атамды кимдер өлтүрүштү?..
Мен, Нурмамат кызы Дилде, Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы Апсамат Тажибаев атындагы орто мектептин 11-классында окуйм, 9-классты кызыл күбөлүк менен бүтүргөм. Ыр жазууну 7-класстан баштагам. Эң алгачкы ырларымдын бири атам Нурмаматка арналган.
.... Тилеп өмүр тазасын,
тилеп аппак батасын,
тийип турган Күн болуп,
атам көпкө жашасын!
Чакан ырдагы ушул саптарды окуп бергенимде - "Тилегиңден айланайын кызым, талантыңды өркүндөтө бер, сенин келечегиң алдыда,"-деп абдан кубанган эле. Ал мен окуган мектепте чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп иштечү. Биз үч бир тууганбыз. Агам Нурлан, мен анан Динара деген сиңдим бар. Апам Калбү айылдык оорукананы башкарат. Биздин үй-бүлө бүтүн кезинде телегейим тегиз эле. Анан эле өзбек менен кыргыздын ортосуна бүлүк түшкөн 11-июнь күнү теңирден тетири алаамат болуп, бардык жакшы тилегимдин, үмүтүмдүн ойрону чыкты.
Атам Жээналиев Нурмамат Касымбекович ошол күнү өзүнүн "жигули" автомашинасын айдап, мектептин ремонтуна керектүү нерселерди алып келем деп эртелеп Жалал-Абадга базарга кеткен. Ал күнү ушундай балакет болоорун ким ойлоптур. Мурунку күнү да барып, ишим бүтпөй калды деп келген эле. биз ошол 11-июнь күнү кечке атамды күттүк. Шаарда тополоң болуп жатат деген кабарды угуп, түштөн кийин менин тынчым кете баштады. Апам менден өтүп кыжаалат болуп, телефон чалып, атамдын соткасы жооп бербегенине тынчы кетип, чыдабай жакын абаларымдыкына да эки-үч ирет барып келди. Эч кабар болбогондуктан үйгө кирбей, атамды күтүп сыртта жүрдүк. Түн кирип калганда маңдайкы кош чырагы балбылдаган машийне биздин короону көздөп кирип келди. Ал кадимки эски маркадагы "Тез жардам" машинеси эле. Апам айылдык ооруканада иштегендиктен биз аны жазбай таанычубуз. Апама келген окшойт деп ойлодук адегенде. Анан эле машиненин артынан замбилге салынган кишинин денесин сууруп чыгып, биздин үйдү көздөй алып жөнөштү. Ал менин атамдын денеси экен. Өкүрүк, ызы-чуу аралаш апамдын боздогон ыйы биздин короонун кыйсыпырын чыгарды. Ошондо мен атамдан айрылганымды сездим. Кадимдегиден башкача кейипте жаагынан сызылган кан моюн ылдый кара кочкул болуп катып, бир нерсеге абдан кыжаалат болгондой атамдын ошондогу кебетеси көз алдымда азыр да турат. Ал менин элесимен эч убакта өчпөйт. Кайран атам! Аны сырттан келген душмандар эмес, биз менен бирге жашаган өзбектер атып өлтүргөнүнө зээним кейийт. Жалал-Абаддын базарында, соода түйүндөрүндө эмес, бардык жерде мен аларды көрчүмүн, биз менен бирге жашаган калк деп сыйлачумун. Ал гана эмес;
... Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
Чай ичиң деп турушат,
Чаар допу досторуң..." - деген улуу акын Байдылда агайдын ырын эстеп, адими сыйым андан да ашып кетчү. Эми эмне болду? Ошол чаар допу кийген агайындар бир эле уяда жашап жатып өз бир тууганын майып кылганы кимге жагат? Атам байкуш базардан чыгып келатканда ок башына тийген экен. Жезиттин огунан эмес, коюндаш жашаган жексурлардын огунан каза болгон атам үчүн мен аларды кечирбейм! Элди башкарган бийлик эмнени ойлойт? Алар деги кайда жүрүшөт? Бардыгын кыйратабыз деген өкмөт кайда? Мен арызымды кимге айта алам? Ушул ойлор жүрөгүмдү сыздатып, жүдөтүп барат.
Деги качан оңолобуз, кагылайын кыргыздар?.. Атам жөнүндө жазылчу арылбас арман али алдыда...
Дилде Нурмамат кызы,
Сузак району, Жыгач-Коргон айылы
А.Тажибаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу




  Билим уясында чыр…

Улуттук университеттеги адилетсиздик
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети кабыл алуу окуу-методикалык, кадрдык проблемаларга белчесинен батып отурат. Акыркы окуу жылда студенттердин саны азайып, кабыл алуу маселесин деканат үстүрт карагандыктан окуу группалары кескин кыскарган. Мунун жалпы саны 125 студентти түзөт. Окуу группаларынын кыскарышы лекция, семинар, практикалык сааттардын азайышына алып келди. Сааттардын азайышынын жыйынтыгы өзүнөн-өзү окутуучу-профессорлордун курамынын кыскарышына алып келери айтпаса да түшүнүктүүдүр. Ушул абалга жана башка проблемаларга тынчсызданган факультеттин эмгек жамааты ректордун милдетин аткаруучу, профессор А.Акуновго аргасыздан кайрылуу жасап отурат. Факультеттин деканы кайрылуу жөнүндө угар менен анда көтөрүлгөн проблемалардын үстүнөн ойлонуп, кетирген каталарын оңдоонун ордуна кайрылууга кол койгондордун айрымдарын опузалоого киришкени өтө өкүнүчтүү. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары С.Исаева эч кандай этикетти карманбай түнкү саат он эки, бирге чейин окутуучулардын мазасын алып, үйлөрүнө телефон чалса, менеджер Н.Тыныстанова деканатка айрым окутуучуларды чакыртып алып суракка алганы эч кандай эрежеге да, мыйзамга да сыйбастыгын түшүнүп тургандырсыздар.
Иликтөө көрсөткөндөй, факультетте иш жакшы эмес, ар кандай маселе боюнча ректоратка түшкөн арыздардын негизинде азыр факультетте үч комиссия иштеп жатат. Декан Б.Байсабаев иштеген бир жарым жылдын ичинде үч жолу деканаттын катчысын, үч жолу менеджерди алмаштырган. Демек, факультетти кыймылдатып турган деканаттын өзүндө стабилдүүлүк жок. Декан болуп иштегенден тартып берген убадаларын ишке ашыруунун ордуна Б.Байсабаев өзүнө жакпаган адистерди иштен кетирүү аракетин көрүүдө. Мисалы, кыргыз адабияты кафедрасынын улук методисти Ш.Айтбаеваны, кыргыз тил илими кафедрасынын улук методисти Г.Телибаеваны кызматынан бошото албай айласы кеткенде улук методисттин кызмат ордун жоюу үчүн ректорго 3 жолу рапорт берген. Бул - иштин кызыкчылыгы үчүн эмес, кандай жол менен болбосун өзүнө жакпаган кишилерден кутулуу аргасында жасаганы даана көрүнүп турбайбы. Ошондой эле өзүнө жакпаган ф.и.д., профессорлор: С.Мусаев менен Т.Токоевдерди иштен кетирүүгө болгон күч аракетин жумшаганын кошумчалай кетүү абзел. Декан Б.Байсабаевдин принцибинин негизинде факультеттин эмгек жамааты ага жаккандар жана өгөй кишилер болуп экиге бөлүнүп отурат. Өз киши болсо ишти билбесе да, аны колдоого алганы акылга сыйбайт. Мисалы, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу кылып - тогуз жыл мурда экономика жана укук кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп, кийин Юридикалык академияда ишин уланткан К.Абакиров деген профили башка окуу жайда иштеген адамды өз киши деп Б.Байсабаев кыргыз адабияты кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу кылып 2009-жылы дайындаган. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп К.Абакиров да өз кишилерин таап отурат. Доцент Б.Баймырзаев, ага окутуучу М.Сатыбековдордун сааттарын эч себепсиз кыскартып, өңдүү-түстүү деген С.Исаевага алып бергени кафедра мүчөлөрүнүн нараазычылыгын пайда кылууда. Декан Б.Байсабаев доцент И.Абдувалиевди кыргыз тил илими кафедрасына ишке алынсын деп кафедра башчысынын макулдугусуз ректорго рапорт берген. Бул кафедранын ишине орой кийлигишүү болуп эсептелет. Фактылардан көрүнүп тургандай декан Б.Байсабаев факультетте кадр саясатын иштин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке кызыкчылыгына карап жүргүзгөнү өтө начар жагдайларды жаратууда.
Билим берүүнүн мазмуну боюнча да факультетте көп проблемалар бар. "Котормо жана котормо таануу" адистигинин окуу планы көптөгөн бурмалоолорго учураган. "Кыргыз адабиятынын тарыхы" предмети идеологиядан арылган эмес, эски окуу программаларынын негизинде окутулуп келет. "Адабият теориясы" сыяктуу негизги теориялык курста К.Маркс, Лениндин таптар жөнүндөгү, партиялык уюм, партиялык адабият жөнүндөгү окуулары дагы деле окутулууда. "Адабият теориясын орто мектепте окутуу" деген предметти "Лирикалык, прозалык, драмалык чыгармаларды окутуу" деген сабак кайталап калгандыгы куралсыз көзгө деле даана көрүнүп турат. Минтип мазмуну бурмаланган, кайталанган алешем сабактарга көз жумуп, жумушчу прогаммаларына кол коюп жаткан декан Б.Байсабаев өгүз өлбөсүн араба сынбасын принцибин карманууда.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2009-жылдын 28-мартындагы №215/1 буйругунун негизинде кыргыз филология факультетин аттестациялоо боюнча комиссия Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы боюнча "Кафедрада предметтер өтө эле майдаланып бөлүнүп, жасалма жол менен көбөйтүлгөн. Маселен, кафедра 19 предметти өтөт. Бул нормалдуу көрүнүш эмес" деп тыянак чыгарып, окуу пландарын мамстандартка ылайык иштеп чыгуу талабын коюшкан. Бул кемчилдиктерди жоюу боюнча декан Б.Байсабаев эч кандай чара көргөн эмес.
Кайрылууда белгиленгендей "Лингвистика жана инновациялык технологиялар" борборунун жабылышы менен окуу китептеринин электрондук варианттарын түзүү, электрондук окуу курстарын уюштуруп эле токтобостон, факультетте билим берүүнү демократиялаштыруу процесси да токтогон. Декан Б.Байсабаев факультетте өзүнө чейин башталган реформаларды токтотуп, кафедралардын окуу иштерине, кадр саясатына кийлигишип эч кимди тоготпогон деңгээлге жетти. Анын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануусу факультеттин өнүгүүсүн туюкка кептегенин өз убагында байкаган эмгек жамааты декан Б.Байсабаевди кызматынан бошотуу жөнүндө ректордун милдетин аткаруучу, профессор А.Акуновго кайрылуу жолдошту. Университеттин жетекчилиги бул кайрылуудан туура жыйынтык чыгарабы жокпу мезгил көрсөтөт.

Бакбурчун
Сөлпиев