Боркеевдин божомолдору тууралуу

"Асман-пресс" коомдук-саясый гезитинин 2010-жылдын 7-октябрындагы №27 санынын биринчи жана 11-бетинде менин сүрөттөрүм жарыяланып, "Шыбакчылардын кожоюну" деген рубриканын, "Кожоюндукка каршы комитеттин баштыгы Баурбек Жээнбековго" деген теманын алдында Бөкөнбай Боркеевдин мага кайрылган макаласы жарык көрүптүр.

Бул буйрутма макала бир гана максатты - мени жана уулум Равшан Жээнбековду мазактоо, эл алдында шылдыңдоо, кандай гана жолдор менен болбосун бетибизге көө жаап, калк арасында жаманатты кылуу максатын көздөптүр. Макаланын өзөгү жалаң гана каралоодон тургандыктан "бу бечара Боркеев ушунчалык жан-алакетке түшүп жазгандан кийин эч болбосо бир орундуу факты таап чыкса болмок экен" деп, аны аяп да кетет экенсиң.
Жаманатты кылууну, ушактоону, шылдыңдоону, мазактоону кеңири масштабда жайылтуунун дагы бир далили болуп, Боркеев "достун" жомокторун жалпыга маалымдоо каражаттарына массалык түрдө удаалаштырып бастыруу, ("Асман-пресс", "Пресс кg", "Аалам" гезиттерине) алардын тираждарынын демейдегиден көбөйтүлүшү эсептелет.
Автор "чү" дегенде эле менин ата-энем азан чакырып ыроологон "Бабырбек" -атымды бурмалап, казактарга жупташтырып "Баурбек" деп баштайт да, "каныңда казактыкы бар экенин жердешиң катары жакшы билем го" деп "жаңылык" ачыптыр. Автордун ою боюнча ал "Баурбек" деп жазып койсо эле менин канымда казактын каны ойноп калат имиш. Боркеев "досумдун" эмнени "кылтыйтып" турганы айдан ачык эле сезилип турбайбы. "Жээнбековдор таза кыргыз эмес. Эсиңерге ала жүргүлө" деп сасып тургандагысы да.
Болбосо, өзү, анан "Баратбай Аракеев досу айткандай азыркы журналисттердин атасы" болсо, төкмөлөрдүн дулдулдары Алымкул Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев, Аалы Туткучев, Абдылда Нуралиевдер, акындардын ариетине айланган Анатай Өмүрканов мен төрөлүп-өскөн Акпай-Бабырдан экендигин, бул жөнүндө алар ырларында эчен ирет даңазалаганын билер эле дейм да. Же кимдир бирөө "гонорарды" эбине келтире төлөп койсо аларды деле казактарга аралаштырып жиберүүгө даярбы, Бөкөнбай мырза.
Кудайым сактасын, Бөкөнбай Боркеев жанталашып, жанын сабап мактап-жактаган айрым адамдарга караганда Жээнбековдор таптаза эле кыргызбыз.
"Колунан пок келбей, өсүп бараткан бааны арзандатканга алың жетпей жатканын сыналгыдан көрүп жатам"-дептир Боркеев "досум". Анын ою боюнча менин колумдан эч нерсе келбей, баалар менин күнөөм боюнча өсүп жаткан имиш. Бечара Боркеев, мен жетектеген агенттиктин милдети монополисттер менен иштөө экендигин, биз тескерисинче атаандаштыкка (конкуренцияга) жол ачуучу орган экендигибизди, базардагы, дүкөндөрдөгү бааларга биз көзөмөл жүргүзө албастыгыбызды кайдан билмек эле? Чөнтөк телефондорго кошулган 60 тыйындык кошумча акы, электр энергиясынын арзандатылышы, көрүнүп-көрүнбөгөн көптөгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын, жогорку окуу жайларына контракттык төлөмдөрдүн баасынын, жол кире бааларынын кымбаттабай кармалып турушу, жадагалса, тиешебиз жок болсо ун, нандын бааларын асмандатпай кармалып турушу мен жетектеген агенттиктин күндүр-түндүр тыным албай иштеген ишинин акыбети экенин Бөкөнбай "досум" билмек беле? Андайларды ал көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болору турулуу иш эмеспи. Негизгиси, ал өзүнө берилген заказды аткарыш керек экендигин бул жактан туруп мен деле сезип, билип отурам.
Боркеев "достун" бир шордуу пенде экендигин балам Равшанга тийишкенден улам билип отурбаймынбы. Бирөөлөр кармата койгон мүлтүлдөгөн "найзаңды" мага эле багыттасаң болмок экен, баланын балакетин албай. Же балээ басып, жолуккан жерден ал сага жүз грамм алып бербей койду беле? "Раушан деген качан кыргыздын аты эле?"-деп өлүмүш болуп бүшүркөйсүң. Билбесең айтып коёюн, жакын бир эжебиз улгайганда жамбылдык өзбекке турмушка чыккан, ошол жездебиз койгон "Равшан" деп. Муну угуп калдың, эртең "канында өзбектин каны бар экен"-деп чык эми.
"Балаң Раушандын аркасы менен киши катарына кошулуп алып (анткени аракты экөөбүз чогуу баштап, сен акырында кайыр сурап талаада калбадың беле), эми "Шодокондун бүркүтүндөй" колуңан келбеген кызматка көз артып жатканыңа караганда, Раушандын баягы маммүлктөн өөнөгөн оокаттарынын "өтөөсүнө" чыгалбай жаткан шекилдүүсүң. Болбосо "Алиби" (укуктук аты "бөө" дегенге жакшы деп) гезитиңе эки кабат имарат алгыдай акчаң деле жок эле дейм да. Анан башка басып алган бизнесиңер тууралуу сен мага ушул макаладан кийин катылганда жооп катары айтармын" - деп "баатырсыныпсың".
Эгер сен "киши катарына кошулганды" саясатка аралашуу деп түшүнсөң, мен 2007-жылдан баштап бычактын мизи менен жүргөнүмдү көптөгөн адамдар жакшы билишет. Уулум ал кезде Америкада жүргөндүгү эч кимге жашыруун сыр эмес. "Учур" гезитине Турдухан Жумабекова болуп жазып чыккан да Боркеев "дос" болуп жүрбөсүн? Анда дагы "балаңдын артынан киши болгонсуң" деген бүшүркөө жатат. Же, силерди киши катарына кошоор балаңар жок, чачыңарды жулуп жатасыңарбы?
"... аракты экөөбүз чогуу баштап, сен акырында кайыр сурап талаада калбадың беле" - деген жакшы "жаңылыгың" бар экен "досум". Билгиң келсе мен аракты Боркеев деген "досумсуз" эле баштап, Тургунбек Бекболотов, Жумабек Токтогазиев, Анатай Өмүрканов, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов, Бергеналы Базарбаев, Төлөгөн Мамеевдер, ал гана эмес Байдылда Сарногоев, Совет Урманбетовдор менен "даамдаш" болгонума бүгүн да сыймыктанам. Бирок. алардын арасында Бөкөнбай Боркеев деген "досум" жок эле жана азыркыга чейин жок жана болбойт дагы.
Бирок, моюнга алып коёюн, Эсенбек Сасыбаев деген жолдош балам тааныштырып, үй-бүлөсүн таштап Кант шаарында бирөөнүн колунда жүргөн Бөкөнбай Боркеев деген жигит менен үч-төрт жолу стакан кагыштырып калганым ырас. Эгер үч-төрт жолу чогуу отуруп калгандын баарын эле Боркеев өзүнө "дос" санаса, мен андай "достукка" бара албайт экенмин.
Ал эми "кайыр сурап талаада калганым" ж.б. тууралуу Боркеев "дос" экөөбүз сот залынан кездешпесек болбойт окшоп калды. Ошол жерден эмгек китепчебизди көтөрүшүп, күбөлөрдү, далилдерди ортого салып чечишпесек, кимдин ким болуп талаада калганын аныктоо азыр кыйын болуп турат. "Басып алган бизнесибиз" тууралуу да соттон сүйлөшүп, чечишпесек бүгүнкү ажылдоодон пайда жок.
Дегеле, Боркеев "досум" өзүнөн башка элдин баарын "буйрутма шыбакчы журналист" көрөт окшобойбу."Алиби" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрындагы санына жарыяланган "Бабанов "балит" таймашка баш койдубу?" - дегенди мага жалгаштырып, "буйрутма макалаңдан улам тийишким келип туру" деп алкынып алыптыр.
Бир кезде мага жалпалаңдап жүрүп "Алибинин" бетинен Эшимкановду эзип бүттү эле, эми кайсы гезиттин кожоюнуна же баш редакторуна шыйпалаңдап барып макалаларын жарыялатат болду экен? Алдын-ала кыргыз тилдүү гезит ээлерин эскертип коёюн, чагымчыл, каралаган, далили жок макала жарыялана турган болсо соттошуу мен үчүн чынында эле жаңылык эмес. Боркеев менен анын көшөгө артындагы кожоюнунан төлөй турган айып пулуңарды алдын-ала төлөтүп алгыла.
Боркеев менен анын буйрутма кожоюндарынын эстерине салып коёюнчу дагы бир ирет: Мен чындыгында эле ак көңүл, пластилиндей жумшак адаммын. Ушул жашка келгени өзүм катылып бир адамга жамандык кылганым жок. Бирок, мага же менин уул-кыздарыма, үй-бүлөмө ыксыз катылгандар болсо, пластилинден алмазга же болотко айланып кетишим оңой эле. Андай учурда күнөөнү менден эмес, өзүңөрдөн издегиле. Б.Боркеевдин да, Т.Жумабекованын да артында Өмүрбек Бабановдун турганын жакшы билем. Ошондуктан, Өмүрбек иниме айтаар улуулук, агалык ачык сөзүм: "Өмүрбек айланайын! Сен эч убакта Жээнбековдордон душман издебе. Биз бир тууган адамдарданбыз. Сен жасап жаткан иш эч убакта ынтымакка, жакшылыкка алып келбейт. Мага десең сен он жолу депутат, он жолу президент бол. Биз, Жээнбековдор, эгерде ыймандуу, адилеттүү бийлик болсо сыйлайбыз, бирок бизди басынтам дегенден эч нерсе чыкпайт. Эңкейгенге эңкейгенди, какайганга какайганды биз эң жакшы билебиз. Улуу агаң катары мына менин сунулган колум. Ушул биздин кайым айтышуубуздун акыркысы болсун.
Ал эми "Алиби" гезитине чыккан материалдарды Жээнбековдор отуруп алып жаздырып жатат дегенди унуткула. Гезиттин редактору бар, кызматкерлери бар. Кимиңерди жазса ошолорго кайрылып, ошолордон сурагыла".
Ал эми Бөкөнбай Боркеев "досум" жана анын жомокторун жарыялаган гезиттер менен соттук беттешүү алдыда турган иш. Ошол жерден буйрутма макалаларды ким жазып жатканын, ким оозу менен оттоп жатканын, ким баканооз экендигин, кимдин аракечтигин, ким кайсы дүнүйөнүн аркасы менен дөгүрсүп аткандыгын, кимдин ит экендигин териштирип алабыз.
Азырынча айтаарым - Боркеев "дос" жазган турбайбы "... мени билесиң, өткөн жылы Чыңгыздын ашында Таласка алпаратып, жарым жолго таштап кеткениңди кечирбей, жаш кезде аракты чогуу ичип баштаганыбызды эстеп, чочкодой ичип алып, сени Бишкекке келгиче таластыктарча ашатып келгендей күндү күтүп атам" - деп.
Сыягы, макаласын жазып жатканда деле пайгамбар жашына келген Бөкөнбай агабыз "чочкодой ичип алган" болсо керек. Болбосо, 2009-жылдын декабрында мен улуттук сыймыгыбыз Чыкебиздин музейин ачуу аземине катышууга чакырылып, жаныма Машакбай Рахманкуловду ээрчите кетээримде Боркеев бир тууган келини каза болгондугун айтып, биз менен Таласка кошо барып, Кырк-Казык айылында калып калгандыгын, сөөк жаткан үйгө барып-барбастан ичкиликке кирип кетип, бизди издей баштагандыгын, эртеси биз бата кылууга кайрылганыбызда эс-акылын жоготуп "дөңгөч" болуп жаткан немени бир тууган инилери жадагандан биздин машинеге салып берип, жолдон баарыбызды кыйнап, арак доолап келгендигин унутпайт эле. Жолду ката "ашатып" сөккөндү мындай кой, менин 17 жашар уулумдун батинкесине чейин өпкүлөп, арак алдырып ичүү үчүн кошоматтанганын, 17 жашар небересин да уулума берүүгө даяр экендигин, Бишкекке келгенде жашаган үйүн көрсөтө албай, биз тажаганда "Алиби" гезитинин редакциясына таштап, сыртынан кулптап кеткенибизди, эртеси күнү да үйүнө кетпей, ичип алып, жаткан бөлмөсүн дааратканага айландырганын, эмеректерди талкалаганын өзү унутса да редакциянын кызматкерлери унутпас. Ошондон кийин редакцияга баш бага албай калдың эле, "уяты бар окшойт" - деп койгом өзүмчө. Көрсө, уятыңдын баарын ичкилик менен ичип койгон турбайсыңбы, Бөкөнбай "дос".
Калган сөздөрдү сот залынан сүйлөшөбүз.

Сендей "досторду"
музейден көрүүнү каалап
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияны жөнгө салуу мамагенттигинин директору