Советбек Байгазиев
СЕН КИМСИҢ?
Тарыхыңды неге сен эй, унуттуң?
Тегиң кайсы, кайсы сенин улутуң?
Өзгө тилдин желбиретип байрагын,
Өз жериңде эне тилиң куруттуң.

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?
Карагын эй, камгак болуп
кайда учтуң?
Темселейсиң таалай издеп чет жактан,
Мекен туруп, мекениң жок байкушсуң.

"Мальборо" экен калпагыңдын
урааны,
Кытай тамга - көйнөгүңдүн далысы!
Көөдөнүңдө христиандар символу,
Ары жок эй, кайда кыргыз намысы!

Кара мобу кыздарыңды куураган,
Чет моданы сокурларча туураган.
Кары-жашка ачып коюп чандырын,
Кыргыз салтын, кыздын наркын
уулаган.

Очоктогу кенчтериңди тааныбай,
Өзүңө өзүң каршы атылган ок болдуң.
Жолбун шамал ар кай жака айдаган,
Булут болдуң, тамыры жок
"бомж" болдуң.

Коломтоңдо ыйык туткан эмнең бар,
Эмнең менен атуулусуң улуттун?
Кайда Манас, ата-бабаң туу кылган,
Кайран тоолук кай
тагдырга тушуктуң?

Амалданып, чоңдор берсе батасын,
Акыйкатты мылтык менен атасың.
Ата журттун тагдырына түкүрүп,
Добушуңду бир кап унга сатасың.

Сен өңдөнгөн айдамага кайсы сый,
Мансаптуулар таңып таштап көзүңдү,
"Дежур" кылып ар кай жака
айдактайт,
Эшек кылып токуп минет өзүңдү.

Чоочундардын чоору алдында
бийлеген,
Өз баркыңды, өз наркыңды
билбеген -
Эх! Кантейин, басып жүргөн
бир кулсуң.
Ойлобогон ашказандан башканы
Чындык ушул - Чыңгыз
жазган манкуртсуң!

Саа корогон кайран гана эркиндик,
Ай маңкуртум, сенин жүзүң курусун!
Көзүңө айттым, киши укпасын,
ит уксун,
Бул сөзүмдү ит укпаса, ким уксун!






КҮЙБӨГӨН ЖЕРИМ КҮЛ
Көтөрүшүп көп жылдар
турмуш жүгүн,
Бирге жүрүп билбедиң кыргыз тилин.
Атайылап сүйлөгүң келбей жатса,
Улутума жасалган кылмыш мунуң.

Бара калсам "чай ич, кир
үйгө" дейсиң,
Бапыраңдап башка бир дүйнөдөсүң.
Биздин жерде агарып-көгөрсөң да,
Бирок, неге кыргызча сүйлөбөйсүң?

Алган менен өлкөмдүн жарандыгын,
Алды-артыңдан тал кармаар
заман бүгүн.
Коногума бийлетип короомду,
Чындыгында өзүмдүн жамандыгым.

Жүрөт, ана, улутка күйбөгөндөр,
Күйүп-күйүп күл болот күйбөгөн жер.
Түбүбүзгө жетеби силер эмес,
Кыргыз болуп кыргызча билбегендер.