Эх, кыргызым…

Акчага азгырылып,
"арамдарга" алдандыкпы?

Жыйырма жылдык баш оорудан, талап-тоноочулуктан эми биротоло кутулдук деген ишенимге ынанып, өнүгүүнүн жаңы жолуна түшөбүз деген чоң үмүттө турган кыргыз коомчулугунун тилеги октябрдагы шайлоодо таш капты. Далай кандаштарыбызды майып кылып, кырчындай жигиттердин чымындай жанын чыркыраткан Бакиевдин куйруктарынын кайрадан бийликке келиши элди дендароо кылып койду. Кан жуткан караламан бүгүнкүгө чейин өзүнө келалбай, бүдөмүк тарткан келечектен бүшүркөп отурган кербези.

Бийлик тарабынан шайлоо таза өткөрүлдү. Аламанга аттанган партиялардын бардыгына бирдей шарт түзүп, үгүт иштерине тоскоолдук кылышпады. Административдик ресурс колдонулган жок. Бийликке келгендер таза шайлоонун арыгын чаап, баарына калыс болуунун өрнөгүн көрсөтө алышты. Тилекке каршы, булганган коомдо, шак эле таза нерсени баштап жиберүү кыйын экендиги ачык болду. Анүстүнө бузулган саясатчылар таза кадамдарды жасабастыгын шайлоонун жүрүшү даана тастыктай алды. Эки бийликте ээн эркин тайраңдагандар эски адатка салып, добуштарды сатып алуу оюнун ой-да көркүнө чыгарышып, балит технологиянын арты менен "бакиевчилер" ар кайсы партиялардын тизмеси менен балпайып төрдөн орун алышты. Бул түшүнүгү өйдөрөөк көтөрүлүп, өлкө үчүн өлгөн жигиттерге боор тарткан жарандарга катуу тийди. Энергетика тармагын сатып, электр энергиясына болгон төлөмдү көтөрүп, ТЭЦти сатыкка коюп, жылуулукка болгон бааны асмандатып, уюлдук түйүндөрдөн акча өөнөй баштаган Бакиевдерди алыска айдап, колдоочуларын чээнге киргизген апрель каармандарынын жакындары шайлоонун таза өткөнүнө макул болбой, удаалай митинг өткөрүшүүдө. Баласынан, инисинен, жолдошунан айрылгандар ыплас шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп жатышат. Булардыкы абдан туура. Анткени, жүздөгөн адамдарды майып кылып, ондогон жигиттердин өлүмүнө түз жана кыйыр себепкер болгон адамдардын бийлик башына келүүгө моралдык укугу жок болчу.
Ошол эле маалда БШКда кайра саноо иштери башталып, шайлоонун таза өтпөгөндүгү туурасындагы сөздөр көбөйө баштады. Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын жетекчилери алдын ала сатылып алынгандыгы, ал эми партиялардын жер жердеги байкоочулары жергиликтүү кримтоптор тарабынан коркутулуп же кара курсактын айынан акчага азгырылганы, айрыкча Түштүк тарапта мындай өкүмзордук көп болгону айтылууда. Ошондой эле регионализм жана жердешчиликтин ролу көтөрүлүп, мамлекеттен тонолгон милиондордун суудай акканы элдик лидерлерди тепсендиде калтырып, өлкөнүн келечегин бүдөмүктөтүп койду. Кырдаалдын мындай бурулушуна аң-сезими жогору турган кыргыздардын аздыгы жана жакыр жашагандардын көптүгү себепкер болгону таасын байкалууда. Ал эми Кыргызстанда жашаган бөтөн улуттар тууралуу сөз айтууга да болбой калды. Өлкөнү сактоо маселесинде митинг-пикеттерде бири да көрүнбөй, май-талкан учурда бардыгы чыга калышканы кыргызмын дегендердин жүрөгүнө тикен болуп сайыла баштады. Шайлоодо улуттук азчылын өкүлдөрү кыргызга кыпындай жакшылык жасабаган адамды колдогону эле эмнени айтып турат. Мунун аягы эч качан жакшылыкка алып барбастыгын бөркүңүздөй көрсөңүз болот, урматтуу мекендештер.
