Ишенбай Абдыразаков:
"Орун талаш болсо эл үмүтү акталбайт"
- Ишенбай мырза, айрым бир саясатчылар бул шайлоонун жыйынтыгы өтө күтүлбөгөндөй болуп калганын, "Ата-Журт" партиясы же болбосо кечээ эле бийликтен кулаган Бакиевдин тарапкерлери башкалардан озуп чыгып, кайра бийликке келип атканын айтып чыгышты. Сиз кандай ойлойсуз, "Ата-Журт" партиясына шайлоочулардын басымдуу бөлүгү эмне үчүн добуш берди?
- Менин оюмча, аларды Бакиевчилер же андай эместер деп кесе айтууга болбойт, анткени азыр Бакиевдин убагында жогорку кызматтарда иштеген адамдар жүрөт. "Ата-Журт" партиясында көбүрөөк. Бирок ошентсе да аларды бакиевчилер деп айтуу туура эмес болуп калат. Менимче, бул шайлоонун мындай жыйынтыгы күтүлүп деле аткан. Биринчиден, кыргыз элинин арасында аймактык, кландык аң-сезим азыркыга чейин эле күчтүү, экинчиден июнь окуясынан кийин булар түштүктө өздөрүн информациялык-пропагандалык жактан көрсөтүп алышты. Бул канчалык туура болгонун ким билет, бирок бул дагы партиянын кадыры үчүн чоң роль ойноп кетти. Үчүнчүдөн, бул шайлоонун жыйынтыгына эки-үч чоң фактордун мааниси чоң болду.
- Мисалы?..
- Биринчиси, албетте шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө маалыматтык уюштуруу иштери, үгүт чоң роль ойнойт. Бул шайлоодо дал ушул маалымат, өзгөчө сырт жактан келген маалыматтар чоң роль ойноп кетти. Бизде шайлоочулар өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк ишенбей, сырттан келген маалыматтарга ишенип кеткен учурлар көп болот. Мына ушул азыр бизде абдан таамай көрүнүп калды. Дагы бири - каржылык ресурстар. Реклама, барган жеринде ар кандай шоуларды жасоо, дагы башка каржыга таянган аракеттер элге таасир бербей койгон жок, муну да эске алышыбыз керек. Жалпысынан айтканда мурдагы шайлоолорго караганда бул жолу административдик ресурс азыраак колдонулду, ошондуктан биз бул шайлоо мурдагыга караганда ачыгыраак, калысыраак өттү деп айтсак болот.
- Айтсаңыз, көп жылдардан бери оппозицияда жүргөн, апрель окуясына чоң салымы бар "Ата Мекен" партиясы аз добуш алып калышына эмне себеп болду? Кээ бирөөлөр аларга үгүт өнөктүгүнө чет мамлекеттердин кийлигишүүсү түрткү болду деп атышат?
- Чет мамлекеттер шайлоого түз кийлигишип, каржылык жактан жардам бергенин айта албайм, бирок кыйыр түрдө кийлигишкени -факт. Анткени шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айрым өлкөлөрдүн башчылары ачык эле кайсы партияны колдоорун, кайсынысына каршы болорун кыйыр түрдө, бирок элге жетерлик кылып айтып койду. Экинчиден, "Ата Мекен" партиясы өзүнө көбүрөөк ишенип кетти окшойт, өз мүмкүнчүлүктөрүн жогорураак баалап алышты. Мындай учурда тескерисинче сак болуп, ар бир айткан сөзүн, жасаган кыймылын, койгон максатын элге кененирээк, тереңирээк айтып берүү жагы солгунураак болуп калды. Бул бир жагы. Негизинен бул жолу чет жактан үгүт, ал эле эмес, саясий үгүттүн таасири күчтүү болду.
- Менин айтайын дегеним, "2007-жылы апрель окуясынан кийин кадыр-баркы түшүп кеткен "Ар-намыс" партиясын Орусия улам үгүттөп жатып, кулагынан тартып чыкты, ошол эле учурда кайсы бир телеканалдар аркылуу "Ата Мекен" партиясынын лидерин каралоо аракеттери болуп жатканы чоң роль ойноп кетти," деген пикирлер бар.
