Тилиме тибиртке чыгыптыр...

КАМБАРАЛЫ АКЕГЕ КАТ
Кечээ кыргыздар тил мыйзамынын 21 жылдыгын белгилеген болдук, жесир катындын ашындай кылып.
Сиздин ордуңузда отурган Азимжанды бала сынтып жатабызбы, таскагы Ташбонукуна жетпей жаткандай. Баса,Ташбо деп коём, аны билбейсиз да. Таластык болгону үчүнбү, же драматург жеңебиз сценарий жазып, үйдөн экөөлөп "роль" ойной коюшабы, айтор алгачкы жылдары тарсылдап жакшы эле иштеп, түндүк-түштүктү түрө кыдырып, коомдун төш белгилерин күргүштөтө төшкө тагып, иш кагаздарын кыргызча жүргүздүрүп, студенттер арасында да атайын топ түзүлүп, айтор иш жанданып, Ташбо акебиз бир топ эле чыкчырылып калган. Анан өзүнүн төшүнө өкмөттүк медаль тагынгангабы, аяк жагында макталып жүргөн кызга окшоп тойдо осуруп койсо болобу, "Бакиевди автомат менен коргойм" деп. Ошондон көп өтпөй эле көрүнбөй калган көрсө, Түркияга элчи болуп куйрук түйүп кетиптир, кыргызды кыйраткансып эми, түрктөргө тил үйрөтөм деп. Ташбонун артынан эле Бакиев президентибиз да Сиз туздап жүргөн Акаевдин артынан Орусияга эмес, ошого окшош Бел -Орусияга дыргаяктап, Ташбо акебиз аны автомат менен коргогонго Түркиядан жетип келалбай калды. Эрге тийип кеткен эжесинин этеги айрык көйнөгүн кийгенсип, Азимжан Ташбонун ордун басып калганы гана болбосо, кыйратып деле кызмат кылалбады. Кантип иштемек, ортодо тигинтип мамлекет башчыбыз эл-журтту канга боёп качып кетсе.
Кыргыз "кесир сүйлөбө" деп коёт го. Анын сыңары, Бакиев Ак үйгө койкоюп отургандан көп өтпөй "Мен Акаевче качып кетпейм, Ак үйдү автомат менен коргойм" дегеничи? Аны ээрчип, оозун бирөө тырмагансып, сиздин шакиртиңиз Ташбонун тигинтип айтканын карабайсызбы.
Сиз тирүү болгондо балким Бакиевди "Кыргыз тили" деген гезит менен башка-көзгө чапкылап, ушунчалык канабайрам болбойт беле?..
Ошентип ушул учурда кыргыздын тилине гана эмес, дилине да, эгемендигине да "тибиртке" чыгып, оңоло албай турган учурубуз,Камбаралы аке?
Сиз тирүү турганда Бишкектин Ала-Тоо аянтына Шыпшайдар, Нескара, Алооке, Коңурбайлардын эстелиги орнотулмак түгүл, ал жерге калпаксыз кире албай калат белек?
Сиз тирүү турганда Таластагы Манас атанын күмбөзүндө алтын бар деп казып кирген грузиндерди Таластын токоюндагы бака теректерге тирсегинен илдиртип коёт белеңиз?
Сиз тирүү турганда президенттикке, өкмөт башчылыкка, депутаттыкка, мамлекеттик кызматка мамлекеттик тилди билгендер, кыргыз армиясында кызмат өтөп келгендер гана кабыл алынып калышы да ажеп эмес эле. Жаңы парламентке депутат болобуз деп жулунуп жаткандардын үчтөн бири орус, карис, дунган, өзбек, тажик, уйгур, жүүт, татар айтор Кыргызстанда жашаган башка улуттар болуш керек экен. Аларың Кыргызстандын башына кыйынчылык түшсө, коңулга башын катып кирип кетет, же тарыхый мекенине көчө качышат. Анан эле тынчтык жашоо башталганда, бийликке, креслого отуруш керек болсо эле "биздин укуктарыбыз тебеленип жатат" деп баш көтөрүп, кыргыздардын колтугуна кире калганга аябай маш болуп бүтүштү. Ошентип аларды төрүбүзгө тайраңдатып, депутат кылып өткөрүп алабыз. Анан аларың же автономия болобуз деп чыгат, же тилибизге орус тилиндей кылып расмий статус бер деп чыгат, же мектептерибизге өз эне тилибизде окуу китептери жетпей жатат, акча бер, китеп-журнал басып чыгарып бер, радиотеле, гезит-журнал ачып бер дей баштайт. Кайран кыргыз өз эне тилинин өнүгүүсүн жөнгө салалбай, "Манас" баш болгон чоң-кичине эпосторун толук элге жеткире албай, окуталбай, мээсине куя албай жатып, анан аларга чарпылабыз, чачылабыз. Же аларың кайсы мамлекетте жашап жатканын, түндүк кимдики экенин унутуп калышабы,ичип жаткан кудугуна түкүрүп, кудукка кайырмак салып баштайт. Курсактары тоюп калгандан кийин кыргыздардан кул жумшагылары келип калат.