Ал эми эгеменбиз дегенибиз менен өз тагдырыбызды өзүбүз чече албай тургандай деңгээлге жеттик. Буга эң алды кыргыздын кыйынчыкма уулдары анан кыргыз эли өзү күнөөлүү. Дегеним, шайлоо алдында сырткы өлкөлөргө чуркагандар, эми мамлекеттин кызыкчылыгын ошол өлкөлөрдүн шилтемеси менен калчаганы туру. Добуш берген караламанды заматта унутта калтырып, бийликке жеткен эргулдар колдоочуларына чуркай баштаганы өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирээрине шек санабай деле койсо болчудай. Акылга салбай жердешчилик, акча үчүн алданып, мамлекеттин келечегин ушундай адамдардын колуна карматкан караламанга да кечирим жоктур. Эртеңки кыйын күндөрдө кайгырган бизге жарашпай калды. "Эшегине жараша тушагы" деген кеп бекеринен айтылбаганын жыйырма жылдык тарых бир далилдесе, кечээги шайлоо экинчи жолу далилдеп берди. Көрсө күнөөнүн баары өзүбүздө экен. Демократия, эркиндик деген аң-сезимге азганаттай гана адамдарыбыз жетпесе, калдайган аймак кулчулуктан өйдө көтөрүлө албаптыр. Арабызда мамлекетибиздин, бала-чакасынын келечегин ойлобостон, кара курсактын кампайганына сүйүнгөндөр өтө көп турбайбы. Өлүп кетпейсиңби деп кол шилтейин десең, көңүлдөгү бир нерсени кетирүүгө болбойт. Апрель окуясында өмүрүн кыйган кыргыз жигиттеринин өлүмү кайда калат? Эгер мамлекет үчүн шейит кеткен жигиттер ушундай деңгээлибизди, турпатыбызды көргөндө өз жандарын кыйбай, аман калбайт беле…
Элдин көңүлү дурус эмес, кырдаал оорлоп барат. Маселен, Акаевдин бийлигине он жылдан кийин нааразылык башталса, Бакиевге бир жылдан соң иренжүү күч алган. Азыр шайлоо өтүп, бийлик курала электе эле ичи чыкпагандардын калың катмары пайда болду. Кыргыздын нааразылыгын өлүм да токтото албастыгын кыргыз жетекчилери турсун дүйнө эли да тана албай калды. Бакиевчилерге каршы башын канжыгага байлагандардын саны санаксыз өскөнүн баамдап турубуз. Эгер Ө.Бабанов өз элинин кызыкчылыгын ойлоп, эл колдоосундагы партияларга бириксе элдин деми бир аз басаңдашы мүмкүн. Болбосо жердешчилик, уруучулдук саясаттын негизинде парламентке чогулган бакиевчилерди түп тамыры менен жоготмоюн, элдин көксөөсү суубастыгы даана байкала баштады. Аларды тазалоо үчүн алдыда чоң митингдер турат. Чет өлкөгө чуркаган "акылсыз" саясатчылардын, алысты аңдай албаган кадамдарынан бөөдө кыргыздын каны төгүлүп кетпегей эле. Кудайым ушундан сактасын.

Зулпукаар САПАНОВ




  Зар заман

Бакиевчилердин келишине жол жок!
18-октябрда Ак үйдүн алдында апрель окуясында жакындарынан ажыраган "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" жана "7-апрель" кыймылдары Бакиевдин тушунда иштеген адамдардын парламентке келишине каршы экендиктерин билдирип, нааразылык иш-чарасына чыгышты.
Бул иш-чара алгач, Жогорку Кеңештин алдында уюштурулуп жаткан, кийинчерээк 7-апрелде кан төгүү болгон Акүйдүн алдында өттү. Буларга жер-жерлерден да адамдар келип кошулары кабарланган.

