Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Санаадагы саясат!

Эл ишеними - эң чоң байлык
(Башталышы
7-бетте)

Мен түшүнбөйм, мамлекетте жашап, мамлекеттик кызматта иштеп жатып, кантип мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик саясаттан четте боло алат? Кантип сырттан карап турган кайдыгер жолоочунун кейпин кие алат? Анда анын мамлекеттик кызматкер болуп кереги эмне!?
Менимче, жогорудагы түшүнүк эгемендик жолубуздагы өткөн жыйырма жыл ичиндеги өлкөбүз башынан кечирген үй-бүлөлүк башкаруунун бийик коргонунан чыга албаган көрүнүштөн, үй-бүлөнүн кызыкчылыгындагы ар кандай иш-чараларды аткаруудагы айрым (баары деп айта албайм, ак иштегендер да арбын болчу) мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам аргасыздан жаралган пикир болуу керек. Өткөн мезгилдерде ошондой болуп келгенин танууга болбойт.
Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик саясаттын "кызыл камчысы" эмес, анын акылман насаатчысы, кесипкөй иштерманы, иш билги үгүтчү-насаатчысы болуулары керек. Мисалы, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине партиялык тизме боюнча жалпы элдик шайлоо болот. Ага мамлекеттин бардык жарандары катышышы керек. Ушул өнөктүктөн мамлекеттик кызматкерлер четте боло алабы? Албетте, сыртта кала албайт, кайдыгер байкоочу болуп карап турушу мүмкүн эмес, алар да республиканын тең укуктуу жараны.
Бирок, мамлекеттик кызматкердин кызматтык ыйык парзы - тигил же бул партияга добуш берүүгө үгүттөө эмес, шайлоонун калыс, ачык, тең укуктуулукта, мыйзам чегинде өтүшүн камсыздоо болуп эсептелет.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Отунбаева да Өкмөттүн отурумунда: "Өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери эч бир партия менен шайлоо учурунда кызматташууга жана ага иштөөгө, жан тартууга акысы жок" деп айтканы абдан туура деп ойлойм. Бул мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракеттерине карата кынтыксыз жолдомо болууга тийиш. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлер жалпы элдин ишенимине татый алат. Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы бекем көпүрө боло алат. Бул мамлекеттик кызматкерлердин алдындагы алгачкы чоң сыноо.

Жаңылануунун
кыймылдаткычы -
кесипкөй кадрлар
Республикабыздын жаңы Конституциясы кабыл алынгандан кийин, тарых Кыргызстанга таасирдүү мамлекеттик башкарууну жана кадр саясатын натыйжалуу жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берди. Өлкөдөгү мамлекеттик бийликти бирдиктүү нукка салып, бардык мамлекеттик органдар кынтыксыз аткара турган келечектүү багыт пайда болду. Мамлекеттик кызматты алгылыктуу багытка буруу ишинде көптөгөн милдеттерди чечүүгө туура келет.
Алардын биринчи кезектегиси - Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү кадр саясатын түп тамырынан бери өзгөртө турган механизмди, мамлекеттик кызматты кайра куруунун жаңы Концепциясын иштеп чыгууда турат. Анын түпкү максаты мамлекеттик кызматтын эл ичиндеги беделин көтөрүп, мамлекеттик башкаруунун туруктуулугуна жетишүү, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин арттыруу, төмөнтөн чыккан демилгени күчөтүүдө экени талашсыз. Мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жогорку деңгээлге жеткирип, анын натыйжалуулугун арттыруу да биздин алдыдагы орчундуу милдеттерибиздин бири.
Биздин негизги багытыбыз - аракеттеги укуктук-ченемдик документтерди талдоодон өткөрүп, Кыргыз Республикасынын кадр саясатын бир нукка сала турган мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү жаңы укуктук базаны түзүүгө бурулушу керек.
Мамлекеттик кызматтын беделин көтөрүү, мамлекеттик кызматка алдыңкы көз караштагы жаштарды тартуу жана кесипкөй кадрлардын мамлекеттик кызматтан кетишин токтотуу, алардын мамлекеттик эмес секторлор менен болгон атаандаштыгын арттыруу максатында мамлекеттик кызматкерлердин материалдык жана материалдык эмес кызыкчылыктары боюнча социалдык кепилдиктердин таасирдүү тутумун иштеп чыгуу зарыл.
Мамлекеттик кызмат учурдагы маалыматтык технологиялар тутумун жигердүү пайдалана албаса учурда өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготот, ошондуктан, мамлекеттик кызмат тутумуна адам корөңгөлөрүн маалыматтык башкаруу тутумун (ИСУЧР) пайдалануунун таасирдүү механизмин иштеп чыгып, аны ишке киргизүүнү тездетүү зарыл. Ал мамлекеттик кызматкерлердин Бирдиктүү злектрондук базасын түзөт жана өлкөнүн кадрдык мүмкүнчүлүгүн таасирдүү, ачык жана калыс башкарууга мүмкүндүк берет.
Жаңы шарттарда мамлекеттик органдардагы статс-катчылардын институтунун ролун жана маанисин арттырып, анын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлге көтөрүү зарыл. Статс-катчы мамлекеттик кадр саясатынын чыныгы сүрөөнчүсү, мамлекеттик кызматтагы туруктуулуктун, жол улоочулуктун кепилдиги болуу менен аны саясый жана башка мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоп, кадрдык жана башка алдыңкы технологияларды киргизүүнүн демилгечиси болууга тийиш. Жакында мамлекеттик кызматкерлерди сынактан өткөрүүдө коррупциялык, паракорчулук, жердешчилик жана башка тескери көрүнүштөргө бөгөт коё турган полиграф аркылуу сурамжылоо жүргүзүү (төгүндөө детектору) ишке киргизилип жатат. Статс-катчылыкка талапкерлер ушундай тестирлөөдөн өтүшөт.
Дүңүнөн алганда, коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын компетенциясына көбүрөөк тиешелүү маселедей туюлушу ыктымал. Бирок, бул жалпы коомчулуктун иши экендигин турмуш тастыктап келаткансыйт. Мындан тышкары ар бир мамлекеттик органдын буга тиешеси бар. Мисалы, конкурстук жол менен мамлекеттик кызматка алуу кампаниясы да коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир формасы. Кадыресе процедурадай көрүнгөнү менен, кызматка алуунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу, чындыгында, өтө маанилүү фактор. Конкурстук тандап алуу жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүгө болгон бирдей конституциялык укугун гана камсыз кылбастан, жердешчилик, тууганчылык, таанышчылык жана акча-тыйын жолу менен кадр маселесин чечүү практикасына каршы күрөшүүнүн абдан эффективдүү ыкмасына айланды.

Негизги таяныч -
республикабыздын
жаштары

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелиндеги революция негизинен жалпы элибиздин, анын ичинде жаштардын бирдиктүү аракети менен ишке ашканы эч кимге деле жашыруун эмес. Ушул убакка чейин жаштарга көңүл бурулбай, алардын көйгөйлөрү артка сүрүлүп келатканы да ачуу чындык. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул көйгөйдү эске алып алгачында Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министрликти түздү. Жаштардын мамлекеттик башкаруу ишине иштиктүү аралашышы үчүн керектүү шарт жаралды.
Быйыл эле 14 жаш кадрлар Японияга билимдерин жогорулатканга жөнөп кетишти. Бир миң жети жүз элүү тогуз жаштар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн түзүлгөн кыска мөөнөттүү курстарда окуп жатышат. Мындай курстар менимче дагы да улантылышы керек.

Эл ынтымагы-
өлкөбүздүн
бузулгус сепили
Жакындагы эле Жалал-Абаддагы, Оштогу коогалаң элибиздин сезимине бүлүк салып кетти. Арабызга от жакчулар али да бар экенин баарыбызга эскертип өткөнсүдү.
Бирок, бир нерсени биздин жүрөгүбүзгө уютуп кеткенин да танууга болбойт. Бул элибиздин ынтымагынын ыйыктыгы, аны бузууга эч кимибиздин акыбыз жок экенин туюнткандыгында болду. Эл ынтымагына жарака салчулар канчалык жанталашкан менен, Кыргыз Республикасынын Президенти, Убактылуу Өкмөтү жалпы эл менен бирдикте коогалаңды ооздуктап, араздашууунун араанын жапты, ынтымактын эшигин ачты.
Мамлекеттик кызматкерлердин ыйык парзы - мына ушул эл ынтымагынын пайдубалын дагы бекемдеп, эл достугунун байрагын бийик көтөрүүдө турат. Бул жооптуу милдетти биздин мамлекеттик кызматкерлер ийгиликтүү аткарып кетерине ишенимим чоң. Анткени, биздин мамлекеттик кызматкерлер "ынтымагы бар элде ыр жаңырат - ынтымагы жок элде чыр жаңырарын" жакшы билишет. Алдыдагы, 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоо ынтымак менен, ачык маанайда өтөөрүнө ишенебиз, бул жооптуу иш-чарага өз салымыбызды кошобуз.

Чолпонкул Арабаев,
КР Мамлекеттик кадр
кызматынын директору,
КР УИАнын
мүчө-корреспонденти,
юридика илимдеринин доктору,
КР эмгек сиңирген юристи




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика