![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Ажалдуу кийик" менен "абийирдүү азамат"К.Ташиевдин үйүнө чекисттердин "куралдуу кол салуусу" менен байланышкан чатактын чыгышы "Ата-Журттун" саясый технологдору иштеп чыгып, алдын-ала ойлонуштурулган, пландалган акция экендиги байкала баштады. Пландуу жана башкарылма конфликт десе болчудай. "Ата-Журт" партиясына кийинки кездери коомдук кысым күчөгөнү белгилүү. Стратегиялык жетекчи К.Ташиев "Ата-Журт" түндүктө эле эмес, традициялык колдоочулары басымдуу болгон түштүктө да бедели түшө баштаганын билбей-туйбай коймок эмес. Чатак чыккандан кийинки "Ата-Журттун" уюштурган нааразычылык митингилеринде Жалал-Абад менен Ош облустарында анча калың эл катышпаганы буга ачык далил. Мына ушул кыйын кезеңге кептелген К.Ташиевге асмандан тилегени жерден табылгандай болуп, Улуттук коопсуздук кызматкерлери бет маңдай жолугуп калып жатпайбы. Сыйпаласаң - таппай кал десең. "Абийирдүү азаматка ажалдуу кийик жолугат" деп бекер айтышпайт эмеспи. Бир жагынан "Ата-Журттун" Коопсуздук кызматында баканооздору болуп, маалымат берип турганы аныкталса, ага деле таң калып болбойт эле. К.Ташиевдин версиясы боюнча, Улуттук коопсуздук кызматынын К.Дүйшөбаевдин санкциясы менен атайы уюштурулган кол салуусу, максаттары - К.Ташиевди жайлап тынуу же уурдап кетип, ооз ачкыс кылып көзүн будамайлоо. Ал эми, К.Дүйшөбаевдин айтканына карап келсең, Чоң-Арыктагы К.Ташиевдин үйүн жанында чекисттер болгону ырас, бирок, алар К.Ташиевге кол салуу эмес, башка иштер менен барышкан, наркодиллерди аңдып жүрүшкөн. "Эки жүз метр алыстыкта турган машинеге К.Ташиевдин жан сакчылары барып кызматкерлердин бирин сүйрөп чыгып, короого дегдеңдетип алып жөнөшкөн",- дейт К.Дүйшөбаев. Ошондон кийин чатактын оту тутанып мушташ чыгып, асманга ок атылганга чейин жетиптир. Баамдап калчап көргөндө, К.Ташиев үчүн башкалардын душмандыгына караганда чекисттер менен чекиши пайдалуу. Алардын сталиндик доордон бери, айрыкча К.Бакиевдин режиминин учурунда репутациясы көөлөнүп калган жайы бар. Чекисттер өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, кызматтык жана экономикалык кылмыш иштерине каршы күрөшүү милдеттеринен тышкары, саясый аңдуу (политический сыск) менен алектенишээри деле жашыруун эмес. Ошондуктан, чатакта коомдук пикир чекисттерге караганда "Насыя кордук көргөн Ташиевге" боор тартып кетер бекен деген үмүт, ошону менен бирге кылдат амал да турганын көрүүгө болот. Улуттук коопсуздук кызматынын шефи К.Дүйшөбаевдин "Ташиевдин куйругун кайдан жүрүп, кантип басып алган?" деген суроо туулат. Албетте, К.Ташиев Дүйшөбаевди көргөндө ичи элжиреп кетпеси анык. Шонтсе да, неге эле Ташиевдин К.Дүйшөбаевге мынчалык жылдызы тескери айланып калган? Анын сырынын чеке белин К.Дүйшөбаев жооп катары өткөргөн пресс-конференцияда кыйытып билдирди. Иштин чоо-жайын айтып тактык киргизип жатканда, шайлоо кампаниясы учурунда түштүктөгү элдин алдында чыгып сүйлөп К.Бакиевди өлкөгө кайтарып келүү боюнча убада бергени, экс-президентти алып келүү - партиянын сиңирген эмгеги болуп калаары жөнүндөгү сөзү үчүн Ташиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгонун К.Дүйшөбаев бекеринен эскербегендир. Беделине катуу сокку болгон аудио-видеотасманын пайда болушун К.Ташиев К.Дүйшөбаевден көрүп жатканын баамдоо кыйын эместир. Неси болсо да Ташиевдин кекенип калган жайы бар экенин боолголосо болор. Чатак чыккандан кийин ал чагылгандай тездик менен өнүккөнүнүн өзү мандемдүү. Инцидент болуп өткөндөн көп узаган жок, эки саат өтпөй К.Ташиев пресс-конференция чогултканга үлгүрдү. Пресс-конференцияга К.Ташиевдин саясый шериктеши "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Куловдун карбаластап жетип барып күнөөнүн баарын К.Дүйшөбаевге жаңы жылдын балатысына илген кооз оюнчуктай кылып салбыратып таштаганы да андан бетер кызык. Чогулган журналисттердин үтүрөйгөн тобунун алдында билдирүү жасаган К.Ташиев УКМКнын төрагасы "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган" К.Дүйшөбаевдин отставкасы менен катар күтүлбөгөн жерден БШКнын протоколдорду кайра саноо ишин тезинен бүтүрүшүн, жыйынтыгын илгиртпей жарыялашын талап кылганы таң калтырбай койбойт. Мындай чукул жүрүштүн т.а. бир темадан экинчисине "жумшак" секирип өтүшүнүн өзүндө көп мандемдүү учурлар жаткан жокпу деген шектенүү пайда болбой койбостур. Ырасында эле эки дооматтын-- К.Дүйшөбаевдин отставкасы менен БШКнын шайлоону жыйынтыгын тезинен чыгарбай "маалкатып туруп алышынын" ортосунда ички байланыш барбы? Табуу кыйын. Ар бирин өз өзүнчө караган жөндүү болор. Орустар айткандай, "Мухи отдельно, котлеты отдельно" дегендей…Эртеси эски аянтта уюшулган миң кишиден турган митингде үйрөтүп койгонсуп УКМКнын шефинин отставкасы менен катар шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу боюнча экинчи "даяр" талап пайда болгонун өзүндө эле алдын-ала ойлонуштурулган эсеп-чот турганын боолголосо болор. Кыскасы, К.Ташиевдин көздөгөнү К.Дүйшөбаев эмес, ал шылтоо гана, негизгиси - шайлоонун жыйынтыгы деген тыянакка келсе болор эле. Иши кылып, "куралдуу кол салуу" менен андан кийинки митингилердин ырааттуу түрдө бири-бирине учкашып келиши кыйла шектүү. Атайы ойлонуштурулган акциялардан экенинен кабар берет. "Ата-Журт" партиясынын парламенттик шайлоодо жеңип чыкканы, болгондо да күтүлбөгөн жерден биринчи орунга татышы - шайлоочулардын айрым бөлүгүнүн нааразычылыгын пайда кылды. Шайлоочулардын добуштарын кайра санап чыгуу, элге каршы ок аткан режимдин номенклатурасына кирген чиновниктердин мамлекеттик кызматка кайрадан келишине чек койгон люстрация мыйзамын кабыл алып, аны тезинен ишке киргизүү талабы менен 7-апрель окуясынын курмандыктарынын туугандары Өкмөт үйүнүн алдында мөөнөтсүз митингилерди уюштурушту. Алар "Биздин балдарыбыз "Ак үйдүн" алдында өмүрүн "бакиевчилердин" кайра келиши үчүн берген эмес" деген жүйөөлөрдү алдыга тартышууда. 7-апрель окуясынын курмандыктарынын туугандары келтирген жүйөөсүнө каршы "митингилер жеңилип калган бийлик партиялары тарабынан атайы уюштурулуп жатат, ошолордун шыкагы менен пикетке чыгышты" деген бет тырмарлык сыпатындагы оппозициялык партиялардын "түшүндүрмөлөрүн" эске албаганда олуттуу контраргумент менен каяша кылуу жок. "Мекен шейиттери" баштаган кыймылдын пикиринде, экс-президент К.Бакиевдин кишилеринен турган "Ата-Журттун" парламентке келип, жалпы элдин атынан бийлик жүргүзүүгө моралдык укуктары жок. Буга деле "Ата-Журттун" каяша кылып каршы коер далили чак. Себеп дегенде, парламенттик шайлоодо биринчи орунга татыды делинген менен жалпы тизмедеги шайлоочулардын 8,8 %ине гана ээ болушканын жокко чыгаруу кыйын. Утуп чыкты делинген беш партия бардыгы биригип алган добуштары - 35%. Мындан сырткары, шайлоочулардын 56%и гана добуш беришкенин унутпоо керек. Ошентип "Ата-Журт" парламентке келип алып, жалпы элдин атынан бийлик жүргүзүүгө укуктары ченелүү, чакталуу болуп чыгат. Бир сөз менен, анын легитимдүү партиялык фракция катары парламенттин бир бучкагын чоюп калышы көптөгөн суроолорду жаратпай койбойт. "Ата-Журт" партиясына каршы чыккан кыймыл жер-жерлерде колдоого ээ болуп, уламдан улам катары өсүп баратканы байкалат. Парламенттик шайлоодо "Ата-Журттун" мөөрөй алышына каршы нааразычылык акциялары Бишкектен тышкары Нарында, Ысык-Көлдө, Таласта, Баткенде болуп өттү. Мындай айыгышкан нааразычылыкты күтпөгөн "Ата-Журттун" адегенде абдырай түшкөнү, кайпактап калганы байкалат. Партия кырдаалды жумшартуу үчүн айрым бир "курмандыктарга" барууга аргасыз болууда. Атап айтканда, "Ата-Журт" кылмыш иши ачылып издөө салынган К.Бакиевдин премьер-министри, финансылык аферист Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеваны партиялык тизмеден чыгарганын жарыялады. Арийне, мындай компромисстик чегинүү кырдаалды жумшартып жибере алган жок, тескерисинче "Мекен шейиттеринин" койгон кинелеринин акыйкатын гана далилдеп берди десе болор. "Ата-Журт" түзүлгөн абалды өз пайдасына оодаруу, жок дегенде коомчулуктун көңүлүн башка "темага" буруп алаксытуу үчүн шашылыш чараларды издей баштаганы байкалат. Мындай максат үчүн натыйжалуу пиар-акцияларды ишке ашыруу, саясый технологиялык чечкиндүү кадамдарды жасоо талап кылынып жаткан эле. Айткандай эле "Ата-Журттан" андай кадамдар көп күттүргөн жок. Партиянын стратегиялык лидери К.Ташиевдин үйүнө Коопсуздук кызматынын куралдуу тобу "кол салганы", жоопкерчилигин "чабуулду уюштурган" К.Дүйшөбаев тартышы керектиги, аны отставкага кетирбесе деги иш оңолуп кетпестиги тууралуу жомок атайы ойлонуп табылды. Айткандай эле К.Ташиевдин тегерегиндеги имитацияланган конфликт аз да болсо "Мекен шейиттеринин" үнүн басаңдатып, коомдук пикирди алаксытып койгонун байкоого болот. Арийне, ал канткен күндө да утурумдук "жеңиш". Себеби 7-апрелдеги оор жоготууну калыбына келтирүү, курмандыктардын аккан канын тарых бетинен жууп-тазалоо кыйын, мүмкүн да эмес. Калыстык калыбына келбесе бүгүн болбосо, эртең нааразычылыктардын көтөрүлүп чыга бериши турулуу иш. Чатак чыгаруунун дагы бир олуттуу себеби - БШКда протоколдор өтө дыкаттык менен кайра саналып, алгачкы жыйынтыктар боюнча "Ата-Журттун" пайдасына чечилбей жатканы, мыйзам бузуулар түштүктө, биринчи кезекте К.Ташиевдин кичи мекени болгон Сузак районунда катталганына байланыштуу. Бул кырдаал К.Ташиевди беймазага салып жатканы кадиксиз. "Ата-Журттун" БШКнын ишине түз таасир берүүсү кыйын, асыресе, "куралдуу кол салуу" имитациясы менен чатак чыгарып митингилерди өткөрүп кысым жасоого болот эмеспи. Үсөн Касыбеков
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||