Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Тазалануу керекпи?

Люстрация мыйзамы элдин элегинде

Президенттин саясий иштери боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев агабыз ишемби күнү Тарых музейинде Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жоон топ элди жыйнап, тазалануу (люстрация) мыйзамын талкууга койду. Жыйынга катышкандардын дээрлик көпчүлүгү аталган мыйзам өлкөгө суудай зарыл экендигин белгилешип, аны чукул арада ишке ашыруу үчүн түрдүү сунуш-пикирлерин билдиришти. Жалпылап айтканда элди чогулткан адам максатына жетти десек болчудай. Бирок, коомубуздун башаламан болуп, өзүнүн багытын табалбай турганы ушул жерден дагы бир жолу даана байкалды. Чогулган жарандар тазаланууну, таза коомду эңсегени менен пикирлери бири-бирине төп келбей, ар кимисинин ойлогону ар башка багытка бурулганын көрөсүң. Түрдүү кызыкчылыктардан улам бир муштумга бириге албай, элдин, коомчулуктун чайналып турганына, кыргыздын бирикпей жатканына бир чети ичиң ачышса, бир жагынан бооруң ооруйт. Ылайым түбөлүгүбүз түз болсо экен. Ошол жыйындын жүрүшүндөгү айрым үзүмдөргө көз чаптырыңыз.

Урмат Акунов:
- Шайлоо бүттү, эл өз тандоосун жасады. "Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап" дегендей, эми люстрация мыйзамы жөнүндө сөз кылууга болбойт. Убакыт өттү, кечиктик. Эгерде шайлоо болгонго чейин аталган мыйзамды кабылдап, элдин тараза ташына таза адамдарды салганыбызда "Ар-Намыс", "Ата-Журт" сыяктуу партияларга топтолгон бакиевчилердин, акжолчулардын тобу келмек эмес. Топчуке, бардыгыбыз Бакиевдин кланына каршы чогуу жүрдүк. Ошол оппозициянын кадырын "бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп бир, эки эле адам кетирип койду. Миллиондорду бөлүшкөн Т.Сариев менен А.Бекназаров десек болот. Ушулардын айынан мамлекетке күйгөн жигиттердин калк арасындагы кадыры кетти. Жыйынтыгында эски кландын куйруктары бийликке келип отурат. Ондогон жигиттерибиздин өлүмү кайда калды?


Марипа Алыйкулова:
- Сөз люстрация мыйзамы болгондон кийин ошол жөнүндө сүйлөйлү, мекендештер. Жаңы Конституциянын 79-беренесинде он миң шайлоочу демилге көтөрсө болот деген жобо турат. Ушуга ылайык биз БШКга сунуш киргиздик, алар тиешелүү кагаздарды берсе, кол топтоо үчүн жер-жерлерге тарайбыз. Он миң адамдын колун топтосок, люстрация мыйзамын референдумга чыгара алабыз. Ошондуктан, бүттү деп эле алакан жайып отурбастан, урушуп-талашпай, бири-бирибизди колдоого алып, ишке киришсек.


Жаныбек Турсунов:
- Урматтуу замандаштар, жаман падыша жерин кемитип, элин талатып-тонотуп тозутат дейт. Орто падыша жерин, элин эптеп сактаса, жакшы падыша элин көбөйтүп, жерин кеңейтет экен. Биздин жыйырма жылдан берки оппозициябыз жер маселесин көтөрүп, Үзөңгү-Кууш Кытайга, Каркыра казакка, Хантеңири башкаларга кетти дешип, атын чыгарышкан. Ошол адамдарыбыз бийликке жеткенден бери ошол жерлер боюнча ооз ачканын көрбөдүк. Башкасынын көзү жок экен, Топчукеге айтып коелу. Анан азыркы Конституцияда Кыргызстандын азыркы аймагы кол тийгис, бөлүнгүс деп жазылды. Бөлөк мамлекеттерге кеткен жерлердин тагдыры эмне болот? Же алар жөнүндө сөз бүттүбү?


Манас Акматов:
- Тазаланууну 7-апрелден кийин дароо баштоо керек болчу. Эгер ошол кезден баштаганда Түштүк окуясы да тутанбай калмак. Революциялык трибуналды түзүп, мурунку бийликтин адамдарын тазалап бүткөнгө чейин шайлоо дегенди токтото туруу зарыл болчу. Мен кыйынмын деген адамдарды көрүп жатасыңар. Бийликке келгенден кийин көпчүлүгүнүн былыгы чыкты. Өзүн кыйын көрсөтүү чегинен чыгып, шайлоонун жыйынтыгы чыга электе бөлөк мамлекетке барып, өлкөнүн жашыруун сырларын сатып жатышат. Булар элдин душмандары. Биз булардын тескери жоруктарын карап отура бербестен, тазалануу ишине киришүүбүз керек.


Касымбек Райымкул уулу:
- Тазалануу жөнүндө сөз баштоодон мурун мыйзамдуу жолго кайтышыбыз керек. Биздин 1993-жылы кабыл алынган мыйзамдуу Конституциябыз 1994-жылы бузулган. Ошол жерге кайтып барышыбыз кажет. Анын эки жолун сунуштап жатабыз. Биринчиси, Конституциялык Сотту буйрук менен калыбына келтирип, соттордун кароосу менен 93 кө келебиз же Элдик курултай менен мыйзамдуу Башмыйзамыбызга кайтабыз. Ошол Конституциянын негизинде Парламенттик жана Президенттик шайлоо өткөргөндө мыйзамдуу жолго түшөбүз. Ошондо мамлекетти талап-тоногондор, кыргыз жерин саткандар, элди карызга батыргандар, оор кылмыш жасагандар өзүнөн өзү чыгып калат. Анан алардын соттоорун соттоп, соттолбогондорун мамлекеттик бийликке келбеши үчүн чектөө киргизсек болот.


Токтайым Үмөталиева:
- Силер люстрация деп жүрсөңөр, биз бир жумадан бери түнү бою БШКда кырылышып жүрөбүз. Колумда 1800 участоктун протоколу турат. Баары ката жазылган. Бишкектен 122 протокол мыйзамсыз болуп чыкты. Бирине-бири карама-каршы, дал келбейт. Ош шаарында 16 гана протокол жарактуу экен. Ош облусунан 70 ке жакын протокол жараксыз. Кара-Суу районунун, Өзгөндүн протоколдору жокко чыгарылды. 7 коробка бюллетень сууга чөгүп кетиптир. Бул эмне деген акмакчылык? Ушуларды айтып чыккандыгым үчүн Акылбек Сариев: "сизди жоготуш керек, акмаксыз" деди. Эки жума жыйынтыгын чыгарбагандыгы үчүн А.Сариевди кызматтан кетирип, жоопкерчиликке тартыш керек. Люстрацияны ушул адамдан баштайлы.


Зулпукаар САПАНОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика