Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Темир Сариевдин "жети
кадамы" - өнүгүүнүн кадамдары

Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхы эгемендүүлүктү алгандан берки 19 жылдын ичинде бир топ тарыхый окуяларга туш болду. Эгемендүүлүктү алган күндөн тартып кыргыз эли, Республиканын башчылыгында турган саясатчыларга, өкмөткө, Президентке ишеничин артып, жакшы бакубаттуу турмушта жашоону тилеп, үмүттөнүп келишти. Бирок, элдин ишеничин, үмүтүн өткөн эки Президент жана алардын тегерегиндеги кошоматчыл, атка минерлер актамак турсун, тескерисинче СССРдин убагындагы өнүккөн өнөр жай, айыл чарбасын талап жок кылышты.

Республиканын өкмөт кызматкерлери, күч органдагылар, сот системасындагылар болуп көрбөгөндөй коррупциялыкка, паракорлукка, кошоматчылыкка, кайдыгерликке батып, иштин көзүн билбеген адистер өкмөттүн ишин артка тартып, мамлекеттин казынасын дайынсыз чыгымдап, эл байлыгын талап-тоношту.
Биз абдан жакшы билебеиз, мамлекеттин мамлекет болушуна жер жана тил эң негизги маселелердин бири экендигин. Мамлекеттик тилди жана мугалимдерди ар кандай саясат иштеринде курал катары колдонуп келишти. Булар адам баласында болуп көрбөгөн нерсе деп ойлойм, себеби ар бир өнүккөн мамлекет жерин, тилин жана жарандарын баалап, колдоп, көздүн карегиндей сактоо үчүн кам көрүшкөн.
Жогоруда айтылгандардын кесепетинен кыргыз эли жумушсуздуктун кедергисине, жакырчылыкка, социалдык кыйынчылыкка батып жашоодо. Жумушсуздуктун айынан жарым миллиондой кыргыз жаштары чет мамлекеттерде айласыздан тентип, кулчулуктун азабын тартып жана эң начар шарттарда иштеп жүрүшөт. Кыргыз элинин өкмөттүн алдында бети ачылып, эч кимге ишенбей, туу туткан нерсеси калбай, айыл жергесинде көз жумган адамдардын көрүстөнүн казганга алдуу-күчтүү киши табылбай, карбаластап турган убагы. Ал эми Республикада калган жаштар айрымдары соода-сатык тармагында эптеп күн көрүп жатса, айрымдыры ар кандай ыплас иштерге кирип, денесин саткан тал чыбыктай кыздарыбыз күндөн-күнгө көбөйүп жаткан учур.
Жетинчи апрелде болгон Революция кыргыз элинин турмушун оңдоого дагы бир шанс берип жаңы үмүт, жаңы тилек пайда кылды. Кабыл алынган жаңы Конституция келечекке дагы бир жолу үмүттөндүрүп, ишендирет.
"Акшумкар" партиясынын шайлоо алдындагы программасын жана партиянын лидери Темир Сариевдин өнүгүүгө жети кадам аттуу сунуштарын окугандан кийин Кыргыз Республикасынын келечегине үмүттөнүү менен карап жатам.
Кийинки жылдардагы КРнын көйгөйлөрүн түзөп чечүү оңой иш эместиги анык. Ошентсе да бул программага таянып, мамлекетибиздин ар кыл чарбачылыгында жогорку профессионалдуу адистер терең анализдеп, изилдеп конкреттүү иштерди жүргүзсөк мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшөрүнө ишенем.
Мисалга алсак, программада коюлган региондорду өнүктүрүү маселесин чечүү үчүн, орчундуу маселелер иштелип, облустардын географиялык абалына, шарттарына жараша конкреттүү иштер сунушталган. Бул программадагы маселелерди чечүү үчүн кыргыз эли биримдикте болуп, ар бир иштемчил инсандарды колдоп, ар бир жаран КРнын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусу зарыл.
Улуу Британия элинде мындай деген сөз бар: "Англичандарга англичандар гана жардам берет" дегендей биз да, бири-бирибизди колдоп, мекенибиздин патриоту болуп, келечек муундардын тагдырын ойлоп, аларга күчтүү, стабилдүү мамлекетти түзүп беришибиз керек деп ойлоймун.
Кыргыз элинде жакшы макал бар "Сыйлашканга жат жакшы, ыйлашканга өз жакшы" дегендей, КРнын өнүгүүсү кыргыз элинин өз колунда!!!

Рысбүбү Керимбекова, мугалим

Макала "Ак Шумкар" партиясынын шайлоо фондусунан каржыланды. Заказ берүүчү "Ак Шумкар" саясий партиясы, каржылык маселелер боюнча ишенимдүү өкүлү Н.Токоев.




  Төө буурчактын баасы

төмөн болушу мүмкүн
Бул тууралуу Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Анарбек Тургуналиев билдирди. Себеби коңшу Казакстан менен чектешкен Маймак станциясына кире турган чек ара бекети августтан бери жабык турат. Эгерде бул чек ара бекети ушул бойдон ачылбай турган болсо анда таластык дыйкандардын мээнети талаага кетээри бышык. Анкени аны алып кетүүчү кардарлар темир жол менен эмес, Төө-Ашуу аркылуу автоунаа менен ташууга көп чыгым коротоору бышык. Бул маселе жакында өкмөттөр аралык сүйлөшүүдө чечилбесе таластыктар нааразылыктын жаңы толкунун башташы мүмкүн. Анда эле араң турган Убактылуу өкмөттүн араң турган кадырын күбүп түшөөрү анык.


Роза Отунбаева БУУда сөз сүйлөдү
Роза Отунбаева БУУдагы үч күндүк саммиттин акыркы иш күнүндө сөз алды. Саммит Улуттар уюму мында он жыл мурда кабыл алган декларацияда мерчемделген максаттардын аткарылышына арналды. Андагы декларацияда 2015-жылга чейин дүйнөдө жакырчылыктын деңгээлин эки эсе кыскартуу, ачарчылыкты биротоло жеңүү, аялдар менен эркектер ортосундагы теңсиздикти жоюу, балдар жана энелер өлүмүн азайтуу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, СПИД, кургак учук илдеттеринин жайылышын токтотуу өңдүү сегиз максат белгиленген.
Кыргыз президенти өз сөзүндө июнда түштүктө орун алган Улут аралык жаңжалдын кесепеттерине да учкай токтоло кетти. Кыргызстанда соңку алты айда орун алган окуялар өнүгүү, демократия жана коопсуздук деген түшүнүктөр бири-биринен ажырагыс экендигин далилдегенин кошумчалады.
Роза Отунбаева АКШдагы сапарын бүгүн БУУнун башкы ассамблеясынын 65-сессиясынын жалпы саясий талкууларына катышуу менен улантат. Анын Нью-Йоркто АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуусу да белгиленген.


Беймаал азан чакыргандар соттолду
Баягы кан күйгөн Оштогу миңдеген бейкүнөө улутташтарыбыздын өмүрүн алган окуя башталганын ишаара кылып түнкү саат экиде азан чакырган немелердин соту болду. Баарынан кызыгы ушундай оор кайгыга себеп болуп, аны уюштурууга катышкан эргулдарды Кара-Суу райсоту болгону 4 жылдык жатак абагына кесип койгон. Ошондо баягы каргыш тийгирлер жумасына бир ирет катталып коюп, каалашынча тайраңдап жүрө беришет. Эсиңиздерде болсо 2007-жылдагы апрель митингинде жөн гана таш ыргытып койгон бечара балдарды жаш экенине карабай төрт жылга күчөтүлгөн режимге кесип тынышкан. Алардын ичинен Жылдызбек Кенжебаев аттуу жаш жигит учурда камакта жатат. Ошол митингдин башында турган саясатчы сөрөйлөр бийликке келгенине карабай, ал тууралуу бирөө да эстеп койгонго жараган жок. Баарынан да таң калыштуусу, жогорудагы "азанчылар" күнөөлөнгөн Кылмыш кодексинин 233-статьясынын биринчи пунктунда эч кандай колония-поселение деген жок. Ал жерде болгону 8жылдан 12 жылга чейинки күчөтүлгөн режим гана бар. Ал эми Кара-Суу райсоту кайсы беренени негиз кылды, түшүнүп болбойт. А тигил жакта канчалаган энелер, аталар чолпондой уул-кыздарынан ажырап отурганы эч кимди кызыктырып да койгон жок.


"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика