Атаңгөрү-үү

Дардаңдаган Данчиктин,
дардайган вилласы
Мурдун теңирейтип алып дүңкүлдөп сүйлөсө тим эле оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Данчик 7-апрелде бийлигин сактап калуу үчүн жандалбас урду го чиркин! КТРден түшпөй кайра-кайра үн катып, акыркы мүнөттөргө чейин кармашты. Бирок, эл деген эл экен да Премьер-министр болуп келээри менен элдин убал-сообунан коркпой электр энергиянын баасын асманды чапчытып коюп, дардайып гана турганын унутууга мүмкүн эмес. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон дардаңбай Данияр учурда сексен алты адамдын арбагынан коркпостон, Эмиратта баасы асманды чапчыган вилласында сайрандап семирип, күн кечирип жаткан чагы дейт, ал жактагы биздин жердештерибиз. Ал гана эмес ишенбесеңер көрүп алгыла деп, дардаңбай Даниярыбыздын далдайган вилласын да сүрөткө тартып алып келип беришти. Үсөндүн небересинин жайыты ал жакта жакшы жарашса керек, бош отурбастан ири бизнестерди баштоону пландап жатыптыр. Ай ким билет? Мамлекеттин бүтүндүгүн бүлдүрүүгө чоң салым кошкон адам, чет элде бизнес баштап, былтыйып отурбайт эле. Кептин баары аны ээн эркин кое берип койгон Убактылуу Өкмөттө го сыягы. Болбосо, кара чечекей келинчеги Динара Исаева тайраңдап, Кыргызстанды алга сүрөчүдөй болуп, "Ата-Журт" партиясынын атынан депутаттыкка аттанбайт эле да. Кандай болгон күндө да, Данчиктин кыргыз элине кылган "кызматын" эч ким унутпасын эсинен чыгарбоосу керек.
Баян КӨЛБАЕВА






Кымбат Бекжанова:
"Бир да адам мени "түндүктүн кызысың" деп тил тийгизген эмес"

Ордолуу Ош шаарына эки күндүк иш сапарга барып, ал ортодо Ош шаардык сотунун төрайымы Бекжанова Кымбат Айнакуловнанын кеңсесине баш багып кыскача маек курдук. Буга чейин көп жылдар бою шаардык сотто катардагы судья болуп эмгектенип келген Кымбат эжени президент Роза Отунбаева Ош шаардык сотунун төрайымы кылып дайындаган. Ал ортодо сот айымды "түндүктүн кызы"-деп да кодулагандар болгонун эшиткенбиз.

