Жоомарт Оторбаев:
"Тыштан карыз алуудан чочулабаш керек. Мен аларды жоюунун ыкмаларын билем"

Тажрыйбалуу экономист, акыркы жылдары эл аралык уюмдарда иштеп келаткан Жоомарт Оторбаев менен улуттук экономикабыздын айланасында кеп курдук. Анын айтымында, Кыргызстан бүгүн канчалык оор экономикалык кырдаалда турганына карабастан, өнүгүүгө ондогон мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Жоомарт Оторбаевдин "Ата Мекен" партиясынан парламентке депутат болгону турганы бардыгына эле белгилүү болсо керек. Бирок, ал өзү табиятынан аткаруу бийлигине жакын экендигин мойнуна алды.

- Жоомарт Каипович, маегибизди негизинен, улуттук экономикабыздын айланасында курсак. Апрелден бери митингдер, шайлоолор деп жүрүп, экономикабыз кыйла аксап, бюджеттин тартыштыгы болуп көрбөгөндөй өстү. Жумушсуздуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Мындан сырткары, өлкөдө болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин эмгек миграциясынын жаңы толкуну башталып, 80 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөгө чыгып кетти. Ушул абалдан чыгып кетүүнүн жолдору барбы?
- Алдыдагы бир-эки жылдын ичинде Кыргызстанга инвесторлор келбейт. Муну так түшүнүп алышыбыз керек. Жыл сайын 70-80 миңдин тегерегиндеги жаштар окууларын аяктап, иш жок Казакстанга, Орусияга кетип жатышат. Биз кайсы жол менен Кыргызстанда жумушчу орундарын түзө алабыз? Кантип өлкөнүн инфраструктурасын жакшырта алабыз деген суроолор баарыбызды ойлондурат.
Менин билишимче, расмий түрдө биздин мамлекеттин ички дүң продукциясы жылына 900-950 долларды түзөт. Жалпы КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен Тажикстан жакыр мамлекет бойдон калууда. Бул бир жагынан жаман, бир жагынан жакшы. Жаман жагы түшүнүктүү. Ал эми жакшы жагы: жакыр өлкө деген макам (статус) бизге эл аралык каражаттарды алууга көп мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Биз ошол макам менен кандай гана кредит болбосун, эл аралык коомчулуктан толук бекер ала алабыз. Балким, эки-үч жылдын ичинде бул статусубузду жоготушубуз мүмкүн. Анткени, акырындык менен болсо да улуттук экономикабыз өнүгүп жатат. Мисалы, 90-жылдары ИДП 400 эле доллар болчу. Азыр болсо эки эсеге өсүп, миң долларга чейин жетти. Ошондуктан, бекер каражат алып калыш үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калышыбыз керек. Кайталап кетейин, эки-үч жылдан кийин биз карыз ала турган болсок, эң арзан дегенде 4-5 пайыз менен гана алышыбыз мүмкүн. Себеби, ал кезде биздин экономикабыз башка деңгээлде болуп, статусубуз өзгөрүп калат. Армения, Грузия, Молдова жана Монголия мамлекеттеринин деңгээлине чыгып, арзан кредит ала албай калабыз. Кээ бирөөлөр айтып жатат: биз болду сырттан каражат албайбыз, ансыз да карызыбыз көп деп. Бирок, биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, эл аралык натыйжаларды да карашыбыз керек. Өнүккөн Американын, Европа өлкөлөрүнүн тышкы карызынын көлөмүн карап көрө турган болсок, алардыкы дээрлик ИДПнын жүз пайызын түзөт же андан да көп. Карызы да көп, ИДПнын көлөмү да чоң. Ал эми биздин өлкөдө болсо, расмий маалыматтар боюнча тышкы карыз ИДПнын 60 пайызын түзөт. Бирок, бизде көмүскө экономика деген бар. Көмүскө экономика жогору болгонуна байланыштуу бизде ИДПнын көлөмү рефереалдуу, башкача айтканда расмий айтылган улуттук статистика комитетинин сандарынан бир топ өйдө. Чындыгында, тышкы карыз өлкөнүн ИДПсынын 30 пайызын гана түзөт. Карызы ИДПнын жүз пайызын түзгөн өлкөлөргө караганда, бул карызды оңой эле кутулсак болот. Анүстүнө, бизге каражаттар эң өмөнкү баада берилип жатат. Бул чоң мүмкүнчүлүк. Эртең мындай мүмкүнчүлүк биздин колубузда боло бербейт. Дагы айта турган болсок, эгер биз 100 млн доллар каражат алсак, анын 90 млн долларын грант түрүндө алабыз, 90 пайызы бизге жардам түрүндө келет. Сүйлөшүүлөр аркылуу аларды алууга мүмкүнчүлүгүбүз толук бар, керек болсо миллиард доллар да ала алабыз. Бул каражаттар биздин өлкөгө абдан керек болуп жатат учурда.
- Макул, ал каражаттарды алдык. Бирок, эмне кылабыз? Уурдалып кетпейби?
