Оң жээк, сол жээк - ортодо "Ата Мекен"
Парламентке өттү делген партиялардын үчөөсүнүн ортосунда түзүлө турган коалиция тууралуу сөз арбын жүрүп, ким кимге биригет деген маселе көпчүлүктүн башын катырууда. Акыркы маалымдоолорго караганда оң жээкке "Республика" менен КСДП бириксе, сол жээкке "Ар-Намыс" менен "Ата-Журт" бирикти. Ортодо, чечүүчү болуп "Ата Мекен" партиясы туру. Сол жээктеги атажуртчулар менен арнамысчылар Ө.Текебаевди койнуна тартуу үчүн Спикерликти бир нече ирет сунуш кылышса, оң жээктегилер аталган орунду революциянын локомотивине ыраа көрбөй жатыптыр. Булардын ортосунан кандай кара мышык өткөнүн түшүнбөгөндөр көп… Канткен күндө да кайсы бир гезит Бабановду ортого коюп, эки тарап курсак бийин көрсөтүп жаткан сүрөтколлажы жараксыз болду окшойт. Анткени, "Ар-Намыс" атажуртчуларды эпке келтирип, "Республика" партиясына КСДП сөйкө салып койду. Ортодо "Ата Мекен" калды. Эми кайсы тарап, эмнеси менен кызыктыраар экен?...


Болот эми баатыр болобу?
Өткөн жуманын аягында Болот Шерниязов Талас жергесинде шайлоонун аяктагына арнап той өткөрдү. Боке Манас-Ордодо мына сага деп кырк жылкыны көтөрүп чаап, "Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып", алыстан келген коноктордун эч кимисин нааразы кылбады. Этке өлө тоюп, артканын артынып алган Таластык туугандар Болот Шерниязовду "Кыргыз Эл баатырлыгына" сунушташыптыр дейт. Кечээ эле, президент эжекеси Боке инисине генерал лейтенант наамын негизсиз берип салды деп чуулдаган коомчулук, эми Шердин баатырдыкты алам дегенине не дээр экен? Негизи, Роза эжекебиз да туугандарына келгенде колу ачыктай. "Кудай өзү кут кылсын" дейличи, бирок "Манастан Чубак кем бекен" сыңарында мага да бергиле дегендер жайнап кетсе эмне кылабыз?


Ау-у Азике, "пошел" тойус, посол болгуча көрүнүп коюңуз?
Оппозицияда жүргөндө гезит бетинен, бийликке жетээри менен экрандан түшпөгөн, журт алдындагы тазалыгын ар дайым билдирип, ачык маек берүүдөн тажабаган Азимбек Бекназаров агабыздын көпчүлүккө көрүнбөй кеткени түшүнүксүз болуп баратат. Бийлик, анан байлыкка жеткендерди элден, журналисттерден качырган "балакет" ооруга чалдыкканбы деп коркуп турабыз. Аты жаман оору Азикени чулгап алганы туурасындагы ушактар эл арасында камгактай учуп жүргөнү, саны кыскарып бараткан жактоочуларынын жүрөгүн өйүтүп жатканына күбө болуп Азимбек агабызды сураштырсак, а киши Парламентке өттү делген партиялардын эшигин кагып, болочокто депутат болчулардан Түркияга элчи кылып жөнөтүүсүн суранып жүрүптүр. Мындай жүрүш Азикенин майтарылбас эркин сындырдыбы же талыкпаган саясаттагы "соодасын" бүтүрдүбү деп бүшүркөп турубуз.


