Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 2
  ПРЕЗИДЕНТТИН КЕҢЕШЧИСИ -ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ:

Улуттук идеологиянын пайдубалдары
- Топчубек агай, сокурдун тилегени эки көз демекчи, баарыбыздын тилегибиз - мындан ары улуттар аралык алаамат эч качан болбой, өлкөбүздө бузулгус тынчтык орносо, өсүү жолуна түшүп кетсек дейбиз. Бул үчүн эмне кылуу керек?
- "Улуттар аралык" дегенди мен башкача айтар элем. Кыргызстанда бир гана кыргыз улуту бар. Башкалар - улуттук топтор. Бузулгус тынчтык, ынтымак болсун десек, анда түпкүлүктүү улут да, улуттук топтор да мыйзам жолуна түшүүсү зарыл.
- "Мыйзам жолу" дегениңизди түшүндүрсөңүз?
- Мен пайдубалдык үч-төрт нерсени сунуш кылам.
- Эмнелерди?
- Биринчи, паспортко "улуту" дегендин ордуна "КЫРГЫЗСТАНДЫК" деп жазуу керек.
- Себеби?
- Себеби, бара-бара өлкөдөгү бардык улут өкүлдөрү бирдиктүү, ынтымактуу бир элге айланганда гана, жогоруда айтылгандай, бузулгус тынчтык өкүм сүрөт.
- "КЫРГЫЗСТАНДЫК" деп жазууга улуттук топтордун адамдары макул болот дейсизби?
- Макул болот. Бери жагы - басымдуу көпчүлүгү.
- Изилдедиңизби?
- Ооба, изилдедим. Изилдеп атам.
- Эмне дешет?
- Ноокатта, Өзгөндө өзбектер менен жолуктум. Талкууладык. Баары макул. "Кыргызстандык" деп 15-20 жыл мурда жазуу керек эле" дешет.
- Көп улут өкүлдөрү жашаган өлкөлөрдө ушундай үлгү барбы?
- Бар. АКШда, Японияда, дагы бир топ өлкөлөрдө. Эчен муун өтөт, бир атка баары көнөт.
- Экинчи сунушуңуз?
- "Түпкүлүктүү (титулдук) улут" -кыргыз улуту жөнүндө мыйзам дегенди кабыл алуу керек. Долбоорун мен даярдап жатам.
- "Түпкүлүктүү улут" дегенди кандай түшүнүү керек?
- Орусиянын Мамдумасы "өлкөгө ат берген улут" деп аныктаптыр. Менимче бул толук эмес.
- Дагы эмнени кошуу керек?
- Түпкүлүктүү улут - бул мамлекетти курган, миңдеген жылдар бою жерди атамекен кылып, канын, жанын аябай коргоп, ээлик кылып келаткан улут. Кыргызстанда бул - кыргыз улуту.
- Демек, түпкүлүктүү, титулдук улуттун 3-4 аныктамасы бар экен да?
- Ооба.
а) Мамлекетке, өлкөгө ат берген;
б) Бул жерди Атамекен кылган;
в) Мамлекет түзгөн;
г) Ээлик кылган улут - түпкүлүктүү, титулдук улут болуп саналат.
- Келерки сунушуңуз?
- Улуттук топтор жөнүндө мыйзам долбоорун даярдайм.
- Бул мыйзамдын ток этер мазмуну эмне?
- Негизги жоболор:
а) Кыргызстан - унитардык, кыргызча айтканда бөлүнгүс, бирдиктүү мамлекет. Демек, Кыргызстанда бир да улуттук топ автономияга бөлүнө албайт, негиз жок, куралбайт. Ушунун баарын ачык айтуу абзел, билсин, "автономия" дегенден биротоло үмүт үзсүн. "Автономия"деген талап 1990-жылдын июнь, июль айларындагы; 2010-жылдын июнь айындагы кыргыз - өзбек кандуу кагышуулардын бирден бир негизги себеби болгону жалпыга маалым. Жок, өзбектердин басымдуу көпчүлүгү кагышууну каалаган эмес, каалабайт. К.Батыров, Д.Сабиров, И.Абдрасуловго окшогон сепаратист, экстремист саясатчы лидер сөрөйлөр көкүткөн. Баш күнөөлүүлөр ошолор. Колтукка суу бүрккөн сырткы күчтөр да бар;
б) Улуттук топтор өз тилин да, мамлекеттик тилди-кыргыз тилин да өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттин ушундай саясатын ишке ашыруу абзел. Ушуга чейин кыргыз тили мамлекеттик тилге толук айлана элек. Сөз көп, иш аз, жокко эсе;
в) Кыргыз тили бардык чөйрөлөрдө мамлекеттик тилге толук айланганда ал Кыргызстанда улуттар аралык тил болуп калат. Эл аралык тилдердин мааниси кемибейт;
г) Ушул жоболорго негизделген улуттар аралык ынтымакты, мыйзамды бузган адам, токтоосуз сот жообуна тартылуу керек. Бул мыйзамды бузуу эң оор кылмыш - мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракет деп эсептелиши керек.
… Мен дагы бир мыйзам долбоорун сунуш кылам.
- Ал кандай мыйзам болот?
- "Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер жөнүндө".
- Бул мыйзамдын кандай зарылчылыгы бар?
- Зарылчылыгы бар үчүн мындай мыйзам көп өлкөлөрдө кабыл алынган.
- Себебин айтсаңыз?
- Биринчиден, эгерде башка өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын эркиндиктери, укуктары бузулса, анда кыргыз мамлекети, эл аралык эрежелерге таянып, аларды коргоо керек. Кул кылып, ал түгүл өлтүрүп атса да билмексен болобуз.
Экинчиден, алардын башмыйзамдык укуктары Кыргызстанда толук камсыз болуу кажет.
- Кайсы укуктары дейсиз?
- Шайлануу, бийлик орунга дайындалуу укуктарын айтам.
- Президенттикке, депутаттыкка шайлануугабы?
- Ооба. Эгерде алар биздин жаран болсо,анда Кыргызстанда канча жыл жашаганына карабастан президенттикке да талапкер болуу укугун берүү керек. Албетте, алардын атамекени менен байланышы үзүлбөсө.
- Бул мыйзам долбоорун сиз жаңы Жогорку Кеңешке сунуш кыласызбы же Убактылуу Өкмөт декрет - мыйзам түрүндө кабыл алуу керек дейсизби?
- Жаңы Жогорку Кеңешке сунуш болот.
- И-и, кабыл алынса башмыйзамдык, абдан зарыл, принципиалдуу жаңы мыйзамдар болот экен да?
- Башмыйзам менен кошо бул мыйзамдар Кыргызстандын, кыргыз улутунун келечегин камсыз кылууга,түпкүлүктүү улут менен улуттук топтордун ортосундагы ынтымакты, биримдүүлүктү ыйык сактоого өбөлгө болот.
- Ушул сөзгө байланыштуу дагы бир маселе: 23-сентябрдын кечинде бир катар партиялардын өкүлдөрү КТР аркылуу "адам улутчул болуу керек" дешти. Туурабы?
- Жок, туура эмес. "Улутчулдук" менен "улуттун кызыкчылыгын коргоо" деген түшүнүктөр, бир жагы, улутка карата мамилеге байланыштуу; экинчи жагы, булардын асман менен жердей айрымасы бар.
- Кандай айрыма?
- Улутчулдук - бул өз улутун жөнү жок чексиз көкөлөтүү, башка улуттарды кемсинтүү аң-сезимге алпарат. Улутчулдуктан шовинизмге, фашизмге, расизмге бир кадам. Мына ушундай аң-сезимге негизделген мамлекеттик саясат тарыхта далай жолу согушка, кыргынга түрттү. Мындайдын бетин ары кылсын.
- "Улуттун кызыкчылыгын коргоо" дегенчи?
- Мында: 1. Мекенчилдик; 2. Өз улутунун өсүшү, келечеги, дүйнө элдеринин арасында татыктуу орунду ээлөө үчүн башын саюу, салым кошуу; 3. Башка улуттарга, улуттук топторго сый мамиле кылуу, алар менен ынтымакта жашоо жол-жоболору бар.
- Улуттук идеологиянын маңызын эмне түзөт?
Биринчи, мамлекеттик да, улуттук да идеологиянын пайдубалдык негиздери оболу Башмыйзамда, анан мыйзамдарда аныкталат.Экинчи, түпкү улут идеологиясы менен мамлекеттик идеологияда айрыма жок. Албетте, мамлекеттик идеология улуттук топтордун да мүдөөсүн, максатын чагылдырат. Үчүнчү- Башмыйзамда бир-эки сүйлөм менен кыска, нуска айтылган идеологиялык жоболор ар бир чөйрөгө тиешелүү мыйзамдарда, президенттик буйруктарда, өкмөттүк токтомдордо, өндүрүштүк, окуу, тарбия программаларда чечмеленет, такталат, кеңири берилет.
- "Идеологиянын пайдубалдык негиздери" дегениңизге эмнелер кирет?
- Мына, биздин Башмыйзамда Кыргызстан эгемен, унитардык - бөлүнгүс, диний идеологияга негизделбеген өлкө деп турат. Ушул сөздөрдүн ар бири - мамлекеттик, улуттук идеологиянын булактары. Же Кыргызстанда мамлекеттик, жеке, жергиликтүү (муниципалдык) менчик бар деген - эркин экономикалык идеологиянын башаты.
- Улуттук идеологияга дагы эмне кирет?
Мамлекеттик тил - кыргыз тилин бардык өзбек, орус жана башка мектептерде кеңири, сапаттуу окутууга өтүү абзел. Тил менен катар кыргыз адабияты, тарыхы да тиешелүү деңгээлде. Мамлекеттик бардык жыйындар, бардык кагаздар кыргыз тилинде, мыйзамдар оболу кыргыз тилинде жазылышы керек. Орус тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулуп, айрымасы теңирден тескери болгон чатактарды көрдүк го.
- Көркөм өнөр тараптардачы?
- Көркөм чыгырмалар менен улуттук аң- сезимди, мекенчилдикти, ыймандуулукту, өз элине опол тоодой кызмат көрсөтүүнү көкөлөткөн улуттук идеологиянын чордону улуу "Манас"болуу керек. "Манас" боюнча ондогон бөлүктүү киноэпос тартуу - тарыхтын, замандын талабы.
- Бул ойду ишке ашыруу үчүн эмнеден баштоо керек?
- Каражат топтоодон. Мен "Манас" - киноэпос" деген эсеп ачам, жакында. Ар бир адам, мекенчил ар бир кыргыз, башка улут өкүлдөрү акчалай салым кошсо дейм. Өзгөчө байлар.
- "Манас" киноэпоско канча каражат керек дейсиз?
- Бир нече жүз миллион доллар.
- Сиз чогултам деген акча жетпейт го?
- Жетпейт. Үч булак: 1)Эл чогулткан акча; 2) Мамлекеттин үлүшү; 3) Эл аралык банктардын, корлордун кайтарылгыс каражаттары болсо жетиштүү акча чогулат. Буйруса, болот.
- Топчубек агай, сиз Жалал-Абад, Ош, Баткен тараптарды түрө кыдырып келипсиз. Партиялардын шайлоого карата аракеттери, калктын кабак кашы кандай экен?
- Шайлоого аттанган 29 партияны үч топко бөлсө болот: аракети жакшы, орточо, начар же жок. Биринчи топто - "Атамекен", Соцдем, "Атажурт", "Республика"; экинчи - "Акшумкар", "Арнамыс", "Акыйкат", БЭК, "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан". Үчүнчү топтогулар катышпаса деле болчудай. Негизи көп партиялар эл арасында татыктуу добуш алаарына ишенбейт окшойт. Айрым партиялардын жетекчилери башка мамлекеттерге барып жолугушуу өткөрүп, алардын аты менен кошумча добуш алууну көздөп жатышат. Бул деген башка мамлекет бизге түз болбосо да кыйыр иретинде кийлигишип жатат деп түшүнсө болот.
- Аша чаап айткан - дегендери, алдап да болсо добуш алам дегендери бар бекен?
- Аны жалпы-журт тегиз көрүп, угуп атат. "Электр кубатын элге өз наркында беребиз" дейт "Республика". Өндүрүлгөн өз баасында берсе, анда мамлекет оңбой калат, кошумча баа койбосо ошол эле ГЭСтерди оңдоого каражат кайдан болот? Же бул партиянын идеологиясын алалы - "өлкөнү акаевчылар, бакиевчилер деп бөлбөө керек" дегени, акаевчылыр, бакиевчилердин кечирилгис кылмыштарын кечирип, унутуп, актоо керек дегениби? Бабанов - миллионер насыяны 7,9%дан шайлоого чейин неге берген эмес? "Бүтүн Кыргызстан"бүгүнкү бийликти шыбоо менен алек. Мадумаров "Каркырага ээлик кыр ашып кеткенине биринчилерден болуп мен да күнөөлүүмүн" деп тазаланып койбойт…
- Жүздөгөн миллион чачылып атат го?
- Ооба. Убактылуу Өкмөттүн адегендеги чечими - "партиянын шайлоого деген акчасы 50 млн. болсун" дегени туура болгон эле. Анан 100 млн. болуп кетти. Мурдагы көлөмдө болуп, калган акчасын "Ош, Жалалабат курулушуна, "Манас" киноэпос тартылсын" деп салса кандай пайдалуу болоор эле…
- Шайлоо тынч өтөбү?
- Тыптынч болбойт. Чатакташуу, соттошуу болот. Бирок, шайлоо өтөт, жаңы ЖК, жаңы өкмөт куралат.Тилекке каршы, далай шүмшүктөр, кылмышкерлер бийликке келет. Тазалары 70-80% болсо экен деп тилейм.
- Бир партия көпчүлүк добуш алалабы?
- Жок, алалбайт, менимче.
- Эң көп дегенде канча пайызды бир партия алалат?
- Менин пикиримде, 30% дын тегерегинде.
- Канча партия өтүшү мүмкүн?
- 4-5 партия.
- Демек, бир нече партия биригип гана өкмөт түзөт экен да?
- Ошондой. Добуш сатып алуу, бийликти пайдалануу билинбеген түрүндө болушу мүмкүн. Билинсе соттолот. Ошол партия байгеден чыгарылышы мүмкүн, күнөөлүү адамдар жазасын алышы керек.
- Шайлоо таза өтөт деп ойлойсузбу?
- Ойлобойм. Таптаза болбойт. 90% таза, адилеттүү өтсө да чоң иш. Бурмалаган, сатып алган, ооз майлагандар кечээ кеңири таркаган. Үйрөнгөн адаттан бир эле шайлоодо толук кутулуу жомок сыңары болот эле. Азыр 90% таза болсо, кийинкилери ого бетер тазаланат деген үмүт бар.
- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/1001_6.htm on line 110