Сурагыла, жооп беребиз!
Менин досум Орусиянын Омск шаарында жашайт. Мен ага бандероль жиберсемби дегем, бирок анын баасы мени таң калтырды. Почта кызматынын (тарифи) баасы кандай экенин ачык билсек болобу?
Н.Бокоев


Почта байланышынын кызмат көрсөтүү ишмердиги чыгашалуу экендиги "Байланыш" тармагын реформалоо мезгилинде эле белгилүү болуп, негизинен ушул фактор 1994-жылы өз алдынча эки байланыш системасына: "Кыргыз почтасы" жана "Кыргыз телеком" болуп түзүлүүгө алып келген.
Башталышында мамлекет тарабынан дотация берүү мүмкүнчүлүгү божомолдонуп, 1994-жылдан 1998-жылдарга чейин Байланыш министрлиги тарабынан "Кыргыз почтасынын" чыгымдары "Кыргыз телекомдун" каражатынын эсебинен орду толукталып келген. 1998-жылы "Кыргыз телеком" Акционердик коом болгондугуна байланыштуу, дотация токтотулган.
Авиа жана транспорт кызматынын, күйүүчү-майлоочу жана запастык бөлүктөрдүн, электр кубатынын, байланыш кызматынын, коммуналдык жана башка тейлөөлөрдүн баасынын кымбаттаганына карабастан, почтанын эл аралык жөнөтмөлөрүнүн тарифтери 2001-2006-жылга чейин каралбай өзгөрүүсүз кала берген.

Андан сырткары, өткөн мезгилде:
o транзиттик өлкөлөрдүн ташып жеткирүү тарифтери;
o авиа компаниялардын тарифтери;
o жолжоболоштуруусу;
o жиберилген өлкөдө жөнөтмөнү жеткирүү;
o почтаны ташууга кеткен чыгымдар көп эсе жогорулап кеткен. Бул өз кезегинде "Кыргыз почтасы" МИсын чоң чыгымга жана төмөнкү рентабелдүүлүккө алып келген. "Кыргыз почтасы" почта жөнөтмөлөрүнүн өзүнүн өзүнө турган баасынын жана чыгашасыз ишмердигин камсыз кылуу үчүн, КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы өлкөлөргө жөнөтүлүүчү почта жөнөтмөлөрүнүн тарифин кайра карап чыгууга мажбур болгон.

"Кыргыз почтасы" МИнын
Генералдык
директору
Ж.Турганбаев




Ипотека үчүн күрөө керекпи?

Квартираны ипотекага алуу үчүн күрөө керекпи? Кайсы документтерди чогултуу керек? Канча айда мага квартираны беришет?

И.Эсенкулов


Күрөө-бул менчик укугун же мүлккө карата дагы башка буюмдук укукту күрөөгө коюу менен акчалай же акча формасында туюнтулган милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы.Сиздин күрөөңүз ипотекага алып жаткан квартира саналат. Башкача айтканда, банк сизге квартира сатып алуу үчүн каражат берип, ал каражатка сатылып алынган квартираны, сиздин акчалай же акча формасында туюнтулган милдеттенмеңизди камсыз кылуу үчүн өзүнө күрөө катары алат.
Ипотекалык кредит менен иштеген бардык банктар сизге керектүү документтердин тизмесин бере алышат. Сиздин банкка болгон арызыңыздын каралуусу үчүн болжолу менен төмөнкү документтер талап кылынат:
1. паспорттун көчүрмөсү, же ким экендигин тастыктаган башка документ
2. мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3. эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
4. нике тууралуу күбөлүк;
Төмөнкү документтердин аныгы жана көчүрмөсү:
1. иштеген жериңиз жөнүндө маалымат (директорунун жана башкы бухгалтердин аты-жөнү, дареги, телефондор)
2. кирешеңизди аныктоочу документтер;
3. иштеген жериңизден акыркы 12 ай ичинде алган айлыгыңыз жөнүндө справка директордун, башкы бухгалтердин колу жана мөөрү менен тастыкталган болуш керек;
4. эгерде сизде башка киреше болсо, мисалы, арендадан алган киреше, дивиденд, бул тууралуу тастыктоочу документтер;
5. сатылып алынып жаткан мүлккө укукту ырастоочу документтер (мисалы: соода-сатык, тартуулоо келишими, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк);
6. үйдүн же квартиранын техникалык (инвентардык иш) паспорту;
7. сатып алынып жаткан үйдүн же квартиранын коммуналдык төлөө үчүн карызы жоктугун тастыктоочу документтер;
8. ишеним каттын көчүрмөсү, менчиктештирүү убагында катталгандар тууралуу справка, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк, нотариалдык жактан документтерди толтуруу үчүн керектүү документтер;
Банк көрсөткөн документтерден башка да документтерди талап кылууга укуктуу. Алар жөнүндө ар бир банктын кредиттик бөлүмүнөн маалымат ала аласыңар. Үйдү же квартираны алуу мөөнөтү боюнча суроо да ар бир банкта ар башка өзүнчө чечилет.





Мен жумуш учурунда залакат алгам. Бирок, мага иш берген адам чыгымды төлөп берүүдөн баш тартууда. Мен кандай чара көрүшүм керек?
Нурлан К,


Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жумушчуга эмгек коопсуздугунан сактанганга жана ден соолугуна тийген зыянды толуктап кайтарып алууга укук жана кепилдик берет.
Кырсык алган Нурлан К. биринчиден арыз менен биздин мекемеге жумуш учурунда залакат алгандыгы тууралуу кайрылуусу зарыл. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 223- беренесинин 19-пунктунун "капысынан өндүрүштө болгон кырсыкты изилдөө жобосу" негизинде жана иштеген мекеменин буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия жумушчу ордуңузга чыгышат, болгон кырсыкты тактап иликтегенден кийин Акт Н-1 "Капысынан өндүрүштө болгон кырсык" түзүлөт. Жумуш берүүчүгө Нурланга тийген зыяндарды толуктап кайтарып берүүсүнө, түзүлгөн Акт Н-1 документи кепилдик боло алат.
Эмгек Кодексинин 225, 226, 228 беренелеринин негизинде жумушчулардын эмгек милдетин аткарууда иш ордунан ден соолугуна тийген залакаттарды, зыянды, кесибине байланыштуу ооруга чалдыккандардын алган зыяндардын ордун толуктап кайтарып берүүгө, жумуш берүүчү милдеттүү түрдө жооп берет.

Эмгектин техникалык
инспекциясынын
начальниги
Д.Тыныбеков


Даярдаган Г.Холкин