Сиз тирүү болгондо, балким Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттар телерадио берүүлөрүнүн эфир убактысынын жарымынан көбүн мамлекеттик тилде жүргүзүшмөк. Ошондо балким Оштогу "МезонТВ" менен Кадыржан Батыровдун бөлүп-жаргыч чакырыктарын жалаң өзбек тилинде тынымсыз көрсөтө бергенден тартынып калат беле? 21 жыл ичинде 2 президент мамлекеттик тил маселесине жүр-нары мамиле жасабаганда кыргыз тилинин СССРден бери уланып келаткан ноокас абалы азыркыдай "көк жөтөл" оорукчан абалга жетпес беле, ким билет?
Сиз тирүү турганда, парламенттик башкаруу системасына өтүп жаткан мамлекетибиздин Баш мыйзамы балким биринчи жолу кыргызча жазылып, анан орусча, өзбекче, дунганча, англисче, тажикче, жана башка тилдерде жарыяланып, балким түштүктөгү өзбек туугандарыбыз "ии-ии, биздин статусубуз башка элдер менен бирдей тура" деп, мурдуларын көтөрбөйт беле?
Сиз тирүү болсоңуз балким миллиондогон улутташтарыбыз чоң-кичине дебей, эмдигиче кыргыз тилин суудай билип,коомдук жайларда, тейлөө тармагында, транспортто жалаң кыргызча сүйлөшүп, жалаң кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып калаар беле? Окуу китептерибиздин сапаты жакшырып, телерадиодо кыргызча жомок, мультфильмдерибиз көбөйүп, балдар үчүн түстүү китептерибиз, гезит-журналдарыбыз көбөймөкпү?
Сиз тирүү турганда Кален Сыдыкова деген жазуучубузду Улуттук Коопсуздук кызматы чакырып алып, "Нур Эл" деген гезитке 2010-ж. 15-апрелдеги санына "Кыргызды басмырлаган китептер" деген макалада эмне үчүн улутчул идеяларды жазгансыз, кыргыздарды шылдыңдаган сүрөттөр тартылып чыгып кеткен китептерди басып чыгарган "Азур" басмасынын иши туурасында эмне үчүн сын пикир жаздыңыз деп бурчка такап, сүр көрсөтпөйт беле?
Айта берсем арман көп, Камбаралы аке. Аларды айтканда же сиз тирилип келсеңиз го?
Кебимдин артын оозду куу чөп менен сүртө бербей,
жакшы маанай,жылуу-жумшак тамаша менен бүтүрөйүн.
Ысык-Көлдүн тескейинде өсүп-чоңоюшкан Александр Костюк менен Юрий Бобковду кимдер тааныбайт. Ак үй, Көк үйгө аралашып жүргөн кыргыздын мен кыйынмын деп чиренген жигиттеринин кимиси Костюкка окшоп экинчи жолу жогорку бийлик башына жетип, вице-премьер-министр боло алды? Болбосо Юрийге окшоп кайсы дунган, кореец, өзбек же уйгур кыргыз менен камыр-жумур болуп, өмүр бою жасаган ак иши үчүн "эл артисти" деген наамга татыктуу боло алды? Бул экөөн кимибиз "сен оруссуң" деп төшкө түрттүк. Тескерисинче ыраматылык Чубак Сатаевге окшоп, Юрийдин орус экенин унутуп,анын үйүнө конокко барып, жат-жатка келгенде "тиги орус балдар эми үйлөрүнө кетпейби" деп, Юрийдин өзүнүн балдарын кетсин деп айтпас эле да. Анда Юрий "булар менин балдарым эмеспи" десе Чубак сөзгө жыгылыптыр.
Болбосо Ошто өсүп- чоңойгон Турсунбай Адашбаевди кимибиз өзбексиң деп бирибиз акаарат сөз айттыкпы? Ал кыргызча адабий китептерди өзбекчеге, өзбек китептерин кыргызчага которуп, Ташкен менен Бишкектин ортосундагы эки жактын тең эмчегин соргон эрке жазуучу эмес беле? Ушуга окшогон орус, өзбек, дунган, татар, жүүт, уйгур, кореецтер Кыргызстанда экинин бири дебейли, бештин бири болсо кана, атаганат? Аларды чекесинен чопулдата өбө тургандар четтен чыгат.
Сиз тирүү болгондо го, Камбаралы аке?..

Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Орустардын башы маң
Бийликке жутунган партиялар Улуу державалардын колдоосун алууга болгон аракеттерин жумшашууда. Үгүт иши башталганга чейин Ө.Бабанов, А.Мадумаров деген "саясатчылар" Нарышкин сындуу Москванын айрым бийлик адамдарына жолугуп, көкүрөк кагып жаткан. Үгүт иши башталаардын алдында А.Атамбаев В.Путиндин өзүнө жолугуп, алардын оозун жап кылса, 22-сентябрда "Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов президент Дмитрий Медведевдин өзү менен жолугушуп, "Единая Россия" партиясы менен партиялар аралык келишимге кол койгону далайлардын оозун Ошту каратты. Мындан сырткары Орусиядагы белдүү саясатчылар, үлкөн бийлик өкүлдөрү менен "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков да жолугушканы маалым болду. (Улутчул маанайдагы жүрүштөрү үчүн жалгыз "Ата-Журт" партиясы ачык кагуу жегени айтылууда). Буларга көз жүгүрткөн адам, Кыргызстан Россиянын баш оорусуна айланганын айттырбай түшүнө алат. Жогорудагы жолугушуулар Расмий Москва кайсы лидерге басым жасоону билбей, башы адашканын айгинелегенсийт. Иши кылып, бир үй-бүлөгө чөгөлөбөстүгүн эки жолу далилдеп, кошуна башкаруучулардын жүрөгүн оозуна кептеген кыргыздар, өнүгүүнүн ыкчам жолун шарттаган Парламенттик башкаруу системасы менен далайларды тынч уктатпай калды окшойт.


Тазалыкты сөздө эмес, иште көрсөтсөк
Өткөн саныбызда "Ата Мекен" партиясы менен "Ата-Журт" партиясынын таяке-жээн экени жазылып, окурмандарга парттизмелердеги өң тааныштык, тууган туушканчылык жөнүндө жазуу мүмкүнчүлүгү берилген. Бизге байланышкандар КСДПнын катарында маркум Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева жана Акаев, Бакиев мезгилинде администрация башчылыгынын атасын таанытып, бийликти бир уучка бириктирип бергенге чоң салым кошкон маркум Медет Садыркуловдун кызы Айжан Садыркулованын жүргөнүн таң калуу менен билдиришти. Мындан көрө КСД партиясы өз катарында жүрүп, киши колдуу болгон Руслан Шаботоевдин туугандарынан кошсо дурусураак болмок беле дешет. Тууганчыл көрүнүш "Республика" партиясында дагы өкүм сүрүптүр. Тизмеде 7-апрель күнү Жайылдын акиминен элдик толкун менен айдалган Замирбек Эсенаманов жана кызы Чолпон Замирбековна бакыят. "СССР" партиясында Ишенбай Кадырбеков уулу Медер Кадырбеков экөө алдыңкы ондукка кириптир. Үй бүлөлүк клан жөнүндө кеп салып, үй-бүлөлүк партияларды түзүп жаткандарды кантип түшүнөбүз дейт, телефон бураган окурмандар.
"Алиби" пресс