жаңы жүрүштөр жаралсын,
Жаңы жагдайлар каралсын.
Топ-топко бөлгөн жагынан,
Топчуке тоодой сары алтын.

Аганы сыйлап алгыла,
Ат коштоп алып баргыла.
Топчукени кырдантып,
Тоодой иш жасап салгыла.

Пайгамбар атка бурулган,
Бирок,
Кызылды көрсө жулунган.
Исага салам айткыла,
Анын,
Уурусун чубайм угулган.

Эркебайдын эрке бар,
Кечикпей ага эрте бар.
Сүрүлүп калды ак үйдөн,
Сүзүлүп аны эске алаар.

Ойлосоң келет ой мына,
Кулак-мурдунан чойгула.
Жантөрө деген жалпакты,
Жакшылап зекип койгула.

Түбүбүз биздин бир деген,
Арамды жесек бир жеген.
Оюна коюп бир кезде,
Ош жагын өзүң бил дегем.

Куурайдан курсаң чеп болбойт,
"Кул" баласы бек болбойт.
Феликс менен бирикпе,
Азыр да али кеч болбойт.

Так-тактап басат жан жагын,
Таңуулап келет тандамын.
Дал чыкпай калса пикириң,
Далыңа кадайт "Канжарын".

Кезинде сүрүп дооранды ай,
Кез кетсе кайра ооганды ай.
Сорпосун кантип аш кылат,
Созулган биздин Сооронбай.

Сокебиз сокпой сокосун,
Сиңирсин жеген токочун.
Так билбей жүрсө эскерткин,
Тактасын "ака-жотосун"

Садага чапма улактай,
Сыйгалап кетме сымаптай.
Өмүрбектен сак болгун,
Өрдөгү менен чубатмай.

Күн тийген жерде күлөт ал,
Күнөстүү жерде жүрөт ал.
Жагалмай деген куш сымал,
Жалданып өмүр сүрөт ал.

Казактын тилин тапкан бар,
Каркыраны саткан бар.
Адашып жүрмө ашынам,
Адахан деген аккан бар.

Алдыга койбер камчылап,
Ал жүргөн жерде чаң чыгат.
Артынан анан барасың,
Арбын жем издеп аңчылап.

Мелжесем көзгө илинбейт,
Меке чал кайда билинбейт.
Меке жок жерде пикеттин,
Сөз атасы тирилбейт.

"Меке, сен өзүң эрсиң" де,
Мээдеги күчүн берсин де.
Александр мырзага,
Кеңешчи болуп келсин де.

Мен сүйгөн элдин пири бар,
Мелистен дагы бири бар.
Жаныштан өтө сестенет,
Жакшы жагын билип ал.

Өгөйүн өздөй батырган,
Өкмөтүн тике качырган.
Обу жок эжекесинин,
Ош деген оозун ачырган.

Алдабайт экен көз гана,
Адашпайт экен өз гана.
Мээңден такыр чыгарба,
Мекебиз биздин өз бала.

Асылбас жерден асылган,
Кубат дос кандай ашынган.
Ал күчү тайып турганда,
АКШга качыргам.

Кез келди кайтып эстесең,
Кетирбейт элем кектесем.
Ээн ооз, тайкы жан тура,
Эркектей сөзгө бек десем.

Камчыке, жайым ушундай,
Кат жазгын жообун утурлай.
Так карма эми жеңишти,
Таалайың колдон учурбай.

Жылымчык болгон кеп турат,
Кайрадан шайлоо деп турат.
Кабатыр болбо ага да,
Катуулап күтүң тек курап.

Ойлонуп тапкан шайлоо бул,
Ок кылып элди кайроо бул.
Ой-сезимсиз кыргызды,
Оңколотуп жайлоо бул.

Иштелип чыккан шайлоо бул,
Имерип көздү пайлоо бул.
Так талашкан кыргызды,
Туш-туш жакка айдоо бул.

Акаңдын көтөр чачпагын,
Шайлоо десе качпагын.
Шаңыраңлаган кыргызга,
Шайтан оюн баштагын.

Аянбай пулду төгүп сал,
Куржундун оозун сөгүп сал.
Аңыраңдаган кыргызды,
Алды-артынан бөлүп сал.

Орунсуз ойду кеп дебе,
Ойдолоп кетип кектебе.
Орун-очогуң алганча,
"Отунчу" кызын кет дебе.

Имерип минчү ат болот,
Ийилтип тартчу шак болот.
Каруусу жок бийлик бул,
Кайтарып алсаң бат болот.

Кубалап ийсең так болот,
"Куугунчу" деген ат конот.
Кудурети жок бийликти,
Кубултуп алсаң ак болот.

"Эже" деп улам жактай бер,
Эзилип түшүп актай бер.
Эшигин түртүп күнү-түн,
Эбегейсиз мактай бер.

Жик чыгат дайым талаштан,
Жийиркентсең жиктеш тараптан.
Эки өпкөсү казандай,
Эжеңдин жайы Таластан.

Күн батпай кайра таң болбойт,
Күндөштөр барда шаң болбойт.
Билдирип ойгот намысын,
Бир жарым жылдык хан
болбойт.

Өбөктөп турсаң топту улап,
Өздөрүн өзү "пок" кылат.
Биригүү болбойт бийликте,
Булар,
Бири-бирин жок кылат!

(Кийинки санда Камчыкеңдин жообу берилет)