Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Феликс Кулов:
"Алар бир партиянын бийликке келиши үчүн эмес, чындыктын орношу үчүн курман болушкан"
(Башталышы 6-бетте)

Бирок бул Американын саясатын колдойт дегенди түшүндүрбөйт да. болгону көпчүлүгү келип Кыргызстандагы кырдаал тууралуу кызыгып сурашат. А мен алардын бирин дагы четке какпастан интервью берип жаттым. Анткени ачык-айкындык менин башкы принциптеримдин бири. Ал эми аналитикалык материалдардагы мен тууралуу ар кыл пикирлерди дагы туура түшүнөм. Анткени мен 20 жылдан бери саясатта жүргөн адаммын. Ошондуктан алар менин оң жана терс жактарымды билишет.
Мисалы, мени Медведев кабыл алды. Ал эми Атамбаевди Путин кабыл алды. Бул жерден эч кандай ички саясатка кийлигишүүнү көргөн жокмун. Мен Россия Федерациясынын жана Казакстандын президенттери менен сүйлөшкөндө алар айтышты "Феликс Шаршенбаевич, биз Сизди адам катары терең урматтайбыз. Бирок биз эл шайлаган күчтөр менен гана иштешебиз" деп. Ал эми жолугушуунун маңызына келсек, алар дагы Кыргызстандагы ички кырдаалды, биздин көз караштарыбызды билгиси келет. Алар менин интервьюларымды окуп отура албайт да туурабы? Ошол эле учурда АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен дагы жолугушууларды өткөрдүк. А биздеги саясий маданияттын төмөндүгүнөн айрымдар айтышат "аа, Кулов баланча менен жолукту, демек алар биздин ички маселеге кийлигишет" деп. Сиздер карасаңыздар америкалык ММКлар Кыргызстан тууралуу канча чагылдырып жатышат. Алардын телеканалдары бул жакта тартпайт. Ошондуктан эл көрбөйт. Бирок муну Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары караганыбыз туура эмес да. Эгер андай болсо кулак мурдубузду жаап алып отура берели.
- Турсунбай Бакир уулу кайсы бир интервьюсунда "Ар-Намыс" партиясы "Манас" аба майданын чыгаруу маселесин көтөрөөрүн айтты. Чынында эле ушундайбы?
- Буга чейин "Голос Америки" радиосуна жарыялагам. Азыр дагы кайталайм. Биз азыр КМШ, ОДКБ, ЕвразЭС сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. Ошол эле учурда НАТОго мүчө болгон мамлекеттер бар. Алар биз менен кандайдыр бир келишимдерди түзөөрдө сөзсүз НАТОго мүчө болгон уюмдар менен кеңешет. Ошол эле учурда биз дагы өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн өзүбүз мүчө болгон уюмдар менен кеңешишибиз керек да туурабы? Дагы бир жагдай тууралуу айта кетейин. Бизде АКШнын дагы, Россиянын дагы аскер базалары жайгашкан. Келишим боюнча Канттагы аскердик база Кыргызстанды абадан келген чабуулдан коргоого милдеттүү. Ошону менен катар эле Кыргызстандын аймагына алардын ар бир учагы же солдаты кирээрде тыкыр текшерүүдөн өтөт. Ал эми АКШнын аскер базасында мындай жок. Алар кандай жүк ташып жаткандыгы тууралуу Кыргызстан текшере албайт. Мындайча айтканда жабык база. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Эсиңерде барбы, Кыргызстандан чыккан америкалык учак Иранга конгондо ЦРУнун агенти кетип бара жаткандыгы тууралуу жаңжал чыккан. Ошондуктан мындай кооптонуу жана жаңжалдардын алдын алуу максатында биз парламентке барганда ушул маселени сөзсүз көтөрөбүз жана эки аскердик базанын тең бирдей шартта иштешин камсыздоо үчүн күрөшөбүз. Себеби биздин мамлекет өзүнүн территориясынан эмне кирип, эмне чыгып жатканын билип турушу керек. Ошол эле учурда ОДКБ АКШ базасынын калышына кандай карай турганын дагы аныктап, ошого жараша көп тараптуу чечим кабыл алышыбыз керек.
- "Мекен шейиттери" кыймылынын "Ата-Журт" партиясынын келишине каршы өткөргөн митингдерине кандай карайсыз?
- Албетте адам катары мага кимдир бирөө жакпашы мүмкүн. Аны менен менин позициям келишпей калышы мүмкүн. Бирок, бул шайлоо бардык тараптан колдоого алынгандан кийин биз элдин добушун таанышыбыз керек жана сыйлоого тийишпиз. Албетте аянтка эки жүз, беш жүз, балким он миң адам чыксын биз каршыбыз деп. Бирок алар жалпы элдин үнү эмес да. Андай болсо бүгүн бир партия 10 миң адам алып чыксын. Экинчи күнү башка партия 20 миң адам алып чыксын. Ким көп адам алып чыкса ошол парламентке келет десек туура болобу? Анда эмнеге биз шайлоо өткөрдүк?
Албетте мен ал жигиттерди сыйлайм, урматтайм. Алардын жакындары диктатуралык режимге каршы чечкиндүү күрөштө каза болушкан. Каза болгондордун алдында ар дайым башымды ийип таазим кылам. Булар тууралуу эч кандай жаман сөз айтууга болбойт. Алар биздин баатырларыбыз, алар биздин намысыбыз. Бирок алар кандайдыр бир партиянын эмес, чындыктын орношу үчүн каза болушкан. Ошону туура түшүнүү керек.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Маектешкен
Адилет
АЙТИКЕЕВ









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика