Куулукобщина!

"Талас Голд Майнинг Компани" кандайча
өзү курган объектилерден куулуп чыгарылган
Бардык окурмандарга белгилүү болгондой Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында Союз учурунан ушул кезге чейин багы ачылбаган "Жерүй" алтын кени бар. Бир нече жолу чет өлкөлүк компаниялар келип, Акаев бийлиги учурунда ТГМК лицензия алып ишин баштаган. 2005-жылы К. Бакиев бийликке келгенде иштей бергиле деген сөзгө ишенип жумуштарын уланта беришкен. Бакиев Талас шаарына келип эл менен жолукканда жумушчулар менен бирге профсоюз уюмунун төрагасы М. Рысалиев суроо бергенде "жумушту уланта бергиле" деп жооп берген. Мен ошол убакта ТГМКда коопсуздук кызматында смена башчысы болуп иштечүмүн, келген адамдарды биринчи болуп тосуп алып объектилерге кийирип туруучубуз. Ошол кезде Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиевдин орун басары Б. Мураталиев "Жерүйгө" жума сайын келишип, жумуштар менен таанышып кетип турушкан. 2005-жылдын жайында губернатор И. Айдаралиев эки күндүн биринде келип К. Бакиев келет деп, курулуп жаткан заводдун жанына вертолет конуучу эки аянтча даярдатып, ал гана эмес Бишкек шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери келип кетишкен. К. Бакиев жана Ф. Кулов тандеми түзүлүп калгандан кийин ТГМК "Жерүйдө" курулуш иштерин кызуу улантып жатышты. Бир нече подряддык ишканалар иштеп, ТГМКда болсо 700 ашык жумушчулар иштеп, ал эми сварщиктер 2 смена менен иштешип, жумуш күнү-түнү менен жүрүп калган. Жумуш ушундай кызуу жүрүп жатканда Кыргыз Өкмөтү лицензия бербей жатыптыр деген сөздөр тарай баштады. Жумушчулардын кайрылуусунан кийин биринчи болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Иманалиев, андан соң ушул округдан шайланган Б. Шерниязов келишип, жумушчулар менен жолугуп кетишкен. Андан соң бир күнү сменге барсам Англиядан директорлор кеңешинин мүчөлөрү келет деп калышты. Коопсуздук кызматында иштегендиктен мага чет өлкөлүк чоң кызматта иштегендерди кандайча тосот деген кызыгуу пайда болуп №1 КППда КК башчысы З. Исабеков болуп аларды күтүп турдук. Бизде Союз учурунан азыркыга чейин чоңдор келсе чуркап, жолун тосуп турабыз, ал эми буларда андай болбойт экен. КППда тосмок түгүл курулуш жетекчилиги келген да жок. Өз жумуш орундарында гана болуп ошол жерден жолугушту. Карапайым адамдар өтө турган текшерүүдөн өткөндөн кийин гана атайын алып объектилерге киришти. Үч күн "Жерүйдө" болуп, кыргыз жумушчулардын иштеген жумушуна ыраазы болуп, Өзбекстанда "Амантайтау" деген жерде булардын алтын чыгарган заводу иштейт экен, ошол заводду өзбектер 2 жылда куруп бүткөн, бул жерде 7 айда курулуш иштеринин 70%-80% пайызын бүтүп коюпсуңар деп кетишкен. Алар кетишкенден кийин жумуш ого бетер катуу жүрүп, оор жүк ташуучу 40т №Вольво" самосвалдары алынып келинип жергиликтүү айдоочулар жумушка алынып чет өлкөлүк инструктор келип, аларды оор техникага иштөөнү үйрөтө баштаган. 2005- жылы ноябрь айында Ф. Кулов лицензия берилбейт деп билдиргенден тартып жумуш солгундай баштап, лицензия берилбегендиктен 27.02.2006-жылы №59 приказ менен ТГМК да жумуш токтоп калды. Биз иштеген КК нын кызматкерлери объектилерди кайтарууну уланта бердик. 2006-жылдын июль айында "Глобал Голд" деген компания пайда болду. Биринчи жолу ал компаниянын өкүлдөрү Сасык-Булак айлында эл менен жолугушуусунда элдин суроолоруна жооп беришип, биздин компания ТГМКдан да мыкты иштейбиз деп, көптөгөн убадаларды берип кетишкен. Биринчи жолу "Глобал Голд Холдинг" компаниясынын өкүлдөрү ошол кездеги область губернатору Б. Мураталиев менен объектилерге барышканда, Кара-Ой айылынын жашоочуларынын талаптарына жөндөп жооп бере алышпай кетүүгө аргасыз болушкан. Андан бир жума өтпөй Бекмолдо айыл Өкмөтүнүн төрагасы М. Мамбеталиев баштаган айыл кеңешинин депутаттары №1 КПП нын алдына боз үй тигип өз акцияларын башташты. Арадан эки күн өткөндөн кийин элди топтоп алып "Жилгородокту" жана "Ташкентская" деген склад гараж объектилерин Мураталиевдин жардамы менен ээлеп алышкан. ТГМК га болсо курулуп бүтө элек завод объектиси калды. Кийин массалык маалымат каражаттарында, сотто губернатор Байымбет Мураталиев "ТГМК ны билбейбиз, эч кимден уруксатсыз объектилерди куруп таштаптыр, ТГМКнын коопсуздук кызматы өздөрү эле объектилерди таштап кетишти" деп айтып да жазып да чыгышты. Бир чети күлкүң келет, бир чети таң каласын, "Жерүйдө" ТГМК нын КК да болгону 35 адам иштесе аларга каршы область, район жетекчилиги, Бекмолдо айыл Өкмөтүнүн депутаттары, область, район күч структураларынын өкүлдөрү жүрүшсө, смендеги10 адам эмне кыла алат. Губернатор Б. Мураталиев ТГМКнын курулуш иштерин унутуп койсо кара чечекей баласы Мураталиев Чынгыздан сурап койсо болмок 2005-жылы ТГМК нын КК ты түзүлгөндөн баштап Чынгыз, С. Багышбеков дегендердин сменасында кызматкер болуп иштеп жүрбөдү беле "балам каякта иштеп жүрөсүң?" - деп сураса болмок. "Глобал Голд" келгенде эле эрге кыйшык отурган. 200 гө жетпеген жумушчу алып "жилгородоктогу" дубалдары тургузулуп үстү жабылып калган курулушун улантымыш болуп, 2007-жылдын февраль айында Бекмолдо айыл өкмөтү менен болгон келишимди аткарбагандыгы үчүн эл, "Жерүйгө" баруучу жолду жаап туруп алганда ошол кездеги Премьер-министр Ф.Куловдун өкмөтүнүн 1-вице премьери Данияр Үсөнов менен Жогорку Кеңештин депутаты Б. Шерниязов келип, жол тоскон эл менен жолугушкан. Ошондо ген. директор С. Емельянов Шерниязовдун суроосуна 2007-жылдын декабрында алтын чыгара албасак кетебиз деп жооп берген. "Глобал Голд" кыйратып жумуш кылбай, акыры Жерүйдү Казакстандын "Визор групп" компаниясына сатып өз жолуна түштү. Кийин Бакиев -Кулов тандеми ойрон болуп, Ф. Кулов отставкага кетип, оппозицияга ооп кетти. Иштеп жаткан 2006-жылы алтын чыгарабыз деген ТГМКны иштей албайсынар деп кетирген Бакиев-Кулов бийлиги алардын буйругун аткарган губернатор Мураталиев Байымбет Бекмолдо айыл өкмөтүнүн төрагасы М. Мамбеталиев баштаган ошол кездеги депутаттары эле пайда көрүшпөсө мамлекет жана эл эч кандай пайда көрүшкөн жок. Жогору жактын пайда көргөндүгүн айтыш кыйын айыл өкмөтүнүн төрагасына кызматтык Нива машинасын мингизип, мамлекет машина бергенче минип жүрдү. Кээ бир айылдык кеңештин депутаттары өздөрү жумушка киришсе кээлери балдарын, туугандарын, инилерин жумушка орноштурушту. "Глобал Голд" кимдин компаниясы анын артында ким турганын 2007-жылдан бери газеталар жазып жатышып чарчагандай эле болушту окшойт, муну Англияда жашаган Б. Березовский деле "Дело№" газетасына берген маегинде деле ачык көрсөтпөдү беле. Менин билишимче 2006-жылы дүйнөлүк рынокто алтындын унцийи 300-350 доллардан ашкан эмес , азыркы баасы 1270 долларды түзүүдө. Мамлекет эмне деген кирешеден кур калууда, муну эсептеп чыгуу анчалык деле кыйынга турбаса керек. Арадан үч жыл өттү "Жерүйдө" ТГМК курган объектилерден башка курулуш иштери курула элек. "Ар-Намыс" партиясы Талас жергесине үгүт иштери менен келип кеткенин укпай калыптырмын. Үгүт баракчаларына оозу-мурду кыйшайбай мурун кыйратып жибергенсип, Талас жергесинде өскөн төө буурчакты жана картошканын баасын көтөрүү, Киров суу сактагычына мини ГЭС куруу, өрөөнгө төө буурчакты иштетүүчү завод курууга инвестиция алып келет деп көрсөтүп, Жерүй тууралуу эч кандай сөз айтылбаптыр. Талас элине Феликс Шаршенбаевич 2006-жылы иштеп жаткан ТГМК га лицензияны бербей кетирип, 2006-жылы түзүлө калган аты-жыты белгисиз "Глобал Голдго" берешендик кылып, тендери жок эмне себептен бере койгондугун түшүндүрө кетсе болмок.
2007-жылы 22-февралда жарык көргөн "Алас" газетасындагы жарыяланган "Саткынчы ака баскынчынды ала кет" деген А. Исаевдин аяк жагын сөзмө-сөз жаза кетүүнү ылайык көрүп турам: Айтмакчы "Глобал Голд" десе айрымдар дүйнөнү дүңгүрөткөн кубаттуу компанияны түшүнөт экен. Бул катардагы ЖЧК (ОсОО) эле. Ээси бир эле киши Александр Туркот, Березовскийдин эң жакын адамы. Уставдык капиталы 22 миң доллар. Эми айтынызчы урматтуу окурман, 22 миң доллары бар кыргыз Куловго барса Жерүй кенин берет беле? Тендер-мендери деп уялбай туруп эле колун көрсөтмөк. Премьерликте турганда бир визиткалык карточкасын кайсыл бир бизнесменге 3 миң долларга бербей көкөлөтө көптү сүйлөгөн кишиге 22 миң доллар неге көп көрүндү экен? Айран таңмын.
Алтындай сөз, алтындай айтылган акыл, жакшы каалоо-тилек, бирок муну кайсы партия, кайсы партиянын лидери ишке ашырат?.
Ал эми азыркы убакта иштеп жаткан "Визор групп" компаниясынын иштеп жатканы тууралуу, алардын жакшы жана начар жактарын жакалашкан саясат жакшы жагына ооп калса сөз кылалы.
Садырбек Оторбаев
Бекмолдо айыл өкмөтү,
Талас району.