Түштүк окуяларына

Кимдер күнөөлүү?
(Башы өткөн санда)
Алардын максаты кыргыздарды кыйнап өлтүрүү менен элдин духуна жарака салып, жек көрүү жана өч алуу сезимин козгоо болгон. Куралдуу козголоң 2010-жылдын 10-июнуна карай абдан кылдаттык менен даярдалган план аркылуу ишке ашырылган. Ал жөнөкөй эле жаштардын мушташынан чыга калган эмес. Буга төмөнкү фактылар күбө боло алат:
- кан төгүүлөргө чейин бир нече күн калганда Оштон жана Жалал-Абаддан өзбек байлары жана диний башчылары өздөрү үй-бүлөлөрү менен чогуу кагылыш боло турган жерлерден чыгып кетишкен же жакындарын чыгарып жиберишкен.
- кан төгүүлөргө чейин бир сутка калганда кээ бир өзбектер өздөрүнүн кыргыз тааныштарына тамак-ашты көбүрөөк камдап алуусун сунуш кылышкан. Эмне үчүн деген суроого, алар "керек болуп калышы мүмкүн, ар нерсе боло берет да", - деген жооп беришкен.
- Кыргыз жеринде иштеп жүргөн Өзбекстандын граждандары жаңжал башталаар алдында массалык түрдө иштеген жерлерин таштап чыгып кетишкен.
- Ош шаарында иштеген мугалимдердин айтуусунда кээ бир мектептерде кагылыш болоордун алдыңкы күнү өзбек улутундагы балдар сабакка чыгышкан эмес ж.б.
Ошону менен катар эле кандуу кагылышуулар ШОС уюмуна катышкан өлкөлөрдүн жыйыны өтүп жаткан маалда жана Ош шаарында дүйнөлүк ММК журналисттеринин тренинги өтүп жаткан учурга бекер жеринен туш келбей турганын эске алуу керек. 2010- ж. 10-июнунан кийин өткөн кан төгүүлөр кеңири белгилүү. Белгилүү болгондой, кандуу кагылыштар башталганда өзбек улутундагы топтордо курал көп болгон. Биринчи эле түнү, ок атуулар башталганда Оштун жашоочулары Бишкекке телефон чалышып, баары бир ооздон: "Өзбектер кыргыздарды автоматтын огу менен кууп чыгарып жатат. Кыргыздарда курал жок", - деген кабар беришкен. Кагылышта кармалган өзбек граждандарынын билдирүүлөрү боюнча, "кыргыздар менен согушка" алар бир нече жылдар бою дайынданышкан. Окуянын катышуучуларынын моюнга алуусу боюнча, "өзбек улутундагы пенсионерлер да "кыргыздар менен боло турган согушка" деп 50 сомдон пенсиясынан которушкан. 09.06.2010-жылы эртең мененки саат 05.00 дө Жала-Абад шаарындагы Элдердин достугу атындагы Өзбек университетинин батыш тарабындагы имаратына жакын жерден көрүшкөн күбөлөрдүн билдирүүлөрү боюнча К.Батыров жүк ташуучу автомашина менен келип, өзбек улутундагы гражданиндин үйүнүн короосуна көптөгөн курал-жарактарды, ок-дарыларды түшүрүшкөн. Ош областында "Камаз" маркасындагы жүк ташуучу алдын ала даярдалган атайын темир жана металл чалгы-шиштер ширетилип, брондолгон ок атуучу тешиктери бар 8(сегиз) автомашина кармалган. Ош шаарында жана Ош областында окуялардын жүрүшү төмөнкүдөй мүнөздө өткөн: 2010-жылдын 10- июнунда кечки саат 22.30 да Ош шаарынын өзбек улутундагы жашоочулары топ-топ болуп, шаардын ар кайсы райондорунда чогула башташкан:
- Амир-Темир кичи районунда - Федченко атындагы мектептин жанында;
- Амир-Темир кичи районунда - почта бөлүмүнүн жанында;
- Туран кичи районунда - "Рано" магазининин жанында;
- "Черемушка" кичи районунда:
- Шаардык мончонун жанындагы Демократиялык деп аталган көчөдө;
- Шейит-Дөбө районунда;
- кийим (вещевой) базарынын жанындагы жерде;
- Абдыкадыров көчөсүндө;
- Мамыров көчөсүндө;
- Навои көчөсүндө;
- Фрунзе көчөсүндө;
- Курманжан Датка көчөсүндө.
- "Камаз" маркасындагы жүк ташуучу алдын ала даярдалган атайын темир жана металл чалгы-шиштер ширетилип, брондолгон ок атуучу тешиктери бар 8(сегиз) автомашиналар Ош шаарынын ар кай жеринде пайдаланууга даяр турган.
Белгилүү болгондой, июндун 10 нунан 11 не караган түнү саат 14.00 дө Ош шаарынын борборунда өзбек граждандары жашаган жерлерде (махалляларда) бир нече мечиттин минареттеринен азан айтылгандан кийин 2 (эки) жерден салют атылган. Диний кызматкерлердин айтуусунда азан айтуу намазга эмес, джихад кылууга чакырган.
Мечиттердин имамдары бардыгын чогулууга чакырып, азандан кийин "Өзбектер ойгонгула, кыргыздар өзбектерди өлтүрүп жатат", - деп айтышкан. Мечиттердин бул ишке тиешеси бар имамдары кармалып прокуратурага өткөрүлүп берилген. Кийин белгилүү болгондой, Ош шаарындагы бул азан айтуулар жана салют атуу - мурдатан макулдашылган сигнал (белги) болгон. Азан айтылып, салют атылаар замат шаардын ар кай жактарында баш аламандык башталган. Кагылышка чакырган сигнал катары, барабан сыяктуу үн бере турган буюмдарды ургулоо жолу пайдаланган. Мындай үндөр угулаар замат, атайын макулдашылган жерге чогулуу керек болгон. Атайын тинтүү жүргүзүлгөн учурда өзбек улутундагы граждандардын үйлөрүнөн көптөгөн 10-14 нө чейин эле атайын даярдалган сигнал берүүгө пайдалана турган ушундай буюмдар чыккан. Бул маалымат кыргыз тарабындагы да, жана өзбек тарабындагы да ар түрдүү күбөлөрүнүн жардамы аркылуу анык болду. 2010-жылдын 11-июнунда саат 00.20 чамасында Ош шаарынын ИИБ не Ош шаарынын "Алай" меймаканасынын жанында өзбек улутундагы адамдардын тобу кагылыш чыгарганы турат деген маалымат келип түшкөн. ИИБ кызматкерлери аталган жерге келгенде саны 2000 дей өзбек улутундагы адамдардын тобу "Алай" мейманканасына кол салып жаткан жеринен чыгып, тартипке чакырууга аракет кылышкан. Алардын бул аракетине каршылык менен жооп кылып, барган милициянын кызматкерлерин сабай башташкан. "Алай" мейманканасынын терезелери, Ош мамлекеттик университетинин жатаканасынын терезелери сындырылып, бул имараттарга жакын жайланышкан этаж үйлөр, соода орундары, магазиндер ж.б. терезелерине таш ыргытуулар "кыргыздар качкыла, өзбектер калгыла" деген кыйкырыктар менен коштолгон. Ошол эле мезгилде өзбек улутундагы граждандар Абдыкадыров, Мамыров, Навои көчөлөрүндө; Амир-Темир, Туран, Шейит-Дөбө кичи райондорунда чогулушуп өтүп жаткан автомашиналарды талкалашып, кыргыз улутундагы жүргүнчүлөрдү сабай башташкан. Өзбек улутундагы граждандардын тобу тарабынан Ош шаарынын ИИБ ОБДД караштуу имарат талкаланган жана тонолгон. "Алай" мейманканасына, Ош мамлекеттик университетинин жатаканасына кол салгандардын саны 5 000 ге жеткен маалда милиция кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал колдонуу менен кол салып жаткандарды кууп таркатуу аракети жасалган. Саат 06.00. до аталган имараттардан башка филармониянын, Бабур ат. драма театрынын айланасындагы соода орундары, Навои көч. ОшМУнун жанындагы автомайкуйгуч, Ленин көч. "Атабек" кафеси, Курманжан датка көч."Мухаррам-1" магазини жана мурда эле курал-товарлары чыгарылып кеткен "Марко Поло" деген курал сатуучу магазин талкаланып, өрттөлгөн. 6.30. да өзбек улутундагы граждандардын топтору Курманжан датка көчөсүндөгү Фрунзе базарынын жанында чогулуп, кыргыз улутундагыларды сабай баштаган. Жогоруда көрсөтүлгөн окуялардан кийин шаарда баш аламан абал өкүм сүрүп, ар кандай райондордо массалык түрдө курал колдонуу менен тартип бузуулар башталган. Ушуга байланыштуу курман болгондордун көпчүлүгү туш келген учур ушул жылдын 10-12 июнуна туура келет. 11.06.2010-жылы К.Батыровдун жактоочулары тарабынан (өзбек улутундагы 1000 ашуун адамдардын тобу) жума намазынан кийин "Достук" чек ара постуна кол салган жана чек арачылар менен бул адамдар ортосунда атышуу болгон. Оперативдик билдирүүлөр боюнча "Достук" чек ара постуна кол салуу алдын ала пландалган жана бул посттту басып алуу менен Өзбекстандын аскерлери тарапка ок атуу менен чек ара аймагында эки республиканын ортосунда жаңжал чыгаруу көздөлгөн. Кандуу кагылыштын күбөсү болгондордун көрсөтүүсү боюнча Оштогу кагылыш башталганда кыргыздардын каршылык кылганга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Бул факты жаап-жашырганга мүмкүн болбогондуктан бир жактуу иш жүргүзгөн "Human Rights Watch" аттуу укук коргоочу эл аралык уюм дагы 2010-жылы 10- июндан 11 не караган түнү өзбектер тарабынан кыргыздарга күч колдонуп, зомбулук кылуудан улам чатак чыкккан деп тааныды. Күч органдарынын өкүлдөрүнүн көрсөтүүсү боюнча кыргыз жаштарынын көтөрүлүп чыгуусуна өлгөндөрдүн кескиленген өлүгү, өзгөчө кыздардын кыйналып өлтүрүлгөн денелери түрткү болгон.

Бирок ошону менен бирге төмөнкү фактыларды сөзсүз эске алуу зарыл:
- Кандуу кагылышуу башталаар замат эле дүйнөлүк маалымат каражаттары заказ бергендей, кыргыз элин кагылышты баштаган жана укук коргоо, күч органдарын кыргыздар менен бирге өзбек калкын геноцид кылып жатат деген жалган айыптоо маалыматтарын таратышкан. Жаңжалды ким баштаганы азыр жалпыга белгилүү болду, а укук органдары армия менен бирге кагылышты басып, кан төгүүнү токтотуп калышкан. Ушул себептен азыркыга чейин элдин көңүлү суубай, "мыкаачылык менен кескилеп өлтүрүлгөндөр үчүн кыргыздарга өч алууга мүмкүндүк бербей зомбулук кылышты, кагылышка өздөрү себеп болду", - деген ой менен түштүктөгү элдин маанайы суз тартып туру. Дүйнөлүк ММК каражаттарында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан мындай адилетсиз саясат эмне максатты көздөйт деген суроо туулат. Дүйнөдөгү коомчулуктун пикири кандай максатта бурмаланып жатат?
(Уландысы бар)
Түштүк окуяларын изилдөө Коомдук
комиссиясынын төрагасы Марат Жуманазаров