Орусия бир боор энем!

Американы алдастаткан шайлоо
АКШ өкмөтү 7-апрелден тарта Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык процесстерди байма-бай колдоого алып келгени белгилүү. Орусиядан айырмаланып, парламенттик өлкөгө айлануу идеясына да оң баасын берип келген. Бирок, Бакиевдин диктатуралык саясатын ачык да, тымызын да колдоп келген Америка үчүн бул принципиалдуу маселе эмес деген пикирдебиз. Анткени, алардын дайыма эле бекем принциптерге тура албасын көрбөдүкпү. АКШ бийлигинин Курманбек Бакиевдин коррупциялык-криминалдык саясатын тымызын колдогону 7-апрелден кийин Американын сенатында да чоң талкуу жаратканы жалпыга маалым.
Айтайын дегеним, Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы Американы бир топ ыңгайсыз абалга калтырып койгону жашыруун эмес. Парламентке келген беш партиянын үчөөсү, ачык эле өздөрүн орусиячылбыз деп айтып келишет. СДПКнын лидери А.Атамбаев мындай оюн бир нече ирет кайталаганы бар. Мындан бир ай мурун Орусияга барып, өкмөт башчысы ВВП менен жолугуп, Кыргызстанга 10 млн доллар жардам берем деген убадасын алып кайтканы да белгилүү. Ошентип, Атамбаевди таза орусиячыл багыттагы саясатчы дегенге толук негиз бар. Ал эми "Республика" партиясынын лидери Ө.Бабанов менен "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов да орусиячыл багыттагы саясатчылар. Бул анчалык мактана турган жагдай болбосо да, кез келген жерде алар муну сыймыктануу менен белгилеп жатышат. Мындан тышкары, улутчул партия катары сыпатталып жүргөн "Ата журт" партиясы да өздөрүн орусиячылбыз деп атады. Партиянын мүчөсү Юруслан Тойчубеков шайлоодон кийинки билдирүүсүндө, биз орусиячыл партиябыз, жакында АКШнын "Ганси" аба базасы Кыргызстандан чыгарылат деп, ишенимдүү билдирди. А Камчыбек Ташиев болсо, америкалык база чыгарылышы керек деген пикирин мурда-кийин ачык эле билдирип жүргөнү белгилүү. Түштүк аймагына ЕККУнун тынчтык күчтөрүнүн киришине да дал ушул "ата журтчулар" катуу каршылыгын көрсөткөн. Муну алар эң оболу Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын эске алып жатышкандыгы менен түшүндүрүп келишкен.
Ошентип, парламентке келген беш партиянын төртөөсү орусиячыл партиялар экендиги белгилүү болду. Демек, парламентте кандай гана коалиция түзүлбөсүн ал оболу тышкы саясатта Кремлдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат. Мындай шартта Американын кызыкчылыгы, жогоруда айтылган "Ганси" аба базасынын тагдыры эмне болот? Буга Америка да тынчсызданып жаткандыгын байкоо кыйын эмес. Шайлоолордун эртеси эле Кыргызстанга АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Сьюзан Эллиот келип, ал президент Роза Отунбаева жана шайлоодо уткан партиялардын лидерлери менен жолугушту. Бул албетте, АКШнын парламенттик шайлоодон кийинки Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн орун алмашуусун жеринен көрүп-билүү, утуп чыккан партиялар менен жакындан алака түзүү аракети экени байкалат. Сьюзан Эллиот айым журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз-Америка алакалары, акыркы убактарга Кыргызстанга берилип жаткан жардамдар баяндап, алардын көлөмү мындан да өсөрүн билдирип өттү. Мунун баары Американын Кыргызстандагы кызыкчылыгы өтө чоң экендигинен жана чындап эле, жаңы өкмөт менен мамилелер кандай өнүгөрү табышмактуу болуп турганынан кабар берет. Анткен менен, АКШнын өкүлү Кыргызстандын эли тандаган кандай гана өкмөт болбосун, аны менен иштешүүгө даяр экендигин дипломатиялык ыкма менен айта кетти.
АКШ алакасына байланыштуу саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикири чындыкка бир топ жакындай сезилет. "АКШ өкмөтүнүн жогорку өкүлүнүн Кыргызстанга келиши - өздөрүнүн биздеги аскердик базасынын тагдырына байланыштуу. Алар ошол базаны калтыруу максатында барышы, ал түгүл Кыргызстандын тышкы карызын кечүүгө да даяр. Анткени, өткөндө Роза Отунбаева БУУнун саммитинде жаратылышты коргоого Кыргызстандын тышкы карызын кечүүнү алмаштырууну өтүнгөн. Мына ушуну шылтоо кылып, АКШ өзүнүн аскер базасын дагы 10-15 жыл бизде калтыруу тууралуу сүйлөшүү үчүн да өкүлдөрүн жибериши мүмкүн. Алар өз саясий кызыкчылыгы үчүн, геосаясий жактан таасир этүү үчүн жана Кытайга жакын болуу үчүн алсыз, арсыз, маңызы жок мамлекеттерге ушундай таңууларды жасап келген" дейт Токтогул Какчекеев.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгы АКШга күтүлбөгөн баш ооруларды жаратканы туру. Алар Кыргызстан менен кайрадан оор соодалашууларга баруусу мүмкүн. Бирок, бу сапар АКШ үчүн кыйла оор болчудай. Атүгүл, алар күтүлбөгөн кадамдарды да жасоого барышы мүмкүн. Мында демократиялык идеялар да садага чабылбай койбойт.

