"Ата журтчулар" митингде

25-октябрда "Ата-журт" партиясынын миңден ашык тарапкерлери эски аянтта митинг өткөрүштү. Митингди партиянын мүчөсү Юруслан Тойчубеков ачып, бийликти "Ата-журт" партиясына карата түрдүү бут тосууларды уюштуруп жатат деп айыптады. Андан соң апрель жана июнь айындагы курман болгон мекендештерибизге арнап куран окушту. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн баары УККнын "Ата-журт" партиясына жана анын лидери Камчыбек Ташиевге карата жасаган чагымчыл аракеттерин токтотуусун талап кылышты. Камчыбек Ташиевди элдик баатыр деп аташып, анын эл арасындагы кадырынан бийлик чочулап жатат жана партиянын жеңишин айрым адамдар атайылап тааныбай жатат деген пикирлерин билдиришти. Обончу жана аткаруучу Ибрагим Жунусов эл алдына чыгып сөз сүйлөп, УККнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди катуу сындап, анын кол алдындагы кызматкерлерин профессионал эмес, биздин партияны аңдыгандардын ордуна, өлкөнүн коопсуздугу менен алектенбейби деген оюн ортого салды. Андан соң партиянын гимнин чогулгандарга тартуу кылды. Эл алдында чыгып сүйлөгөндөр Камчыбек Ташиев баштаган партиянын лидерлери президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда экенин, анын Ташиевге карата жасалган окуя боюнча айткан сөзүнө туруп, акыркы чечимди чыгарат деп күтүп жатышкандыгын айтышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Камчыбек Ташиев УККнын төрагасы ага карата кол салуу уюштурду деп айыптап жатат. Бирок, Кеңешбек Дүйшөбаев бул айыптоону четке кагып, Ташиевдин балдары Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине биринчи болуп, кол салышкандыгын айтууда.


Шайлоо жараксыз болобу?
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы кечиккен сайын бүдөмүк ойлор жаралып, шайлоонун таза өтпөгөндүгү жөнүндө бүшүркөөлөр чындыкка жакындай баштады. Дегенибиз, БШКнын алдын ала берген жыйынтыгы менен жер-жерлерде толтурулган протоколдор бири бирине дал келбей жатканын кошо текшеришип жаткан укук коргоочулар айтып чыгууда. Ош облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында жүздөгөн протоколдор карама-каршы чыгып, ката толтурулганы белгилүү болуптур. Эгерде алардын айтканы чын болсо, бир топ участоктордо кайрадан шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Анда эле чыр-чатактын оту дүрт этет. Моюн күчкө салып жыйынтык чыгарып, парламенттин ишин жандандырса "Бүтүн Кыргызстанды" кошо киргизүү керек болот. Антпесе, алар жөн жатпай, куралган өкмөттүн башын оорута берет. Парламентке жан киргизүү өтө опурталдуу. "Республика" партиясы а дегенде берки жээкке ооп, жарым жыл өтпөй аркы жакка секирип, жалаң бакиевчи менен акжолчуларды бийликке апкелиши ыктымал. Аталган партиянын лидери мындай саткынчылык касиетке ээ экендигин, Закиржандын тушунда дурус эле көрсөткөн. Бакиевчилер бийликке келсе, балдарынан айрылган жарандар жөн жатпайт, тополоң, ызы-чуу башталары турган иш. Демек, бийликте элдин тынчтыгын сактай турган, бардык саясий күчтөрдү ынандыра турган бир гана жол бар. Шайлоону жараксыз деп таап, жаз айына жаңы шайлоону белгилөө…


Камбар-Ата энергия бере баштады
Кечээ жакшы саамалык жар чакырып, Камбар-Ата-2 ГЭСинде электр кубатын өндүрүү башталды. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында ГЭСте шаймандарды орнотуу иштери өз убагында бүткөрүлүп, биринчи агрегаты 30-августта ишке кирген. Учурда Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи, үчүнчү агрегатын куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатыптыр. Мамлекетибиздин абалы өтө оор болуп, кыйын күндөрдү баштан кечирип жатканда, ийгиликтүү иштин старт алышы элдин маанайын эле көтөрбөстөн, жакшылыктын жышааны болду.


Шылтоо табылды...
Закиржандын шакирттери элдин ишенимине кирүү үчүн колдон келген аракеттерин жасап, тазалануу иштеринде аман калуу үчүн түрдүү ыкмалар менен жандалбас урушууда. Эки күн мурун Камчыбек Ташиевдин жансакчылары чагымчылык жасап, көчөдө жүргөн УККнын бир кызматкерин карактап, болбогон жерден жаңжал чыгарышкан. Арадай ишти чарадай көрсөткөн К.Ташиев саясий упай топтоо аракетинде "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", дүрбөлөң салып жатып калды. Кандай болсо да бакиевчилер тобу, эптеп митингге чыгуунун айласын табышты. Себеби, "Мекен шейиттери" өткөрүп жаткан акциялар акжолчуларга абдан оор тийип, аларга каршы акция өткөрүүнүн айласын таппай отурушкан. Эми акчаны самандай сапырган катарлаш митингдерди өткөрүп, бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп, борбордук аянтта бакиевчилер "Андижандык полькага" түшө турган шарт жаралды.


Жалил агай жерге берилди
21-октябрь күнү, 78 жаш курагында о дүйнө салган Жалил Садыков агабыздын сөөгү ишемби күнү жерге берилди. Кыргызга аттын кашкасындай белгилүү акын, драматург, коомдук ишмер Жалил агабыз менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Опера жана балет театрында өтүп, акыркы сапарга узатууда Маданият жана маалымат министри С.Шернияз, Президенттин жана Өкмөттүн атынан Э.Каптагаев, замандаштарынан Сооронбай Жусуев ж.б. сөз сүйлөдү. Залкар акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Белгилей кетсек, Ж.Садыковдун жүздөгөн ырларына обон чыгарылып, драмалары ар кыл театрларда коюлган. Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору. Кыргыз Республикасынын эл депутаты болгон. Ж.Садыковго "Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери", "Кыргыз Эл акыны" наамдары ыйгарылган.


Билермандардын баары таза, күнөөлүү киши жокпу?
7-апрелдеги массалык адам өлтүрүү боюнча баштала турган сот иши белгисиз себептер менен артка жылдырылып, качан башталары караңгы боло баштады. Буга өлкө жарандары түзүктөп түшүнбөй турат. Ошол эле маалда 12, 13-май күндөрү башаламандык уюштурганы үчүн кармалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бийликтин камырабаганына караганда үч адамды шейит кетирип, ондогон адамдарды майып кылган кандуу окуянын себепкерлерин сүттөн ак кылып чыгарат өңдөнүп калды. Өлкөдө жүздөгөн адамдардын каны төгүлдү, деги бизде бирөө жазаланабы?.. Эгерде соттун жыйынтыгы актоо негизинде чыкса, шалаакы бийликти эгерим эл кечирбейт. Ушуну эстерине түйүп койсо.


"Алиби" пресс