"ИНТЕР-АЛЬЯНСтын" АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?
"Манас проспектисиндеги № 43 үйдүн пайдубалы түбүнөн ураганы калды!" деп ушул үйдүн жашоочулары жан далбас аракетке түшө баштады. 1997-жылы уюшулган "Интер-Альянс" ушул үйдүн №№ 2,3 жана 6 - батирлерин кеңсе кылып көчүп келгенден бери жашоочуларда тынч турмуш жок. Компьютер баш болгон кеңсе техникаларынын он чакты түрүн сатууга адистешкен фирмага кирип-чыккандар көбөйүп, подьезд опур-топур короого айланды. Келип-кеткен чоң-кичине машиналар, ары-бери ташылып жаткан коробкалар, жабдуулар эле көп. "Жашообуздун тынччылыгы бузулду го?" дегендерди кагып-силкип коюшат. 1-Май райакимчилигине, ГАСка да арызданышты, бирок эл үнүн угаар эч ким жок.
Ушундан пайдаланган "Интер-Альянс" эми араанын мурдагыдан да чоң ача баштады. 9 кабат үйдүн түндүк тараптагы пайдубалын 2-3 метр тереңдикте казып, үйдүн жерпайы жылаңачтанып калды (сүрөттө). Бул жерге эми көмөкчү имарат курмай болгондо жашоочулар коңгуроо кагып, жабыла нааразылыкка чыгышты.
"Адамдар жашоо үчүн курулган батирлерди өндүрүштүк кеңселерге айлантып, ал эми имараттын сыртына кошумча курулуштарды курууга уруксатты ким берет болду экен?" дейт үй комитетинин төрагасы Альберт Куанышалиев. Ушул суроо менен жашоочулар өздөрү жашаган көчөнүн батыш тарабындагы мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору К.Нарбаевге, болбосо ошол мекемеден 100 метр эле түндүк тарапта жайгашкан Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго кайрылабыз деп чабагандап жүрүшөт. Абайлашса экен? Ушундай уруксаттардын көбү дал ошол Нарбаев менен Өмүркуловдон берилип жүрбөсүн? Эгер берилбесе "Интер-Альянстын" тизгинин кагып койгонго чамалары жетээр бекен, көрөлү. Коммерциялык чөйрөлөрдө "Интер-Альянс" көптөрдүн оозун жаап салат дешет. Мамагенттик менен мэриянын оозун кантип эле басып салсын. Биз коррупциясы жок өлкө курууга киришпедикпи?


Эл "энеңдиге" жетип калды
Төө буурчактын мекени аталган Кара-Буура районунун дыйкандарынын шайлоодон кийин кабыл алуу пункттарынын жабылып калганына нааразылыктары күчөп баратат. Бул тууралуу редакцияга райондун дыйкандары өкүл кылып жиберген Көк-Сай айылынын тургуну Анарбай Корчубеков баш багып божурады. Шайлоо алдында бир кг. төө буурчактын тазаланган сорту 30 сомду чапчыган болсо, азыр баа төмөн карай кулай баштаган. Жердеши Бабановдун "70 сомго чейин жеткиребиз" дегенин айтып жер муштайт. Шайлоо бүтөөрү менен складдар жабылып, там сүзгөн эл "энеңдиге" чейин нааразы болгонго жетип калды. Эл ичинде жортуп жүргөн айрым күбүр-шыбыр кептерге караганда "Ак жолдун" ак жоолук салынган депутаты Чолпон Абдуллаева "Робин" фирмасына кастарын артып, кайрадан элдин жонунан төө буурчак тере баштаган имиш.


Бабанов убадасына турабы?
Жакынкы күндөрү бириккени турган эки лидер тез арада кол кармашып, жеке амбицияларын кыргыздын кызыкчылыгы үчүн жыйыштырып, аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган жаш лидер Өмүрбек Бабановду премьерликке миңгизип, жалаң жаштардан өкмөт курамын толуктап, иштөөсүнө шарт түзүп берсе алгылыктуу кадам болгону турат. Шайлоо алдында караламанды Опол тоодой убадалар менен курсагын тойгузган Өмүкебиздин сөзүн аткарар аткарбасын аныктайлы. Эгер эркек болсо, "жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн" десе, жашоосу күн санап оорлоп бараткан элибизге газды 2,5 эсеге арзан берип, светти өз наркында сатып, 7 пайыздык кредитти эми берсин! Ага жолтоо болбойлу!


"Алиби" пресс