Үйүң кайда үлүл

Каттоо
институту
артыкбашпы?

Кыргызстанда тышкы гана эмес, ички миграция да абдан жогору. Өлкөдө Таласта, Ат-Башыда, Алайда же Лейлекте негизги каттоодо туруп, бирок он жылдап Чүй боорунда жашап жүргөн кыргызстандыктар жүз миңдеп саналат. Алардын баарында Бишкекте каттоого турууга шарт, жагдайлары жок. Бул деген, демек алар өздөрүрүнүн жарандык жана Конституциялык укуктарынан толук пайдалана албайт дегенди түшүндүрөт. Муну кечээ эле өткөн парламенттик шайлоодо өз көзүбүз менен көрдүк.

Жарандардын эң чоң укугу шайлоо укугу. Бул өз келечегин тандоо, мамлекеттин алган багытына өз көз карашын билдирүү жана таасир этүүдөгү жарандардын жападан-жалгыз мүмкүнчүлүгү. Бирок, учурдагы мыйзамдар Кыргызстанда жашаган бардык элдерге эле ал кайталангыс укугунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере бербейт.
А чынында, адамдын кай жерде жашоону тандоосу, адам баласынын табийгый эркиндиктеринде гана эмес, эл аралык мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында да каралган. Жарандардын өлкөнүн ичинде тоскоолдуксуз каалаган жеринде жашоосу жеке жана мамлекеттик кызматтарды тоскоолдуксуз, куру убакыт коротпостон алуусуна шарт түзөт, ошондой эле жарандардын баары мыйзам алдында бирдей экендигин көрсөтөт.
Каттоо режими биздин өлкөгө совет доорунан мураска калган, тагыраак айтканда 1932-жылы киргизилген боюнча бүгүнкү күнгө чейин жашап келет. Ал кезде каттоо институтунун пайда болушунун негизги максаты адамдардын кайда жана эмне кылып жүргөндүгүн билүү үчүн тоталитардык режимдин ойлоп тапкан олжосу болчу. Ошону менен алар өлкөдө жашаган бардык жарандардын үстүнөн кошумча көзөмөл жүргүзүп турушкан. Андыктан, бүгүн анын актуалдуулугу такыр жоголгон десек жаңылышпайбыз. Анын үстүнө, Кыргызстан чакан өлкө жана калкынын саны болгону 5,5 млн экендигин да эске алсак, бул жарандарыбыз кыйнаган артыкбаш нерсе.
Мыйзам боюнча жашаган, жайын которгон жаран 10 күндөн кечикпестен, жаңы келген жайына каттоого турушу керек. Муну менен ал:
- паспорт же жарандыгын аныктаган башка документти;
- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын төрагасынын көрсөтүлгөн үйдө жана көчөдө жашагандыгын аныктаган кагазын;
- аскер комиссариатынан мурдагы жашаган жеринен каттоодон чыккандыгын аныктаган аскердик күбөлүгү жана башка бир топ кагаз-документтерин көрсөтүүгө милдеткер.
Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген жарандар, кийин бир топ тоскоолдуктарга тушугаары белгилүү. Мындан мамлекетке да, жеке жарандарга да бир топ зыяндар келет. Алардын айрымдары:
1. Бюджетке оорчулук. Каттоо системасын ишке ашырып, аны мыйзам талаптарына ылайыкташ үчүн мамлекеттин эсебинен бир топ каражат жумшалат. Мунун ичинде кызматкерлерге төлөнгөн каражаттар да эске салынат. Мындан тышкары, каттоосу жок жарандарга "нелегал" деп укук коргоо органдарынын жүргүзгөн атайын операциялары үчүн да бир топ каражат короору айтпаса да түшүнүктүү.
2. Жеке милдеттүү жоготуулар. Жашаган жайын которууну каалаган адамдын чыгашасы да бир топко барат. Бир кагазды же документти бүткөрүш үчүн эле мурдагы жашаган жерине барууга туура келет. Маселен, ал Лейлекте жашаса, барып келген жол киреси үчүн эле 3000 сом коротууга тура келет. Жаңы жашаган жериндеги квартиранын ээсинен (эгер квартирант болсо) же үй комитетинен да кагаз алууга да аргасыз. Анын баары, оңой олтоң эле бүтө койчу иш эмес.
3. Ишкерчилик кылууга да толгон токой тоскоолдуктар бар. Фирма же уюм ачышың керек болсо, анын каттала турган жайы да көп маселелерди жаратат.
Булар негизгилер гана, мындан бөлөк да тоскоолдуктар жана зыяндар тууралуу сөз кылса болор эле.
Каттоо системасы эскирмек тургай, көп өлкөлөрдө эбак эле колдонуудан чыккан, албетте, мурдагы айрым коммунисттик өлкөлөрдөн башка. Англия, Франция, Германия, Италия, АКШ жана Бразилияда каттоо институту жок. Орусия менен Кытайда да аны жоюу жөнүндө көп сөздөр айтылууда. Грузия, Латвия жана Эстонияда орун которуунун моралдык жана экономикалык эркиндигинин пайдасын түшүнүшүп, эбак эле жокко чыгарышкан.
Ал эми Кыргызстандагы кечээ болгон парламенттик шайлоодо жүз миңдеген адамдар добуш бере алышкан жок. Алар жөнөкөй жарандык укуктарынан пайдалана алышкан жок. Кыскасы, өлкөнүн келечегине таасир этүү укугунан сыртта калышты.

Даярдаган
Заирбек БАКТЫБАЕВ





Кыргыз Республикасынын
Президенти



Р.И. Отунбаевага
КРнын Убактылуу Өкмөтүнө
КРнын Башкы Прокуроруна
КРнын Жогорку Сотуна

ТАЛМУД: "Жакшылык жакшылыкты, сот сотту ээрчитип келип…"


Сиздерге арыз жазууга себеп төмөндөгүчө:
2009-жылы Ленин көчөсүндөгү № 69- үйдүн 1-кабатынан шаардын судьясы Исакова Жамал квартира сатып алып, аны уулу Ш. Нурмухамедовго каттатты. Өздөрү Песчанная көчөсүндөгү үйүндө жашап, бул квартирада турбайт деле.
Ишин иш билгилиги менен айкалыштырган судья айым ошол 2009-жылдын жарымында № 69-үйдүн жанынан жер участогун сатып алды да, базар курдура баштады. Бирок, чатакка себеп болгон булардын базар салып жаткан жеринин карама каршысында мага (Абдыбеков Кылычка) тиешелүү жерде чарбалык курулушубуз бар жана ал "Барс" кафесине чейин улай курулган. Бул кичине курулуш мыйзамдуу түрдө салынган жана жерге уруксатты 1996-жылы ошол кездеги шаардын администрация башчысы Кутманова З.К. № 47 токтомдун негизинде берген.
Бирок, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган Ж. Исакова мыйзамды жана адамдык, атуулдук укуктарды тебелеп-тепсеп көп кабаттуу үйлөр алдындагы курулуштар менен аянттарды өкүмзордукка салып мыйзамсыз эле өзүнө ыйгарып тартып алууда.
Эл агартуу тармагында 38 жыл иштеп "отличник" наамына ээ болуп, өзүмдүн пешене терим менен кичине чарбалык курулушума ээ боло албай кордук көрүп жатсам, деги кандай өлкөдө жашап жана эмгек сиңирдим деген көңүлүмдү сыздаткан ой басынтат.
Албетте, мындай теңсиз жорукту, коркутуп-үркүтүүнү баштан кечирген мен жана менин үй-бүлөм, балдарым, өзгөчө өмүрлүк жарым Абдыбекова Тамаранын моралдык жактан тарткан азабы өтө чоң…
Айрыкча, Исакова Жамалдын күйөөсү Иксанов Махмуддун көчөдөгү элдин көзүнчө мени жана үй-бүлөмдү күч менен эле жоготом деп коркутуп, башка коңшуларды да "башка жактан келгендер, мен силерди каалаган күнү шаардан кууп чыгам, анткени мен жергиликтүүмүн" деп оозунан ак ит кирип, көк ит чыкканын коңшубуз, № 4 мектептин мугалими Касьяненко Раиса Григорьевна менен анын уулу Касьяненко Сергей угуп турушту.

УРМАТТУУ РОЗА ИСАКОВНА!
Сиздер Жамал Исакова сыяктуу судьяларды дайындаганда мыйзамдуулукту сактап, элге кызмат кыл деп адам тагдырын чече турган жооптуу кызматка коёсуздарбы, же күйөөсү Махмуд сыяктууларга алы жеткенинин жерин, же баалуу буюмун тартып алса, кааласа адам өмүрүнө коркунуч келтирсе, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип жүрүүгө шарт түзүү үчүн дайындайсызбы?
Жок, мындай сапат сизде жана сиздин командаңызда жок экенине бөркүмдөй ишенем!
Сиздер биздин өлкөгө жарык алып келүү үчүн күрөшкөнсүздөр. Чыгыш акылмандары жарыктан жарык гана түшөт деп айтышкан.
Кыргызстанда Адилеттик менен Чындыкка гана орун бар! Бул кыргызстандыктарын баарына сабак болууга тийиш! Бул жөнөкөй Адам менен орган кызматындагы адамдын ортосундагы укуктук талашын албетте, сот карап, сот адилеттикти орнотот эмеспи…
10.06. 2010- жылы Ноокен райондук соту тарабынан каралып, судья А.Эгембердиева бул талашты мени сот процессине катыштырбай туруп эле карап… "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей чечим чыгарып койгон. Жөнөкөй адам акча бербесе, Кыргызстанда сотто утпайт деген аксиома бар экенин далилдеди.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясын, шаардык Кеңешин, шаардын коомчулугун Ж. Исакова кенебейт жана тескерисинче анын суроо - талабын мэриянын муниципалдык башкармачылыгынын кызматкери Т.Гребченко жана Мамкаттоонун жетекчиси А.Кайипов кыйшаюусуз аткарып жатканы бул кызматтардын өзүндө жемей-ичмей көбөйүп, квартиралар, жер участкалары жең ичинен тартууланып, материалдык чыгым өсүп, граждандардын укугун бузуу шаар боюнча өсүп жаткандыктан, республикалык деңгээлдеги компетенттүү комиссия түзүлүп, жогорку кызматтардагы кемчиликтерди тазалоо иштерин жүргүзүп берүүсүн өтө суранар элем.
Бүгүнкү күндө Ж.Исакова Ош шаарында судья.
Бирок, үйрөнгөн адат калмак беле… Жамал Исакова судья болуп турганда күйөөсү Махмуд Иксанов бей-бечаралардын үстүнөн өкүмдүк кылып, каалаган нерсесин тартып алып турат жана ага А. Эгембердиевага окшогон судьялар демөөрчү.
Бул жөнөкөй граждандардын укугун басынтып кордоо жана Кыргыз Республикасынын судьялары тарабынан Конституциянын аткарылбай бузулуп жатканы!
Бүгүн мага жана менин үй -бүлөмө өз мүлкүмдү талашканым үчүн жогорку судьялар жана Иксанов Махмуд тарабынан түздөн - түз коркутуу, кекетүү болуп жатат. Кайсы күнү беймаал чакырылган азан алдында кандай өкүм чыгарышарын билбейм, бирок, менин үй-бүлөм үчүн келтирилген материалдык чыгымга 20 000 сом , ал эми моралдык чыгым үчүн 50 000 сом судья Ж. Исакованын тобунан өндүрүп беришиңиздерди талап кылам.
Урматтуу, Роза Исаковна! Сизден жана КРнын Жогорку сотунан, КРнын Башкы Прокуратурасынан, КРнын өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө карата укукту каттоо боюнча Мамлекеттик агенттигинен, КРнын муниципалдык менчик Башкармасынан менин жазган арызым боюнча көзөмөл жүргүзүп, натыйжа чыгарып беришиңиздерди чын дилимден суранам!
Жалал-Абад областындагы Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларынын атынан Ленин көчөсү № 69 үйдүн жашоочусу, балдар үйүнүн директору,

КРнын эл агартуусунун
отличниги - Кылыч
Абдыбеков