Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 2
"Содружество" саясий партиясы
Өмүрбек Суваналиев:
"Темирдей тартип, таза келечек үчүн!"

Эгемендик жылдардан бери жылдызы жанып, атагы таш жарган Өмүрбек Суваналиевдин айланасындагы ар кыл кептер анын генералдык духун бийиктетип, аброюн өстүрүп келгени шексиз. Учурда эр ортону элүү жаштын сересин багынткан Өмүрбек мырзанын артында ары даңктуу, ары сыймыкка толгон кубаныч-кайгысы аралаш бай тарых камтылганын Кыргызстандыктар жакшы билишет.

1990-жылы Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары болуп иштеп жаткан жаш милиционер Суваналиевдин аэропорттогу самолетту барымтага алып алган жанкечти менен сүйлөшүүгө чыгып, натыйжада адистик тактиканы катуу өздөштүргөн Өмүрбек мырза чагылгандай тездик менен чуркап барып террористтин колундагы гранатаны жулуп алгандыгы боюнча бүтүндөй республикага "дүң" дей түшкөн окуя саясий аренада дагы бир келечеги кең саясий ишмердин бейнесин пайда кылды. Ошондон баштап канындагы тайманбас эрдиги менен ширелген мекенчилдик сезими күчөп, өз ишинин накта адиси гана эмес, тайманбас, таза жана дасыккан саясий ишмер болуп чыга келди. Учурда көпчүлүк кыргыздар Суваналиевди Каттани атка кондурушкан. Италиялык мафиянын бетин ачкан атактуу каармандын атына жанашып калышы анын жогорудагы даңктуу эмгегине карата элдин берген баасы болуп калган эле.
Казармандан орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Өмүрбек биринчи ирет атасынын эркине каршылык кылып, Караганда шаарындагы СССР ИИМинин Жогорку мектебине тапшырат да, окууну аяктаган соң Таласта оперативдүү топто эмгектенет. Анын алгачкы атын чыгарган жана элибизге таанымал кылган Талас областтык УВДсынын "канатында калкаланган" кызыл кулактардын (соодагерлердин) "Цыган" каналын жабышы, териден жасалган дефицит буюмдардын "жең ичинен" саткан соодагерлердин, ошол топту жетектеген "Барондун" бетин ачышы ошол учурда жаш да болсо Өмүкеңдин эл үчүн таза эмгегинин башаты болгону талашсыз окуя эле.
Оперативдүү ишке такшалган Ө.Суваналиев 1985 - жылы борбор шаарга которулат. Эт комбинатынан бир канча малдын эти уурдалганы боюнча маалымат түшөт. Кылмыш бетин ачуу жеңил эмес эле. Эртең менен эрте келген оперативдүү топтун аракети билинип калып, бул кылмышка катышкан экөө качып кеткени менен, алардын башчысы "Камо" 300 килограмм эти менен колго түшүрүлгөн.Тергөөчүлөр оош-турулуп, сурак ыкмалары улам алмаштырылган менен кылмышкер күнөөсүн моюнга алган эмес. Ө.Суваналиев айыпталуучунун психологиясын терең изилдеп чыгышы өзүнүн оң жыйынтыгын берип, ал эттин кандай жол менен уурдалып чыгарылаарын айтып берүүгө мажбур болгон.
1991-жылы Чолпон-Ата шаардык ИИБисин жетектеген Ө.Суваналиев жергиликтүү соода мафиясына каршы күрөшкө чыгат. Карапайым калктын малын арзан баада сатып алуу, япондук техниканы, телевизор, муздаткычтарды эселенген баада кымбаттатып сатууну уюштургандардын каршылыгына учурады. Ошол учурда жогорку даражадагы партиялык босстун уулун наркотикалык зат менен кармап, тергөөгө жөнөткөндүгү бийлик төбөлдөрүнө жакпай калды. "Комиссар Каттани" деп эркелетсе, бийлик мунарасындагылар атайын "кылмыш ишин" ойлоп табышты да, облустун борборуна "кеңешмеге" чакырышат, бирок жолдон камакка алынып, жашыруун борбор калаага жеткирилет. Түрдүү сүйлөшүүлөр, коркутуулар анын эркин сындыра албады. Ошол учурда "Каттанини" бошотууга Ак үйдүн алдына биринчи ирет милиция формачандар чыккан эле, аны карапайым калк да колдоого алышкан. Ө.Суваналиевдин үстүнөн козголгон "кылмыш" иши далилденген жок, натыйжада 9 айдан кийин сот бул ишти карап, актоого мажбур болуп, кайрадан кызматына коюуга бийлик мажбур болду.
1997-жылы өлкөдөгү курчуган кырдаалды жөнгө салуу үчүн депутаттык мандатын таштап Ош облусунун УККсына жетекчилик кылды. Республика жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүлүп Афганистандан Иранга ташылып бара жаткан 16 вагон курал-жарактарды колго түшүрүп, кылмыштуу бийликтин бетин ачкан.
Санап отурсаң Өмүрбек Суваналиевдин эмгек жолунда мындай эрдиктен баш адашат. Жогорудагы хронология анын турмуштагы тайманбас бекем эркин, офицердик духун айгинелеп турат. Мындайды кыргыздар "эр жүрөк", "атанын уулу" деп тергейт. Ошол атанын уулу бүгүнкү оор кырдаалда турган алсыз мамлекеттин келечегине үлкөн салым кошуу үчүн алдыдагы парламенттик шайлоого "Содружество" саясий партиясынын катарында баратат. Анткени бул партияда чындап мамлекет үчүн талыкпай кызмат өтөгүсү келген ар улуттун өкүлдөрүнөн турган интернационалдык топ эмгектенет. Ошондуктан жаратман жана эмгекчил инсандардын тобун камтыган бул партияга, мамлекеттин келечегин ишенип тапшыруу мезгил талабы экендиги түшүнүктүү.

Макала "Содружество"
партиясынын шайлоо
фондусунан каржыланды.



Ө.Текебаевге орусиянын каршы
чыгышынын себептери эмнеде?
Шай оодарган шайлоонун шайтан оюндары жакындаган сайын ар кыл саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш улам ачыкка чыга баштады. Буга чейин Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүнө каршы болуп келген Орусия бийлиги бул башкаруунун Кыргызстанга ылайык келбестигин айтып келе жаткандыгы маалым. Муну президент Медведев да бир нече ирет Кыргызстан тууралуу оюн айтып жатып тастыктаган. Эми шайлоонун үгүт өнөктүгү аяктап бара жаткан тушта парламенттик башкаруу системасынын чечкиндүү жактоочусу болгон "Ата-Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге орус массалык маалымат каражаттары тарабынан ачык чабуул башталды. Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында жарыяланып, көп талашты жараткан порно видео Орусиялык НТВ телеканалынан көргөзүлдү. Учурда коомчулукта кызуу талкууну жаратып жаткан бул маселе туурасында бир нече адамдын пикирин берүүнү туура таптык.

Жанарбек Акаев,
"Азаттык" үналгысынын
кабарчысы:
-Эми мындай да. Парламенттик башкаруу системасын Кыргызстанга орноткондордун башында Текебаев турбады беле. Анан, Орто Азияда биринчилерден болуп парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстандын чыныгы ийгилигин көрө албаган орус бийлигинин жасаганы деп эсептейм. Булар эми парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышат. Орусияга жүгүрүп барып жүгүнүп турган Кулов сыяктуу оппозиция өкүлдөрүн колдоп, эркин ой жүгүрткөн, элди ойлогон Текебаев сыяктуу лидерлерди басып салууга аракет кылышат. Анын себеби түшүнүктүү. Анткени Текебаев башкаларга окшоп орустарга жүгүнгөн жок. Бул жерде "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" дегендей болуп жатат да. Айтып жатышпайбы "Текебаев буга расмий жооп бериш керек" деп. Менимче Текебаев буга бийиктик менен мамиле кылышы зарыл. Анткени ал бир мамлекеттин башында тура турган чыныгы лидер. Ошондуктан Путиндин айдактама ММКларына жооп берүүнүн өзү туура эмес. Бул көңүл бура турган маселе эмес. Эл муну түшүнүп турат. Мисалы мен жанагы көрсөтүүнү көргөндөн кийин Текебаевди колдоп, ага добуш берүүнү чечтим.

Марс Сариев,
саясат таануучу:
-Орусия - Кыргызстандын тышкы саясатындагы башкы оюнчу. Ошондуктан бул жакшы белги эмес. Анткени орус бийлиги Текебаевди жактырбайт. Себеби Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алды. Бирок, кандай болгон күндө да биз орус бийлигине ачык күнөө кое албайбыз. Себеби НТВ каналы кандай болгон күндө дагы формалдуу түрдө эркин канал деп аталат. Ошентсе да өз алдыбызча жыйынтык чыгарсак болот, бул деген Орус бийлиги тарабынан чечкиндүү соккунун башталышы. Бул абдан жийиркеничтүү көрүнүш. Бул менимче Кыргызстандын парламенттик системага өтүшүнө кыр көрсөтүү максатында жасалган кара пиар. Себеби Текебаев Кремль менен эсептешпесин алар жакшы билишет.

Равшан Жээнбеков,
"Ата-Мекен" социалисттик
партиясынын төрагасынын
орун басары:
- Орусиянын телекомпаниясы өздөрүнүн ыплас көрсөтүүлөрү менен Текебаевге каршы эмес, бул биздин улуттук намысыбызга, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө каршы иштеп атышат. Алар элдин тандоо укугуна кандайдыр бир деңгээлде таасир бергиси келип атат. Биз дагы эле кулчулук, колонизаторлук аң-сезимдерден кете албай атабыз. Биздин кээ бир партиялардын лидерлери, биз лидер болобуз деген адамдар кулдарча алардын (Кремль) алдына чуркап барып атышат. Алардын айтканын жасайбыз деп атышат. Алардын саясатын Кыргызстанда каалагандай жүргүзүп беребиз деп айтышкандан кийин ошол саясатчыларды колдоп, ал эми алардын кызыкчылыгына жооп бербеген адамдарды шайлоо алдында четтеткен атышат. Биздин өз алдынча саясат жүргүзгөн саясатчыларга каршы иштеп атышат.

Аскар Бешимов,
саясат таануучу:
Бул эми өтө ыплас нерсе. Менин оюмча, бул айрым партиялардын жасап жаткан ыплас иштери. Ошол эле учурда Орусия бийлигинин да кызыкчылыгы бар. Себеби Батыштын принцибин карманган партиянын калың элдин колдоосуна алынышын орус бийлиги көрө албайт. Текебаев бүгүн Кыргызстандын башына келе турган адам. Ал жетектеген партия парламенттеги көпчүлүктү түзүшүн орустар каалашпайт. Ошондуктан бир гана Текебаев эмес, Кыргызстандыктардын эркин сындыруу аракети жүргүзүлүп жатат.

Жыргалбек
Касаболотов,
конфликтолог:
- Орусияда маалымат каражаттарынын көпчүлүгү бийликтин көзөмөлүндө. Ошондуктан ал жакта бийликте отургандардын бул ишке таасири бар болушу керек деп ойлогонго толук негиз бар. Шайлоо жакындаган сайын мындай ыплас технологиялар дагы күч алат болушу керек.
Собол салган
Акмат АСАНОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_8.htm on line 66