Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 2
  Өткөндөн сабак ал

РЫСБЕК САЛБАРОВ:
"ЫНТЫМАКТЫ САКТАП КАЛЫШ -
АР БИР ЖАРАНДЫН МИЛДЕТИ"

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын тургуну, акын, журналист

- Жалал-Абаддагы жаңжал боюнча мамлекеттик, эл аралык комиссия иштеп жатат. Ошол учурдагы чет элдик айрым маалымат булактары, интернет-сайттары жаңжалдагы күнөөнү кыргыздарга жаба салып, "кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатат" деп жарыя салышты. Өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаров баш болгон бир нече адам Базар-Коргон районунда кыргыздарга каршы көтөрүлүш уюштуруп, бир нече милиционерди мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул боюнча да маалыматтар бир жактуу жаңырып жаткандай. Укук коргоочулар өзбек тараптагыларды жактап жаткандай. Ушул боюнча Сиз аралашып, көрүп-билип жүрдүңүз. Ошол убактагы абал-жагдай кандай болду эле?
- Чет элдик журналисттердин, массалык маалымат каражаттарынын берген, тараткан маалыматтарына мен эч убакта кошулбайм.Бул жерде биринчи кезекте ошол жердеги элдин менталитетин, жагдайын түшүнүш керек. Аны түшүнбөй эле бир жактуу кылып бериш туура эмес. Мен өзбек туугандарды жаман дебейм. Биз нечен жылдардан бери бирге жашап келатабыз. Өзбек туугандардын бир адаты бар - тыштан келген журналисттерге "мындай болду, тигиндей болду" деп, өздөрүн акташ үчүн интервью бергенди өтө мыкты өздөштүрүшкөн. Ошонун кесепетинен жалган дооматтар кыргыз калкына оодарылып жатат. Бул жерде кыргыздардын эч кандай күнөөсү жок. Бир дагы кыргыз үй-бүлөсү курал-жарак даярдап, аны менен кандайдыр бир иш аракет жүргүзгөнүн көргөнүм жок.
Мен 1990-жылдагы Ош, Өзгөн коогалаңын Ош телерадиосунда иштеп жүрүп өз башымдан өткөргөм. Өзбек келиндерден токмок жегем. Чачымды жулушуп, диктофонумду талкалашкан. Бул жерде кыргызы болобу, өзбеги болобу - жалпы карапайым калктын күнөөсү жок. Кыргыздын чыгаан жигиттери бул тополоңго аралашкан жок. Алар чыгып кеткен жаңжалды басышка аракет кылышты. Мисалы, Жалал-Абадда Ташиев. Бул жерде чоңдор, областтык кызматты ээлеп отургандар кынына кирип кетишти. Эч кимиси чыккан жок. Баары жанынан коркот экен. Бардыгын эле мурдагы президент Бакиевге шылтап коёбуз дегендей болушту, бирок бул туура эмес. Өзбек туугандар укмуштуудай курал-жарак менен буга алдын ала даярданган.Өзбек туугандар Сузакта Сампа деген жерде, Базар-Коргондо Турпак-Белге ашып жаткан элдин далайын атып өлтүрүштү. Аблазов Осмоналы деген отставкадагы полковник милиционер бар экен, мен аны жакшы тааныйм. Сузакта башкарма болчу. 1990-жылдагы тополоңдо да ичи ачынып, жүрөгүндө туура эмес идеялар бар эле. Мен муну байкайт элем. Ага кайрылып, "Осмоналы ака, сиз антип айтпаңыз" десем, моюн бербейт эле.
Бул жерде наркобарондор роль ойноп кетти. Мен Кадыржан Батыров менен жакындан тааныш болчумун.Экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле, алака кылып турчумун. "Азия Нур" деген гезит чыгып турганда өзбек диаспорасынын материалдарын 2 бет, полоса-полоса кылып бир нече жолу уюштуруп бергем. Алар менен чыныгы дилимден мамиледе болчумун.
Кадыржан Батыров эмне кылды? Ал Бакиевдин агасынынбы, Каныбек деген инисининби - 3 үйүн өрттөп, ошол жерде көпүрөнүн башында турса, Бектур Асанов кошо жүрүп, эмне үчүн каршылык көрсөтпөгөнүнө жаным кейийт да. Өрт өчүргүчтөрдү да чакырып коюшпаптыр. Баары күйүп бүткөндөн кийин, "күйүп бүтсүн, өрт өчүргүчтөр жарым сааттан кийин келишет" деп коюшат имиш. Бул деген шермендечилик, акмакчылык да. Азыр бир тооккананы куруштун өзү канчалык кымбат нерсе. Мен Кадыржан Батыровго тополоңдон кийин жолуга албадым. Жолуксам анын күнөөсүн мойнуна коёт болчумун. Мени "аке" деп сыйлайт эле. Экөөбүз чай ичишип жүргөнбүз.
Кадыржандын университети анчалык деле өрттөнгөн жок. Өзбек туугандар ЖТРди (телерадио компания) өрттөп жараксыз кылып ташташты. ЖТР элдин күзгүсү эле да. Аны орустар айтмакчы "до тла" өрттөштү. Ал кандай мээнет менен бүткөн. Мен буга өтө нааразымын. Ушуну губернатор баш болгон органдын кишилери кайтарып, токтотуп калса болот эле. Жок дегенде 2 күн кайтарса өрттөнбөйт эле. Бул мамлекетке өтө зыян да. Бир жагынан куралбай жатсак,жетише албай жатсак, баарын өрттөп, кыйрата берсек не деген жашоо болот?
Мен азыр өзбек мектепте иштейм.46 мугалимдин ичинде 4 кыргыз барбыз.
- Мектептин аты кандай?
- №7 - мектеп, Алым Осмон атындагы. Жалал-Абад шаарындагы 70-жылдардан бери иштеп келаткан эң чоң мектеп. Өзбектер менден "Агай, тополоң эмне болот, басылабы?" деп сурашат. Алар мени рулду башкарып турган адам катары сезишет окшойт.
Мен аларга "Өзүңөр этият болгула. Ар бир инсан тынчтык үчүн деп күрөшсөк, ниетибизди түз кылсак, тынчтык болот, республикабыз үчүн күйүш керек. Бизге Кытайдан, Америкадан келип тополоң салып жаткан жок да." деп жооп берем. Бир кыргыз эжекенин үйүн тоноп, бир өзбек эженин үйүн өрттөп салышты. Ал жерде өлгөн кыргыздар көп. Кыргыздар "Манастын тукумубуз" дегени менен маңыроо бир эл экенбиз. Ушул убакка чейин буга маани бербей келатабыз.
- Тополоңдун чыгышына Батыровдун Жалал-Абаддагы чогулуштарда тартылган сюжеттери эч монтажы жок "Ош ТВ", "МезонТВ" телеканалдары аркылуу тынымсыз көрсөтүлүп, "кыргыздар мамлекетти башкаралбай, өздөрү менен өздөрү болалбай калды, биз бийликти алышыбыз керек, автономиялуу аймак болушубуз керек" деп, ошол себепчи болуп кетти дейт. Ушул чынбы?
- Кадыржан түштүктү толук биз башкарышыбыз керек деген ушундай сокур позицияда турду,"кыргыздар портфель талашып тытышып жатышат" деген. Бишкекте элди аткандар, Убактылуу өкмөттө отургандар жөнүндө айтып, аларга кине койгон. Муну эл ээрчип, "биз Өзбекстанга кошулуп кетсек, башкача автономиялуу область болуп, өзбектер башкарып, кыргыздар бийликке келбейт" деген сокур саясат жүргүзүштү. Муну баары эле билип турат, бирок ачык айтышпайт. Өмүрбек Суваналиев, дагы башкалар жүрдү го.Ошолор ойлорун чын дилден айтпай жатат. Бардыгы билип эле турушат. "Биринчи баштаган өзбек туугандар" деп коркпой айткан эч ким болбоду. Атайын машиналарды, курал-жарактарды даярдаганга бир жума эмес, 5-6 ай кетет да. Бул жерде күнөө К.Батыров баштаган наркобарондордо. Тиги-буга калп эле шылташтын кереги жок. Эми элдик ынтымакты сактап калыш ар бир жарандын милдети деп эсептейм. Бир республикада жашап жаткандан кийин орусубу, немисиби - ошол республика үчүн күйүшүбүз керек.
- Борбордогу айрым гезиттерде "Кыргызстандагы титулдук эл - кыргыздар, башка улуттар кыргыздардын тилин, маданиятын сыйлаш керек" деп жазып жатышат. Ар бир эле улут автономия, тилине расмий статус сурай берсе туурабы?
- Буга мен такыр кошулбайм. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин баарыбыз уңгу элди сыйлашыбыз керек. Кыргыз тили мамлекеттик тилби - ошону сыйлашыбыз керек, үйрөнүшүбүз керек.
- Кыргыз менен өзбектин ыдырап калган ынтымагын кандай жол менен мурдагы абалына келтирсе болот?
- Мурдагы абалына келтирсе болот. Эң биринчи элдин башында тургандар бекем болушу керек. Ынтымакты бекемдеш үчүн креслону ээлеп отура бербей күрөшүш керек, жүгүрүш керек.Буга абдан катуу туруш керек. Парламенттик бийликтин келечеги кандай болот билбейм. Мен кыйынмын дебей, бири-бирине тоскоолдук кылбай, кыргыз үчүн күйө тургандар келиш керек.
- Өзбек туугандардын аксакалдары ынтымак жолугушууларында "күнөө бизден кетти" деп кечирим сураштыбы?
- Булар кечирим сураганы менен ооз учунан гана, бирок жүрөктүн тереңинен эмес.Кайран кыргыз көтөрүмдүү экен, дагы деле өзбектер менен жакшынакай алакада. Мен Жалал-Абаддын базарына киргенде өзбектер менен соодалашканда жакшынакай мамиле кылам. Айрымдары жакшы мамиледе болгону менен айрымдары дагы деле күнөөсү бардай карашат.
- Жалал-Абадда да Ош шаарындай болуп өзбек туугандар көчүп кетип жатканы байкалуудабы?
- Ооба, кетип жатышат. Колунан келгени, акчасы барлары, документин ырастоого кудурети жеткендери Орусияга кетип жатышат.
- Өзбекстанга кеткендер байкалабы?
- Өзбекстанга кетпейт, себеби аларды кабыл алышпайт. Өзбекстан биздин саясатты булганч нерселер менен акмагын чыгарат деп чакырышпайт. Анжиян коогалаңчыларын Румынияга кетирип жиберишти го. 75 миң качкынды биздин өлкө дагы 1-2 күн же бир жума кабыл албай турганда Каримов аларды дагы бир өлкөгө кетирип жиберет эле.
- Азыр Жалал-Абадда абал кандай?
- Азыр абал кооптуу. Эки эл бири-бирине илгеркидей ишеним менен карай алышпайт.Сактануу менен, этият менен карап турушат. "Баары өз нугуна түшүп калды " деген сөздөн алыс болушубуз керек. Ынтымакты сактап калыш - Кыргызстандын ар бир атуулунун милдети деп эсептейм.

Маектешкен Машакбай РАХМАНКУЛОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_9.htm on line 53