КурумУшу

"Бука болсун, теке болсун,
балдарыма сүт болсо, болгону"

Парламентке өттү делинген беш партия башын кошуп кеңири коалиция түзүү иш жүзөгө тумтак ашып кетери чоң күмөн. Себеп дегенде бешөөнүн ортосундагы идеологиялык жараканын тереңдиги өз ара баш кошуп, бир консенсуска келишине мүмкүнчүлүк бербейт. Акырындап отуруп идеологиялык келишпестик жаракасы кеңейип баратканын байкооого да болот. Беш партия ортосундагы ажырым алардын эки блокко бөлүнүп бири бири менен биригигүүсүнө алып келди. Алардын ортосунда келишүү кыйын экендиги, атүгүл мүмкүн эмес экендиги күн сайын дааналанып баратат. Ачыгын айтканда, башкача болушу мүмкүн да эмес эле. Масштабдуу коалиция миф экендигин көп саясатчылар моюнга ала баштаганына күбөбүз. Парламентке өттү деген саясый күчтөрдүн өз ара карым-катышынан алып көргөндө, кеңири же масштабдуу коалиция түзүүгө үмүт кылуу--бул "бука болобу, теке болобу балдарыма сүт болсо, болгону" дегендей эле кеп экенине көз жеткендей деле болду окшойт.


Парламенттик беш партиянын биринчи тобуна "бакиевчилер" деп аталган "Ата-Журт" партиясы менен Кремлдин сателлити болгон Ф.Куловдун "Ар-Намысы" кирет. Максаттары президенттик күчтүү бийликти орнотуу. Ошондуктан, аларды кээде "реваншисттик" партиялар деп аташат. Экинчи альянсты парламенттик демократиянын тарапкерлери болгон СДПК менен "Ата-Мекен" партиялары түзөт. Ал эми, бешинчи партия "Республиканы" эксперттер центристтик позицияны тутунган сасый уюм катары тиги же топко кошулуп, коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешүүдө. "Республиканын" кайсы топ менен, кимдер менен жалпы тил табышып коалиция түзөөрүнүн азырынча башы ачыла элек дешет. Бирок да жең ичинен сепараттык сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы талаш туудурбайт. БШКнын жер жерлерден келген протоколдорду түп нуска менен салыштырып көрүп, анан гана шайлоонун жыйынтыгын бир жаңсыл жарыялап турганын эскерткенине карабай парламенттик коалиция түзүү иши токтолбой тымызын жүрүп жатканын байкоо кыйын эмес.
Маалыматтарга караганда "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" баш кошуп, союз түзүү боюнча бир пикирге келишкени жөнүндө прессада маалыматтар пайда болду. Алардын альянсы мындан ары башы ачылган маселе десе деле болчудай. "Ар-Намыс" менен "Ата-Журттун" стратегиялык өнүгүү боюнча макулдашуунун үстүндө иштеп жатышканы билдирилүүдө.
Глобализация жана социалдык өзгөрүүлөр институту (ИГСО) деп аталган эл аралык саясат анализи борборунун адистеринин акыркы чыгарган тыянактарына караганда Кыргызстанга борборлошкон күчтүү бийликти орнотууга тышкы оюнчулар катуу кызыкдар. Ал максатты ишке ашыруу милдети өлкөнүн түштүк менен түндүгүнүн саясатчыларынын союзуна жүктөлгөн. Глобализация институтунун эксперттеринин билдиргенине караганда союздун алдына мамлекет башчысын алмаштырып, анын бийлигин кеңейтүү милдети коюлган. Эксперттер президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши жакынкы күндөрдөгү ички соодалашуунун предмети болуп калышы мүмкүн деп эсептешет. "Кыргызстанда борборлошкон күчтүү бийликти орнотууга чет элдик державалардын таламдары жогору. Буга республикадагы туруксуз кырдаал шыкак болуп жатат. Тышкы оюнчулар өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө караганда "катаал колго" артыкчылык берип жатышканын көрүүгө болот", - деп эсептейт глобализация иниститутунун (ИГСО) директору Борис Кагарлицкий. Ошентип, сырткы күчтөр тарабынан Кыргызстанда "күчтүү бийликти" орнотуу милдети "Ар-Намыс" менен "Ата-Журтка" тагылганы чоң күмөндүк жаратпасы анык.
"Катаал колдун" б.а. авторитардык башкаруунун бийликке келишин көздөгөн реваншисттик-президенттик саясый күчтөр тышкы оюнчулардын моралдык-саясый колдоосу, финансылык көмөгү менен парламенттик демократиянын тарапкерлерин дискредитациялоо үчүн кеңири фронтто чабуулун баштаганын байкоого болот. Тилекке каршы, информациялык-пропагандалык чабуулда эбак сыноодон өтүп акыбетин берген балит технология--жоромол-божомолдор, жалаа жабуу, чагым салуу ыкмалары кеңири пайдаланылууда. Атап айтсак, "Ата-Журт" партиясынын парламентке келишине каршы көтөрүлүп чыккан "Мекен шейиттери" кыймылы баштаган нааразычылык акцияларын, БШКдагы протоколдордун кайра саналып жатышын Убактылуу өкмөттүн тымызын уюштуруп жатканы таризинде көргөзүүгө жанталашып жатышканы буга айгине күбө болуп бере алат. Мындан сырткары, "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" баштаган оппозиция революциялык күчтөрдү оппоненттерин бийликке кое бербөө үчүн добуштарды өз пайдалары үчүн "туура" санап чыгууну камсыз кылуу, мурдагы бийликтин номенклатуралык чиновниктерин мамлекеттик кызматка келишине тоскоол кыла турган люстрация мыйзамын киргизүү, массалык толкундоолорду уюштуруп ага күнөөлүү деп саясый каршылаштарына оодара салуу, президент Р.Отунбаева менен жең ичинен сүйлөшүп алып, процедуралык негизде парламенттин азыркы курамын таратуу сыяктанган аракеттери менен күнөөлөшүүдө. Эч бир фактыга таянбай божомолдун негизинде жалаа жаап чагым салуунун үлгүсү катары "Ата-Журттун" теңтөрагасы С.Жапаровдун билдирүүсүн көрсөтсө болор эле. С.Жапаров "Эл билгиси келет" деген телеберүүдө парламентке өткөн үч партия коалицияга биригүү аракети бар экенин айтып келип "азыркы кезде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, ошондуктан ал кайсы партиялар экенин айтпай кое турайын. Сүйлөшүү жүрүп жатканынан чочулаган калган партиялар митингилерди уюштуруп кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылууда"- деп жарыялады. Анын ою боюнча "Ата-Журттун" парламентке каршы нааразычылык акциясына чыгышкан 7-апрелдеги курмандыктардын туугандарынын артында мына ушу "калган" партиялар туруп астыртадан шыкактап жатышкан имиш. Мындай чагымчыл билдирүү өлкөдөгү стабилдилүүккө өбөлгө түзбөшү айтпаса да түшүнүктүү. Кырдаалдын курчушуна гана алып келиши мүмкүн. С.Жапаровдун айткандары "Ата-Журт" партиясынын жалпы элдин бейпилдиги үчүн бардык партиялар менен сүйлөшүүгө даяр экендиги жөнүндөгү эчен курдай жарыялаган билдирүүлөрүн ырастай албасын атайы далилдеп отуруунун кажети жоктур. Ала жылкыны атынан атаганда С.Жапаровдун айткандарын кош стандарттуулук деп баалоого туура келет.
Өз кезегинде парламенттик демократия тобу кол куушуруп, бекер отуруп калбаганы түшүнүктүү. Алар да тымызын өз аракеттерин жүргүзүп жатканы байкалат. "Росбалт" информациялык агентствосунун 19-октябрда тараткан маалыматына караганда: "Өткөн түндү Кыргызстанда парламенттик коалиция түзүү ишиндеги бурулуш учур деп атоого татыктуу. Шайлоонун чыпкасынан өткөн партиялардын лидеринин ортосунда түнү бою кызыл чеке талаш-тартыш болуп өттү. Эгер, кече күнү эле көптөрү премьер-министрлик кызмат Феликс Куловго ылайык деп эсептешип келишсе, бүгүн эртең менен иш башкача болуп өзгөрдү. "Ар-Намыс" менен "Ата-Журт" обочолонгон азчылыкты түзгөн ролду ойноп калышаары аныкталды. Өмүрбек Бабановдун көзү кызарганына, бүт далалатын жумшаганына карабастан, Алмазбек Атамбаевге премьерлик орун ыйгарылып берилди, деп жазат "Росбалт" сайты. Ошентип азыркы учурда парламенттик коалиция төмөндөгүдөй ыраатта түзүлүшүнө мүмкүндүк ачылды--СДПК (Атамбаев), "Ата Мекен" (Текебаев) жана "Республика" (Бабанов). Парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев, ал эми Бабанов үчүн парламенттик көпчүлүктүн фракциясынын башчысы деген атайы кызмат ойлоп табылды"--дейт "Росбалт". Мындай парламенттик коалициялык схеманы өлкөдөгү көптөгөн политологдор менен коомдук ишмерлер реалдуу, ошону менен бирге оптималдуу вариант деп эсептешет. Атап айтсак, политолог Марат Казакпаевдин пикиринде: "өкмөттүн коалициялык негизин үч партиянын мүчөлөрү түзүшү керек алар-СДПК, "Ата Мекен" жана "Республика". Премьерлик кызматка Алмазбек Атамбаевди дайындоо максатка ылайык, башка талапкер жок. Бабанов-популист, Текебаев-экономисттик билимге ээ эмес. Текебаев парламенттин жакшы спикери болуп берер эле. Парламенттик көпчүлүктүн лидери Өмүрбек Бабанов болуп калышы мүмкүн. Бул саясатчылар үчтүктүн лидерлери болуп калышы ыктымал"--дейт Казакпаев. Ушундай эле ойду айрым алымча кошумчалары менен "Азаттык" радиосунда коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев да билдирди: "коалиция түзүлгөндө, үч чоң портфель бар, биринчи премьер-министр, экинчи спикер, үчүнчү бириккен коалициянын башында турган, парламентте коалицияны бириктирип иштеткен киши. Балким, келечекте ал кишинин позициясы болочок президенттин позициясы болуп калат". Ошентип парламенттик демократиянын негизиндеги ишке жөндөмдүү, өкмөт түзүүгө жарамдуу коалициянын пайда болушунун келечеги бар экенин жокко чыгарууга болбойт.
Үсөн Касыбеков