Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Кыргыз Республикасынын
Адилет министри
А.Ж. Саляновага

Ачык кат

Урматтуу Аида Жеңишбековна! Бакиевдин кандуу диктатуралык режими 89 баатырдын өмүрүн алып, 1500 дөй баатырлар жараат алганын жакшы билесиз. Ошол жараат алгандардын арасында жүздөгөнү өмүр бою майып болуп калышты. 7-апрель элдик революция дүйнө элдерин таң калтырды. Ушул окуядан кийин кыргыз мамлекети башкаруунун жаңы системасына кадам ташташты. Мына ошол саясий кадамдардын айдыңында Жогорку Кеңешке келүүчү саясый партиялар шайлоо үгүт иштерин жүргүзүштү. Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер болгон "Ата-Журт" саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы Исфара айылынын шайлоочулары менен жолугушуу учурунда бир шайлоочу ага карата мындай суроо узаткан: "Сиз 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп жүрдүңүз, К.Бакиевди эмнеге сактап кала албадыңыз?" Бул суроого Камчыбек Ташиев: "К.Бакиевди сактап кала албадык, бирок акыры аны мамлекетке кайра алып келебиз" - деп айткан сөзү өлкөдө чоң чуу жаратты. Оболу "Ата-Журтчулар" "аудио-видео жазуулар монтаждалган" - деп чыгышты. Бирок, республиканын Улуттук Коопсуздук Кызматы тарабынан такшалган адистер жана логопед-дактилологдорго экспертизага берилип, натыйжада К.Ташиевдин жогорудагы сөзү айтылгандыгы далилденген.
К.Ташиевдин "Бакиевди алып келебиз!" - деген сөзү бул диктатуралык режимдин кордугун көргөн, нечендеген балдар жетим калган, келиндер жесир калган, уулунан ажырап же жарым жан болуп калган ата-эненин сезимин ойготуп, кулк-мүнөзүнө зор таасир берип, нааразычылыктын толкунун жараткан. К.Ташиевдин жогоруда айтылган сөзү кастыкты тутандыруу деп бааланат. Мындай кастыкты тутандыруучу сөздөр Конституцияда, мыйзамдарда да бүткүл дүйнөдө жол берилбейт. 2010-жылдын 6-октябрында "Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы К.Ташиевдин кастыкты тутандырган Лейлектиктерге айткан сөзү "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмелерин жана башка элдерди да кыжырдантып, алар "Ата-Журт" саясий партиясынын офисине барышып, жаңжал тутанган. Бул жаңжал учурунда "Ата-Журт" саясий партиясынын штаб башчысы Садыр Жапаров кырдаалды ого бетер курчутуп "7-апрелде силерге карата окту Бакиев аттырган эмес. Силерди азыркы бийликтегилер аттырган!" - деп айткан сөзү бул дагы кастыкты тутандырууга жатат. Себеби, Бакиевдин диктатуралык жана кандуу режими Кыргызстандын миллиондогон адамдарына карата кастуу бийлик болгон. Ошон үчүн апрель революциясы чыккан. 2010-жылдын 6-октябрынан тарта ушул күнгө чейин революциянын баатырлары Өкмөт үйүнүн чыгыш тарабында (баатырлар курман болгон жерде) нааразылык акциясын токтотуша элек. Бул акцияга жүз миңдеген адамдар келип, "Ата-Журт" партиясынын бийликке келишине каршы кол топтоо баракчаларына өзүлөрүнүн макулдугун билдирип кетишүүдө.
Урматтуу Аида Жеңишбековна!
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Конституциянын 31-беренесинин 4-пунктуна жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдын 3-статьясынын 2-бөлүгүнө "Ата-Журт" саясий партиясынын кастыкты тутандырган аракеттери каршы келет. Себеби, "Ата-Журт" саясий партиясы Конституция жана мыйзамсыз аракеттерди жасашкан. Сиз, Кыргыз Республикасынын саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдын 15-статьясынын 3-4-абзацын жетекчиликке алып, "Ата-Журт" саясий партиясын жабуу жөнүндө сот органдарына кайрылууңузду өтүнөм. 2010-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан Чоң-Арык айылында К.Ташиевдин үйүнүн жанында Улуттук Коопсуздук Кызматынын кызматкерлери өзүлөрүнүн кызмат учурунда Ташиевдин адамдары тарабынан ур-токмокко алынган. Эми бул инцидентти К.Ташиев башкача интерпритациялап, өзү кордолгон түр көрсөтүп, , К.Дүйшөбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. 2010-жылдын 26-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын "Ата-Журт" саясий партиясынын жактоочулары УККнын төрагасы К.Дүйшөбаевдин отставкасын талап кылышып, эгерде бул талап аткарылбаса мөөнөтсүз митингге чыгууну билдиришти. Логикага таянсак Лейлек районунда К.Ташиевдин сөзү өлкөнүн түштүгүндө да, түндүгүндө дагы кастыкты тутандыруу болуп саналат. Өрттү алоолонгон кезде эмес, тутанган кезде өчүрүү керек. Эгерде чыныгы мыйзам үстөмдүк кылган мамлекет курабыз десек "Ата-Журт" саясий партиясына саясий эмес сот тарабынан юридикалык баа берилиши керек!
Сизди терең урматтап,

Жолдошбек ТОКОЕВ,
журналист жана
коомдук ишмер




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??