Бүт баарын акча чечет

Шайлоонун булуң-буйткалары
"Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун демократиялуулугу, айкындуулугу жана идеалдуу өткөнү, жумшак айтканда, ашкере апыртылып кеткен кеп. Себеп дегенде кампаниянын жүрүшүнүн башынан аягына чейин шайлоочуларды сатып алуу, элди сыйлап тамак-ашка тойгузуп, ичимдиктерге сугаруу менен үгүттөө иштерин жүргүзгөн тойлор уюштурулганы жашыруун эмес"-- деп билдирди Эл аралык саясый экспертиза иниститутунун директору Евгений Минченко. Ырас эле шайлоонун кынтыксыз өткөнүнө чоң күмөн-күдүктүк туулат. Бийлик шайлоонун демократиялык сырткы процедураларынын, сырткы стандарттарынын сакталышына өзгөчө чоң маани берип, шайлоого катышып жаткан партиялардын мыйзамсыз иштерине көз жумду мамиле кылып таштаганын баамдоого болот. Бийлик мурда массалык түрдө пайдаланылып келген административдик ресурстарды колдонуу, мамлекеттик органдардын БШКнын ишине кийгилишүү адатын ооздуктап чек койгонго жетише алды, бирок ошол эле учурда партиялардын добуштарды акчага сатып алуусуна, "карусель" ыкмаларын кеңири колдонуу сыяктанган мыйзамсыз иштерине эркиндик берип , "башың баш..." деп таштап койгонун моюнга алышы керек. Шайлоо кампаниясында добуштарды сатып алуу технологиясына чек коюлуп, кой ай деген учурлар кезиккен жок. Ноктосу жок калган партиялар каалашынча тайраңдашты. Өздөрүн өзү билип өтүктөрүн төргө илүү кадыресе көрүнүшкө айланып кетпедиби. Акча дегениң армансыз эле чачылды, суудай акты. "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин "Азаттык" радиосундагы интервьюсунда келтирген эсеби боюнча шайлоого катышкан 29 партиянын ичинен "алдыңкы" он партиясы эле 70 миллион долларга чейин каражат чачыптыр. Добуш сатып алууга он партиянын ар бири 20 миллион сомдон каражат жумшашты, баш аягы болуп 1 миллиард сомдук эбегейсиз көп акча шайлоого деп ушатылып кетти дейт Ө.Текебаев. Таң калычтуусу, Ө.Текебаевдин айтымында партиялардын шайлоочулардын добушун гана сатып албастан атаандаш партиялардын штаб жетекчилери, байкоочуларды, үгүтчүлөрдү сатып алышып "өз карачечекей" саясый уюмдарга каршы иштегенинин бети ачылганы турат. Ал эми бул болсо мурда-кийин жолукпаган, ишке салынып колдонулбаган балит шайлоо технологиясы, шайлоодогу ноу-хау же шпионаждын жаңы түрү экенин моюнга алууга туура келет.
Ошентип, айрым эксперттердин шайлоонун тагдырын акча чечип кеткени жөнүндө айткандарында акыйкаттын үлүшү кыйла чоң. Шылуун партиялар шайлоочулардын добушун сатып алып жатканда элдин муңкураган жакыр абалын, 20 жыл бою фальсификацияланып өткөрүлгөн шайлоолорду башынан кечирип ишениминин кеткенин, добушун сатуу кадыресе көнүмүшкө айланганын, деги эндекей кыргыз элинин эртеңкисин ойлоп, камырабаган психологиялык абалын өз пайдасына ылайык эптүү пайдаланып кеткенин белгилөө лазым.
Тилекке каршы, "демократиялык" Борбордук шайлоо комиссиясы кечиримсиз бошоңдукту көргөздү. Пайдасынан зыяны көп либерализмге жол берип жибергени байкалды. Шайлоого катышууга арыз берген саясый партиялардын тизмесин чыпкадан өткөрүп текшерүүдө көз жумду мамиле жасаганы канчага тете дейсиз. Көп партиялардын, айрыкча "Ата-Журттун" тизмесине бийликтин чөнтөк" партиясы "Ак Жолдон" келип киргендер, К.Бакиевдин номенклатурасынын алдым-жуттум чиновниктери, финансылык аферисттер, атүгүл, криминалдык элементтер бар экенин микроскобу жок эле көрсө болор эле. БШК аларды шайлоо кодексинин талабына ылайык дыкат териштирип отурбай күч органдарынын маалыматтарына шылтап койгону, шойкомдуу тизмелердин шайлоого катышын шарттаганы анык. БШКнын либерализминин натыйжасы өкүнүчтүү болуп чыкты, баягы эле сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн одиоздуу фигуралар, алдым-жуттум чиновниктер, криминалдык шектүү кишилер депутаттык мандатка ээ болуп, элдин кызыкчылыгын жеке өздөрүнүн керт башынын пайдасы үчүн "коргогонго" камынып жатышпайбы. "Бакиевчилердин" партиясынын тизмесине толуп алган одиоздуу саясатчылар боюнча коомчулуктун нааразычылыгы чыккандан кийин, "Ата-Журт" партиясы шектүү депутаттардан тазалана баштаган фактысы партия башынан эле мандемдүү принциптер менен түзүлгөнүнөн кабар берет. БШКнын, мындан сырткары, жогорку профессионалдыгы менен айырмаланбастыгы ачыкка чыкты. Саясый партиялардын коомдук кыймылдардын шайлоонун добуштарын кайра санап чыгуу талабы күчөгөндүгү, кайдан жайдан экени белгисиз 200 миң кошумча шайлоочунун пайда болушу БШК өз ишине ээлик кыла албай шашкалактап калганынын далили.
Баарынан таң калычтуусу, К.Бакиевдин чиновниктеринин партиясы "Ата-Журттун" шайлоодо биринчи орунду ээлеп жеңип чыгышы болду. Бакиевчил партиядан мындай "ийгиликти" эч ким күткөн эмес. Шайлоонун алдындагы социологиялык сурамжылардын көбү "Ата Мекен" партиясынын атаандаштарын алыска калтырып,жеңип чыгары боюнча оң прогноз беришкен болчу. Иш жүзүндө социологдордун айтканындай болбой "Ата Мекен" утуп чыккан беш партиянын акыркысы болуп эптеп марага илинди. Жеңиш чөнтөктө деп турган "Ата Мекенге" бул жаңылык катуу сокку болгону анык. "Ата-журттун" биринчи орунду "Ата Мекендин" көчтүн акырына эптеп илингени башка союл менен керилип тартып жибергендей таасир калтырды шекилдүү. Бир жагынан "Ата Мекен" өзүнөн көрсүн, ашкере нацизмге алдырып жиберүүнүн аягы өкүнүчтүү бүтөөрү башынан белгилүү эмеспи. "Ата-Журттун" "салтанаттуу жүрүшүн" "Ата Мекен" гана эмес башка саясый күчтөр, активдүү укукка ээ шайлоочулардын өздөрү деле күткөн эмес, үч уктаса түшкө кирбей тургандай окуя болчу.
Айтпаса жалганбы, авторитардык хандык бийлигин сактап калуу үчүн борбордук аянтта ок жаадырып 87 гүлдөй жигиттердин канына забын болгон, элди итке минген абалга жеткирген криминалдык үй-бүлөнүн башында турган К.Бакиевди кайра алып келип такка отургузабыз деген стратегиялык жол башчы К.Ташиевдин "Ата-Журт" партиясынын шайлоодо жеңип чыгышынын өзү эле-абсурд. Акылга сыйбаган жорук. Кай бир эксперттер шайлоонун таза өткөнү жөнүндөгү жомокко таянышып "Ата-Журтту" эл тандады, эл үй-бүлөлүк кландык башкарууну парламенттик демократия менен алмаштыруу идеясынын ордуна бийликтин авторитардык вертикалын артык көрдү деген ойлорду таңуулап жатышат. "Ата-Журттун" жеңишин демократиялык шайлоонун көрсөткүчү дегендер да пайда болду. Асыресе, аларга кошулууга эч болбойт. Шайлоочулардын июнь айынын аягында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумда парламенттик демократия үчүн 90%тен ашык добуш беришип 3-4 ай өтүп өтпөй жатып көз караштарын, ишенимдерин чагылгандай тез өзгөртүп президенттик авторитардык бийликти калыбына келтирүү урааны менен чыккан "Ата-Журт" менен "Ар-Намысты" колдоп чыгышы, жумшак айтканда чоң ишеним туудуруп жибербесин моюнга алуу зарыл. Мунун өзү акылга сыйбаган жорук. Бул жерде кантсе да кийинчерээк көп айтыла баштаган шайлоонун балит технологиясын пайдалануу-добуштарды сатып алуу, карусель системасы, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо сыяктууу ыкмалар чечүүчү роль ойноп "Ата-Журт" партиясына "ийгилик алып келгенин" көрүү кыйын эместир.
Шайлоонун ашкере "таза" болуп кетпегенине дагы бир мисал. Оппозициялык үч партия-"Ата-Журт" , "Ар-Намыс" жана "Бүтүн Кыргызстан" чет элдик олигархтардын финансылык спонсорлугу менен шайлоо кампаниясын өткөргөнүн (Кыргызстандын граждандары болбосо алардын шайлоону каржылоосуна тыюу салынганы белгилүү), атап айтканда казакстандык миллионер А.Машкевичтен үч партия чоң акча алганы боюнча "Республика" информациялык-аналитикалык порталында пайда болгон маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып койгонун белгилөө керек. Чынында эле олуттуу кабар. Эгер "Республика" порталындагы келтирилген факты аныктала турган болсо президенттик-авторитардык бийликти төбөсүнө көтөргөн партиялардын капилет "ийгилигинин" дагы бир сырынын көшөгөсү ачыла тургандай түрү бар. Эгер сырттан берилген каражат менен шайлоо кампаниясын өткөргөнү далилденсе анда "Ата-журт", "Ар-Намыс" жана "Бүтүн Кыргызстан" партияларына берилген добуштар жокко чыгарылышы турулуу иш.
Үсөн Касыбеков