Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сөз кезеги келгенде...

ЫРЧЫЛАР ДЕПУТАТТЫККА ТАТЫКСЫЗБЫ?!
же жазуучу-драматург м.т. байжиевге жооп

Бул макаланы жазууга белгилүү,сыйлуу жазуучу-драматург М.Байжиев менен өзүн кыйын саясатчы сезген Бегиш Ааматовдун 20-сентябрда УТРКнын "Ала-Тоо" аналитикалык программасына берген интервьюлары түрткү болду. Урматтуу аксакалыбыз жакында өтө турган ЖК шайлоосуна ар кайсы партиялардын катарында мүчө болгон ырчы-обончуларды "ырчылар ырдаганын эле билишсинчи, жазуучу же журналист болсо бир жөн" деп шылдыңдап жатпайбы. Бу,сыйлуу аксакалыбыздын оюнда ырчы-обончулар киши деле эмес, бир бечара окшойт. Ал эми өзүлөрүн өтө билерман, акылдуу сезишкен сиздердин кандай депутат болгонуңуздарды калың эл жакшы билет деп айткым келет.

Алгачкы президент Акаевдин "кан таламай" башкаруусуна активдүү катышып, силер да чоң устуканга ээ болуп базар, мейманкана, ашкана, дүкөн ж.б.объектилерди приватташтырып алганыңарды, алганда да бепбекер алганыңарды билебиз. Ош базарынын бир бөлүгү сизге караштуубу? Ошентип алган дүнүйөңөр өзүңөргө каскак болуп, А.Акаевдин, кийин К.Бакиевдин туура эмес иштерин ачык айталбай калдыңар го. Болбосо, акын-жазуучулардын баркы кандай эле? Элибиз силерди кандай туу тутчу эле? Силердин ач көздүгүңөрдүн азабын башка акын жазуучулар тартышты, эл арасындагы бийик кадыр-баркыңарды ошентип депутаттык "кыйын" ишиңер менен жок кылдыңар. Кийинки шайлоолордо бир да жазуучуну элибиз депутаттыкка шайлабай коюшту го. Азыр деле баркыңар менен жүрбөй,аксакал акын-жазуучулар кийинки жаштарга жол бербей, төрагалык орунду талашып, бириңердин абийириңерди бириңер чукуп, калган кадырыңарды түшүрүп бүттүңөр.
Ал эми депутаттык мандатка жеткен журналисттер М.Эшимканов, К.Карабеков, А. Малеванаянын кылыктарын да көрдүк. Б.Ааматов саймедиреген чыгаан юрист, саясатчы, экономист депутаттардын айынан өлкөбүз жакырчылыктын сазына батып отурат го.
Дагы бир айтарым, биздин урматтуу устаттарыбыз К.Молдобасанов, Н.Давлесов, А.Жаныбеков, Б.Миңжылкыев, А.Жумакматов, Т.Сейталиев, К.Сартбаева, Э.Турсуналиев, А.Айталиев, Т.Абдиев ж.б. маданиятыбыздын каймактары, атактуу инсандарыбыз, ошол эле ырчы-обончулар эч кандай "канталамайга" катышкан эмес. Силерге караганда бизде ыйман, абийирибиз тазараак экен...
Турмушубуздун эң негизги туткасы, улуттун жүзү болгон руханий байлыктарыбыз акыркы учурларда талкаланууда деп айтып келишет. Жаштарыбызды музыкага тарбиялоо системалуу түрдө кыйрады. Мына, 20 жылдан бери мектептер үчүн музыканы окутуу боюнча китеп чыга элек. Ушунун өзү эмнени каңкуулайт? Бир да депутат 20 жылдан бери жогоруда айтылган проблема тууралуу сөз козгобойт. Сүйлөшсө эле экономика,экономика деп сайрашат, же анысы оңолуп кетсечи.
Биздин Чүй облусунун жарымындай эле болгон Сингапур деген кичинекей өлкө бар жер шарында. Ал дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн катарына кирип, жылдык бюджети 28 млрд долларды түзөт,бул өлкөдө - парламенттик башкаруу. Ошол мамлекетти бутуна тургузуп,32 жылдай башкарган өкмөт башчы Ли Хуандан ал пенсияга узап жатканда: Өтө бай өлкөгө айлантып, көп жыл башкарганыңыздын сыры эмнеде? -деп сурашыптыр.
Анда Ли Хуан: Сыры ушу - биринчи, өкмөт башчысы кристаллдай таза болушу керек. Экинчи, ал өкмөт башчы өзүнө окшогон таза кишилерди командасына жыйнаш керек. Анан, мыйзамга бардыгы - чоң, кичине дебей, өкмөт башчы,министр,депутат ж.б атка минерлер кыйшаюусуз баш ийишип, мыйзам бардыгына бирдей болушу керек. Темирдей тартип орноп, ким аны бузса ал катуу жазаланат. Кыскасы, катардагы кишибизден тартып өкмөт башчы, депутат, министр - бардык атка минерлерибиздин ыйманы тазаланмайынча мамлекетибиз оңолбойт.
Урматтуу Мар Ташымович! Сиз жээрип, шылдыңдап жаткан ырчы-обончулар ачка-тогуна карабай, кабагым-кашым дебей, колунан келишинче рухий маданиятыбыздын жүгүн көтөрүп келе жатышат. Аларды өкмөт эчак эле карабай калган. Ырчылар ушундай шайлоолордо, аш тойлордо гана эске алынат. Негизи, биздин көкүрөгүбүздө да быгып жаткан көйгөйлөр арбын. Кыргыз искусствосунда музыка жаатында көтөрө турган проблемалар көп. Анан калса, ырчы-обончулар да Кыргыз Республикасынын атуулу да. Биздин көкүрөктө да атуулдук патриоттук сезимибиз жанып турат. Эгер, ырчы-обончулардан бирөө-жарым депутаттыкка илинип калса, маданиятыбызды көтөрүүгө жан үрөп иштейт деп ишенем.
Атайбек БӨДӨШОВ,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Р.Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, композитор-обончу.




  Үгүт иштеринен үрөй учат го?

ЖАРДАМГА ЧАПАЕВДИ ЧАКЫРСАК -
ЖЫРГАГАН ЭКЕНБИЗ
Кыргыздарда парламенттик маданият жок деп жатышат. Ким айтса да -оозуна таш. КТРди көрбөйсүңбү - 1917-жылдагы элдик революционер Чапаевди жардамга чакырып жатканынын өзү эле биздин болочок парламентарийлер кыргызды бул жакка кой-тээтиги орустун ошол убактагы жарым сабат Чапаев деген баатырына чөк түшүп жаткандан кийин ким айтат "бизде парламенттик маданият жок" деп. Орустун азыркы президенти Медведев "орус менен кыргызга парламенттик башкарууну ким коюптур" деген кыязда жылан башын кылтайтты эле - 29 партиянын көбүнүн ана башчылары Кремлге киришке өчүрөткө жазылышыптыр деген каңшаар тарады.
Парламенттик шайлоодо Чапаевдин жардамы менен жеңишке жетишип калсак, анын жанында Петька менен Анькасы бар, алардын жоруктарын элден кантип жашырабыз? Же орустарга окшоп экөө жөнүндө толгон-токой анекдот чыгаралбасак.Чыгарган күндө же ал анекдотторубуз кыргыз кыртышына жарашпаса. Же кыргызча билбегендерге андай анекдоттор жарай береби?
"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика