Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 2
  Тамаша ирээтинде кабыл алыңыз

Аттиң, ушуну айтканга эки эрендин эрдиги жетээр бекен?
НАМЫСЫҢА КАМЧЫ ЧАП!
("Ар-намыс" жана "Ата-журт" партияларынын
Кыргыз эл-жерине кайрылуусу)

Кадырман калкым! Биз, эки партия, кыргыз элимдин башына оор сыноолор түшүп турган кезде жумурай-журтка кайрылууну туура таптык. Ооба, кээ бир гезиттер жазгандай, биз "эки саат эмес, эки күн кайнатса да каныбыз кошулбай турган" таптакыр ар бөлөк партиябыз. Бирөөбүздү жалаң түштүк кыргыздар шайласа, экинчибизди жалаң киргиздер менен кыргыз эместер шайлады. Бирок, казыр өлкөдө акыбал оор, ошондуктан, сен - улутчулсуң, мен - маңкурттар партиясымын деп кер-мур айтышып, же жакалашып отурганга бовойт.
Ооба, болоору болду - боёосу канды, жалган-чынды койгулаштырып жатып, биз акыры ЖоКеге өттүк. Ошо өтөөр замат орус ордосу - Маскөөгө жетип барганыбыз биртике осол иш болуп калыптыр, аны кеч түшүнүп калдык, анүчүн, калайык-калкым, камчыны желкебизге басып, кечирим сурайбыз. "Баш кесмек бар, мандат кесмек жок" дейт заманбап кыргыз макалы. Казыр намысыбыз күйүп жатканын эли-журтубузга айта кетели. Феликс Шаршенбаевич го мейли, ол киши бала болуп, башына жүн чыкканы орус пейил күтүп, кыргызскийди чанып чоңойгон эле. Ол киши Орусияга канча барса жарашат. Бу биз, атажуртчуларга эмне жок дейбиз да, алып-учуп жетип барганыбызды караң? Орустар "ташисттер бийликке келди-ии!" деп арт жагыбыздан "суу куюп" узатышкандан кийин Маскөөгө эмнеге бардык экен деп катуу өкүттө турабыз.
Ооба, бу бийлик деп жинди болубатып, кээ бир ата салтын, ыйман-адепти унутуп коюппуз. "Ата-Бейитке" барып, апрелде жер жазданган балдарыбызга куран түшүрүп койбоппуз. Маңкурт болоорубузга аз эле калган экен. Олор бовогондо "Ар-Намыс" да, "Ата-Журт" да саясатта жок болот элек. Бакиевдер бирибизге кичкентай ГЭСти оюнчук кылып карматкан бойдон саясатка жолотмок эмес. Экинчибиз кичинеле "былк" этсек, МыЧысТагы кыңыр ишибиздин четин чыгарып, камайм деп коркутуп, тазза мазабызды алмак. Иши кылса, апрелде Бакиевдерди көчүккө тепкен ошол раматылык балдарга ыракмат, жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун! О ар бейшемби сайын "Ар-Намыстан" бирден, "Ата-Журттан" бирден киши олордун эстелигине барып, куран түшүрүп турайлы деп чечтик. Мандат колго тийген күнү анабаштарыбыз Кулов менен Ташиев бысмылда деп бул жөрөлгөнү баштамакчы. Биз куран менен күнөөбүздү жууп, ниетибизди оңдойбуз, момун кыргыз калкым! Бирок, Феликс Шаршенбаевич мусулман бовой калган, Иса байгамбарга ниетин буруп кеткен деп жүрүштү эле, бараар бекен?
Ооба, бизден көп чекилик кетип калды. Лейлекте "Бакиевди акелебиз" дебеш керек эле. Анүчүн элибизден кечирим сурайбыз, биртике кызуу кандуулукка алдырып койгон экен эренибиз. Мындан ары Атажурт деп, о ары жагы Атбашы менен Аксуудан тартып, бери жагы Талас, Жалалабат, Лейлекти түшүнөбүз. Июндан бери чала уйку болуп жүргөн бир лидерибизден "косяк" кетип калды, айып этпеңдер!
Уважаемые соотечественники! Да, я допустил ряд ошибок, которые, признаться, не достойны политика-старожила, каким является лидер партии "Достоинство". Теперь я вынужден покаяться, что мне не следовало оглашать свой визит в Москву сразу после выборов. Я не думал, что избиратели-кыргызы так болезненно воспримут сей факт, а я то думал совсем наоборот. Т.е., всегда считал, что кыргызы еще не созрели для построения собственного государства. Теперь мне даже весьма приятно, когда меня ругают по делу - за то, что я плохо знаю не только кыргызский язык, но и кыргызский народ. Что я могу сказать? Ну, во-первых, годы берут свое - мне уже 62 года. Во-вторых, пока я денно-ношно занимался глобальным проектом "Малые ГЭС", мои соотечественники - кыргызы, оказывается, уже выросли до осознания своей роли и ответственности перед государством.
Что касается моей поддержки партии "Ата-Журт", которой боятся мои русскоговорящие избиратели за её национализм, граничащий с шовинизмом, и которым я твердо обещал железный щит от националистов, в данной ситуации это было весьма оправданным ходом с моей стороны для достижения политической цели - во что бы ни стало войти с "Ата-Журтом" в коалицию с тем, чтобы забрать всю власть в Киргизии. Да, может показаться, что Кулов оставил на бобах своих избирателей, но это лишь тактический прием. Что называется, "Для завоевания власти все средства хороши". Все вы знаете, что этому принципу я неизменно следую за все время пребывания в политике.
Жумурай-журт! Ушул кетирген "косяктарды" эске алуу менен, эки партия эгер бийлик башына келип алсак, Киргизияда эч качан тынчтык бовосун терең сезип жатабыз. Мына ошого байланыштуу болочок парламентте спикерлик орунга, өкматта премьерлик кызматка жулунбайлы деп чечтик. Ойлонуп көрсөк, 17 жылдан бери аптарикаттык режимдер менен тынбай күрөшүп келаткан СДПК жана "Ата Мекен" партиялары казыр бийлик башына келгенге татыктуу экен. Эмесе, эч качан акыйкаттык болбойт. Олордун мээнети бар, апрелде канча жигиттери курман болду! Энди СДПК менен "Ата Мекен" өз ара кеңешип-талашып, бийликти колдоруна алсын, элге берген убадаларын аткарсын, мамлекетти түптөсүн. Биз -"Ата-Журт" менен "Ар-Намыс", бирибиз түштүк элин, бирибиз орус менен өзбегин, уйгур менен дунганын шайлоого кандай акелсек, так ошондой мамлекетибиздин түндүгүн жабыла көтөрүүгө апкелейли. Кандай дейсиздер, улуу журтум? Мына ушуну жасасак, кылган күнөөбүздү кечет белең?
Мындан кийин эмне жакшылыгыбыз болсо, Маскөөгө эмес, Манас-Ордого жана Апрель көрүстөнүнө барабыз. Мынашу аркалуу биз Кыргыз Жердин касиетин арттырабыз, мамлекетибизди чыңдайбыз. Бизге добуш берген шайлоочуларыбызга айтарыбыз: биздин бир гана өлкөбүз бар, ал - Кыргыз Жер.

"Ар-Намыс" партиясынын атынан Ф. Кулов.


"Ата-Журт" партиясынын атынан К. Ташиев.

Даярдаган
Адилет КЕҢЕШ уулу






  Муштумуңа муштумум!

Өзү тийишкен бала ыйлабайт…
Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асанов биздин гезитке жарык көргөн "Бектур Асановдун теги өзбекпи" аттуу алакандай макала үчүн "Алибини" Биринчи май райондук сотуна берип, кызматтык ишинде профессионалдуулугу төмөн судья Алымкулованын колу менен 10 000 сом (он миң) өндүрүп алган. Учурда Бектур мырза "Алибини" 10 000 сомго жыктым"-деп мактанып жүрөт дейт. Буга чейин Бектур мырзанын Жалал-Абаддагы былыңгытттарын чукубай келгенбиз. Эми "өзү тийишкен бала ыйлабайт" демекчи, Бектур Асановдун ар бир кылган мыйзамсыз иштерин гезит беттеринен сан сайын чагылдырып турмакчыбыз. Анткени, биздин редакциябызда ага карата болгон жалал-абаддыктардын нааразычылык каттары толо. Андан да кызыгы Жалал-Абад шаарынын мэри Максат Жээнбековду кол баладай кылып, колунан жетелеп алганы ачык айтылууда. Ошондой эле Убактылуу Өкмөт тарабынан Жалал-Абад шаарына келген гумжардамдарды бөлүштүрүүгө тиешеси жок болуп туруп, бөлүштүрүүгө көрсөтмө бергенин түшүнүп болбойт. Анда эмесе, Асановдун Жалал-Абад шаардык мэриясына бөлүнгөн 10 000 000 сомду бөлүштүрүү буйругун төмөндө беребиз.
"Алиби" пресс




Билим уясына бир шилтем!
Гезитибиздин мурунку бир санында Улуттук университетке тиешелүү материал жарык көргөн. Көрсө, ал материалда С.Исаева менен Н.Тыныстановага негизсиз дооматтар коюлуптур. Жазылган маалыматтар так эмес экендиги белгилүү болду. Илим артынан сая түшкөн эжекелерге ким жазганы, аталган маалыматка редакциянын, журналисттердин эч кандай тиешеси жок экендиги ачык болду окшойт. Мамлекеттин келечеги болгон жаштарга тарбия берген маданияты бийик эже-агайларыбыз чыр-чатакты чубалжытпай өз ара чечип, кечиришип алат деген ишеничтебиз. Албетте, биз адилетсиздик болгон жерде тикесинен тик турууга милдеткербиз. Бирок, курулай дооматтарга кошула албайбыз. Биз үчүн бириңиздер өйдө, бириңиздер ылдый же ак-кара эмессиздер. Сиздер жасап жаткан ишке таазим кылабыз, ар дайым урматтайбыз. Ишиңиздерге ийгилик!






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1026_10.htm on line 54