Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Жаңы конуштун көйгөйлөрү

АЙЫЛДЫН АТЫ - "АЛТЫН КАЗЫК"
АСМАНЫ ТҮТҮН, АБАСЫ САСЫК
Шаардын "Дордойго" кеткен трассасы менен өтүп калсаң, алыста-ан дөң болуп, узатасынан кеткен шаардын таштанды полигону көрүнөт. Ал эми үстүндө кара-көк болуп күнү- түнү түтүн асманга көтөрүлүп, шамал оңго айдаса оңго, батышка айдаса батышка кетип жатканын көрөсүң. Аны менен эч кимдин иши жок. Себеби ал түтүн борборго, Ак үй жакка эгерим каптабайт. Ал жыт, ал түтүн мезгил- мезгили менен көздү ачыштырып "Ак Жар" жаңы конушун каптайт, же "Теңдикти" же "Калыс Ордону" же Кирпичныйды каптайт. Бул конуштардан кийин түшкөн "Алтын Казык" жаңы конушу үчүн түтүндүн жыты тамеки тарткан кишинин түтүнүнүн жытындай- демейдеги эле көрүнүш. Бул конуш качан негизделген? Жоопкерчилигин ким алган, ошол учурда чоңдор эмнени карап олтурушкан деген суроо туулат.
Анда билбесеңер билип алгыла. "Бул жерге жеке менчик там салууга шаардын төрт районуна бөлүнсүн, архитекторлор көчөлөрдү чийип, топосъемкасын чийсин" деген мурдагы президентибиз Курманбек Бакиевдин 2005-жылдын 17-июнунда чыккан №241-токтому турат. Арадан эки күн өтпөй, ошол учурдагы шаар мэринин 2005-жылдын 21-июнундагы №637-токтому токулган. Шаардын таштанды полигону болсо 1976-жылы 20 жылдык мөөнөт менен ошол учурдагы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Сүйүнбаевдин токтому менен ачылган. 1993-жылы таштанды полигонунун жанындагы көлмөлөрдөгү балыктар кызыл боор болуп өлө баштаганда, экологдор жана шаардык санэпидемстанциясы "шаардын таштанды полигонун тез арада жабыш керек, болбосо шаарга жана ага жакын жайгашкан территорияга, экологияга орду толгус чоң зыян алып келет" деп, бул мекеменин ишин сотко өткөзгөн. Бирок, тилекке каршы ал мекеме Министрлер Советинин токтомунун негизинде, дагы үч жыл убактысы бар экендигин далилдеп, ситуациядан камырдан кыл сууругандай чыгып кеткен. Кийин 2002-жылы июнь айларында шаардык санэпидемстанциясынын жетекчилиги шаар мэриясына үч жолу катар- катар кат жөнөткөн. Каттын мааниси "шаардын таштанды полигону өзүнүн мөөнөтүн жашап бүткөнүнө алты жыл өтүп кетти. Тез арада башка жактан таштанды төгүү үчүн жер таап көчүрүп, бул жерди тезинен жаппаса шаардын тургундарына жана таштандыга жакын жайгашкан жаратылышка, экологияга чоң зыян алып келип, эпидемиялык оорулардын таралышына шарт түзөт" деп коңгуроону катуу кагышкан. Чындыгында эле сутка бою нечендеген тонна акыр-чикир өрттөнүп, абага канча миңдеген кубометр түтүн экологияны тынымсыз булгаганы закондуу көрүнүш. Таштанды деген таштанды. Бирок, акыркы кезде Кытайдан тартып келген целлофан баштыктарды биз чексиз колдонгондуктан, таштандыга түшкөн баштыктар, эгин талаасынан калган самандай болуп, канча өрттөнсө да түтөгөнү түтөгөн. Полигондо жүзгө жакын адам такай "эмгектенет". Жаңы келген таштанды жүктөлгөн машинадан түшкөн жүктү аңтара келгенде, ичинен не деген заттар чыкпайт. Темирлер, айнектер, бөтөлкөлөр, жоон кабелдер. Кабель демекчи, алар алюминий, жез болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Мына ошол кабелди өрттөгөндө жанагы айтылган целлофан баштыктар күйгөн самандай болуп, нары күйүп кете баштайт. Кабелдин сырты күйүп бүткөндө, ичиндеги жез менен алюминий таптаза болуп калат,өткөрүп, акчасын ала бер. Мына, ишкананын жөнөкөй технологиясы ушундай. Союз учурунда бир суу ташыгыч авто дайыма полигондун четинде туруп, жанагыдай от тутана баштаганда дароо өчүрүп коюшчу экен. Ал эми азыр базар экономикасында ашыкча чыгымды эч ким ойлоп койбойт. Иши кылса акча табыш биринчи планда. Ошентип таңында күйүп башталган от он суткалап өчпөй, кээде полигондун 30% тынбай күйүп турат. Ал өрттү эки- үч сутка тынбай жааган жамгыр гана өчүрбөсө, же целлофан баштыктар күйүп, түгөнүп эле калбаса, ал оттун өз алдынча өчүп калышы күмөн. Ал эми баштыктар кийинки машина менен жайнап келе берет. Кээде бизге келген машинага караганда, таштанды полигондон шаарды көздөй жүк жүктөп кетип жаткан машинанын саны көптөй сезилет. Ошол учурдагы шаар мэри М.Т.Керимкулов өзүнүн кызматкерлери жана шаардык Кеңештин депутатттары менен бул маселени кеңири талкуулап, шаардан чыккан таштандыларды төгүү үчүн башка жер издеп табышкан. Бирок, кийин бул орчундуу маселе кандайдыр себеп менен улам кийинкиге калтырылып, анан бара-бара унутулуп калган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийинки шаардын тегерегиндеги кезектеги жер басып алуу башталганда, ситуациядан аргасыз чыгуу аракети максатында, Ак үйдүн чиновниктери, ошол учурдагы өкмөт башчысы К.С.Бакиевге документ даярдай салып, кол койдуруп шашылыш түрдө, алсаңар ушул, албасаңар жок деп, биздин "Алтын Казык" коомунун элине сунуштап жиберген. Ал токтомду ошол учурдагы жеке турак жай куруу департаментинин начальниги Т.Момуналиев менен шаардын вице- мэри Ч.Т.Алымкулов экөө биздин конуштун элин ушул жерге алып барып көрсөтүшкөн. Биз, албетте ал жер антисанитария, бул жерге эл жашоо үчүн шарт жок деп макул болгон эмеспиз. Бирок чындыгында эле мезгил күзгө таяп, башка жер берилбегендиктен, биз, "Жетиген Ынтымак" коому менен биргелешип, ошол жерге аргасыздан, квартирадан-квартирага көчүп-конуп, тажап бүткөн коомдун мүчөлөрү отурукташып калганбыз. Ал жылы биз менен чоңдордун иши да болгон жок. Кийин эл толук отурукташып, суу, свет талабы менен мэрияга чыга баштаганда гана, "ал жер болбойт, ал жерде шаардын свалкасы бар, баарыңар кырылып каласыңар" деп каршы боло башташты. Ал жердеги таштанды төгүлгөн полигондун турганына отуз жыл болуп калганын эстеген бир жан жок. Эмне себептен токтом чыккан, ал токтомду ким даярдаган, ким күнөөлүү? Муну эстеген бир жан жок. Кол койгон ким, эмне үчүн кол койгон, кана, жооп бер деген бир жан жок. Бардыгы өз жандарын коргоп, баары өз креслолорун сактап, бирөөсү да жоопкерчиликти алгысы келген жок. Ак үй, Көк үй дебей көптөгөн каттарды жазып, барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калган жок, баары ийиндерин куушурушат. Ал эмес президентибиз Бакиев да билмексенге салып койгон. Вице- мэр Чынарбек Токтоналиевич ачык эле айтты, "менин башым экөө эмес, кол коюп коюш заматтык иш. Силер жыргап жашай бересиңер, бирок мени прокурор эртең эле чакырып иш ачып коёт, анан мени камап салса балдарымды силер багып бересиңерби" деп.
