Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 2
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
"Алиби" гезитинин редакциясына
Экс-бийликтин эрке ректору
Ал Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин ректору -Т.Кубатбеков. Мындай асмандан түшкөн адистин аталган Университетти жетектегенине эки жылдын жүзү болду. Асмандан түшкөнү анык, анткени ал Россиянын атуулу. Ошол жакта көп жылдар бою иштеп жүрүп, Кыргызстандын Германиядагы экс -элчиси М. Бакиевдин, Россиядагы элчиси Р.Аттокуровдун колдоосу менен ушул Агрардык Университеттин ректору болуу бактысына туш болгонун өзү деле танбас.Иштесе иштей берсин, эгерде жамаатты жөнгө сала алса. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Студенттерге билим берип жаткан окутуучулардын эмгек акысы төмөн бойдон калды. Көп тармактуу адистикте билим алып жаткан студенттик тайпалар кыскартыла баштады. Агрардык окуу жайдын жүзү болгон айрым адистиктер жоюлду. Натыйжада, айыл чарба адиси болом деп тапшырган студенттер башка эле адистиктеги дипломдорду алышууда. Студенттер же алардын ата-энелери бул маселенин чоо-жайын козгой турган болсо, жооп табуу кыйын.
Агрардык тармакты мыкты билген профессор, илимпоз- окутуучулар негизсиз кыскартыла баштады. Жамаатта чын сөздү бетке айткан мугалимдер ректордун душманына айланышты. Ардактуу профессор, 44 жыл ушул окуу жайда билим берген устат А.А. Абдыкеримов ушундай каяшанын курмандыгы болду. Мындай мисалдар арбын. Айрым мугалимдер өз укугун сот аркылуу коргоп калышып, мурдагы кызмат орундарына кайтып келишти.
Мурдагы өкмөт илим- билимди тажрыйба менен айкалыштыруу максатында илим изилдөө институттарын , асыл- тукум заводдорду Университетке кошкон. Мындан да оң натыйжа чыккан жок. Айыл чарбасына баш оту менен кирген тажрыйбалуу адистер Москвадан түшкөн "десантка" кайдыгер карашты.
Асыл- тукум заводдор менен илим- изилдөө институттары өксүй баштады. Агрардык жогорку окуу жайдын абалына жан ачытып, аны туңгуюктан алып чыгууга мезгил келип жетти. Окуу жайды иш билги жетекчи колго албаса, чуунун аягы басылар эмес. Айтмакчы, Университет мурунку ректор Б.Сыдыковдун мезгилинде эле таламайга туш болгону белгилүү. Азыркы ректор Т.Кубатбеков ошол кемчиликтерди оңдойт десек, оңдурбай салды. Демек, жамаат мурдагы эле ректордун заманында иштеп жаткандай туюлат.
Ректор Т.Кубатбековдун тажрыйбасыз, утурумдук жетекчи экендигине мурунку бийлик себепкер. Бактысын Бакиевдер аркылуу тапкан , окуу жайды оюндагысындай чачкан ректордун ишмердүүлүгүнө азыркы бийлик тийиштүү маани берет го деген ишеним менен гезит аркылуу кайрылып олтурабыз. Буга чейин ушундай эле мазмундагы кат Президенттин Администрациясына, Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн. Бирок, ректор Кубатбеков айрым басма сөз беттеринде мактанган, актанган макалаларын басууну улантууда. Маселе бир жактуу каралбай, калыс чечилсе деген үмүттөбүз.
Профессорлор: А.Абдыкеримов, М.Ногойбаев, Н.Карабаев,У.Туганбаев, доцент Т.Искаков, дагы 54 профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрүнүн колдору коюлган.

(Басма сөз мыйзамына ылайык редакция экинчи тараптын пикирин да эске алууга даяр)




  Эл ишеними - эң чоң байлык

Чолпонкул Арабаев,
КР Мамлекеттик кадр
кызматынын директору,
КР УИАнын
мүчө-корреспонденти,
юридика илимдеринин доктору,
КР эмгек сиңирген юристи

Тарых сабактары
Өлкөбүз азыркы учурда эң татаал сыноолорду башынан кечирип жатат. Эгемендик алгандан берки он тогуз жылдын ичинде алдыңкы өлкөлөр кылымдап өткөн жолду басып өттүк. Коммунисттик өкүмчүл бийликтин капканынан чыгып, ай-буйга келбей эле рынок экономикасынын биз үчүн табышмактуу шарданына кирип кеттик.
...2005-жылдын 24-мартында элдик революция болду ажобуз алыска качты, өзүбүз сынык тепшини кармап отуруп калдык, тапкан-жыйган мамлекеттин мүлктөрү таланды.
Жеңиштин шарына тумчуккан эл экинчи ажону такка отургузуп, эртеңки күндөн жакшылык күтүп калды. Ак көңүл, таза дил эл дагы ишенди. Дагы да келечектен жакшылыктарды, бардар турмушту, бактылуу жашоону күттү. Анткен менен, "эскирген үрөн өнүм бербейт" дегендей экинчи ажобуз да эски жолдон чыга алган жок, кайра аны татаалдантып, үй-бүлөлүк башкарууга "кызыл камчылыкты" кошту, кошуп эле койбой аны күчөттү, сындагандар кысымга кабылды, катуу кеткендери темир тор артына жабылды, үлгүргөндөрү чет элге агылды...
Мындай өкүмзордук кысымга элибиз дагы чыдабады - экинчи жолу 2010-жылдын 7-апрелинде жапырт көтөрүлгөн жалпы элдин, жигердүү жаштарыбыздын күчү менен экинчи ажобуз да эл-жерин таштап качууга аргасыз болду, жөн качпай эли-жерин канга боёп кетти.
Албете, элди түйшөлдүргөн учурдагы коомдук-саясый окуялар чындыгында эле абдан олуттуу. Көптөгөн дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн өнүгүү тарыхында мамлекеттик башкаруунун тигил же бул формаларын тандап алууну баштан кечиришкен. Мамлекет тагдырындагы мындай кескин өзгөрүүлөр өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы кризистик абалдан чыгуу мерчеминде айрыкча талап кылынат. Алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, парламенттик башкаруу формасы экономикалык базаны бир калыпта өнүктүрүүгө, ички мыйзамдарды бекемдөөгө, жана ошондой эле саясий системаны туруктуу алып жүрүүгө ылайыкташкан. Азыркы реалдуу шарттарга карап Кыргызстандын геосаясый жана социалдык-экономикалык абалына саресеп салсак, дал ушундай алдыңкы тажрыйбалардын оң шарапаты тиеби деп ойлойм.
Менимче, мамлекеттик бийликти күчтөндүрүү зарылдыгы турат. Биринчи кезекте, анын мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө функцияларын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү керек. Муну менен бийликтин башка бутактарынын - аткаруу жана сот бийликтеринин вазыйпасы менен кадыр-баркын төмөндөтүп жатканым жок. Маселе тартипти күчөтүү, мыйзамдардын кыйшаюусуз аткарылышына басым жасоо туурасында болуп жатат. Коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктары жеке кызыкчылыктардан алда канча жогору турушу керек. Биздин бүгүнкү жагдайыбыз мындай мамлекеттик тескөөгө айрыкча муктаж учуру. Башкаруунун формалары тууралуу талаш-тартыштар, талкуулар демократиялык коомдун духунда, албетте, болуп турушу табигый көрүнүш.
Ошентип, жалпы элдик референдум өткөрүп, жаңы Конституциябызды кабыл алдык, жаңы жол тутунган Роза Исаковна Отунбаеваны Республикабыздын Президенттигине шайладык. Алдыда Орто Азияда биринчи жолу Парламенттик башкарууга жол ача турган жалпы элдик шайлоо турат. Ушул өнөктүктү абийирдүү, ийгиликтүү өткөрүү келечектүү милдетибиз. Шайлоого катышып жатышкан партиялардын жетекчилеринин, мүчөлөрүнүн, жалпы элибиздин ой- тилеги да, келечекке болгон үмүтү да ушул өнөктүккө байланышкан. Шайлоону "шайтан оюнсуз", ачык, калыс жана мыйзамдуулуктун чегинде өткөрөлү. Өткөн советтик заманда "депутат-элдин кызматчысы" (депутат - слуга народа) деген түшүнүк бар эле. Болочок депутаттар эл үстүнөн бийлик жүргүзгөндөр эмес - эл үчүн кызмат кылгандардан болсо деп тилейм. Ошондо биз элибиздин эңсеген ишенимине татыйт элек. Эл ишениминен артык байлык жок да.

Реформа, мамлекеттик
кызмат жана саясат
Совет доорунан мурас калган мамлекеттик кызмат системасынын идеологиясы менен практикасы Кыргызстандын эгемендик жылдарында кескин өзгөрүп кетти деп айтыш, бери болгондо аша чапкандыкка жатар эле. Администрациялык реформалар сырткы өзгөрүүлөргө туш кылганы менен, чыныгы мазмундук жаңылыктар болбой келди. Чиновниктерге карата караламан калкта сын пикирлердин, ишенбөөчүлүктүн калыптанышы да жөн жерден чыкпагандыр. Мамлекет турмушунда бул өтө маанилүү жагдай. Маселен, салыштыруу үчүн айтсак, акыркы 20 жыл аралыгында америкалыктар мамлекеттик кызмат жаатында 7 жолу реформа өткөрүшкөн. Демек, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, өлкөнү алга жылдыруу, коомду өнүктүрүү вазыйпасы дал ушул мамлекеттик кызмат маселесине байланыштуу экенин, анын кадыр-баркына, көтөргөн милдетине жана, алтургай материалдык наркына жараша болорун реалдуу түшүнөр мезгил келди деп ойлойм.
Чоң реформаларды ишке ашыруу - бул дайыма комплекстүү иш-чара болуп келген. Дүйнөлүк масштабда алганда ушундай түшүнүк бар - ар кайсы мамлекет өзүнүн финансылык сырткы, ички проблемаларын чечмейинче кадрдык, социалдык реформалар эч качан ишке ашпайт деген. Бул абдан концептуалдуу суроо. Материалдык базис жана экономикалык көрсөткүчтөр мамлекеттик аппаратты ырааттуу ишке келтирүүдөгү негизги механизмдер. Финансылык туруктуулуктун кайсы проблеманы болбосун чечүүдө ролу чоң. А бирок, бир жагдайды эске алганыбыз туура. Бардык реформалар бири-бири менен өз ара тыгыз карым-катнашта чырмалышкан. Биринчи кезекте, албетте, экономиканы көтөрүү зарыл. Ошол эле учурда, дал ушул максатты ишке ашыруу үчүн, мамлекеттик башкарууну кайра түзүү зарылдыгы турганын моюнга алалы. Ал эми бул иштин өзөгү, уңгусу катарында мамлекеттик кызматты жакшыртуу жана өнүктүрүү маселеси келип чыгат. Демек, айланып келип эле, "адам ресурсу" деген фактор алдыңкы планга чыгып жатканын белгилейли. Реформалар ишке ашсын үчүн мамлекеттик аппаратта квалификациясы туура келген, иштин көзүн билген жана сөздүн жакшы маанисинде амбициясы бар, кыргызча айтканда, дымагы менен жигери айкалышкан жарандар кызмат кылуусу абзел.
Дагы бир маселе тууралуу ой бөлүшкүм келет. Айрым саясат таануучулардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик кызматкерлер саясаттан тышкары болушу керек деген пикирлерин угуп калам.
(Уландысы 8-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/10/0924_7.htm on line 52