Шайлоо - 2010

Талапкер эмес, тагдыр тандаңыз!
СДПК лидери Алмазбек АТАМБАЕВ:
ЖООПКЕРСИЗ САЯСАТЧЫДАН КУДАЙ САКТАСЫН
- Шайлоо марасына саналуу күндөр калды. Мурунку убактагы жана азыркы убактагы эл менен болгон жолугушуулардын айырмасы барбы?
- Албетте, бар. Мурда бийликтин көрсөтмөсү, кысымы менен мугалимдер, врачтар шайлоо алдында абдан кыйналганын канча көрүп келдик? Журналисттер тергеп калчу "дүжүр" чалдар да көрүнбөйт… Азыр мурдагыдай акча, арак тараткан саясатчыларга эл ишенимсиз мамиле кылганга өттү. Жолугушууларга барганда андай көрүнүштөргө жийиркенүү менен карап калышканын шайлоочулардын өздөрүнүн оозунан угуп, кубанат экенсиң. Терс көрүнүштөргө карапайым шайлоочулардын кыжыры кайнаганын көрүп, мен өзүм да ичимен кубанып турам. Мурунку эки бийлик канча ыплас саясат жүргүзгөн менен элдин көкүрөгү баары бир булганбаптыр, наркынан ажырабаптыр.
Экинчиден, эл эми алдатпай турганын байкадым. Апрель окуясы - бул кыргызымдын көкжал экенин ташка тамга баскандай калтырган тарыхый дата болду. Болбосо, дүйнөдө кайсы эл хандык зулум бийликтин жааган огуна каршы көтөрүлүп чыккан? Дүйнөнү канчалаган диктаторлор башкарган, бирок аларга биздин элдей жалтанбай каршы тургандары өтө аз. Биздин эл мындан ары да жекебасар бийликке жол бербейт.
- Сиздин партиянын программасы башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
- Кыскача айтайын, биз ар бир тармак боюнча бөлүп-бөлүп түзүп чыктык. Өзүбүздүкүлөрдөн сырткары сырттан эксперттер кол кабыш кылышты. Ар бир пунктту тыкыр карашып, ал аткарылышы үчүн каражат кайдан алынат, качан аткарылат - мөөнөтү, каражат булактары так көрсөтүлдү. Себеби, мен буга чейин да премьер болгом, кайсы жерде эмне жатканын мыкты билемин. Бир эле мисал: коррупция менен уурулукту тыюунун эсебинен бюджетти бир жыл ичинде 1,5 эсеге көбөйтүү мүмкүн. Ал эми коррупциялык схемалар кай жерде былгып жатканын биз жакшы билебиз. А башка, 2-3 айда курала калган партияларда кайдан жетик иштелген программа болот - мен үчүн табышмак…
- Айрым саясатчылар бизге парламенттик башкаруу жарабайт деп билдирип жатышат. Ошол эле кезде өздөрү жарышка чыгышты…
- Кеп ошондо болуп жатпайбы. Бизге президенттик башкаруу жарабастыгына баарыбыз эле жакшы түшүнгөндөй болбодукпу. Кимди отургузба, дароо эле айнып, өзүм билемдик бийлигин орното баштайт, өткөн эки президенттин мисалы жетиштүү го дейм. Бийлик жети атасынан калгансып бербегени аз келгенсип, элди тизелетүүгө аракеттеништи. А бирок кыргыздын канында эркиндик сезими абдан күчтүү экенине эки жолу күбө болдук. Экөөнү тең журттан кууп чыгышты...
Ошол эле кезде кыргыздын ата салтына сереп салсак, парламентаризм салтын көрөбүз. Тарыхты караңыз - казан-казанга таш салып шайлашкан. "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген макал бир гана кыргызда бар.
2006-жылдын ноябры эсиңизде болсо керек, оппозиция парламенттик Конституцияга Бакиевди мажбурлап кол койдурганбыз, ал боюнча анын тандемдеши Куловго бийлик укуктары көбүрөөк тийген болучу. Бирок, ал кездеги премьер ал мүмкүнчүлүктү колдоно алган жок, түшүнүксүз оюндарга барды да, жыл аягында Бакиев авторитардык Конституциясын кайтарып алды. Көп өтпөй тандемдешин кызматтан ыргытты. Бул - кечээки эле тарых.
- Элибиз андайлардын таасирине алданып, добушун бербесине ишенесизби,?
- Ишенем, анткени эл кимдин ким экенин менден жакшы билип калды. Демек, добуш берер алдында ар бир шайлоочу партиялык тизмелерге дагы бир сыйра көз чаптырып чыкса деген кеңеш берер элем - ошондо кимдин кулагы кайсы жактан чыгып турганын өзү көрөт.
- Кыргызстан өз күчү менен жакырчылыктан чыгып кеталабы?
- Акаев, Бакиев бийлиги туш-тушунан талап-тоноп аткан мезгилде да жерибиздин берекеси соолуп калган жок. Жаратылыш ресурстары кенен биздикиндей өлкөдө жакыр жашоо мүмкүн эмес. Кен байлыктарыбыз толуп жатат. Айтты-койду дээрсиз, буюрса, 1-2 жылдан кийин жашообуз жакшы жагына өзгөрөт. Кыргызстан канчага чейин эл аралык коомчулуктан алакан жайып, жардам сурап жүрмөк эле? Буюрса, СДПК бийликке келсе, программабызда жазылган негизги идеяларды турмушка ашырабыз! Биз элди жакшы турмушка жеткирүү жолун билебиз.

Олжобай ШАКИР

Материал КСДПнын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. Заказ берүүчү - КСДП. Каржылык маселелер боюнча ишенимдүү өкүл - Сатыгул кызы Надира. Каттоо күбөлүгү №090 15.08.2010-ж.




"кудай кааласа шайлоо тынч өтөт, мен буга ишенемин"
Бүтүн Кыргызстан партиясынан депутаттыкка талапкер, белгилүү обончу жана аткаруучу, КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев менен маек


- Бек иним, сага саясатка тиешеси жок бир суроо?
- Айтыңыз.
- Белгилүү драматург жана жазуучу Мар Байжиев "ырчылар ырдаганын эле билсинчи, депутат болуп кыйратабы"-деп жактырбагандай кылып теледен сүйлөп койду эле, мындай пикирди бүт искусство тармагынын өкүлдөрү четке кагышууда, сенин пикириң кандай?
- Эми бул сурооңуз саясатка тиешелүү эле суроо экен. Макенин ошентип сүйлөгөнүн мен да укканмын, ал киши адашып сүйлөп алды. Мен билгенден Россиянын Думасында, Украинанын Радасында, Казакстандын Жогорку Кеңешинде жана Өзбекстандын Олий Кенгашинда толтура искусствонун өкүлдөрү бар, алар сөзгө чыгып шайлоочуларынын талабын талашып, наказдарын аткарып, депутаттык мандатка татыктуу иштерди аткарып эле жүрүшөт. Кээ бир жазуучу сөрөйлөргө же чала саясатчыларга караганда ырчы-чоорчулардын сөзү элге өтүмдүү экенин Макебиз байкабайт окшойт.
- Тизмедеги ар бир төртүнчү өкүл аял болуш керек дегенге көз карашың кандай?
- Тизмедеги ар бир төртүнчү болобу, андан аз болобу, көп болобу аялдардын парламентке келишине көз карашым түз. Акыл эстүү, оозунда сөзү бар, маселени туура чечип, туура коюп, шайлоочуларынын көйгөйүн өз учурунда парламентке жеткирип, элдин арыз муңун угуп, суроо талаптарын туура чечип берип турса эле болду иштей берет да.
- Сен эл аралап көп жүрөсүн, түндүк-түштүктөрдө болдуң, эл ичинде коопсуздук тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда, шайлоонун тынч өтөөрүнө ишенесиңби?
- Тынч болбойт, чыр чыгат деп сөз тараткандар, булар ушакчылар, элдин тынчтыгын көрө албагандар. Ушундай ушак сөздөр көбөйгөндөн бери өлкөбүздүн күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Булар мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылышат, кудай кааласа шайлоо тынч өтөт, мен буга ишенемин.
- Шайлоого катышып жаткан партиялардын баары 0,5 пайыздык босогодон өтпөй калабызбы деп коркушууда, силерде ушул босогодон чалынып сыртта калып кетебизби деген чочулоо жокпу?
- Туура айтасыз, ушул өтө опурталдуу босого, бул же тигил региондон өтпөй калабызбы деген чочулоо бизде да болгон, бирок биз тиги региондорго барып, партиябыздын программасын түшүндүрүп, үгүт иштерин жүргүзүп келгенбиз, өтө коркунучтуу деген региондордо бүгүнкү күндө да партиябыздын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Ишенимдүү эле айтып коё берейин бул босогодон чалынбайбыз.
- Бүгүнкү күндө Бишкектин көчөлөрүнө толтура кызыл-тазыл чүпүрөктөрдү илип салышты, ушул көрүнүш боюнча сенин оюң кандай?
- Чынын айтсам шаардын көчөлөрүнө ушинтип чүпүрөк байлаганды биринчи көрүшүм. Илгери же азыр деле деп айтсам да болот, ата-энелерибиз ооруп-сыркап калганда мазарларга барышып сыйынышып, анан бетаарчысын же үйүнөн ала келген чүпүрөгүн ошол мазардагы шактарга байлап койчу, аны атайын ырымдап, мага ушул мазардан шыпаа болсун, мага илешкен оору-сыркоо чүпүрөк менен кошо мазарда калсын деген ырым. Эми шаарыбызды, болгондо да борбор шаарыбызды мазарга айландырабыз дегендердин тилеги ишке ашпай таш капсын.
- Мамлекетти тоноп кеткендер, келип тоногон акчаңарды төгүп койгула да тайраңдап жүрө бергиле деген президентибиздин буйругу чыкты, ушул буйрукка көз карашың кандай?
- Бул бийлик деле мурунку бийликтердин кадамын кайталоодо. Мындай көрүнүштөр мурда деле болгон, расмий болбосо да, өзүңөр келсеңер жазадан бошотобуз деп, ошол мамлекетти тоногондорду чакырышып, анан кайра өздөрүн тоношуп көчүккө бир чаап коюп жибергендерин бүт кыргыз эли билет. Бул жерде бюджетке бир сом түшпөстөн бир-эки чиновниктер эле жыргаган, алар деле кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсандар.
- Бул расмий буйрук экен, муну менен деле бюджет толуп кетишине көзүм жетпейт.
Мамлекетти тонодубу бул кылмыш, кылмышкер сөзсүз жазасын алыш керек.
Эми алдыда чоң өнөктүк турат, бул шайлоо өнөктүгү ушул шайлоону тынч, жакшы өткөрөлү, мамлекетти тоногон кылмышкерлерден Кудайым сактасын. Аллах ар бир пенденин тилегин берсин! Элиме оомат келсин.

Сагын Эшме,
журналист

Бүтүн Кыргызстан
партиясынын шайлоо
фонду тарабынан
каржыланды.