ҮШКҮРҮК
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)

Эшиктен кирип эле кызын чакырып кыйкырып калат:
- О-оой, Карлыгач, барсыңбы?! Бу, Серикке тамак бердиңби? Үйдө тамак барбы? Ичим катуу ысып өрттөнүп баратат!
Мындайда Карлыгачтын жини ашынып кетет. Бултуңдап-тултуңдап кирет. Казан-аякты калдыратып, апасын жактырбай, көздөрүн жашылдантат.
- Болду, болду бултуңдабай. Мен кичине эле... Тиги, Жибектин сөйкөсүн жуудук. Алтын сөйкө алыптыр. Самоор-сөйкө деп коет го, ошондой...
Ушул сыяктуу болбогон шылтоолордун күнүнө бирин айтып келе берет. Эптеп, эмне үчүн ичкенине себеп табат. Апасынын мындай сөздөрүнө Карлыгач менен Серик экөө көнүп деле калышты. Ал эми атасы тууралуу сөз кылгандан коркуп турушат.
Атасы демекчи...Башта эрте кетип, кеч келчү атасын эми бир айда бир көрүшсө - жакшы, болбосо, эки-үч айлап деле көрбөй калышчу болду.
- Мен ойноп жүрүпмүнбү? Силерди багайын деп иштеп атпаймынбы?!- деп бурк этет бир нерсе десең эле. Ал эми апасы менен атасынын жаакташып айтышканын айтпа.
- Ии, дагы каякта жүрөсүң темселеп? Мени го, мейли, а бул балдарыңды ойлосоң боло...
- Ойлонуп эле жүрөм. Мына, акча таап келип атамбы! - деп бапыратып сунган акчасы да уламдан-улам азайып баратканын көрөт Серик. А акыркы күндөрү атасы башын шылкыйтып гана отура бере турган болду. Качан гана апасынын жаагы биротоло ачылып, сөзгө ууланып баратканда этегин кагып алып туруп жөнөйт.
- Э, тойдум сөзүңө. Бир чыны ысык чай бербей, жанымды аласың да!
- Ысык чайды ичээр жериңен ичип жүргөндүрсүң. Карачы, Карлыгачтын кышкы өтүгү жыртылып калды. Өгүнү жаанда бутуна суу кирип, ооруп калды. Күнү-түнү менен ыкшып жөтөлүп, жүдөп кетти...
А Серик тууралуу сөз козголбойт деле. Дайыма бир орунда отурган ага көп деле нерсенин кереги жок болучу.
- А өзүңдүн айлыгың каякка кетип атат?
- Мен кайсы жарытылуу айлык алчу элем. Жалаң айлык менен үй-бүлөсүн баккан мугалимди каяктан көрдүң эле?! Элдей болуп жер иштетсек да, эптеп бир нерсе табат элек. Карлыгач жаш...
Дагы деле Серик тууралуу сөз болбойт. Солоюп отурган карааны болбосо, андан каяктагы жардам...
- Аз болсо да, тапкан акчаңды балдарыңа жумшабай жатасың да. Ана, азыр келатып тиги Тамаранын камогуна баш баксам "Аялың мынча сом карыз, үч айдан бери бербей жүрөт" деп менден акча шыпырып алды. Мен "Ой, анчалык неге карызга батты?" деп сурасам, "Жалаң арак алып ичет" дебедиби.
- Ошончолук аракты өзүм эле ичип атыптырмынбы...- деп тайсалдай түшөт апасы. -Ар кандай жагдайлар болуп калат. Бирөөнүн туулган күнү, бирөөнүн жаңы бир нерсесин жуумай. Эми тирүү болуп жашап жаткандан кийин...
- А сенин көп ичип баратканыңды айтып эле атышат! Керек болсо, тиги балаңдын майыптык пенсиясын кошо ичип атыпсың го!
Атасы калчылдап кыйкырып кирет. А мындайда апасы андан ашып жаалданып кетет.
- Ичем! Ичим туз куйгандай ачышканынан ичем! Же бир эрдей эр болсочу! Талаалап, үйгө токтобой кеткениң жалганбы? Же ачыгын айтпайсың! Балаңдын түрү болсо - бул!
Серикти колун шилтей көрсөтүп, шилкейин чачырата ажылдап кирет.
- Кайсы жакшылык көрдүм. Эки чычкандай бала менен эптеп өзүм күн көрүп жатам. Эрим бар деп айтайын десем, жокко эсеп. Жок деп айтайын десем, кайсыдыр бир күнү "шоп" этип кирип келесиң!
- Мен биротоло эле кетип калат элем, дагы да болсо буларды аяйм да...
Колдорун кыжырдануу менен ушалап айласын кетип турган атасын таң кала карачу Серик. "Аяйт экен атам бизди. Анда неге башкалардын аталарындай болуп эртели-кеч үйүндө огород айдап,чөп жыйып, мал багып, акча таап жүрбөйт?.." Ушул суроого жооп таба албай эле бушаймана берет.
Ошентип кыйкырышып-кыйкырышып алган атасы менен апасы унчукпай чай ичишип, өз тириликтери менен алек болот. Бир аздан кийин эле атасынын машинеси от алып, дүрүлдөп алыстап кетет...

ХХХ
Ушундай күндөр кайталана берет, кайталана берет. Табияттын төрт мезгили биринен-бирине оошуп, жаз жайга айланып, күз кышка айланганы менен апасы менен атасынын ортосундагы алым-сабак айтышуулардын мазмуну өзгөрбөйт. Серикке чын эле алардын акыйнегинин аягы жоктой сезилчү. А бирок...
Бир күнү атасы келди, самосвалын айдап. Негедир анын кийиниши, жүрүм-туруму башкача болуп өзгөрүп калганын эшиктен кирер замат баамдады Серик. Баштагыдай болуп эле Серикти эркелетип маңдайынан өөп, башынан жыттап сүйлөшүп отурду. Ортого алып келгенин төктү. Оо, карачы! Серикке сонун жемпир, Карлыгачка кыпкызыл өтүк, сонун спорттук кийим алып келиптир. Эт, банан, анар... деги койчу, тамак-аштын түрлөрү... Апасына гана эч нерсе жоктой. Ошого ичинен кыжаалаттанып отурган болчу.
- А апама эч нерсе жокпу? - деп озунуп сурап жиберди жаңы кийимдерин кийип көрүп аткан Карлыгач.
- Бар! Апаңа муну алып келдим,- деген атасы төш чөнтөгүнөн кутуча алып чыкты.
Ал эмне болду экен?- деп баары союндарын созуп калышты.
- Тагынып алчы,- деп бир нерсеге күнөөлүү болгондой сунду атасы кутучаны.
Баса, апасынын негедир акыркы күндөрү таптакыр ындыны өчүп жүргөн. Улам-улам үшкүрүнүп эле, жанын коерге жер таппаган адамча кыйпычыктап калгандай көрүнгөн.
Кутучаны алган апасы андан алтын сөйкөнү алып чыкты. Баягы, Жибек алды деп суктанган самоор-сөйкө...
- Ай-иий, самоор-сөйкө! Жакшы болбодубу! Апа, тагынып алчы, жаркыратып!
Карлыгач так секирип колун чапкылап сүйүнүп, атасынын бетинен өптү.
- Рахмат ата!!!
Апасы колу калчылдап, сөйкөнү тагына албай жатты. Анын жүзүнөн кубануу эмес, өкүнүүнү окуду Серик. Эмнеге?!
Эптеп тагынган апасы ортодо төгүлгөн тамак-аштан бир нерсени көзү менен издегендей болду. Тапты. Четте мойну койкоюп турган бөтөлкөнү алып "аччы" деп атасына карматты. Атасы үнсүз-сөзсүз, бөтөлкөнүн калайын тиши менен ачып, аңгыча белендеп турган стаканга куйду.
- Дагы куй, толтура куй! - деди апасы буйрук бере. Башка убакта "арак ичесиң" деп урушчу атасы азыр апасынын буйругуна баш ийип өз колу менен арак куюп жатканына, бөлүп алган банандарын аймап отурушкан Серик менен Карлыгач деги эле түшүнүшкөн жок.
- Сөйкөң куттуу болсун, алып жибер! - деди атасы. Анын үнү челекке башын салып сүйлөп жаткан адамдыкындай күңүрт чыкты.
Апасы ыстыканды бир дем тартпай жутуп жиберди да, оозун баса калды. Анан шуу үшкүрдү. Арактын ачуусунан көзүн катуу жуумп жиберген эле. Жумулуп турган көздөрүнөн ылдый шоргологон жашты көргөн Серик арактын ачуу даамынан өзүнөн өзү ичиркенди.
- А сен эмнеге ичпейсиң? -деп бош турган стаканга аракты эми апасы толтурду.-Ич, ичип жибер, жаңы алган катының кут болсун!
Атасы унчукпай туруп стакандагы аракты кылтылдатып жутту. Сериктин кулагы дүңгүрө түштү. Акыл-эси айран болуп, ааламы аңтарылып кетти. Обдулуп турганга аракет жасады. Ушунчалык күч менен обдулган экен, коляскасынан ыргып кеткендей болду. Томолонуп жерге түшкөн бойдон бакырды:
- Эмне болуп жатасыңар?!

(Уландысы бар).

Нурбүбү БӨДӨШОВА.