КАЙРЫЛУУ
Урматтуу
Роза Исаковна!
2010-жылдын 10-октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынын натыйжасы коомчулуктун нааразылыгын жаратып, ар кандай толкундоолорду күн сайын өрчүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк пайда болду. Жаңы парламентке "Ата-Журт" партиясы баштаган мурдагы акжолчулардын кайрадан келип олтуруп калышы менен 7-апрелдеги каны төгүлгөн 89 бала кадимки эле бандитке айланып, Убактылуу өкмөттү башкаргандар мамлекеттик төңкөрүшчүлөргө айланып калуу коркунучу турат. Ал эми ошол 7-апрель окуясына катышкан активдүү адамдарыбыздын кийинки тагдырлары кандай болот, ал жөнүндө ойлоо да коркунучтуу болуп калды.
Бүгүнкү коомубуздагы саясий абалдын олку-солку болуп тургандыгына байланыштуу 2010-жылдын 23-октябрында Люстрация Коомдук Бирикмесинин "Ордо Кеңешинин" кеңейтилген жыйыны болуп, ал жыйында азыркы саясий абалга токтолгон көпчүлүктүн талабынын негизинде Сизге кайрылууну жолдоп жатабыз.
1. 2010-жылдын 10-октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгын шайлоо боюнча болуп өткөн шайлоо толугу менен жокко чыгарылсын;
2. 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяга тиешеси бар деп шектелип, кылмыш иши козголгон мурдагы бийликтин убагындагы акжолчу чиновниктердин бардыгы сот жообуна тартылсын;
3. 2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясынын келип чыгышына кыйырынан себепкер болгон акжолчу чиновниктердин бардыгы кызматтарынан кетип, жоопкерчиликке тартылсын;
4. Тез аранын ичинде Люстрация боюнча мыйзамды Указ менен кабыл алып, коомчулуктагы таза адамдардан турган комиссия түзүп, Люстрация мыйзамы менен ишке киргизилсин;
5. Люстрация мыйзамын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн атайын комиссия иштеп, толук жыйынтыгын чыгаргандан кийин Жогорку жана жергиликтүү Кеңештерге шайлоо жарыялансын.

Урматтуу Роза Исаковна!
Сиз биздин ушул кайрылуу талаптарыбызды туура кабылдап, чечкиндүү саясий жыйынтык чыгарат деп терең ишенебиз. Эгерде андай чечкиндүү кадамдарга бара албасаңыз 7-апрелдеги төгүлгөн кан бекерге төгүлгөн кан болуп, эл өзү чечкиндүү саясий баа берет. Элдин арасында жүргөн биз дагы тынч отуруп калбастан мындан дагы жыйынтыктуу аракеттерге өтөбүз. Анткени, биз акжолчулардын кайрадан бизди башкарып калуусу үчүн шейит кеткен баатырлар жана биз өмүрлөрүбүздү тобокелге салган эмеспиз.
Люстрация Коомдук
Бирикменин жетекчиси
Асылбеков И.З.




Аманбы, "Агыш жел кайык"
Ажылдайт сенден бир зайып
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Радловдун айтканын эсиңизге салып коеюнчу, чоң атаңыздын замандаштарынан уккан жайыңыз бардыр, ал минтип айтып кеткен турбайбы: "Кыргыздар сүйлөгөндө сөз тизмеги ушунчалык кынапталат дейсиз, сөз күүсү, сөз ыргагы тим эле ырдап отурушкандай жагымдуу эшилет!" Поливанов болсо, "Манас" эпосун которгонго шыктандырып, колдоп, жолдогон, ал эми Жирмунский "Саякбай Каралаев "Манас" айтканда, кучактап бетинен өөп жатпайбы".
Сталиндик сыйлыктын лауреаты, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков: "Тил - улуттук маданият. Улуттук байлык. Улуттук мурас" деп жазса, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: "Тил - улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы менен акыл-эси" экенин эчен ирет далилдеген. Биздин даңазалуу ата-бабабыз баатырдык "Манас" эпосуна - ыйык мурасыбызга, адептиктин түркүгүн орнотуп коюшкан.
Кош, Елена, Сиздин оюңузга койсо дүйнөнүн саясый картасын бир эле боек менен боеп, каалагандай жүр, каалагандай жаша деген ураанды көтөрүп жатканыңызды баамдаганга чама-чаркыңыз жетпеген окшойт, аны Байыркы тарыхта алгачкы коом деп койчу белек. Көрсө, Сиз бүткүл дүйнөнү артка жылдырып, күргүчтөтүп күчкө салып, алгачкы коомго сүрүп салгыңыз келип жатабы? Дүйнөнү бир боекко салабыз, жалпы бир элди түзөбүз деген СССР мамлекети, 2001-жылы 11-сентябрда Американын асман тиреген эки имараты кулагандай кулап түшпөдү беле, эми Сиз бүбү - бакшылык кылып, дүйнөнү кулатмакчы болуп жатасызбы, деги Сиз кимдердин атынан сүйлөйсүз, мындай сүйлөгөнгө кимдер Сизди шыкактап, кутумчулуктун куйту ойнуна дарбазачы кылган. Ойго кетет экенсиң, тарыхтын түнт токоюн аралап жүрүп адептик багыттан чын адашып кеткенсизби, же коммунисттик заманда - эл деген түшүнүккө адамды матап байлаганына чындап ынанып алгансызбы? "Пейлиңден тапкыр" деп айтчы эле аксакал-кеменгер кыргыз карыялар. Кыргыз журту тиги уруулук түзүлүштө эле өз эркин темирдей бекем тарбиялап, дене жагынан чыдамкайлыкка көнүктүрүп, өзүнүн коопсуздугунун жерпайын түптөшкөн. Кыянаттык менен митайымдык үчүн көп акылдын кереги жок, коркоктук менен ачкөздүк эле жетиштүү болорун айтышкан - бешиктеги баладан баштап, бели бөкчөйгөн карыларга чейин осуят катары жаңырыктап турган. Айкөлдүк, адилдик, ак-ниеттик, аруулук Алтай менен Дунай мейкининде көчүп конуп жүргөн байыркы кыргыздын адептик багыттары - улуу маданияты ушинтип чайлаган эмеспи, муну билип алгын бору бүтүн боконосу каткан Елена айым. Кыргыздын этногенезиги көп адамдын башын ооруткан, биринчи сионисттердин күн тынымын, түн уйкусун качырган. XIX кылымда кыргыздардын көчмөн урууларынын этногенезисин изилдей башташкан. Оксфорд университетинин профессору Х.Маккендер - инсанаттын бүт тарыхы "Улуу талаада" - Алтай менен Дунай аралыгында чечилгенин ачып чыкпады беле, угуп жатасызбы, Елена бөжөгүм?!! "Элдердин укугу" идеясынын тукум түйүлдүгү ушул жерден башталган, аны кадимки Карл Маркс "илимий коммунизм" теориясына айлантып салганы менен кабарыңыз болсо да, кылтыйып унчукпайсыз, кытмыр адамдын кыял-жоругу муну ырастап турат.
Айтканга ооз барбайт, падышалык Россиянын башка өлкөлөргө жасаган кутумдук жүрүштөрүн, тарыхый кужжаттарды уйку-соонун ортосунда отуруп эргип окугандан орустар бизге Кыргызстанды тартуулаган деген ойду таңуулапсыз. Бул эми жаш балага күлкү эмеспи. Кокон хандыгынын башында ким отурганын кур дегенде калемдешиң А.Князевден, Д.Масловадан сурап алсаңыз, мынчалык дөөрүп - алжыбайт элеңиз.
Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүү жолунда өнөгөлөш элдер менен камыр-жумур болуп жашап келген жана жашай берет. Бирок, Сизге окшогон оозуна алы жетпеген ургаачылар менен атаандашып көрбөгөн, кененбеген, сабырдуу элим, Сиздин айтып дегениңизге деле камаарабай отурбайбы. Сизди өлкөбүздөн чыгарып жибергенде төбөбүзгө мүйүз чыкмак беле, жүрө бериңиз, жөөттүк көнүмүшүңүздү кабырыңыз түзөбөсө, эч ким түзөй албайт. Кыргызстан чегинен чыгып алып, дагы бирөөнүн куйругуна жамынып, үйү жакын күчүктүн куйругу чыгырык болуп чыгасызда, кагазда үн жок, калемде сөз жок - шыбаган жагынан чыгаан штукатурчу болгон жаныңызга камчы сала бер, ушакчылар абалтан өзү салган уудан мертинчи беле?!
Соңку мезгилдеги Кыргызстандын тарых айдыңына Сиз кайра төрөлүп түшүнбөсөңүз,түшүнөөр түрүңүз жок. Сизден көрө бала бакчадагы байчечекей кызды үйрөтүш оңой. Маданият, экономика,саясий деңгээлди ошондон кийин сүйлөшпөсөк, азыр ага кол бош эмес, Сиз айткан Борбордук Азияда парламенттик бийликке чыйыр салуу машакаты менен жашап жатпайбызбы, азыр Сиз менен акыйлашууга убактым чак. Ии, демекчи, кыргыз баласынын текебердигине таарыныпсыз, кыргыздын үн кубулушунан кине таап, бетиңизди тултуйтпай эле коюңуз, кыргыз баласы, келин-кыздарды үлпүлдөтүп багып, асырап, даңкын көккө чыгарган. Алар жөнүндө кепти кийин улантайын.

Түлөн Акматалиев,
КР Борбордук мамлекеттик архивдин жетектөөчү адиси, Кыргыз Республи-касынын улуттук жазуучулар жана журналисттер Союздарынын мүчөсү.

P.S.

Неберем телевизордон телесериал көрүп чарчаган белем, улам бир каналды бурап, ойноп отурат. Карасам Жириновский кадимки өнөрүн көрсөтүп, кабагын түйүп, муштумун кесеп, күпүлдөп, берки каналда Лукашенко качкын-бозгундар тууралуу сөзүн бүтө электе, Израилден Палестинанын дарегине шыбаган сөздөр, а мунусунда көзү тостойгон, бели бөкчөйгөн жөөт кемпир столуна өбөктөп энциклопедияларды барактап отурат. Бул жалган дүйнөдө эмнелер гана болбойт десеңиз, чиркин!..