"Сапаттуу билимдин" сапатсыз жактары
Июнь айында болуп өткөн Ош, Жалал-Абад окуясынан кийин эл аралык уюмдар түштүккө көбүрөөк көңүл бура башташты. Алардын бири - АКШнын Эл аралык өнүгүү долбоору ( USAID) менен Билим берүү министрлиги орчундуу проблема деп, республиканын түштүгүндө жаңы окуу жылына карата даярдык болууда деп тапты. Ошондуктан, окуучуларды мектепке тартуу жана коомчулук арасындагы пикир келишпестиктерди жоюу максатында, билим берүү министрлиги менен чет элдик уюмдар биргеликте иш алып барып жатышат. Бул багытта Жалал-Абад областынын аймагында 1-августтан тартып, "Сапаттуу билим" деп аталган жаңы долбоор ишке ашырылды.
Жалал-Абад облусундагы 469 мектептин бардык мугалимдерине USAID уюму каржылаган "Сапаттуу билим" долбоору өзгөчө кырдаалдар абалында кантип иштөө тартиби окутулуп, үйрөтүлдү. 1-августтан баштап 26-августка чейин 2300 адам бул багыттагы окутууга катышкан.
Долбоор боюнча мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган адамдар чогулушкан. Буларга атайын адистер үч күндңк окутууларды өткөрүшкөн. Кошомат кылыпбы,же атайылапбы айтор, "Бул тренинг - керек учурда болду. Бул чаңкаган адамга суу, ооруган адамга дарыдай керек" деп, "Манас-1000" мектебинин директору Амангелди Асанов баа берди.
Долбоордун негизги максаты - канткенде окуучуларды толук мектепке тарта алабыз? - деген суроо экен. Алардын пикиринде өткөн айларда болуп өткөн окуялардан соң, окуучуларды окууга тартуу маселеси орчундуу болуп жатыптыр.Буга ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин көмөгү керектелет экен.
Мугалимдердин айтымында жаңы окуу жылы башталган соң, биринчи чейрек ичинде жыл бою окуучулар менен кандай тартипте иштөөнүн эрежелерин иштеп чыгып, "Сапаттуу билим" долбоору алкагында аны ишке ашырат. Кышкы жана жайкы каникул күндөрү да окутуулар жүргүзүлүп турат дешет адистер. Кыскасы баары жакшы, орустар айтмакчы "нахалево уксус сладко"
Кызыгы, бир айлык окуусу бүткөндөн кийин Бишкектен бир короо журналисттер менен бирге, атайын программа түзүп алып, Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун бир топ мектептерин кыдырып чыктык. Кыргыз, өзбек, орус тилинде окутулган мектептерде болдук. Дегеле бир да мектептен, июнь айындагы окуялардан окуучулардын жабыркап келбей коет деген чочулоону сезген жокпуз. Ата-энелер менен баарлашканда өзбек, кыргыз,орус улутундагылардын баары эле эч кандай психикалык жабыркоо болгонун сезишпегенин, жылдагыдай эле ниет, максат менен балдарын алып келип жатканын айтышты.Окуучуларды июнь айындагы окуялардан кийин келбей коет деген маселе жок экен. Ырас, июнь айында акыркы бир-эки экзамендери министрдин буйругу менен токтотулган. Бирок, окуучулар жабыркаган эмес. Тескерисинче, 9- классты бүткөндөрдөн кесипчилик окуу жайына кетип калчулар быйыл азайып, 10-11 - класста окугандар көбөйгөн.
Окуянын очогу болгон Жалал-Абадда, Сузакта окуучулар үчүн психикалык жабыркоо сезилбесе, башка райондордо таптакыр эле өзгөчө кырдаал да, социалдык -психикалык абал да оорлобогону айкын болду. Ошондон улам "Сапаттуу билим" долбоору эл аралык уюмдардын АКШга бере турган кезектеги отчету үчүн жасалган иш-чаралардын бири экени белгилүү болду.
"Бирөө келип жардам берип, окутуп,үйрөтүп жатса эмнеси жаман. " дегендер чыгышы мүмкүн. Кеп, алардын окутканында эмес, кыргыздар менен өзбектер чабышып, ошонун айынан окуучулар мектепке тартылбай жатат деп, жасалма окутуп жаткандыгында. Чабышса да чоңдор, улуулар чабышты. Балдарда не жазык! Жаңжалдашкан тараптар чатактын эч кимге кереги жок экенин сезишип, токтотушуп, камыр-жумур жашоого кирип кетишти.
Албетте, проблема жок эмес, бар, ал көбүнчө өзбек улутундагылардын өзбек тилинде окуп, мамлекеттик тилди тымызын өгөйлөп жаткандыгында. Дегеле өзбек,кыргыз улутундагы балдарды аралаштырып окутуу, бири-биринен обочолонуп калбоо үчүн аралаш мектептерди көбөйтүү керек. Алардын жалпы чөйрөсүн түзүү зарыл.
Окуучуларды мектепке келтирүү үчүн мугалимдердин сапатын көтөрүү керек.Ал үчүн айлык акынын жогору болушу зарыл. Айлыктын аздыгынан мугалимдер ишин таштап кетип жатышат. Көптөгөн сабактар боюнча мугалимдер жетишпейт. Биз барган учурда мектептин директору ушуну айтты.Мындан сырткары мектептерди оңдоо,түзөө үчүн өкмөттөн каржылоо азайып, ата-энелерге күч келип жатканына токтолушту. 1000-1500 бала, окуган мектептин директорлору менен 200-300 бала окуган мектептин директорунун айлыгы бир экенине токтолушту.Дептерди текшергенге болгону 30 сом төлөгөнүнө нааразы. 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамагын жоюууга да ата-энелер, мугалимдер нааразы болушту. Албетте, аягында колунда момпосуй бар бала сүйгүнчүк деп, "Сапаттуу билим " долбоорунун колдоосуна ыраазылык билдиришти. Бирок, мен анын сапаттуу экенине ишенген жокмун.

