Бир гана желекти - Кыргызстаныбыздын туусун желбиретели!!!
Биздин өлкө партиялык парламенттик башкарууга али даяр эмес окшобойбу. Партиялар парады түзүлүп, алакандай жерибиздеги бир ууч элибиз топ-топко бөлүнүп, ар кайсы желекти желбиретип көтөрүп калганы өтө чоң коркунучту жаратты. Кыргызстанда абал тынч эмес. Жеңилген партия лидерлери шайлоо алдында жигитче берген убадаларынан тайышып, элди экиге, үчкө, төрткө, бешке бөлүүгө аракет жасашты. Бул деген Кыргызстандагы саясатчылардын жигит эмес экендиктерин айгинелеп койду. Саясатчыларыбыздын акылсыздыгынан, абийирсиздигинен бир ууч кыргыз эли түндүк-түштүккө бөлүнүп отурат. Алар өз элин сырткы душмандарга салып берип жаткандарын туюшкан жок. Кыргызстанда 80ден ашык улут болсо, алардын бардыгы кыргыз дегенде котур ташы койнунда экендигин биз унутпашыбыз керек эле. Бирок, тилекке каршы мындай нерсени эске албай, башка улуттун эли менен упай топтоону көздөп, Ош коогалаңына жол ачтык. Жерибизди, элибизди тебелеттик. Мына учурда "Белый парус" интернет гезити аркылуу Елена Авдеева аттуу журналист, кыргыздардын тарыхын бурмалап, сарттарга жан тартып жатат. Кыргыздын тузу ургур бул аялдын тизгинин тартчу бийликте бир кыргыз жок экени өкүндүрөт. Ал эми Авдеева күндөн күнгө оозун тыя албай, Кыргызстанды келечеги жок мамлекет катары коомчулукка жар салып отурат. Биздин өлкөнүн тузун татып, суусун ичип атып, биздин өлкөнү маскара кылгандарды кыргыздын тузу урсун дегенден башка сөз жок. "Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр" демекчи, кыргызга карата орус туугандардын ою түз эместиги ачык билинди. Өзбек туугандардан көргүлүктү көрүп бүтүп, орус туугандардын саясий очогуна айланып калганыбыз - биз үчүн трагедия эмеспи?! Ошондуктан кыргыз элим Кыргызстанда ар кайсы партиянын желегин көтөрбөстөн бир гана желекти - Кыргызстаныбыздын туусун желбиретип көтөрөлү!!!
Назгүл МАМЫТОВА






 "Беспредел"

Бакиевчил криминалдар кутулуп,
алардын каршылаштары тутулду…
Максат Абакиров (Водолаз)
УКК СИЗОсунда камакта…
Учурда өлкөбүздө болуп жаткан башаламандык ар бир жарандын жана ар бир кыргыздын көйгөйү экенин жүрөгүбүз менен туюп турабыз. Ошондой эле акыркы мезгилде Кыргызстанда криминалдык күчтөрдүн, топтордун басымдуулук кылып келгени түйшөлтпөй койбойт! Акыркы беш жылда биздин өлкөдө криминалдар жакшы эле чардап жүргөнүн жашырууга мүмкүн эмес. Учурда жаңы бийликтин келиши менен өлкөдө башаламандыкты уюштуруп, элдин канына забын болуп жаткан криминалдарга мындан ары биздин мамлекетте жол жок! Ошондой эле күч структуралары криминал дүйнөсүн толугу менен тазалоодон негедир коркуп тургандай. Болбосо бул жакта жатып алып, "Бокуш", "Водолаз", "Камчы кыргыз" өңдүү кримавторитеттерди колго түшүрүп, кайра себеби жок чыгарып, элге өздөрүн криминалга каршы иш жүргүзүп жаткан орган катары көрсөтүп, көкүрөк кагышпайт эле да. Кыргызстанда эң негизги криминалдашкан регион бул өлкөнүн түштүгү. Ошондой эле Бакиевдердин, айрыкча Жаныш Бакиевдин, айтканын айткандай дегенин дегендей аткарып, "бөрк ал десе баш алып жүрчү четирейген бою бар "Альбахарды" эмне үчүн колго түшүрүүдөн коркуп жатышат? Жок дегенде "Камчы кыргыздай", "Бокуштай" кылып кармап кайра чыгарып койсо жарашмак. Кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев Дело№ гезитине берген маегинде "Кыргызстанда уюшкан төрт кылмыш тобу иштеп жатат. Алар Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Алмаз Бокушевдин, Максат Абакировдун топтору" - деп билдирет. Тилек мырза түштүктүн криминалдарын эмне үчүн атай алган эмес? Эмне үчүн? Анткени ал жактын криминалдарын кармоого күчү жетпейт окшобойбу. Ошондой эле учурда "Водолаз" аттуу кличкасы бар Максат Абакиров УККнын СИЗОсунда жаткандыгы тууралуу маалымат түштү. Эмне үчүн Улуттук коопсуздук кызматы анын кармалышынын себептерин ачыкка чыгарбайт?! Ошондой эле Бакиевдин кол балдары болгон криминалдар кармалбастан алардын каршылаштары камакка алынышын кандай түшүнсө болот?! Эмне себептен Бакиевге иштеген бир да криминал алигиче колго түшүрүлө элек? Суроо көп жооп жок!

"Водолаз" кимдин
курмандыгы?!
Максат Абакиров (Водолаз) эң биринчиден бул айтылуу кримавторитет Рысбек Акматбаевдин ишенимдүү жигиттеринин бири. Ал 7-апрелде Бакиевдер жана Бакиевчилер өлкөдөн куулуп, алардын ишенимдүү криминалдары таянаар тоосунан ажырагандан соң атаандашы Камчы Көлбаевден (Камчы кыргыз) өч алуу максатында ага кол салууга аракет жасагандыгы маалым болгон. Натыйжада Камчынын кол астындагы жигиттеринин экөөсү өмүрү менен кош айтышкан. Айрым маалыматтарга караганда, көп өтпөй Максат Абакировго укук коргоо органдары издөө жарыялаган. Бул жерде кимдин буйругу астында болгондугу айтпаса да белгилүүдүр.
Ошентип, эчендеген эр азаматтарыбыздын канына забын болгон Бакиевчил криминалдар кайрадан жаңы бийликтин эбин таап, бейпил жашоо өткөрүүгө бел байлашса, Бакиевдин учурунда куугунтукта жүрүп, криминалдык бийликтин баш кесерлерине каршы болгон Рысбек Акматбаевдин жакын санаалаш достору, ишенимдүү жигиттери темир тор артында отурат. Ал эми буга чейин Рысбек Акматбаевдин бир туугандары, канчалаган жигиттери атылып өлтүрүлдү. Тилекке каршы кылмыш иши ачылып, өлгөндөрдүн сөөгү агарган жок. Баарыдан да Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча жетишээрлик деңгээлде тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмышкер өз жазасын албаганы өкүнүчтүү. Кандай болгон күндө да Рысбек Акматбаев биздин үстүбүздөн үстөмдүк кылып турган башка өлкөлөрдүн криминалдарынын кысымынан коргоп келгенин кантип жашырууга болот. Рыспек кылмышкер деп айтылганы менен аны кыргыз эли кылмышкер катары эмес, КМШ өлкөлөрүнүн криминалдык күчтөрүн багындырган баатыры катары аны туу тутуп сыйлап, даңазалап жүргөндөрү жалган эмес чыгаар. Ал Кыргызстанды гана эмес Орто-Азия кримдүйнөсүн багындырып турганын мойнубузга алышыбыз керек! Болбосо чечен Азиз Батукаев криминалдык күчтөрү менен биздин өлкөнү чырмооктой чырмап алаарынан шек жок эле. Чечендердин аракетин караңыз, алар биздин "темир генерал" атыгып жүргөн адам аркылуу Рысбек Акматбаевдин бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевге кол салганын жокко чыгара албайбыз. Кийинки сандарыбызда "Водолаз" деген ким жана ким болгон? Учурда кайсы күнөөсү үчүн камакта? Бул туурасында кененирээк маалымат беребиз.
(Уландысы бар)

Назгүл МАМЫТОВА