Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Эл аралык чуунун каарманы - екку төрагасы К. Саудабаев

Эл аралык деңгээлдеги чуулуу бул скандал тууралуу мындан бир ай мурун эле кээ бир интернет сайттарда пайда болгон. Анда Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын күркүл бизнесмендери жана мамлекеттик кызматкерлери Туркиянын Гечек портундагы "Саварона" яхтасында бойго жете элек жаш кыздар менен эс алып жүргөн жеринде полиция тарабынан кармалгандыгы айтылган. Кыргызстанда бул окуяга анчалык маани берилбегени менен, башка эл аралык маалымат булактарында ал яхтадагы окуя жана ага катышкан адамдар тууралуу күнү-бүгүнгө чейин жазылууда. Алардын арасындагы Кыргызстандык "бизнесмендер" ким экендиги азырынча белгисиз бойдон калууда. Балким, анын аты келечекте анык болор. Бирок, учурда аты аталып жаткандардын арасында сизиң менен бизиңге жакшы тааныш адамдар да жок эмес.

Окуя Туркиянын укук коргоо органдары тарабынан сойкуларды кармоо боюнча атайын жүргүзүлгөн операциясы менен башталган. Анын жыйынтыгында бойго жете элек украиналык жана орусиялык "түнкү көпөлөктөр" колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк, ал кыздардын арасында Казакстандан жана Орусиядан келген бизнесмендердин жана жогорку даражалуу мамлекеттик жетекчилердин болгондугу ММКларга жарыя болуп кетти. Кыргызстандыктарга жакшы белгилүү Бишкекте туулуп чоңойгон, азыр Казакстандагы эң бай адамдардын бири эсептелген Александр Машкевич, ошондой эле Казакстандын Тышкы иштер министри, учурдагы ЕККУнун төрагасы Канат Саудабаевдин ысымдары аталган. Ошондой эле, Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун кеңешчиси жана Нурсултан Назарбаевдин "Нур-Отан" партиясынын үлкөн мүчөлөрү, кавказдык, казакстандык бир топ бизнесмендер жана дипломатиялык паспортко ээ казак бийлигинин өкүлдөрү бар экендиги айтылууда.
"Саварона" яхтасы Ата түрккө тиешелүү. Ал дүйнөдөгү эң белгилүү эс алуу жайларына кирет. Яхтага келип, эс алып кеткен адамдардын атын атасак эле анын канчалык маанилүү экендиги көңүлгө урунбай койбойт. Анын бортунда Испаниянын королу Хуан Карлос, Доди ал-Файед менен принцесса Диана, Брунейдин Султаны, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, ошондой эле, Том Круз, Николь Кидман, Хью Грант, Шэрон Стоун жана Жерар Депардье өңдүү ондогон шоу-бизнес өкүлдөрү эс алышкан.
Кандай болгон күндө да, бул окуянын эки катышуучусун унутта калтыра албайбыз. Алар бизнесмен Александр Машкевич жана ЕККУ быйылкы төрагасы Канат Саудабаев.
Казакстандык миллиардер Александр Машкевич акыркы мезгилдерде өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн күчөткөнү айтылып келет. Ал Кыргызстандагы саясий процесстерди да унутта калтырган жок. А.Машкевич Евро-Азиялык Еврей конгрессинин төрагасы жана Израиль президенти Шимон Перестин абдан жакын досу. Тагыраак айтканда, постсоветтик өлкөлөр менен Израилдин ортосундагы достук алакалардын көпүрөсү катары кызмат аркалап келет. Быйылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө анын Кыргызстандагы "ишмердүүлүгү" жөнүндө да көп сөз болду. Кээ бир маалыматтарда Машкевич "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Ф.Куловго шайлоодо 10 млн. доллар берген экен деген имиштер чыккан.
Мындан тышкары, Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясын да атактуу олигарх Александр Машкевич каржылаганын Россиянын "Новый регион" гезитинин 15-октябрда чыккан санында москвалык саясат иликтөөчү Михаил Тульский "Казакстан Кыргызстанды Россиядан утуп алды. Парламент коалициясын түзүү жаңы төңкөрүш жаратышы ыктымал" аттуу макаласында сөз кылган. "Жеңген партиялардын ичинен Куловдун "Арнамысы" эмне үчүн жалгыз желпилдеп, "Бүтүн Кыргызстанды" колдоп атат? Анын жообу жөнөкөй: эки партия тең чуулгандуу казак олигархы Александр Машкевичтин финансы арыгынан "суу" ичкен. Башкача айтканда, казакчыл "Ата журт" (лидерлери Назарбаев менен жолугушканы үчүн казакчыл деп айтылууда-"Алиби") "Ар-намыс" партиялары, үчүнчү бир казакчыл партияны - "Бүтүн Кыргызстанды" парламентке сүйрөп кирип, өз алдынча коалиция түзүү аракетин ишке ашырып атыр" деген оюн билдирген Михаил Тульский.
Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министри, ЕККУнун төрагасы Канат Саудабаев жөнүндө көп сөз кылууга болор эле. Ал бүгүнкү күндө ЕККУга төрагалык кылуу менен Кыргызстандагы кандуу окуяларды жайгарууда жана кризистен кийинки биздин өлкөдөгү абалды жөндөөдө Казакстандын жана ЕККУнун атынан көп аракеттерди жасаган. Бирок, анын жогорудагыдай чуулуу окуясы өзүнүн гана эмес, Казакстандын, анын ичинде президент Нурсултан Назарбаевдин да беделине "шек" келтирип турганы жашыруун эмес.

