Келечегиң кең, Кыргызстан!

Жоомарт Оторбаев:
"Ушул жума Кыргызстан үчүн аябай жоопкерчиликтүү болот"
(Башы 4-бетте)
- Өзүңүз айтып өттүңүз, инвестиция тынч жана саясий туруктуу жерге агып келет деп. Сиздин жеке пикириңизде, өлкөнүн келечеги кадай болот? Митингдер токтоп, качан тынчыйт болду экенбиз?
- Карапайым адамдарга, дегеле баарыбызга тынчтык керек. Шайлоолор өтүп, парламент шайланды. Эми коалиция түзүү аракеттери болууда. Буйруса, жакында жаңы өкмөт бийликке келет. Ошолорго иштегенге мүмкүнчүлүк берип, беш жылга чейин шайлоо деп ооз ачпай койсок жакшы болмок. Бирок, өкмөт коррупциядан алыс болуп, жалаң гана профессионалдардан куралыш керек. Ошенте алсак, буйруса, бизде баары жакшы болот.
- Коалициялык өкмөт жөнүндө сөз айтылып калды, ошондон улам бир суроо. Феликс Кулов эл ишениминдеги өкмөт деген идеяны айтып чыкпадыбы. Уткан партиялар гана эмес, утулгандардын арасында да мыкты адистер болсо, кызматка коюп чогуу иштейли дегендей ойду козгоп жатат?
- Бул логикалык жактан туура эмес сунуш. Өкмөттү түзүү жөнүндө сөз болуп жатканда баары эле Атамбаев, Текебаев, Бабанов деп фамилияларды айтып жатышат. Эч ким программа жөнүндө сөз кылган жок. Биз личностторду эмес, экономикалык программаларды сүйлөшүшүбүз керек болчу. Кайсы партиянын экономикалык пргограммасы, укук коргоо органдары боюнча багыты кандай? Мамлекеттик бийликте кандай реформа жасалат? Тышкы саясат кандай болот? Кыскасы программанын деңгээлинде бири-бири менен эч ким сүйлөшкөн жок. Коалиция деген эмне? Бул - компромисс. Канча партия болсо ошонун баарынын өз программалары болот. Алардын баарын бир столго коюп, программалык багыттарды аныкташ керек. Социалдык, экономикалык, укук коргоо жана тышкы саясат кандай болот деп, бир пикирге келүү керек. Негизи ошондой болушу керек эле да. Европада парламенттик шайлоо болуп калса, партиялар программалык компромисттерди издеп, салык саясатын кандай жүргүзөбүз, бажы саясатынын жана башка органдардын багытын кандай кылабыз деп, сүйлөшө башашат. Ошон үчүн моюнга алыш керек, бизде программа боюнча эч ким сүйлөбөй жатат. Чындыгында, саясатчылар келет, кетет, программалар калыш керек.
- Президент Роза Отунбаева сентябрь айынын акырында БУУнун мамлекет башчыларынын жыйынына катышып, эл аралык коомчулуктан "Кыргызстандын тышкы карызын жоюп бергиле, анын ордуна биз өлкөдөгү экологияны коргоо боюнча иштерди жасайбыз" деп суранган. Ушундай жол менен тышкы карызды жоё алабызбы?
- Бул туура эмес. Отунбаевага мындай деп ким кеңеш бергенин билбейм. Карызды жоюунун андай механизмдери жок. Мен Эл аралык валюта фондунун ички процедураларын жакшы билем. Андай жол менен карызды жоюунун жолдорун жолуктурган эмесмин. Бирок, карызды жоюунун башка механизмдери бар. Азыр аны айтуу эртелик кылат го деп жатам. Мен ишенимдүү айта алам, бирок баш жолдору бар.
- Кызык кепти баштап койдуңуз. Ошентсе да, четин чыгарып айтарсыз?
- Азыр бүткүл дүйнө бизге үмүт менен карап турушат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу парламенттик демократия түзгөн мамлекет катары көңүлдөрүн кунт коюп, бизге бурушууда. Баары эмне болор экен деп аябай кызыгып жатышат. Кыргызстан чаң-тополоң болбой, демократияны, экономиканы өнүктүрүп, корупцияны жоюп, түз жол менен кете ала турган болсок, анда биз сонун мамлекет болобуз. Баардыгынын тең эле бизди жөлөп-таягысы келип турат. Ошондо карыздарды да жоёбуз. Биз үчүн чоң болгону менен 1-2 млрд доллар деген каражат аларга кичинекей байкалбаган акча.
Бирок, эл аралык уюмдар менен сүйлөшкөнгө да техника керек. Мен аны билем. Каржы министрлигинде , Улуттук банкта алардын тилин таба алган мыкты балдар да жетиштүү. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн алардын ишениминде болуш керек. Июнь айында мен Лондондо иштеп жатсам да, Вашингтоного барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Бул биринчи гана кадам. Ошого карабай, алар 1,2 млрд доллар убада кылышты. Менин оюмча ушул сумманы эки эсеге чейин көтөрсөк болот.
- "Ата-Мекен" партиясынын атынан парламенттик шайлоого аттанбадыңызбы. Ушул партияга кандайча келип калгандыгыңыз көпчүлүк үчүн күнү бүгүнгө чейин табышмак?
- Мен Лондондо иштеп жатканда Өмүрбек Текебаев телефон чалып, "Жоке Кыргызстанга кел, элибизге, жерибизге жардам беришибиз керек. Сенин байланыштарың да, тажрыйбаң да көп" деп калды. Мен макул болуп жардам берейин дедим. Бирок, кийин партиянын тизмесине да киресиң деди. "Тизмеге мени кошпой эле койгула, моралдык укугум жок. Силер куугунтукталып, камалып, үй-бүлөңөр, туугундарыңар жана санаалаштарыңар менен запкы жеп жүргөндө мен Лондондо "жыргап" жүрдүм эле . Анан эле тизмеге кирип калсам уят болот го" деп баш тарттым. Бирок, "бул жактагылардын баары эле макул, сүйлөштүк , колдоп жатышат" деп айтты. Ошондо мен Текебаевге айттым: "Зарылчылык болсо, макул тизмеге кирейин, бирок баарына жакшылап түшүндүрүп кой, мага эч кандай кызматтын кереги жок. Бул сенин демилгең, сен да чоң жоопкерчилик алып жатасың. Чындыгында эле, мен керек болуп жатсам, жардам берейин элиме, жериме" деп айттым.
Экинчи жагынан, мен чүйлүкмүн. Мурда партияда тизмеде үчүнчү болуп, Кубатбек Байболов турчу. Ал да чүйлүк. Байболов тизмеге кирбей, кызматта болуп калгандан кийин чүйлүк башка бир адамды коюш керек болду. Мен чүйлүктүк гана эмес, бишкектик да болом. Ушул факторлор негизги ролду ойноду. Элибиздин менталитетин да эске албай коё албайбыз да.
- Буйруса, коалиция түзүлүп, өкмөт да куралат. Анын курамы кандай болорун азырынча айтыш кыйын. Ошондой болсо да бир суроо: сиз депутат бойдон каласызбы же, өкмөткө кызматка барасызбы? Жеке табиятыңызга кайсынысы ыңгайлуу?
- 2000-жылы "Менин өлкөм" партиясы шайлоодо утуп, парламентке кошулганбыз. Ошондо мен тизмеде биринчи болчумун. Парламентке барбай, өзүмдүн ордумду Зайнидин Курмановго бергем. Менин жеке пикиримде, парламентке юристер, публицисттер барыш керек. ЖКда көпчүлүгү юристтер болсо жакшы. Мен юрист эмесмин, экономистмин. Мен өзүм аткаруу бийлигинде натыйжалуу иштей алам деген ойдомун. Бирок, мен кызмат сурабайм. Эгер ошондой мүмкүнчүлүк болуп, ишеним артылса иштеп кете алмакмын. Бирок, коалициялар кандай болот айтыш кыйын. Ушул жума Кыргызстан үчүн аябай жоопкерчиликтүү жума болот го, сыягы.
- Сиздердин партиянын экономикалык программасына башка кайсы партиянын программалары жакын деп ойлойсуз?
- Биздин партиянын программасында экономикалык багыттар майда-чүйдөсүнө чейин, деталдаштырып, так жазылган. Башка партиялар болсо, дүңүнөн эле "андай кылабыз, мындай кылабыз" деген ураандар менен чектелишүүдө. Биз кыска убакытта, орто мезгилде, узак мезгилде жасалуучу пландарды так айтканбыз. Мен бардык партияларын экономикалык программаларын карап чыктым, бирок, бир да партиянын деталдаштырып жазылган программасын көрө алганым жок.
-Жок дегенде принциптери ылайык келгендери бардыр?
- Ар бир партияда ким экономика менен алектенген, тажрыйбасы канчалык, мен билем. Мисалы, "Ар-Намыста" Акылбек Жапаров бар. "Ата-Журтту" алсак, Марат Султанов, канча жылдан бери министр, Улуттук банктын төрагасы болуп иштеп жүрдү.
- Бабановчу?
- Бабановду чынын айтайын билбейт экем, бирок ал дагы вице-премьер болуп иштеген. Балким, жакшы иштеп кетет. Атамбаев да бар. Азыр өкмөттө кандай гана коалиция түзүлбөсүн, Кыргызстандын экономикасында катастрофа болбойт го деген ойдомун. Жоопкерчиликтүү жумуштарга тажрыйбалуу балдар келет. Аларга да жардам беребиз, буйруса.
- Өкмөттү түзүүнүн процедурасы боюнча оболу анын программасын бекитип, андан соң курамын аныктайт эмеспи...
- Жок, Кыргызстандын шартында мындай болушу кыйынарак. Биринчи, коалиция түзүлүп, андан соң биргелешкен, орток принциптер боюнча кызматтар бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
- Бажы союзу боюнча карама-каршылыктуу пикирлер бар. Сиздин оюңуз?
- Дүйнөдө 150 мамлекет мүчө болуп кирген Эл аралык соода уюму бар. Кыргызстан буга 1998-жылы мүчө болгон. Кийинки жылы, Казакстан менен Орусия ушул уюмга мүчө болуп кириши мүмкүн. Анүчүн алар өздөрүнүн мыйзамдарын Эл аралык соода уюмуна ылайыкташтырышы керек. Ошол кезде мыйзамдарыбыз жагынан өзүнөн-өзү ал өлкөлөр менен жакындай түшөбүз. Бул биринчден. Экинчиден, баары бир Бажы союзу менен сүйлөшүүлөргө барышыбыз зарыл. Себеби, эң маанилүү соода шериктештерибиз Казакстан менен Орусия. Ошон үчүн айлабыз жок, баары бир союзга кирүүгө туура келет. Албетте, жоготууга учурайбыз, ошол эле учурда утуштарыбыз да болот. Географиялык бир аймакта тургандан кийин дайыма экономикалык бир мейкиндикте иш алып барабыз, башка жолубуз жок.
- Эл аралык соода уюмуна мүчө болуп туруп, Бажы союзуна кире алабызбы?
- Менин оюмча биринчи Казакстан менен Орусия Эл аралык соода уюмуна кирет. Ал кезде Бажы союзу менен биздин да сүйлөшүүлөрүбүз жыйынтыкталып калат деген ойдомун. Ошондо, автоматтык түрдө бул маселелер чечилет.
- Кыргызстанда экономикалык кризис түзүлөт, азык-түлүк катастрофасы келип чыгат дегендерге кандай дейсиз?
- Ооба, көйгөйлөр бар. Бирок, чоң катасрофа болуп кетпейт. Миллионго жакын мигрантарыбыз жылына Кыргызстанга 2 млрд доллар каражат которуп турушат.
- 1 млрд доллар эмеспи?
- 2 млрд доллар. 1 млрд деген ал расмий айтылган сандар. Расмий эмес жол менен келген акчалар дагы ошончо. Мындан сырткары, баягы эле Кытай транзити иштеп жатат жана Казакстанда, Орусияда биздин рынокко талап бар. Улуттук валюта да турукташып калды. Бул да аябай чоң фактор. Андыктан, чоң катастрофа же ачарчылык болуп кетпейт.

Маектешкен
Заирбек
БАКТЫБАЕВ