Заирбек БАКТЫБАЕВ





  Шайлоосереп

Күнбүгүн
Ошентип парламентти да шайлап алдык. Бирок батышы дагы, орусу дагы, "Ата-Журту" дагы канчалык таза шайлоо болгонун жар салып макташпасын, Кыргызстандын эли татыктууларды тандоодо чабалдык кылып, таза саясий күчтөрдү колдой турган деңгээлге жете элек экендигибизди моюнга алган дурус. Туура, жогорудагылар баа бергендей шайлоодогу добуш берүү процесси таза өттү. Аны танууга мүмкүн да эмес. Бирок айтайын дегенимдин маңызы башкада. Буга чейин бир нече партиялар тарабынан эл арасында акча таратуу фактылары боюнча ар кыл сөздөр тараган. Тараганы менен ага көңүл буруп, кырдаалга тереңирээк көз салган бир дагы орган болгон жок. Ошол эле учурда айрым партиялардын өкүлдөрү түштүктөгү окуяларга бийликти күнөөлөп ийип, элди өзүнө бургандыгы бештен белгилүү. Мисалы "Ата-Журт" партиясы. Шайлоо алдындагы жаңы чуулгандын башталышына себепчи болгон Ташиевдин аудиосу интернетке жарыя болор замат Ташиев өзү бул таптакыр ага тиешеси жок экендигин, ал ар кандай монтаждардан куралган нерсе экендигин, буга бийлик кызыкдар болушу мүмкүндүгүн айткан. Эртеси видеосу жарыяланганда "Бакиевди алып келебиз деген жерин кыркып коюшкан" деп чыкты Садыр Жапаров. Ортодо буга нааразы болгон 7-апрель ыңкылабында каза болгондордун жакындары митинг менен чыкканда ошол эле Садыр мырза "Силердин балдарыңарды Бакиев эмес, Убактылуу өкмөт аттырган" деп алардын кыжырына тийип, натыйжада жаалданган жабырлануучулар "Ата-Журт" партиясынын офисин өрттөгөнгө аргасыз болгонун Баш прокурор Кубатбек Байболов ырастады. Эми карап көргүлө, апрелдеги ыңкылапка Убактылуу өкмөттү күнөөлөөгө "бакиевчи" Садыр Жапаровдун моралдык акысы барбы? Бар болгон күндө дагы бул юридикалык жана укуктук нормаларга туура келбейт. Бул эл алдында туруп, "Убактылуу өкмөттү жазалайбыз, бийликти оңой эле алып коебуз, түштүк окуяларын ушулар уюштурган" деп ызырына жулунган Камчыбек Ташиевге дагы тиешелүү. Ошол эле окуялардын башталышына Бакиевдер "чоң салым" кошкондугу туурасындагы сөздөр дагы бекер жеринен чыккан жок. Эгер Ош окуясын толук иликтеп чыга турган болсо көп популисттердин бети ачылып, азыркы аренадагы бир нече саясатчылар камакка алынаары турган иш. Анткендин ордуна мамлекеттик органдар чабалдык кылып, элдин көтөрүлүп кетишинен коркуп, жумшак мамиле жасап туруп алды. Бакиев менен кошо мамлекетти уурдап, кийинчерээк түштүктө бир топ тополоңдорду баштаган адамдарды бир аз камай коюп кайра бошотуп салышты. Натыйжада тергөөдө жүргөндөрдүн бир нечеси "Ата-Журттун" тизмесине кире качып кутулушту. Эми ошолор жаңы өкмөттү "такалайт". Эгерде Ташиев айткандай бардык партияларга өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгү бериле турган болсо ошолор мамлекетти башкарып, кайрадан шордуу элдин шорун катыраары бышык. Эми логика менен алганда мындай да. 7-апрелде ошол карапайым адамдар Бакиевдин кандуу, бандиттик диктатурасына каршы чыгып, Жаныштын огунан курман болушпады беле? Алар ошону менен катар эле Бакиевдин командасындагы коррупционерлердин жоопко тартылышын талап кылып чыгышкан. Алардын төккөн каны 7-апрель күнү кызыл жаян болуп төгүлүп, бир нече убакытка чейин гүл төшөлүп турган. Эми ошол ак үйдүн имараты Жогорку кеңешке бериле турган болгондон кийин баягы жаңы парламентке шайланган "бакиевчилер"(жөө баспай калышсын) баягы кандуу аянтты кызматтык машинелери менен тебелешип, кеңири тайраңдашаары турган иш да. Моралдык жагынан алганда бечара элге чоң эле сокку болду.
Канткен күндө дагы жаңы өкмөттү түзүү маселесин көпчүлүк серепчилер "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго байланыштырышууда. Ал эми Өмүрбек мырза өзүнүн акыркы билдирүүсүндө эч качан Бакиевдик реваншисттер менен бирикпей тургандыгын жарыя кылды. Негизги принцибин эске алып караганда Бабановдун багыты КСДП, "Ата-Мекен" партиялары менен коалиция түзүүгө барып такалаары бышык. Бирок анын чечимин ар кыл көз карашты тутунган партиялаштары колдойбу, ошол башкы маселе. Бул өңүттөн алып караганда Бабановго бир чечим кабыл алуу өтө эле кыйын болот. Эгерде бул үч партия бириксе анда 67 добуш менен өкмөттү курап, мамлекеттин негизги саясатын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. А эгерде кырдаал башка жакка ооп кете турган болсо, анда эле элдин шору. Ошондуктан кайсы күчтөр болбосун ыңкылаптын негизги принциптерин жеке кызыкчылыкка алмаштырбашы керек.

Адилет АЙТИКЕЕВ