Орозалы Карасартов, Жалал-Абад областы




  Миграция

Байкалды байыр алган кыргыздар

Атагы дүйнө жүзүнө тараган Байкал көлүнүн түндүк жээгинде Северобайкальск деген шаар бар. Ал СССРдин убагында курулган айтылуу БАМ темир жолу менен жашташ. Минтип айтканыбыздын себеби, ошол темир жолу курула баштаган мезгилде бул жерге Союздун туш тарабынан жумушчулар тартылып, шаар түптөлгөн.

Азыр Северобайкальскиде 28 улуттун өкүлдөрүнөн турган 30 миңдей калк жашайт. Армян, азербайжан, казак, тажик, өзбек, бурят, тунгус, эвенки сыяктуу улуттардын арасында кыргыздар да бар. 35 түтүн кыргыз шаарда соода-коммерциялык иштер менен алек. Ал эми 150 гө жакын мекендештерибиз курулуш, тейлөө мекемелеринде эмгектенишет.
Албетте, шаардын аталышы түздөн-түз Байкал көлүнө байланыштуу жана анын 300-400 метр аралыктагы жээгинде жайгашкан. Жергиликтүү деп эсептелген бурят калкынын жана орустардын түшүндүрмө сөздүгүндө Байкал -"богатое озеро" деп жүрөт. Бирок, сураштыра келсең, буряттардын тилинде бул сөздүн эч кандай түпкү мааниси жок. Башка тилден которулуп алынгандыгы даана билинип турат. Ошондуктан биз, кыргыздар аларга сөздүн түпкү маанисинде "Байкөл" деп аталганын жана ал бара-бара башка тилдерге өтүп, "Байкал" болуп калганын, бул жерди биздин ата-бабаларыбыз жердегендигин айтып талашып калабыз. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, Северобайкальск КМШ боюнча эң таза шаар деген титулду көптөн бери колдон чыгара элек.
Ар кошкон эл жашаган бул шаарда көп улуттардын диаспоралары бар. Ошолордун катарында кыргыздар да "Аян" маданий борборун ачып алганбыз. Шаардын ар кандай саясый-маданий иш-чараларына башка диаспоралар менен бирге активдүү катышып, улуттар аралык мамилелерди чыңдап турабыз.
Эми кыргыздардын турмуш жайын айтсам, көпчүлүк мекендештерибиз Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан. Балдарыбыз мектептен билим алышып, бакчада тарбияланышына бардык шарт бар. Саламаттыкты сактоо жагында да эч айып жок. Кыскасы, шаардын жетекчилиги шаар тургундарынын жашоого болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүүгө абдан аракеттенет.
Окуу демекчи, биздин жаш мекендештерибиз окууда, спортто башка улуттардан өзгөчөлөнүп өжөр, тырышчаак болгондуктан райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларда өздөрүнүн мыкты жетишкендиктерин көргөзүп келишүүдө. Алсак, гимнастика боюнча эң кичинекей өспүрүмдөр арасында Иркутск областынын алтын медалын алган Айзирек Акылбек кызы, бий боюнча Кишимжан Заманбек кызы жана Азада Бактыбек кызынын ийгиликтери жакшы. Сыргак жана Чубак Кайратбек уулдары лыжа, бокс боюнча өзү теңдүүлөрдүн алдында келе жатышат.
Быйылкы жылы "Замандаш" ассоциациясынын жылда өткөргөн конференциясына биринчи жолу катышып Россия, Казакстан, АКШ, Чехия жана башка өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын иш тажрыйбалары менен тааныштык. Алардан көп нерселерди үйрөнүп, эми Северобайкальск шаарына кеткени турабыз. Бизге тажрыйба алмашууга, маселелерди чогуу талкуулап чечүүгө шарт түзүп берген "Замандаш" ассоциациясына чын дилимден ыракмат айтам.

Абдырашит Султаналиев,
"Аян" кыргыз улуттук
маданий борборунун
өкүлү, Северобайкальск
шаары