Жоодарбек СУЛТАНГАЗИЕВ




  Алыстан кат

Наалат
Ушинтип, чоң үмүт менен көптөн күткөн шайлоо да өттү. Өкмөтүбүз "шайлоонун жүрүшүнө басым кылбайбыз" деген убадасына бекем туруп берди, ал эми өкмөткө доомат кылган партиялардын өздөрүчү?... Көпчүлүк элдин айтуусуна караганда алар көөптөгөн мыйзам бузууларга барышкан. Кантели, бул маселени алардын абийирине, Кудайга коёлу. Алардын мурдагы кетирген кемчиликтерин деле жөн коёлу. "Биз тазабыз, акпыз" деп жанын жеп жатышпайбы. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" дейт го. Кимдин эле кемчилиги болбосун? Алар деле кыргыз элинин уулдары эмеспи, оңолоор дейин десең, канчалык эл канын төгүп, кыйналып жатып "түз жолго эми түшөбүз" деп Баш мыйзамды көпчүлүк менен кабыл алышса да, мунун баарына бул иш бузарлар түкүрүп салып "баарын кайра кайрыйбыз" деп жатышканы барып турган наадандык эмей эмине? Муну деле макул дейли, бул алардын өзүнүн укугу эмеспи дардаңдай беришсин. Акыры келип баарын эл өзү чечет эмеспи. Эми мына, кептин баары ушул элдин өзүндө болуп жатат. Эли кандай болсо, ханы да ошондой болот дейт го. Океңдер мындай элди "быдла" деп коёт. Маңкуртчулуктан качан кутулаар экенбиз? Эл баардыгын башынан өткөрүп, көрүп-билип жатып (Бакиевдердин кан соргучтугун, жаңы таза жолго түшүү үчүн канча деген кырчындай балдардын өмүрү кыйылгандыгын, жаңы багыт үчүн канча инсандардын кылып жаткан аракеттерин, өзүнүн балдарынын келечегин эске албай) өз добуштарын сатып салгандарга наалат айткандан башка эмне дейбиз?! Бул жөнүндө көп сөз болду эле го. Мурдуңдун учунан ары көрө албай калдыңбы кыргыз?! Добушуң сатып тапкан тыйының кекиртегиңден ары өтпөй калсын. 7-апрелдеги жаңы заман үчүн жанын берген эр-азаматтардын арбагы урсун сени маңкурт! - дейт элем. Бул кептерди айтып жатып өзүм жөнүндө да шилтей кетсем, Кудайга шүгүр, мага эч нерсенин кереги жок. 65 жашка келгенче тапканым өзүмө, бала-чакама жетишет. Кеп байлыкта эмес, пейилде го. Ток пейил болсоң, баары болот. Пейлиң тар, нысабың жок болсо, чириген бай болсоң да жокчулукка жем болосуң. Буга мисалдар жалаң эле жомоктордо эмес, турмушта деле көп эмеспи. Мага окшогондор аз эмес, мага бир эле жетишпегендик - аттиң ай, качан дүйнөдөгү цивилизациялуу өлкөдөй болуп жашайбыз? Биздин алардан эмнебиз кем? Жаратылыш байлыгыбыз, акыл - эстүү элдик инсандарыбыз деле көп. Качан бул саздан чыгабыз, калайык? Мына эми оңолобуз дегиче, дагы эле баягы Бакиевдин куйруктары илээшип, талаш-тартыштан, ызы-чуудан арылбайт экенбиз го. Жыргал турмушту 20 жылдан бери күтүп жүрүп, бул жарыктыкка бир келген өмүр ушинтип өтүп кетеби? Аттиң ай, аттиң ай...
Эркин НУРБЕКОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика