Акча салгандардын
абалы жаман
Максимдики делген "Азия Универсал Банкты" банкрот деп жарыялаган чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Шаардык соттун коллегиясы аталган банкты төлөөгө кудуретсиз деп тааныган. Жыйынтыгында "Азия Универсал Банкы" банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин атайын көзөмөлүнө алынды. Апрель окуясынан кийин аталган банктын айрым операцияларына тыюу салынып, кийинчерээк Баш прокуратура мурдагы бийликтин тушунда Улуттук банктын катыштыгы менен "Азия Универсал Банкы" аркылуу 3 миллиард сом сыртка которулуп кеткенин билдирген. Бул кылмыш иштин негизинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы М.Алапаев, АУБдун негиздөөчүсү М.Надель баштаган бир катар адамдарга издөө салынган болчу. Эми акча салгандардын абалы кандай болоор экен?


БШКны муунткан ким?
Роза Отунбаева 27-октябрдагы өзүнүн видео күндөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыгы ушул жумада чыгып калышы ыктымал экенин билдирип, шейшемби күнү шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушканын, анда жаңы парламенттин мүчөлөрү мандат алгандан кийин тез, кыска мөөнөттүн ичинде парламенттик жана коалициялык өкмөт түзүүгө үндөгөнүн баса белгилептир. Кызыгы, президент өзү кызыкдар болгон жыйынтыктын чыкпай жатышын түшүнбөгөндөр көп. Шайлоонун жыйынтыгын ким жарыялатпай жатыр деген маселе туюк бойдон туру. Президентке баш ийбеген Күлчөтай ушул жумада жүзүн ачаар бекен?


Акылбекти алты жыл күткүлө!
Көпчүлүк күткөн шайлоонун жыйынтыгы жакын арада чыкпастыгын БШК төрагасы Акылбек Сариев "Кыргызстан: жаңы чындык" деген форумда билдирип, бардык облустар боюнча шайлоо протоколдорундагы каталарды оңдоо жараяны аяктаганда чыгаарын айтып, ага чейин саясий партияларды өлкөдөгү кырдаалды чыңалтпоого чакырды. БШК төрагасы бир нече миңдеген кишини аянтка алып чыгып, шайлоонун жыйынтыгын талап кылуу - шайлоо жыйынтыгын чыгарууну тездетпесин белгилеп, эгер митингчилер өзүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылса, талапты аткарышы ыктымалдыгын да жашырбады. Муну кантип түшүнөбүз? Акылбек мырза жоопкерчиликтен кача баштадыбы?


Депутат болом дегендердин деми сууйт
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров кечээ күнү бир жыйында 1703 (73%) шайлоо участокторунда шайлоочуларды тизмеге киргизүүдө мыйзам бузуулар болгону аныкталганын жар салды. Анын айтымында, көпчүлүк бузуулар шайлоочуларды кошумча тизмеге киргизүү процедурасында болуп, кошумча тизмеге кирген жарандардын арыздары жок болуп чыккан. Лидердин ою боюнча, бузууларга жол берген шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн тез арада жоопкерчиликке тартыш керек. А.Сариев болсо "аларды жоопкерчиликке тартуу кыйын, анткени алар абдан көп" деди. Демек, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгабы?


Эки милицияны ким атты?
27-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кайгуул-күзөт кызматкерлерине белгисиз бирөөлөр ок чыгарып, натыйжада Кулан Бердалиев менен Кылыч Исманов ошол жерде набыт болду. Ал эми улук лейтенант Мухаммедибрагим Акназаров оор жарадар болуп ооруканага жеткирилди. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда милицияга кол салгандар "Тико" автоунаасында жүрүшкөн. Аларды кармоо боюнча Кызыл-Кыя, Баткен, Ош шаарларынын аймагында атайын операция жарыяланды. Тартип сакчыларына тиш салгандар тынч калбас.


Коррупциядан кутулбадык
2010-жылы дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндама жарыялаган "Transparency International" уюму Кыргызстанды өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн тизмесине киргизип, 164-орунга тизди. Бакиевдин үй-бүлөлүк кланын жоготсок эле коррупция кокодон алынат деген элдин тилеги минтип таш каап, жыйынтыктардын баары тескери кетти. Элдин деми аркылуу бийликке жеткендер асмандаган тарифтерди гана ордуна келтирбесе, мамлекеттин канын соргон мите курттардан өлкөнү куткара албады. Ал эми эл аралык "Transparency International" уюмунун 2010-жылдагы баяндамасында жалгыз эмеспиз, Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстан 105, Тажикстан 154, Кыргызстан 164, Өзбекстан менен Түркмөнстан 172 орунду ээлеген. Эсиңиздерге салсак, иликтөөгө дүйнөнүн 178 өлкөсү камтылыптыр.

"Алиби" пресс