Шайлоону шайтан оюнга айлантпайлы

МАНДАТ БӨЛҮШТҮРҮҮ КАНДАЙ БОЛОТ?
Парламенттик шайлоо улам жакындаган сайын, андан орун алып калууга жан далбас уруп жаткан партиялардын үгүт иштери үрөй учурган деңгээлге жакындап баратат. Калп айтып,асмандагы Айды алып беребиз дегендер андан көбөйдү. Айлык,пенсия, пособиени көбөйтүп жиберебиз дегендер мындан көп. Ушуга окшогон курулай убадаларды негизинен 7-апрелден кийин баш көтөргөн же көз жарган партиялар жамырап жатышат. Ал эми 7-апрелге чейин эле Акаев, Бакиев бийлиги менен күрөшүп, аларга сатылып кетпеген 2-3 эле партия илгертен алган багытынан жазбай, негизги максат болгон үй-бүлөлүк коррупциялашкан президенттик бийликти кулатып, эми коррупцияга жол бербөөчү элдик бийлик -парламенттик башкарууга кадам артынан кадам коюп баратат. "Оймокчул аял ишине мас, ойношчул аял түшүнө мас" демекчи, "парламентте отуруп калыптырмын" деп түшүнө мас болгон партиялар ойду-тоону убада кылып, элдин башын айлантып жатканда, күрөштө курчуган, өйдө-төмөн кыйчалыш шарттарда такшалган карт партиялар оймокчул, иштүү аялга окшоп, алдыдагы парламенттик мамлекет түзүүнүн түйшүктөрү менен алек болуп, элди жетишилген ийгиликти колдон чыгарып жибербөөгө, убадачыл партияларга алданбоого чакырып жатышат. Демек эл эч качан жаңылбайт, эч качан алданбайт, куру убадаларга азгырылбайт.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндүн эртеси да болоор. Ошондо Борбордук шайлоо комиссиясы мандаттарды бөлүштүрүү ишине киришет. Бирок биздин редакциябызга телефон чалышып, мандат бөлүштүрүүнүн жол-жобосу кандай боло тургандыгына кызыккандар күн санап көбөйө баштады. Алай районундагы Жаңы-Алай орто мектебинин директору Аскар Адапбаев, Аксы районундагы Падыша-Ата айылынан эмгек ардагери Адыл Мамытов, Лейлек районундагы Катыраң айылынан ардагер мугалим Санта Досматова, Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынан Каймазар Жамангараев, Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынан ардагер мугалим Ильяс Темирбеков, ардагер журналист Аман Көчөрбаев ж.б. ондогон окурмандарыбыздын өтүнүчтөрүн канааттандырып, депутаттык мандат бөлүштүрүүнүн жол-жобосун түшүндүрүүгө бел байладык. Ушул маселени БШК мүчөлөрү теледен, радиодон же гезиттерден эл-журтка түшүндүрүп коёбу десек - алар башка иштер менен көбүрөөк алектенип, "партиялар өздөрү чечишип алаар" деген кыязда болуп, бул маселени унутуп коюшкандай.
КРгы шайлоо жөнүндө КРнын Кодексинин 77-беренесинин 3-пунктунда мандат бөлүштүрүүнүн жол-жоболору жазылган. Миңдеген карапайым шайлоочулар анча аңдай бербеген бул түшүнүктөрдү биз гезиттин жөнөкөй тилине салып чечмелөөгө аракет кылалы.
Алгач 5 жана 0,5 пайыздык тоскоолдуктар жөнүндө учкай кеп. Жогорку Кеңешке өтүү үчүн жарышка катышып жаткан 29 партиянын ар бири БШК бекиткен Кыргызстандагы 2 млн 800.000 шайлоочунун 5 пайыз добушун, б.а. 140 миңден кем эмес добуш алуусу керек. ( Шайлоочулардын санынын жүздүк, ондук өлчөмгө чейинки так саны БШКда бар.) Ал эми 0,5 пайыздык босого 7 область жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча. 29 партия бул кичи босогодон аттап өтүш үчүн ушул 9 административдик аймактагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын 0,5 пайыз добушуна да ээ болуусу керек. Мисалы, Таласта 110 миң шайлоочу бар десек, анын 0,5 пайызы - 550 добуш. Мандат бөлүштүрүүгө катышуу укугуна жетишүү үчүн ар бир партия 9 аймактагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын 0,5 пайыз добуштарына да ээ болушу зарыл. Бул деле оңбогондой таймаш. Маселен, бир партия жалпы республикалык 5 пайыздык босогодон өтүп, 0,5 пайыздык 9 босогонун сегизинен өтүп, же Талас областы, же Ош шаары боюнча бир гана босогодон өтө албай калса жыдыйт жана мандат бөлүштүрүүдөн куру калат.

5 жана 0,5 пайыздык босогодон парламенттик шайлоодо 7 партияда өтүп келди деп коёлу. Аларды шарттуу түрдө "Алма", "Өрүк", "Алча", "Жаңгак", "Алмурут", "Шабдалы", "Абрикос" партиялары деп атап коёлу.
Эми мандат бөлүштүрүү кандай жүрөт, ошого токтололу.
Шайлоого жалпы шайлоочулардын 89 пайызы келди деп эсептейли, ошондо добуш бергендердин саны 2 млн 492 миң болот. Кийинки кезекте 2 босогодон өткөн 7 партияга берилген жалпы добуштун санын эсептейбиз. Ал сан добуш бергендердин 85 пайызын түзүптүр деп алсак, ал 2 млн 118170 добуш болот. Мандат бөлүштүрүүгө илинбей калган 22 партиянын топтогон жалпы добушу 373830 болуптур, бул шайлоого келгендердин 15 пайызы.
Эсеп жүргүзүүнүн кийинки кезегинде ар бир партия канча добуш алганын билип алышыбыз керек. Анын маалыматтары участкалык, райондук, областтык шайлоо комиссияларынан өтүп, БШКга берилет. Кайсы партия канча пайыз добуш алганын төмөнкү таблицадан болжолдуу келтирели:
1. "Алма" партиясы - 29%, добушу - 614269
2. "Өрүк" партиясы - 20 %, добушу - 423634
3. "Алча" партиясы - 16%, добушу - 338907
4. "Жаңгак" партиясы - 11%, добушу - 232998
5. "Алмурут" партиясы - 7,6%, добушу - 162435
6. "Шабдалы" партиясы - 7,3 %, добушу - 156173
7. "Абрикос" партиясы - 7,07%, добушу - 149864.

Эмки кезек эң көп добуш алган партияга 65 мандат берүүгө жетет. Биздин мисалда ал партия - "Алма". Электен өткөн партияларга берилген жалпы добуштан "Алма" партиясына берилген добушту кемитебиз, демек 2.118170 добуштан 614269 добушту кемитсек, 1 млн 503901 добуш калат. Бул добуштарды эми "Алма" партиясынан артып калган, парламенттик оппозицияны түзүүчү 55 мандатка чачышыбыз керек. Алгач 55 мандаттын ар бир мандаты канча добушка барабар болоорун табышыбыз керек, демек 1.503901 добушту 55ке бөлсөк 27343 чыгат. Бул - бир мандаттын добушу.
Эми электен өткөн ар бир партия ээ болгон добуштарды бир мандат үчүн квоталык добуш болгон 27343кө бөлүп чыксак, ар бир партия канча мандатка ээ болгону билинет:
2. "Өрүк" партиясы - 423634 : 27343 - 15,49 мандат
3. "Алча" партиясы - 338907 : 27343 - 12,39 мандат
4."Жаңгак" партиясы - 232998 : 27343 - 8,52 мандат
5. "Алмурут" партиясы - 162435 : 27343 - 5,94 мандат
6."Шабдалы" партиясы -156173 : 27343 - 5,71 мандат
7."Абрикос" партиясы - 149864 : 27343 - 5,48 мандат

Бардыгы - 50 мандат.

Бөлүштүрүүдөн көрүнүп тургандай, 50 мандат бөлүнүп, 5 мандаттын тагдыры калды. Аны да бөлүштүрүү механизми шайлоо Кодексинде каралган. 55 мандатты бөлүштүрүүнүн натыйжасында келип чыккан сандын бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) кайсынысында көп экендигине карап, бирден мандат берилет. Биздин мисалда "Алмурут" партиясында мандат бөлүштүрүүдө бөлчөктүк калдыгы эң көп (0.94) экен, демек 1 мандат ушул партияга берилет. Андан кийинки калдыгы көп партия "Шабдалы" партиясы- ага 1 мандат, андан кийинки "Жаңгак" партиясына 1, андан соң "Өрүк" партиясына 1 жана аягында "Абрикос" партиясына 1 мандат берилип, 55 мандат толук бөлүштүрүлүп бүттү. Эгерде бөлчөк калдыктары эки партияныкы бирдей болуп калса, артыкчылык шайлоочулардын көп добушун алган партияга берилет. Добуштары да бирдей болуп калса, анда артыкчылык эртерээк катталган партияга берилет.
Ошентип шайлоо Кодекси мандат бөлүштүрүүдө да чыр чыгарууга эч жылчык калтырбай бүтөгөн.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Таластык жигиттердин татыктуу эрдиги
Ушул жылдын июнь айында тутанган Оштогу өзбек-кыргыз коогалаңы буга чейин ар кыл позицияда, ар коктуда бугуп жаткан элди, саясий күчтөрдү бириктирип, кыргыз атпайдын канындагы тубаса мекенчилдиктин үлгүсүн көрсөткөнү жалпыбызга маалым. Буга чейин эл арасында Таластан барган жигиттердин тобу чечкиндүү эрдик көрсөткөндүгү боюнча ар кыл кептер айтылып жүргөндүгүн уккан чыгарсыз урматтуу окурман. Биздин буга чейинки изилдөөлөрүбүз оң натыйжа берип, ондон ашык адамдын өмүрүн сактап калган таластык балдардын даңктуу иши боюнча далилдүү макала даярдоого жетиштик.
Күбөлөрдүн айтымында 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош шаарындагы талкаланып жаткан "Народный" дүкөндөрүнө Бишкек шаарынан текшерүүгө барышкан 9 кызматкер тополоң учурунда аткылоо болуп жаткан райондогу жашаган квартирасынан чыга алышпай, барымтада калышкан жеринен ошол жерде куткаруу иштерин жасап жүрүшкөн Таластан барган демилгелүү топтун Кыргызбай, Рысбай, Салибай, Эркинбек ж.б балдар куткарып чыгууга жетишкен. Жалын жүрөк балдарды жандап, жол көрсөтүп жүргөн Жалал-Абад облусунан барган Мурзабеков Эрмек кайтадан аткылоо болгон жерге кирип барып, өзбектердин огунан каза тапкан. Өз улутташтарын коргоо үчүн курман болгон Эрмектин аркасында 3 жашар уулу Эрхан, 1 жаштагы уулу Эржан, ошондой эле жубайы Чолпон жана апасы Базаркүл боздоп-сыздап кала беришти.
Ал эми куткаруудан аман калган 9 кызматкерлерди жандаган таластык жигиттердин тобу, Сузак районуна кире берген жерден дагы аткылашуу болуп, ошол жердин тургуну Бекташев Насырдын үйүнө түнөп калышкан. Биз окуянын чоо жайын үй ээси Насыр мырзанын өзүнөн сурадык:
"13-июнь күнү Оштон таластык балдар "Народный" дүкөнүнө келген 9 кызматкерди алып келе жатышып Жалал-Абадга кире бергенде атыш болуп коркунуч туулгандыктан жашырынууга жер табышпай издеп жүрүшкөн экен. Биз ошол учурда бир нерсе болсо коргонууга чыгалы деп жолду тосуп турганбыз. Анан мен өзүмдүн үйүмө киргизип, аларды 3 күн жаткырдым. Айттым "балдар, беймарал конок болгула, мен адамдарды улутуна карап бөлбөйм" деп. Себеби алардын арасында кыргыз, орус ж.б улуттагы балдар-кыздар бар экен. Байкуштар калтырап калышыптыр. Айрымдары ыйлап жатышты. Ушунчалык коркуп калышкандыктан жүздөрү купкуу болуп калыптыр. Анан мүмкүнчүлүк болушунча алардын тамак-ашын бышырып, колдон келген сыйымды көрсөттүм. Алар улам-улам Бишкекке чалып, вертолет менен алып кетүүлөрүн суранып жатышты. Анан үчүнчү күн дегенде атайын самолет Жалал-Абад аэропортуна келип, тигилерди салып кетти. Анан СНБнын кызматкерлери, "Народный" дүкөнүнүн жетекчилери келишип, мага рахмат айтышып, материалдык жардам берип кетишкен. Эң биринчи рахматты ошолорду Оштон бери куткарып алып келген таластык балдарга айтыш керек. Байкуш жигиттер өмүрүн тобокелге салышып, ошол жерге өздөрүнүн демилгелери менен жетип барганы үчүн эле аларды баатырлыкка көргөзсө болот. Менимче Ош окуясы кыргыз улутунун биримдигин даңазалап койду. Ошондуктан түштүк-түндүк деген сөз саясатчылардын жеке амбициясына кызмат кылган өтө тар түшүнүк деп эсептейм."
Мына ушундай окурман. Сөзүбүз куру болбос үчүн кан күйгөн окуядан аман калган адамдардын тизмесин да жарыялап коюуну туура көрдүк. Алар: Курлаев Максим, Якукин Максим, Замратова Зоя, Даирбеков Жаныбек, Даирбекова Гүлнара, Швидич Виктор, Жумалиева Наргиза, Алиев Муразбек, Семеницов Андрей. Учурда бул адамдар кубанычтуу жашоодо күн кечирип жаткан кез. Ал эми булардын аман калышына себеп болгон таластык жигиттер кимдер болгон. Алардын аты-жөнү туурасында гезиттин кийинки сандарында кененирээк токтолобуз.
Даярдаган
Адилет АЙТИКЕЕВ