Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Ата Мекен" - абройлуу партия

Мына, элибиз көптөн бери күткөн Президентибиздин 10.10.2010-жылда "Парламенттик шайлоолорду өткөрүү" жөнүндөгү Указы чыкты. Бул күнү партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке 120 депутат шайлашыбыз керек. Ушул 120 эл өкүлдөрүн эч кандай чыр-чатаксыз шайлап алсак, ошондон соң мыйзамдуу парламент жана жаңы өкмөт түзүлөт.

Ошентип парламенттик шайлоого старт берилди. "Жарышта күлүктөн күлүк калса, төрт аягы тыбырайт",-дегендей, өлкөбүздөгү 150 гө жакын саясий партиялар парламенттен арбын орун алуу үчүн жапырт шайлоого аттанышты. Ал эми "Республика", "Ата Журт" ж.б. партиялары "чабал өрдөк мурда учат",-дегендей, өздөрүнүн үгүттөө иштерин бул Указ чыга электен 1 ай илгери эле баштаган болчу. Учурда Республикабызда 150дөй партия бар экен. Эгерде алардын саны 7.04.2010-жылга чейин 104 гана болсо, 4 айдын ичинде эле ага дагы 40 тан ашуун жаңы партиялар түзүлүп, кошулган. Азыр бир жерде 5-6 адам чогуу турса, таш ыргытсаң сөзсүз бир партиянын мүчөсүнүн башына барып тийет. Ушул тапта жаңы партия түзүш абдан эле оңой болуп калды, 2 адам бириге калып эле заматта бир партия түзө коюп жүрүшөт. Ошондуктан "Саны бар, сапаты жок, аты бар, заты жок" партияларга байып эле жатып калдык учурда. "Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде кандай эргул шайланат",-дегендей, бул партиялардын карапайым калк арасында кимисинин кандай кадыр баркы бар экендигин шайлоонун жыйынтыгында билебиз го. Жогоруда белгилегендей, учурда өлкөбүздө 150гө жакын саясий партиялар бар экен. Чындыгында алардын арасында камчыга сап боло турган 5-6 гана партия бар. Төмөндө сен сөз кыла турган "Ата Мекен" социалисттик партиясы ушул сансыз партиялардын ичинен атына заты жарашкан, эски бийликтердин акыр-чикирине аралашпаган тазасы десем жаңылышпайм.
"Ата Мекен" социалисттик партиясы 1992-жылы 7-ноябрда уюшулуп, ошол эле жылы 16-декабрда мамлекеттик каттоодон өткөн. Партиянын негизги максаттары жана багыттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет: көз карандысыз, демократиялык, укуктук, социалдык кыргыз мамлекетин түзүү; улуттук экономикасын уюштурууда жана улуттук байлыкты адилет бөлүштүрүүдө мамлекеттин жетекчи ролун камсыз кылуу; Республиканын калкынын бардык катмарларына карата бирдиктүү мамлекеттик социалдык коргоо саясатын камсыз кылуу; жарандардын жалпы билим алууга жана медициналык кызмат алууга тең укуктуу жетүүсүн камсыз кылуу ж.б.
Мына, андан бери 18 жылга жакын мезгил өттү. Учурда бул партиянын 10 миңдеген мүчөлөрү жана 100 миңден ашык жактоочулары, колдоочулары бар. Ошентип "Ата Мекен" социалисттик партиясы өлкөбүздөгү мүчөлөрүнүн саны менен гана эмес, алып барып жаткан иштери, коомчулуктагы кадыр-баркы, бедели боюнча да алдыңкы орунду ээлеген бирден-бир партия. Уюшулгандан берки ишмердиги менен Кыргызстандын шартында да нормалдуу партия түзсө болорун иш жүзүндө далилдеп келет. Карапайым калктын камын ойлогон келечектүү партия.
Үстүбүздөгү жылдын 7-8 август күндөрү Бишкектеги "Спартак" стадионунда "Ата Мекен" партиясынын кезектеги VIII съезди болуп өттү. Анда 30 миңден ашык делегаттар жана партиянын жактоочулары катышып, партиянын лидери Ө.Текебаев докладында "Кыргызстан криминалдуу өлкөгө айланып баратканын, аны жарым жыл ичинде криминалдардан тазалоо керектигин өзгөчө" белгиледи.
Эми бул партиянын негиздөөчүсү жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетейин: Өмүрбек Текебаев маалында айылдын катардагы мугалимдеринин бири болчу. 1989-жылы Базар-Коргон районундагы Кайырма айылындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектептин физика мугалими болуп иштеп жүрүп, район эмес республикабыздын тарыхында биринчи болуп, жогорку класстардын окуучуларын күздө пахта теримине чыгарууга каршы чыгып "Балдар окушу керек, аларды окуу мезгилинде айыл-чарба жумуштарына пайдаланууга эч кимдин акысы жок",-деп өзү жетектеген класстын окуучуларын пахта терүүгө чыгарбай койгон. Мына ошондон кийин райондук чоңдор тарабынан катуу куугунтукка алынып, бир жыл бою өз айылындагы мектептерден орун тийбей, айласыздан 25-30 чакырым алыстагы мектепке барып-келип иштөөгө мажбур болгон. Ошентип, багы бар экен, карапайым жердештери аны бир добуштан колдошуп, 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлашты. Ошол мезгилден баштап өлкөбүздүн Жогорку Кеңешине катары менен 4 жолу депутат болуп, эл өкүлү катары белсенип ак ниеттүү иштеп берди. Азыр ал өлкөбүздөгү эң компотенттүү, билимдүү, акыйкатчыл, принципиалдуу, дасыккан саясатчы. Анын мындайлыгын көралбаган Бакиев аны ак жеринен каралап, "Матрешка" операциясын уюштуруп, бир тууган иниси Асылбекти "наркобарон"-деп, жалаа жаап Акаев каматкан. "Ак ийилет, бирок сынбайт",-дегендей, акырында мунун баары жалган болуп, ушундан соң Ө.Текебаевдин авторитети абдан өстү карапайым калк ичинде. "Бирөөгө ор казсаң, тайыз каз, өзүң түшүп калбагын"-дегендей, казган оруна ошол Акаев менен Бакиевдер өздөрү түшүп калышты го кийин.
Бакиевдин бийлиги убагында Ө.Текебаев ЖКга спикер болуп туруп, тез арада кызматын таштап кетип калды. Ошондо мен, ушул ажо жердеши менен иштеше албай койду, "өз агасын агалай албаган, бирөөнүн эшигин сагалайт",-болот го деп ойлогом. Бирок чындык Өмүрбек тарапта экен, ошондо, ал эми Бакиев адатынча түлкүлүгүнө салып, аны элге жаман көрсөтүү амалын кылган турбайбы. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт",-дегендей, Ө.Текебаев ушул мезгилге чейин башынан көп эле кыйынчылыктарды өткөрдү. Бирок, мөгдөп, баш ийип, чөгөлөп калбады. Тескерисинче, жылдан-жылга чыйралып такшалды, турмуштан туура сабак алып, адилеттүү дасыккан саясатчыга айланды.
Ошентип, жыйырма жылга жакын мезгилден бери үй-бүлөлүк башкаруунун азабын тарткан өлкөбүз КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, парламенттик башкаруу формасын тандап алды. Демек, биздин өлкөдө башкаруу системасы түп-тамырынан бери өзгөрүүсү керек. Мындай башкаруу формасын киргизүү демилгеси негизинен "Ата Мекен" партиясы тарабынан болду. Кыскасын айтканда, элим дегенде "ичкен ашын жерге койгон", Ө.Текебаев жетектеген "Ата Мекен" социалисттик партиясы бул парламенттик шайлоодо карапайым калкынын жетиштүү добуштарына ээ болуп, жаңы өкмөттү түзөрүнө ишеничим зор. Анткени, ушул тапта бүт жоопкерчиликти мойнуна алып, мамлекеттик машинаны талкалабай, туура жолго салып айдап кете ала турган партия - бул бүгүнкү күндө кыргыз саясатында татыктуу орду, жетиштүү аброю, көп жылдык тажрыйбасы, өлкөнү өнүктүрүү боюнча жакшынакай программасы, миңдеген иштерман мүчөлөрү бар "Ата Мекен" партиясы болуп саналат.
Апсамат НУРКАМИЛОВ,
эмгек ардагери
Жалал-Абад облусу,
Базар-Коргон айылы




Кыргыз Республикасынын
Президенти Р.И.Отунбаевага
Лойд-Джудсон Бенжаминдин
Кыргызстандагы жактоочуларынан
Канкор Бакиевдин кандуу бийлигинин кызыл камчысы болгон Башкы прокуратуранын былык иштери бүгүн да улантылууда. Коррупция менен мафиянын уюгуна айланган Башпрокуратура 7-апрелден кийин оңолуп кетет деп чоң жаңылыппыз. Акты кара деп, караны ак деген шылуундар кандай иш болбосун будамайлап туруп кызыл акчага айландырышат. Булар бир гана законго баш ийишет. Ал закон - акча. Акчаң жок болсо анда ишиңдин бүткөнү. Законго таямыш болуп туруп өзүңдү жылаңач калтырып, бала-чакаңды кошуп туруп үйүңдөн айдатып чыгат. Рейдерлик жол менен басып алуу, менчикти тартып алуу жагынан булар дасыккан чеберлер экенин кыргыз эли жакшы билишет.
