Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



ТАШИЗМ МЕНЕН ФАШИЗМ - АЙРЫМАСЫ БИР ТАМГА
(же парламенттик Кыргызстандын Абыке, Көбөштөрүнө)


Парламенттик шайлоо аяктаары менен эле анын алдын ала жыйынтыктары элдин эсин эңги-деңги кылып, селт эттирди. Ал маалыматтар саясий серепчилерден баштап айылдык карапайым шайлоочуларга чейин күтүүсүз чыкты. Бакиевдердин үй-бүлөлүк уюшма бийлигинин кулашына опол тоодой салым кошкон "Ата Мекен", КСДП, "Ак шумкар" сыяктуу тиш кагып калган партиялар элдир-селдир партияларды, жумурткадан жаңы жарылган сары ооз балапан партияларды ат чабым артка таштап, топ башында келет деген үмүт таш капты. Тескерисинче, дал ошол сары ооз балапан "Республика", анан да эл турмушуна элдир-селдир аралашкан, анча-мынча эле ар намысы калды делген "Ар-Намыс" партиясы, эң башкысы - негизги өзөгү кечээги Бакиев заманынын камчысын чапкандардан куралган "Ата Журт" партиясынын аргымагы биринчи болуп марага келиши "ит адамды каап алды" эмес, "адам итти каап алыптыр" таризиндеги жаңылык болду.


(экинчи макала)
Бирок шайлоонун ушундай натыйжалар менен аякташын биз - Кыргызстандын эли өзүбүз камсыз кылдык. Дүйнөлүк стандарт менен, б.а. Америкадагы Эркиндик статуясынын үстүнө чыгып алып сөз кыла турган болсок, биздеги бул шайлоо демократиялык өнүгүүгө бараткан жолубуздагы башка мамлекеттер суктанарлык кадам болду. Себеби биринчиден, парламенттик шайлоо мурдагыдай болуп бийликтин каалагандай кысымы менен өткөн жок. Президенттик замандардай болуп, "80-90 пайыз шайлоочулар келди" болуп эмес, келген шайлоочулардын накта саны менен гана өттү.
Экинчиден, анын жыйынтыктары көрсөтүп тургандай, шайлоо негизинен демократиялык маанайда жүрдү. Көпчүлүк добуштарды бийликке жаңы эле келип, бийликтен көзү каткан партиялар кол-бутту бурап өздөрүнө жаздырып алган жок. Тескерисинче, жаңы эле баш көтөргөн оппозициячыл партиялар алдыга чыгып кетишти. Муну парламенттик башкаруу системасында эч кандай тажрыйбасы жок, саясий элита ичинде "түндүк-түштүк", "эски режим - жаңы режим кадрлары" деген синдромдору билинбей тымызын тирешип жаткан Кыргызстандын шарттарында "балапан" оппозиция артыкчылыкка ээ болуп, ал турмак тараза ташы ошол тарапка ооп, бийлик алмаштыруу конституциялык, б.а. тынч мүнөзгө өтө баштагандыгынын алгачкы кадамы деп бааласа болот. Биздеги шайлоону дүйнөлүк коомчулук дал ушундай таризде кабыл алды. Аны Кыргызстандын шайлоочулары деле ушундай кабыл алса болмок, бирок...
Бирок биздин ички турмушубуз нукура "кыргызбайский" болуп, тышкы турмушубузга караганда такыр артта калып жатканы өкүнүчтүү...
Биз деле макалабызды Эркиндик статуясынын деңгээлине ылайыкташтырып жазып, парламенттик бийлик түзүүнүн дүйнөлүк практикасы жөнүндө окуп-билип алган, көчүрүп алган маалыматтарыбызды маарай берсек жарашмак. Бирок дүйнөлүк коомчулук ыраазы болгон биздин бул шайлообуз, анын натыйжалары алар ойлогондой табигый түрдө, элдин нукура өз тандоосу боюнча өтпөй, жасалма, кримчөйрө аралашып, күчкө салынып, алдоо, чет элдик финансылык жана маалыматтык диверсия жолу менен, Кыргызстандын элин эски, президенттик башкаруу жолуна кайтарып келүү нугунда өткөнүндө...
Шайлоочуларыбыз да акыл-эсинин, жүрөгүнүн түпкүрүндө башка партияны колдоп турганы менен иш жүзүндө "кыкеңдин" каны ойгонуп кетип, жогоруда биз айткан "түндүк-түштүк", "бакиевчил-отунбаевачыл" белгилери ойгонуп кетип, дагы бир учурда "Россия менен эле дос бололу" деген сезимдери жеңип кетти окшойт? Айтор орто жолдо турган элди өз эркине коюшпады. Буларды жашырып айтпай койсок, эртең эле макталган кыздын кейпин кийип, тойдо осуруп койбойлу деп кооптонуп жатканыбыз.
Коомдогу ызы-чуунун башын дал ошол "Ата Журттун" ана башчыларынын шайлоочулар менен жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрү баштап жибергендей болду. Кайсы бир Интернет булагына Камчыбек Ташиев Лейлектегиби, Жалал-Абаддагыбы жолугушууда сүйлөгөн сөзү жарыяланып (ал КТР аркылуу да көрсөтүлдү), анда ал мурдагы президент К.Бакиевди кайра алып келебиз дегени отко май тамызды. К.Бакиевдин криминалдашкан бийлигин кулатууда курман болгон 90го жакын эр азаматтардын жакындары "Ата Журттун" Бишкектеги кеңсесине барып нааразылык билдиришип, шайлоого арналган үгүт кагаздарын, илме чүпүрөк-чапырактарын өрттөп, аларды парламентке өткөрбөйбүз маанисинде убада берилип кетти. Шайлоонун натыйжасында аталган партия жеңишке жетишкенин уккан ошол эле "Мекен шейиттери" менен "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдарынын мүчөлөрү эми нааразылыкты эр азаматтар курман болгон Ак үй имаратынын бурчунда, айрым күндөрү эски аянтта - Жогорку Кеңештин имаратынын алдында улантып, "Ак жол" партиясынын депутаттарын эми "Ата Журт" аркылуу бийликке аралашуусуна жол бербейбиз" деп башташты. Алардын бул талабына алгачкы жооп берген экс өкмөт башчы Данияр Үсөновдун качууга үлгүрбөй, калып калган аялы Динара Исаева болду. Айымдын "Ата Журттун" короосунан чыгып кеткендигин өзүнүн эле "ата журтчу" короолоштору айтып чыгышты. Эмки кезек кимде? - деп пикетке чыккандар кулак түрүп турган кези. Алардын кол алдында мурдагы "Ак жолчулар" М.Султанов, Роман Шин, И.Жунусов, Ж.Иманалиев, Х.Коркмазов, З.Жамалдинов, А. Калмаматовдун тизмеси даяр. Экинчи бир тизмесинде болсо Бакиев заманынын камчысын кызарта чапкан сот К.Осмонов жана кызы Нурзат Осмонова, баш прокурордун орун басарлыгына чейин жеткен К.Абдиев жана анын күйөө баласы Ж.Кудайбергенов, Бишкектин мэри Н.Түлеев, вице мэри Э.Иманалиева, министрлер А.Келдибеков, А.Кангелдиев, С.Жапаров, Н.Сулайманов, министрлерден кем эмес кычырагандар Ж.Жолдошева,У.Чолпонбаев, Н.Айдаров, Т.Муратов, А.Суракматов, А.Арапбаев өңдүү төбөсү көктү чалгандар жазылуу экен. Ушул себептенби же башка да жагдайлары барбы - нааразы болгон эл "ташизм-враг народа" деп жаңы ураан жазып алышканга жетишиптир. Ушундай элдик толкундоолордун шарында "Ата Журттун" "ак жолчу" депутаттарын эл Ак Үйгө киргизээр бекен?
Парламенттик республика болобуз деп дүйнө алдына чыгып көрүнүп алдык - бул жагы дурус. Ал эми шайлоочуларга акча бериппи, же популисттик убада бериппи - эптеп өтүп келген партиялар нааразы болгондордун көңүлүн кантип табаар экен? Парламент ичинде го -тил табышса болот, ал жерде иш аздыр-көптүр дүйнөлүк эреже боюнча жүрөт дейли. Анткени кыргыз саясатчыларынын көбүндө принцип деген жок. "Кой, мурдагы бийликте иштеп ооз күйдү эле, бул жолу жөн эле коёюн" деген аларда болбойт. Өз кызыкчылыгы, жеке жыргалчылыгы, үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгы, тууган-уруктар, партиясына келип кирген достору, курсташтары, классташтары, куда-сөөктөрүнүн жыргалчылыгы үчүн ким менен болсо да тил табышып кетиш керек дешет. Кыргызча айтканда, андайларда бет деген жок. Алардыкы бет эмей эле -эт дешет. Саясаттын тили менен айтканда -аларда принцип жок, кызыкчылык гана бар.
Ал эми парламенттин сыртында, Кыргызстандын айыл-кыштактарында, шаарларында баягы эле акчага алданмай, кызматка сатылмай, бир күндүк эт жемей, бир бөтөлкө арак ичмей көрбай-шөрбай турмушу өкүм сүрүп жатпайбы?
Эски аянтта нааразылык уюштуруп жаткан "Бүтүн Кыргызстандын" желегин желбиреткендердин арасында саатына 200 сомдон 500 сомго чейин акчага жалданган жаштардын, мас аялдардын аралашып жүргөнүн көрүп, бул айтылганга ынанбаска аргаң жок.
"Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдары коюп жаткан талаптар албетте, Борбордук шайлоо комиссиясы чече турган иш эмес. Бирок эл толкуп, "Ата Журттун" тизмесиндеги "Ак жолчуларды" Ак үйгө киргизбей койсо, ага болбой эле алар эшик турса, тешиктен кирип кетсе, эл Ак үйдөн аларды кууп чыгабыз дешпейт болду бекен? Депутаттыкка таза эмес жол менен келгендерди эл "биз мындай депутаттардын иштешине жол бербейбиз" деп туруп алышпайбы?

Машакбай
РАХМАНКУЛОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"