- Бул баарына кызык болсо керек. Ал каражаттарга биз жолдорду, көпүрөлөрдү, мектептерди, ооруканаларды, энергия иштеп чыгаруучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык инфраструктураларды курабыз, дегеле жалпы коммуникациябызды жакшыртабыз. Көрүп турасыңар, Кыргызстандагы жолдордун 90 пайызы талкаланып бүткөн. Алган миллиард долларды инфраструктураларды курганга пайдаланыш керек. Эгер жылына 8-10 пайызга өсүп турсак, беш-алты жылдын ичинде улуттук экономикабыз эки-үч эсеге жогорулайт. Экономика эки эсе көтөрүлсө, ошончолук энергетикалык кубаттуулук талап кылынат. А бизде ошол кубаттуулук , талапка ылайыктуу коммуникациябыз жок.
Ал инфраструктураларда курууда бизде жүз миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Ошентип, жумушсуздук да өзүнөн-өзү чечилет.
- Сиздин пикириңизге таянсак, демек, карыз алгандан чоочулабаш керек экен. Буга биздин экономикалык потенциалыбыз жол берет турбайбы?
- Чочулабаш керек, өнүккөн өлкөлөрдүн жолу ушундай. 30-40 пайыз менен деле ишкерлер кредит алып жатышат. Бизге 0,01 пайыз менен сунуштаса да "албайбыз, карызыбыз көбөйөт" деп баш тартабыз. Таң калгандар бар, "эмне өлөсүңөрбү, жок болуп кетесиңерби" деп. Мына "Кока-кола", "Мерседес" жана "Газпромдун" жүз пайыз карыздары бар. Карыз - бул экономиканын алиппеси. Балким, албетте кээ бир өлкөлөр, маселен Сауд Аравиясы, Казакстан, Орусия карыз албайт. Алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогору. Биздин мамлекет азыр анте албайт. Ошон үчүн азыр ала бериш керек. Кийин жоёбуз, анын жолун мен билем. Дагы айтам, мүмкүнчүлүктү пайдаланып калалы. Эки жылдан кийин инфраструтураны курганга мындай акчаларды ала албай калабыз. А өзүбүз курганга болсо, такыр мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Жеке инвесторлор болсо, инфраструктура курганга каражат салбайт. Азыр болуп көрбөгөндөй чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Жогоруда айткандай, жумушсуздукту да автоматтык түрдө жоёбуз.
Андан соң, Кыргызстандагы мыкты инфраструктураны көргөн инвесторлор өздөрү келе баштайт. Албетте, саясий туруктуулук жана инвестициялык жагымдуу шарт болушу керек. Биз аларга айтабыз: "мына инфраструктура даяр, келгиле да, иштегиле" деп. Андан соң, мамлекеттин атынан тышкы карыз алуунун зарылчылыгы жоголот.
- Бирок, "биз жакырбыз, бекер каражат бергиле" десек эле, бере салышпаса керек?
- Июнь айында Кыргызстанда донор уюмдардын жолугушуусу болуп өткөндүгүн билесиздер. Ошонун алдында президент Роза Отунбаева мага байланышка чыгып, "донорлордун мүмкүнчүлүктөрү бар болду бекен , алар менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү" деп суранып калды. Мен Вашингтонго барып, Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк Банк менен жолугуштум. Алар "силер адилеттүү шайлоолорду өткөргүлө, өлкөдө коопсуздук жана туруктуулук болушу үчүн аракет кылгыла жана кесипкөй, адилеттүү, алдым-жуттумдук кылбаган адистерди өкмөткө алып келгиле. Өзүңөрдүн иш жасай ала турганыңарды көрсөткүлө, ошондо силерде бардыгы болот, каражат да беребиз" дешти.
Сөзүмдүн башында айткандай, апрель жана май айындагы окуялар бизди "посткризистик" мамлекеттердин категориясына кошту. Бирок, пайдалана алсак бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Себеби, донорлор каражат бөлүү чечимине 6-12 айда эмес, бир эки айдын ичинде келишет жана каражатты тез, мобилдүү которушат. Процедуралар абдан тездик менен жүргүзүлөт. Биз азыр күтүп жатабыз, кудай буйруса, бир эки айдын аралыгында убада кылган каражаттарын бөлгөнгө донорлордун толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мен өзүм ошол иштерди сүйлөшүп келген адам катары айтып жатам. Ошон үчүн кандай коалиция түзүлбөсүн, адистер жана профессионалдар гана бийликке келсин деп, учурда саясатчылар менен сүйлөшүп жатабыз. "Ушул тууганым эле же партиянын активисти эле" дебей, кесипкөйлөрдү, тажрыйбасы барларды гана жумушка тарталы деп сүйлөшүүдөбүз. Анте албасак, баягы эле бойдон жүрө беребиз. Макул, министрлик жана вице-премьер-министрлерлик сыяктуу орундарда өзүңөр болгула, бирок орун басарлар, департаменттин башчылары жалаң гана профессионалдардан түзүлсүн деп жатабыз.

(Уландысы 7-бетте)