Автандил САКЫБАЕВ,
Юрист жана көз карандысыз талдоочу.
"Төрт партия биригип, "Ар Намыс" партиясын четке сүрүү керек"
- Автандил мырза, ЖКга азыркы партиялар шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп утуп келет деп күттүңүз беле?
- Кайсы бирин күтсөм, кайсы бирин күтмөк тургай ойлогон да эмесмин.
- Мисалы...
- Мисалы, Атамбаев жетектеген КСДП, Текебаев жетектеген "Ата Мекен", Ташиев жетектеген "Ата-Журт", Бабанов жетектеген "Республика" партияларынын келиши туура эле. Себеби, биз канчалык сындасак дагы бул саясий лидерлердин колдогон шайлоочулары бар. Анткени, буларда аз-маз болсо да адамгерчилик сапаты жана кыргыз эли үчүн күйүп-бышкан жактары жок эмес. Ошол эле Атамбаев канчалык одолонбосун иштин көзүн билген жакшы менеджер экени маалым. Ошол эле Текебаев маңдай тер эмгеги, бир көз караштагы тайбас жана майтарылбас саясаттагы жүрүш-турушу менен ушундай чоң даражадагы саясатчыга айланганын кантип танабыз. Ошол эле Ташиев жакында түштүктө өткөн өзбек-кыргыз жаңжалынын баарын болбосо да, үйүнүн тегерек четиндеги жаңжалды токтотуп калганын унутуп коюуга жол бербейт. Ошол эле Бабанов билими бийик, жакшы менеджер экенин көрбөй коюуга дегеле болбойт. Буларга ден соолук жана депутаттык иштерине ийгилик каалап койсом, алар каршы болбостур. Бирок, ушул партиялардын айрымдарынын катарына "бир кумалак бир карын майды чиритет" демекчи, "кумалактай" болуп кирип алгандары да жок эмес. Мисалы, ошол эле Ташиев жетектеген "Ата-Журт" депутаттык фракцияда экс "Акжолчу" депутаттардын элестери жүрөт. Атап айтсак, "конченный" подхалим, "нарынский" Нарынбек Молдабаев жана акыркы жылдары "Эламан" деп ырдабай, "Бакиевдер" деп жаңы мелодия созуп калган дагы бир подхалим Ибрагим Жунусов. Бирок, ошого карабастан буларга да ийгилик жана ден соолук тилейм.
Ал эми, өзгөчө сөз "Ар-Намыс" партиясы жана лидери Феликс Кулов жөнүндө болсо, өзү эле маалым. А бирок, анын фракциясы бүгүн ЖКга келди. Ушул жерден суроо туулат, андан жеңиштин табышмагы кайда жатат? - деген. Мен ишенимдүү ойлойм, бул саясий жеңиштин табышмагынын учун Россиянын Кремлинен издесе, балким, Медведев менен Путиндин кабинеттеринен табылып калышы ажеп эмес деп. Себеби, аларга жолугуп келгенден кийин коомчулукка, өзгөчө орус тилдүү шайлоочуларга сүйлөгөн сөздөрү Куловдуку эмес, анын оозу менен Медведев менен Путин сүйлөгөндөй эле ишенимдүү элес калтырды. Ошентип, кыргыз элинин ишеничинен такыр кур жалак калган урматтуу генерал Кулов орус тилдүү электораттын басымдуу көпчүлүгүнүн парманы менен өтүп кетти деп божомолдосок, балким туура чыгып калышы мүмкүн. Дагы бир кыргыз шайлоочуларын Куловдун ирээнжиткени, тунгуч президент Акаевди байкем деп, андан кийинки президент Бакиев менен уулу Максимди досторум деп жакшылыктарын көрүп, аларга чейин өзүн депутат кылган Атамбаевди сатып кеткен "предатель" Акылбек Жапаровду ээрчитип алганы. Кыргыз элинде айтып коёт эмеспи "издешпей табышкандар" деп. Ал эми, урматтуу Феликс Шаршенбаевичтин мындан аркы саясий кадамын божомолдосок, талдап көрсөк, жакынкы арада АКШнын базасын Кыргызстандан чыгарып, Россиянын аскер базасын бекемдешибиз керек, Россия биздин стратегиялык кошунабыз деп кубулуп, ураан көтөрүп чыгышы мүмкүн. Эгер өзү айтып чыкпаса, тегерегиндеги жугундукорлорду айттырып чыгышы мүмкүн. Анткени, урматтуу генерал өзүнүн жеке саясий кумарын кандырып, жеке саясий кызыкчылыгынын азабы үчүн бардык саясий кадамдарга бараары бүгүн ачык билинип калгандай болду. Урматтуу генералдын өткөндөгү саясий жүрүштөрүн иликтеп көрсөк, элдин арасына ар кандай саясий билдирүү жана талаптар менен бүлүндүрүү жана ызы-чуу салыш анын эң жакшы көргөн саясий жүрүшү экени билинип калды. Мисалы, ошол эле 2007-жылдагы мыйзамсыз митинг. Эгер орусча божомолдосок, уважаемый генерал Кулов быть может и есть та настоящая беда и заноза не только для кыргызского народа, но и в целом для государства? Бирок, булар да аман болсун. Дегеле, жалпысынан айтканда, бирөөлөрдүн колунда саясий "марионеткага" айланыш жакшы жорук эмес, тем более коом үчүн.
- А бирок, ошол эле "Республика" партиясынын лидери Бабанов, "КСДПнын" лидери Атамбаевдер да ошол эле убакта Москвага барып, ошол эле Кремлдеги орус саясатчы көзүрлөр менен жолугушуп келишпедиби?
- Рахмат. "Темирди ысык кезинде чап" демекчи, суроо өз убагында болду. Ооба, билем, Бабанов вице-премьер Нарышкин менен, ал эми Атамбаев премьер министр Путин менен жолукканын. Бирок, бул жерде эң маанилүүсү, айрым саясатчыларга караганда, алар барып келишкенден кийин деле баягы позициядагы, баягы эле шайлоочулары бар лидерлер экени талашсыз.
- ЖКда фракциялар кандайча биригет деп ойлойсуз?
- Фракциялардын биригишүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ансыз жумуш жүрбөйт. Бардык фракция жетекчилеринин амбициялары бар. Бирок, кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгы биз үчүн биринчи орунда дешсе, анда амбицияны четке кагып КСДП, "Ата Мекен", "Ата-Журт", "Республика" фракциялары биригип эл үчүн кызмат кылуулары зарыл. Куловду кошулам десе да кошпош керек. Ал бузуп жаргандан башка жакшылыкка алып барбайт.
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясы жана лидери жөнүндө кандай көз караштасыз, анын азыркы багыттарына эмне дейт элеңиз?
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясы жеңишке жетпей калыптыр. Өткөн убакта, бул партиянын лидери урматту Адахан Мадумаров "эркек болгондон кийин утулганды да көтөрө билиш керек" деп бөлөктөрдүн намысына тийише "налево-направо" интервью берип жүрчү. Бүгүн кезек өзүндө. Ал эми менимче "Бүтүн Кыргызстан" партиясы утулган жок, тескерисинче утту, себеби мен ойлогом жанагы кара жолдун боюндагы "щитте" илинип турган партиянын мүчөлөрү өзүлөрүнө өзүлөрү салып, ошо менен 0 % алып калышат го деп. А бирок, булар кудайды карабай да өтө көп, тактап айтканда 4,7% добуш алышып, аз эле жерден барьерден өтүп кете жаздашты. Буларга да ден соолук, иштерине ийгилик каалайм.

Баймырза Накай





Туталанган турмуш

Мен бул өмүрдү түш көрүп жатты бекем...

Анаркүл сага баш кошкондон берки бактылуу жашоомду, сенин кой маарек тарткан мүнөзүңдү эстеп алып жаркын элесиңе таазим этем...Таш боор тагдыр мени сенден ажыратып койгонуна бушайман болом. Ал мезгил эми кайрылып келбестигин жүрөгүм туюп, сыртымдан билгизбегеним менен ичимден бушайман болом. Мен үчүн сен турмуштагы жолума жарык нур чачкан шам чырак элең. Кубансам кубанычымды тең бөлүшкөн кабак бүркөсөм капамды жазган ачык мүнөз жубайым элең. Кырк жыл бирге ынтымактуу өмүр сүрүп төрт баланы тарбиялап өстүрдүк, бардыгын турмуш жолуна салып орду-ордуна койдук. Эми алардын урматын көрөөрдө сени күтүүсүз жерден ач көз ажал колубуздан жулуп кетпедиби. Экөөбүздүн жаш кездеги тагдырыбыз окшош болучу, сен ата өңүн, эне мээримин көрбөй, тагдырдын элегинде чайкалып жүрүп тайата тайэненин колунда өстүң. Мен дагы жетимчиликтин зардабын тарттым. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып үйлөнгөн күнүбүздү эч убакта унутпайм. Убагында мен фабрикада жумушчу, сен айылда кызылчачы болуп жашоонун кыйынчылыгын башыбыздан өткөрдүк. Жокко кайыл, барга ыраазы болуп ынтымактуу жашадык. Сен үйдө болгондо үй толтура береке, кут киргендей болоор эле. Балдарың болуп баарыбыз сени ар дайым эскеребиз, арбагыңа куран окуйбуз...
Жашоодо кубануу бар, айрылуу бар.
Жанаша жүрөт экен дайым булар.
Сүйүктүү жубайымдын жакшы элеси
Унутулбай ар дайым эсте турар.
Турмуштун ийри жолдорунан түз баса албайт турбайсыңбы. Ичтен сызып билинбегени менен мага өтө оор учур кырк жыл бирге жашаган Анаркүлүмдүн жоктугу болду. Анысы да жетишпей тургансып, уулум Эмилбек 7-апрелде Ак үйдө окко учканы табышмактуу окуя. Бул турмушту түшүмдө көрүп жаткандай гана кээде эмне кылаарымды билбей дендароо түшөм. Айла канча! Уулум тирүүсүндө: "кыздарым Бегимай 16 жашка, Айгерим 14 жашка, балам Арген 6 жашка чыкты үчөөнүн таттуу өмүр сүргөн күндөрү болбойт тура, кызым бой жетти, эми турмушка чыкса кудабыз " ушул кезге чейин үйү жок экен" деп айтат го" дегенинде көзүмөн жаш кылгырып кеткен эле. Ошондо "Ата көрөсүң, Атымды калтырам. Жашоодон, үй-бүлөлүк башкаруудан тажадым" деп айтканы да эсимде. Көрсө акыркы сөздөрүн айткан тура. Уулумду акыркы жолу 1-мартта 2010-жылы көрдүм эле ошол бойдон 7-апрель 2010-жылы Ак үйдө окко учту. 11-апрелде энесинин жанына жер кучактап жатып калды. Эмилбегим жогоруда айткан сөздөрүң кудай билет канча жашаарымды, өмүрүм өткүчө эсимен элесиң кетпейт...Айткан сөзүңө акыры туруп, эзилип турган элдин эркиндиги үчүн жаныңды бердиң, мына ушул эрдигиң гана кээде мени кубандырып "менин уулум элдин уулу болду" деп сыймык байлап, үстүмөн баскан оор жүк шыпырылып түшкөндөй боло калам. Ата баласынан убай көрсөм дейт тура. Аз өмүрүңдө мени менен бирге болуп сени менен болгон таттуу күндөр көп болбосо да, Кудайдын буйруган жашын жашап, уулум катары атаңдын артына канат байлап кеттиң. А мен сенин арбагыңа куран окуп тирүүмдө ыраазы кылардан башка айлам канча.

Кадырбек НИЯЗАЛИЕВ,
Чүй району, Ак-Бешим айылы