- Кымбат Айнакуловна биринчи өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
- Рахмат! Өзүмдүн туулган жерим Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Калинин айылы. Он үч бир туугандын төртүнчүсүмүн. Эне-атам дүйнөдөн өтүп кетти. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин юридикалык факультетине өтүп, 1978-жылы ийгиликтүү аяктагам. Бул кесипти тандап алышыма раматылык атамдын жүргөн турганы, элдин арасында жасаган иштери түрткү болду. Анткени ошол убакта айыл башчыларынын, колхоз башкармаларынын сөзү өтүмдүү болчу. Мына ошолор келип, чогулуш жасаганда мен ар дайым атамдын жанында жүрчүмүн. Чогулуштун аягында айыл башчысы менен башкарма дайыма менин атама сөз берчү. Анан атамдын сөзү чечүүчү сөз болчу. Мына ошол атамдын чечкиндүү кадамдары мен үчүн абдан чоң таасир калтырчу. Анан айылда жаман иштер болуп калса кошунабыз Нияз деген аксакал бар эле ошол аксакал "Айнаке кечинде чогулалычы"-деп чакырып кетип, ошол жерден ишти жакшы жагына чечип келишчү.
- Эмгек жолуңузду кайсыл жерден баштадыңыз?
- 1978-жылда Фрунзе азыркы Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун юридикалык кеңеш берүү бөлүмүндө адвокаттын жардамчысы болуп иштеп баштадым. Алты айдан кийин Панфилов районуна юридикалык кеңеш берүү бөлүмүнүн жетекчиси кылып жиберишти. 1984-жылы Ош шаардык сотуна биринчи юридикалык кеңеш берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп 90-жылга чейин иштедим. Анан Бишкекке которуп жиберишти. Мен өзүм апамдын жанында болоюн деп Жайыл районуна суранып которулуп, анда укуктук кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы-адвокат болуп иштеп турдум. Мен адвокат болуп иштеп турганда бир да адамга өлүм жазасы берилген жок. 2004-жылы президенттин укук иштери боюнча кеңешчисине барып, өзүмдүн көп жылдан бери резервде турганымды билдирдим. Мына ошондон эки-үч ай өтпөй Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов чакыртып, Ош шаардык сотуна сот болуп иштөөгө жиберди. Ошондон бери шаардык сотто судья болуп эмгектенип келе жатам. Быйыл майда мурдагы төрагабыз кокустан каза болуп кетти. Анан ал кишинин ордуна мени көрсөтүшүп, милдетин аткаруучу болуп иштеп, 11-августта Президент Роза Отунбаева өзү чакыртып, шаардык соттун жетекчисине бекитти.
- Эже учурда кыргызда түндүк-түштүк деген эң жаман илдет пайда болду. Ал эми ушул илдеттин зыяны сизге да тийсе керек. Анткени бизге түшкөн маалыматтар боюнча сиздин иш бөлмөңүзгө бир нече аялдар кирип чуу салышкандыгы айтылган?
- Буга чейин бир да адам мени түндүктүн кызысың деп тил тийгизип, капа кылган жок. Анан тилекке каршы, 16-августта соттордун ант берүү аземине борборго кеткенимде бул жактан аппараттагы кызматкерлерим "Эже кыркка жакын аял келип, сиздин иш бөлмөңүздү талкалап кирип, сизди үч саатта келип калсын деп талап коюп жатышат"-деп билдиришти. Так ошол маалда судьялардын экөөсү ооруп, калгандары эс алууда жүрүшкөн. Ал эми чогулган аялдар нөөмөттө турган судьяларга баш бербей коюшуптур. Анан областтык соттун төрагасы келип, менин ал күнү келе албасымды түшүндүрүп таратып жибериптир. Анан эртеси өзүм келип, Курсан Асановго телефон чалып, "Шаардык соттун иш бөлмөсүн талкалап кирип жатса, сиздин милицияларыңыз карап койбостон ары-бери басып жүрүптүр. Бул эмне деген кайдыгерлик? Соттордун кол тийбестиги бар. Кол тийбестик анын соттугунан эмес, анын өмүрүнө коркунуч бар экендигинен улам берилген. Сиз ал мыйзамды эң жакшы билесиз. Милицияларыңыз ошол аялдарды чогултуп келсин, мен пресс-конференция өткөрөм" дедим. Анан милициялар аялдардын бардыгын чогултуп алып келишти. Талаптарын уксам, Республика боюнча судья болуп иштеген жалгыз бир өзбек жигит бар. Ал бизде иштейт. Анан секретарша болуп иштеген өзбек кыз бар. Мен анын өзбек экенин да билчү эмесмин. Анан баягы чогулган аялдар ушул экөөнү жумуштан чыгар деген талап коюшту. Анан мен аларга мыйзамды түшүндүрдүм. Бизде сот системасында орус болобу, өзбек болобу же башка улут болобу баары бирдей. Биздин мамлекетте кадрдык маселеде улутка бөлбөйт деп айттым. Ошондо бирөөсү мага карап "Эже сиз Чүйлүк болот турбайсызбы. Күйөөңүз да өзбек улутунан экен"-деп суроо узатып жатпайбы. Эми ал адамдарды да түшүнсө болот. Андай суроо бергени үчүн мен аларга таарынбайм деле. Болгону мен кыргызмын. Кайда барбайын, кайда иштебейин мен өзүмдү кыргыздын патриот кыздарынын биримин деп эсептейм. Ал эми жолдошум таза кыргыздын баласы. Бирок өзү кавказ улутундагыларга окшош. Анан кечирим сурашып, тарап кетишти. Ошол ошону менен ишимди тынч улантып жатам. Көрсө адамдар түшүнбөстүктөн көп нерсени ырбатып алышат экен.
- Алар өздөрү эле чогулуп келишиптирби? Балким алардын артында кимдир бирөөлөр тургандыр?
- Билбейм. Болушу да мүмкүн. Болбосо кырдаал курчуп турганда элге тынчтык гана керек эмеспи. Мындай учурду өз кызыкчылыгын ойлогондор колдон чыгарбайт да. Биздин карапайым элге ызы-чуунун кереги да жок. Мен ошондой деп билем. Анткени, кесибим боюнча алардын арасында мен ар дайым аралашып жүрөм. Мен соттук мантиямды кийип отуруп, элимдин мыйзамдык укугу бузулбаса экен деп ойлойм. Өзүмдүн кызматкерлеримден да ушуну талап кылам.
- Ош окуялары боюнча прокуратурадан иштер тергелип бүтүп, сиздерге келип жатабы?
- Ооба. Өтө оор кылмыштар келе элек. Жеңилирээктери келип, бизде каралып жатат. Биз объективдүү караганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Бишкек