- Эл баарын көрүп жатат. Эл кээде абдан кыраакы көз менен карап, баасын берет. Сиз айтып жаткан ойлорду да "андай эмес" деп айтуу да кыйын. Мында көп чындык бар.
- Үстүбүздөгү жылдагы апрель окуясына же мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийликтен кулашына көп салымын кошкон лидерлердин партиялары көп добуш ала алышкан жок. Мисалы, Темир Сариевдин, Азимбек Бекназаровдун, Жекшенкуловдун дегендей... Булардын чачырап кетиши буга түрткү болдубу же дагы башка себептер барбы?
- Туура айтасыз, менимче да ошондой болду. Булар мурдагы президентке каршы болобуз деп биригишкен эле. Бирок апрель окуясынан кийин бийликке келгенде алар ар кимиси ар кандай позицияда экенин көрсөтүп коюшту. Экинчиден, булар ушундай өткөөл кезде баары биригип, сөз табышып, бир фронткобу же лагергеби биригип, бир топ болуп чыгышса, чоң ийгиликтерге жетишмек. Андай болгон жок. Мындан тышкары убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өздөрүн эл алдында терс жактан көрсөтүп койду.
- Айрым байкоочулар "Ата Журт" партиясынын алдыга озуп чыкканын да дал ушул убактылуу өкмөттүн кемчилигине таяп, бул элдин убактылуу өкмөттүн жасаган ишине берген жообу деп баалап жатышат...
- Бул жагынан алганда убактылуу өкмөт да өздөрүн эң мыкты кылып көрсөтө алган жок. Бирок азыр эң негизгиси - биздин саясий багытыбыз кандай болот, мына ушул. Президенттик башкарууну кайрадан ордуна келтирели деген менимче, туура эмес, анткени эки жолу көрдүк, болбойт экен. Мына азыр парламенттик жолго баралы деп атабыз, мунун да кыйын жактары, татаал жактары көп, аны моюнга алыш керек. Бирок ушунун негизинде азыркы шайлоонун мурдагыдан көбүрөөк ачык, калыс болгону - жаңы жолго баратканыбыздын натыйжасы болуп жатат.
Азыркы саясий лидерлер өздөрүнүн баягы илгерки оорусун карматпай, биринчи элди ойлошу керек. Мамлекеттин стратегиялык курсу кандай болот, аны саясий жактан кантип алып барабыз деген суроолор менен улуттун келечеги, улуттун кызыкчылыгы, намысына көбүрөөк көңүл бөлүп, ушул жагынан тил табышып, иштеп кетет го деген менин үмүтүм бар. Эгер баягыдай эле тытышып, бири-бирин жамандап, орун талашып отурса, анда элдин үмүтү акталбайт.
- Мына алдыга озуп чыкты деген партиялар парламентке келген учурда коалиция түзүү деген маселе бар. Бирок СДП менен "Ар-намыс", ошол эле учурда "Ата-Журт" менен "Ата Мекен" партияларынын лидерлеринин "башы бир казанда кайнабастыгы" айтылууда. Кандай болушу ыктымал, сиз кантип боолголоп жатасыз?
- Булардын саясий деңгээли ушундан көрүнөт. "Ата-Журт", "Ар-намыс" партиялары СДП менен "Ата Мекенди" бийликтин партиясы деп көп сындашты да. Ошондуктан, алардын булар менен түздөн-түз биригип кетиши кыйыныраак болот, бирок "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" бириксе деле парламенттин көпчүлүгүн түзө албай калат. Ошондуктан, азыр СДП менен "Ата Мекен" бир канат, ал эми "Ата-Журт" менен "Ар-намыс" экинчи канат болуп турат. Булардын ортосунда "Республика" кайда барат, бул дагы көп мааниге ээ. Эгерде булар мен жогоруда айткандай, өлкөнүн келечеги жөнүндө көбүрөөк ойлосо, булар деле келишпес душман эмес, жалпы, ортодогу калыс, элге кызмат кыла турган саясий багытты таап, ушул боюнча иштейли десе, дагы бир вариант болот.

- Маегиңизге рахмат.
Замира
Кожобаева "Азаттык"




Ушул маектин мазмунуна "Азаттыктыктын" Шеринесине түшкөн пикирлер:
кимден: Маха каяктан: Нарын
14.10.2010 15:20
Ардактуу кыргыз акыны - Омор Султанов!
Шайлоодон, анын үгүт иштеринен, андан кийинки ыйкы-тыйкысынан чарчап турам, чарчап турам, жеке эле мен эмес, бүткүл эл... Сиз тезинен ушуга арнап "Чарчоонун жүз экинчи ырын" жазсаңыз болор беле

кимден: бир неме
13.10.2010 14:34
Ээ кыргыздар оруста мындай кеп бар "чем бы дитя не тешилось, лишь бы не плакало" деген. Бийликтин кыпындай да учу тийбейт силерге три жизни. Ошондуктан мага демек түгүл бири бирин жесин, оокатыңарды кыла бергиле

кимден: Талант каяктан: Алай
12.10.2010 16:56
Мен Чыныбек дегенге жооп айтам.
Шайлоо эң таза оттү. Бакиевдин убагында иштеди деп айтсак, анда бардыгыбыз иштебей коюшубуз керек. Экинчиден, акчаны таратып, бусик, автобус жана машиналар менен ташыгандар, ошол сен күйүп жаткан "Ата Мекен", КСДП жана Республика болду. Эмне 170,0 миңге жакын жарандын добушун көрүп турсаңар дагы көргүнөр келбей жатабы. Элдин чечимин сыйлап коелу.
Эми иштешсин, чогулуп алып. Ансыз деле 2 президент мисал, сабак болду. Экөөбүз ошентип ичибиз күйүп олтурсак жана башкасы ошентип ичи күйө берсе, анда ушак менен эле жашайлы.
Келечектеги муундун сенин балдарыңын-неберелериңин, менин балдарымын жана башкалардыкын ойлоп, убалына калбайлы десек, тескерисинче ушул беш партияга жардам берейли деп айтат элем досум!

кимден: Чыныбек каяктан: Ош
12.10.2010 16:24
Дагы бир жолу 500 сомдон 2000 сомго чейинки акчага ар кимибиз абийрибизди дагы, келечегибизди дагы саттыкпы, КЫРГЫЗДАР!
Кечээги эле 7 апрелде Бакиевдик, Ташиевдик, Келдибековдук коррупциялык режимди кулатуу үчүн, Куловго окшогондорду токтотуу үчүн, кырчындай жаш жигиттерибиз ак үйдүн алдында кызыл жаян болуп, өз кандарына боелуп, жогорудагы душмандардын дзотуна көкүрөктөрүн тосуп, кырчындай өмүрлөрү кыйылбады беле, КЫРГЫЗДАР!
Ушунун баарын көрүп билип туруп, Бакиевдик режимди кайра орнотуучуларга кеңири жолду ачып, тайраңдатып, каалаганын жасатып, демократияга жаңы жеткендей болгонсуп, телевизордон каалаганын сүйлөтүп, законду тебелетип-тепсетип, түштүктөгү коогалаңдын башында, элге курал-жарак беримиш болуп, (ал курал жарактарды өздөрүнүн эле жигиттери көтөрүп жүргөн) өздөрү өрттөлүп өлүп, араң жүргөн өзбектерден коргомуш болуп, өздөрүнүн Акаев, Бакиев мезгилиндеги мамлекеттен уурдап алган, толгон токой байлыгын коргоо менен бирге, канча адамдын өлүмүнөн, түштүктүн өрттөлүп, кыйроосунун негизинде өздөрүнө саясий упай топтоого шарт түзгөн, анан калса эч кандай программасы жок, башка партияларга каршы уюштурган кара пиардын эсебинен "Ата Журт" партиясынын жеңишке жетишине шарт түзгөн, Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө ар кандай жогорку кызматтарда туруп өлкөгө кымындай бир пайда келтирбеген, эми Кыргызстанды Россияга сатканга сөз берип, сырттан тон бычып, бүт Кыргызстандын тагдырын эч кимден сурабай туруп, Россиянын колуна бир кызмат үчүн салып берген, өлкөнүн кең келечегине жол ачып келе жаткан партияларга түздөн түз карама-каршы иштерди жасап, алардын лидерлерине Россиялык каналдар аркылуу кара пиарлады уюштуруп, биз Россияга кошулсак силерди Кыргызстанда кор кылдырбайбыз деп, Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрүнө ата боло коюп, арам жол менен Куловдун партиясы "Ар-Намыстын" жеңишке жетүүсүнө шарт түзүп берген, дагы кыйраткансып шайлоону таптаза өткөрдүк деп, телевидение аркылуу байма-бай чыгып, сүйлөп жатат президент болумуш Роза Отунбаева!
Ошол 7-апрелдеги элим-жерим деп, Бакиев канкордун огунан кан жутуп өлгөн балдардын арбагы урсун! Бакиев канкордун кадрларынан түзүлгөн партиянын согуш чыгарабыз деген сөзүнөн коркуп, ушуларга ушундай таза эмес шайлоодон өтүүгө шарт түзүп берип, арбактардын алдында Ант беребиз деп кыйкырган сөзүн эсинен чыгарып, унутуп койгон президент болумуш Роза Отунбаева!