ПАРТИЯЛАРГА АЗИЛДЕР
"АТА ЖУРТКА"
"Ак жолчулар" түштү
ара төрөлүп,
Акылы жок бечелдери
көбөйүп.
Соруп жатты элдин канын
митедей,
Бакиевдин бешигине
бөлөнүп.

Уруп элдин тетир берген
батасы,
Белоруска таштай качты
атасы.
"Ата Журт" деп буруп
өңү, түстөрүн
Эс-акылга келбегени -
катасы.

Жүрөк үшүйт карагандан
тизмесин,
Кантип булар эл-жер үчүн
иштесин.

Кыргыздарды байкуш
кылган ким десе,
"Ата Журттун" тизмесинен
издесин.


"БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНГА"
Адаханга Мирославы
жарашып,
Дале жүрөт туура жолдон
адашып.
"Айла жок" деп түкүрүнөт
элибиз,
Аттарын да уккусу жок
жадашып.

Бүтүндүктү дал
ошолор бүлдүргөн,
Жерди сатып, сууну
сатып күйдүргөн.
Бүгүн минтип чыга калып
капталдан,
Бир партия түзүшкөнгө
үлгүргөн.

Элдин эркин болгондугун
каалашпайт,
Парламенттик түзүлүштү
баалашпайт.
Колго- бутка, оозго
кишен салдырчу
Бир президент болсо экен
деп самашат.

Бийлик тийсе "Бүтүн
Кыргызстанга",
Камчы менен сийдирмекчи
ыштанга.
Акыл-эси жетпей турат алиге
Оозун басып, кысчу
жерин кысканга.

ҮЙ КУРУУЧУЛАР ПАРТИЯСЫНА
Кур сөздөн чарчап талбаган,
"Кумтөрдү" бетке кармаган.
Пайдасын кыргыз
көргөн жок,
Тили эле мунун сайраган.
Секирип сийген катындай
Партияларды тандаган.


"АР НАМЫСКА"
Феликс деген ким эле?
Генералдардын бири эле.
Ооздорун тигип колдошкон,
Кара-бууралыктардын
пири эле.
Кадыр-барк деген сатылбайт,
Кызматың колдун кири эле.

Феликс бүгүн ким болду?
Кыргызга тийген жин болду.
Медведевге баш уруп,
Мекенин сатып тим болду.
Бектурган АДАПБАЕВ.