Элдик Революция болуп элдик бийлик орногонун, бийликке эл жер үчүн кам көргөн таза адамдар келгенин Башпрокуратурадагылар анча жактырышпады. Себеби, ичип-жеп көнгөн немелерге мурдагыдай пайда түшпөй, каалаганын жасай алышпай калбадыбы. Ошондуктан эски бийликке жан тартышып, колдорунан келгенин бүт жасашты. Мисалга, Бакиевге жан тарткан дунган улутундагы Сумар Насиза деген шылуундун шылууну мурда Башпрокурордун орун басары болсо бүгүн деле ордунан эч козголбой администрация башчысы болуп алган. Бакиевди кудайындай көрүп, өзүнүн каалаганын закон деп түшүнгөн шылуун А.Бекназаров менен Б.Ибраевди ооздуктап алганы көрүнүп эле турбайбы. Канкор Бакиевди ана кармайм, мына кармайм деп жулунган Бекназаровдун жанында билерман Насиза турганда, Бекназаровду шайтан азгырдыбы же Насиза азгырдыбы? Жыйынтыгында Бакиевдер миллиарддаган акчаларды уурдап каалаган жактарына качырылды. Калган-каткан куйруктары үй түрмөгө чыгышып, кутуруп жүрүшөт.
Эми, кыргыз элинин жүрөгүн өйүгөн эң кейиштүү окуя 7-апрелдеги эл жер үчүн курман болушкан 95 азаматтын өлүмү. Бул окуя кыргыз элинин айыкпас жарасы болуп кала бермекчи. Бирок, Башпрокуратуранын көрсөтмөсү боюнча 95 адамдын өлүмүн далилдеш керек экен.
Эч качан бүтпөгөн, бүтсө да так аныктай албаган баллистикалык экспертиза менен. Бул кайгылуу окуяны бүтпөгөн экспертизага такап коюш Насизадан башка эч кимдин оюна келбесе керек. Бекназаровго кереги жок, Ибраевге кереги жок, бирок ким кызыкдар болууда бул жерде? Дененин бир жагынан кирип экинчи жагынан чыгып кеткен ок табылбаса, же ок аткан курал табылбаса, ал эле эмес ок аткан снайпердин өзүн кармашпаса, анда далил жок деген кеп да. Жыйынтыгында эч кандай далил табылбаса канкор Бакиев эртең эле кыйкырып чыгат "мына, бийликти басып алабыз деген наркомандар бирин бири кырып салышкан" деп. Аягында "айкөл" атка конуп Бекназаров жаман атты болсо, Башпрокурор Ибраев ишинен кетти.
Ал эми куулугу башынан ашкан С.Насиза болсо, былык иштерин дале улантууда. Бир туруп билерман болуп, Ош окуясында кыргыздардан араң эле 93 адам, өзбектерден 204 адам өлгөн деп жалган маалымат ышкыртса, бир туруп Татьяна Бакиеванын тамдары жөнүндө кеп урат. Бул тамдар кандай жол менен сатылат, же айланып отуруп Бакиевдердин өзүлөрүнө ыйгарылабы, аны Насиза чечет.
Өзүм билемдикти аябай өздөштүргөн шылуун эми рейдерлик жол менен бирөөнүн менчигин тартып алсам дейт. Еврокомиссиянын мүчөсү катары Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жаран Ллойд-Джудсонго кыргыз жери аябай таасир калтырган экен кыргыздын боз үйүнө суктанып, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракетин баштайт. Ошол эле убакта чет өлкөдөн өзү тартып келген инвесторлордун акчасына бир нече тамдарды сатып алган. Куу шумдук деген эмне экенин түшүнбөгөн, евростандарт менен жашап көнгөн немеге Токмокто ууру кылып соттолгон дунган улутундагы ууру аял туш болот. Чет өлкөлүк жаранды а дегенде башын айлантып, андан кийин коркутуп-үркүтүп отуруп аны менен эки айча жашайт. Ушу эки айдын ичинде аны менен ОсОО түзө коюп, үй-мүлкүн тартып алганга аракет кылып сотко кайрылат. Бирок 4 жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин бардык соттор экспертизалары менен Ллойддун иши да, өзү да ак экенин аныкташат. Эми, Жогорку соттун чечими закон болбой эле, Насизанын өзүм билемдиги закон болуп калыптыр. СНБга заказ берип чет өлкөлүк жаранга кылмыш ишин козготуп, аны издөөгө салдырып, каалаган экспертизасын жаздырып алып, кайрадан сотто караттырат имиш. Коорупциялык схеманын атасы болуп алган шылуундун шылууну тигинин тамдарын тартып алып, ууру аял менен тең бөлүшүп, анча-мынчасын сот акесине ыргытып дагы бир жолу пайдага тунгусу бар.
Кыскасы, мындай шылуун Башпрокуратурада эмес түрмөдө отурушу керек, же болбосо ууру аялды ээрчитип алып Бакиевдин артынан кетиши керек.
Бул ишти толугу менен көзөмөлгө алып, чет өлкөлүк жарандын укугун коргоп берүүңүздү сурайбыз.

Ллойд-Джудсондун
Кыргызстандагы
жактоочулары
Зарлык ДЫЙКАНБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??