Турусбек Сагынаев, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасынын орун басары:

"Түлеевдин парламентке келишине каршыбыз"
- Ушул жерде балам Сагынаев Айтбек Турусбекович курман болгон. 28 жашында курман болуп, бир баласы жетим калса, дагы бир баласы келиндин боюнда калды. Бүгүнкү иш-чаранын максаты Апрель революциясынын максаттарын аягына чыгаруу. Негизинен беш талапты коюп жатабыз. 1. Апрель революциясына катышкан баатырларды ардактап-даңктап, башкаларга үлгү көрсөтүп, элди патриоттуулукка тарбиялоо. 2. Ал балдардын атын түбөлүккө калтыруу. Шаарларга, айылдарга, мектептерге жана көчөлөргө баатырларыбыздын ысымдарын коюу. 3. Балдарга жана элге каршы ок аткандарды соттоп, жазага тартуу. 4.Балдар тилек кылган таза келечектүү коомду куруу. 5. Бүгүнкү шайлоону жокко чыгаруу. Эгер ал аткарылбаса, мөөнөтсүз пикеттерге чыга беребиз.
Балдарга ок аткандар, аларга жардам берип, көмөк көрсөткөндөр ушул жерде депутат болуп жүрүшөт. Ошол кезде шаардын мэри болуп турган Нариман Түлеев 7-апрелде Бишкекти апаатка калтырып, качып кеткен. Бул деген душманга элди таштап, качып кеткен менен барабар. Ар бир үйдү атасы коргогондой, Түлеев шаарды коргош керек болучу. Кыйын күндө ата да, ага да боло алган жок. Тескерисинче юбкага кире качкан аял болуп калды. Эми ошол кишинин кайра депутат болмокчумун дегенине биз каршыбыз.

Алмазбек Жазыбаев:

"Мурунку бийликтин кайрадан келишине макул эмеспиз"
- "Мекен шейиттеринин" чыкканын көрүп, аларга бир топ жаштар колдоо көрсөткөнү келдик. Анткени, биз дагы 7-апрелде ушул аянтка чыгып, мурунку бийликке каршы турганбыз. Бакиевдин бийлиги элди кыйнап, эзип, кандай жол менен тоногонун көрүп, алар менен макул эместигибизди билдирип, күрөшүүгө мажбур болгонбуз. Ушул жерде көптөгөн досторубуздун каны төгүлгөн. Далай жигиттер жарадар да болгонбуз. Анын баарын биз жаңы келечек үчүн жасаганбыз. Ал мүмкүнчүлүктү ишке ашырууга биз ишенип, Убактылуу өкмөткө бергенбиз. Себеби, булар бардык бийликти тазалап беребиз, мурдагы ичкен-жегендердин баарын кустурабыз деп убада берген. Бирок, анын баары ишке ашкан жок.
Шайлоонун жыйынтыгы кандай болгондугун аябай көз салып, байкап турдук. Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигибизди билдирип, мына чыгып жатабыз. Анткени, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндө бийлик алмашкан эмес. Алар парламенттик шайлоону кайсы бир партиялардын кызыкчылыгы үчүн жасап берди деп эсептеп жатабыз. Көптөгөн мыйзам бузууларды көрдүк. Мурдагы эле өздөрүнүн тарапташтарына махинацияларды жасап беришти. Алар жаңы бийликтен коркушту, себеби өздөрүнүн да көптөгөн кылмыштуу иштери ачылып калышынан чочулашты. Мындан тышкары, добуш сатып алуулар да көп болду. Бул шайлоонун жыйынтыгы элдин чыныгы эркин билдирген жок. Бийлик алардын баарын көзөмөлдөп, мыйзам бузган адамдарды кайсы партиядан экендигин аныктап, жоопко тартышы керек болчу. Аны бийлик кыла алган жок, кайра өзүңөр шайлабадыңарбы деп элге шылтап жатышат. Мурунку бийликтин кайрадан келишине макул эмеспиз. Тизмени карасак,70-80- пайызы бакиевдин учурунда иштегендер.

Заирбек
БАКТЫБАЕВ