Бакиевдик кадрлардан эшектин тушагы да чечилбесине көзүбүз жеткенден кийин, бул бийликтен түңүлүп, ошол учурдагы оппозициянын лидерлери менен байланыш түзө баштадык. Бара- бара биз өзүбүздү калкалоочу күч СДПК партиясы экендигине көзүбүз жеткенден кийин бизде жашаган тургундарыбыздын дээрлик баары СДПК партиясына кирип кетишти. Буга Бишкек шаарында оппозиция уюштуруп өткөрүп жаткан бардык митингдерде, чогулуштарда, курултайларда биздин конуштун эли активдүү катышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төрт жолу шайланып, татыктуу депутат болуп жүргөн Иса Өмүркулов менен 2007-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин тыгыз байланышта болдук. 7-апрель революция күнүндө БЭКтин активдүү мүчөлөрүн тегиз камакка алганда да биздин конуштун эли өзүн жоготуп койбостон, уюшкандыкты көрсөтүп, эл менен бирге болушту, лидерлерди камакка алган түнү, саат түнкү бирлерде, биз Горький- Фатьянов көчөсүндө Алмаз Атамбаевди сактап калабыз деп ОМОНдордун тепкисинде да калдык. Бирок бийлик деген бийлик экен, жакшы куралданган, дубинкачан милициялар Атамбаевдин колун кайрып, балдар-кыздарын чырылдатып алып кеткенде аргасыздан калып калдык. Бирок, таң атпай "Форумдун" астына бирибиз калбай чогуубуз менен туруп, милициялар менен бир- эки кагылышкандан кийин, алар артына чегинип кача баштаганда, биз эл менен бирдикте Ак үйдү карай бет алдык. Анан калганын баарыбыз чогуу көрбөдүкпү. Аны эми кайталап айтыштын зарылчылыгы жок. Кийин эл менен бирге ДНД да жүрдү биздин "Алтын Казык". Ош, Жалал-Абад окуясы чыкканда элден калбай акча чогултуп, кап-кап ундарды сатып алып, КАМазга жүктөп, күрүч, вермишель, кумшекерлерди Ош базарынан сатып алып Турусбеков көчөсүндөгү базадан Ошко кете турган машиналарга салып жөнөтүп жаттык. Референдумга да активдүү катыштык. Иши кылса закондуу айыл болуп, колубузда кызыл китеп болбосо да, кадимки конуштардан калбай, ашса ашып дегендей, элибиздин жеңилин жерден, оорун колдон алып келе жатабыз.
Эми азыркы үмүтүбүз Убактылуу өкмөттө. Алар билбесе, билген шаар мэри Иса Өмүркулов отурат. Куда кааласа күздө парламент шайланганда Жогорку Кеңештен биздин конуштун тагдыры чечилет деген чо-он ишеним бар. Азыр деле бизде чечилбеген социалдык маселелер көп. Сууну ташып ичебиз. Светти эптеп жаныбыздагы ишкана, мекемелерден убактылуу алып жатабыз. Эки жыл мурда бульдозер менен аң-чөнөктөрдү тегиздеп, жол салып алганбыз. Таш, шагыл төшөлбөгөндүктөн жол деген аты болбосо, жамгыр жаап, жер эзилип калганда, ары-бери өткөн машиналар бузуп кетет. Анын үстүнө жаныбыздагы карьерден топурак тарткан 10-15 тонналык машиналар ай-уйга карабастан жолду бузуп кете берет. Эми Убактылуу Өкмөт убактылуу иштеп турганда, биз да убактылуу ушинтип чыдап жашап турсак, кийин Убактылуу Өкмөт туруктуу болуп калганда, биздин да туруктуу чечимибиз чыгып, кызыл китебибизди алып, туруктуу жашап калабыз деген илгери үмүтүбүз бар. Ошондуктан күнү- түнү Кудайдан тилегенибиз, ушул бийликке Кудай кубат берсе экен, Президенттин түбөлүгү түз болсо экен, жаңы принципте түзүлчү өкмөт эл деп иштеген, элдин кызыкчылыгын көздөгөн өкмөт болсо экен деп тилек кылып, ойгонсок оюбузда, уктасак түшүбүздө!
Эми жыйынтыктап айтсам, япондор эмне үчүн өнүгүп кетет да, биз эки жагыбызды элеңдеп, дүйнөлүк цивилизацияга бир кадам таштагандан коркуп, өлөр- өлгөнчө бир ордубузда тура беребиз? Биздин конуштун эли асмандан айды алып бер деген жок го, даяр жерге, куруп койгон тамдарыбызды закондоштуруп бергиле деп талап коюп жатат. Эгер мусорду жапканга мамлекеттин алы жетпесе, свалканы жабуу жөнүндө алакандай токтом чыгарып берсе, биз өзүбүз полигонду акча чогултуп жаап салабыз деп, биздин тургундарыбыз беш жылдан бери бийликке кайрылып келе жатат, бирок бизди уккан жан жок. Башка мамлекеттер чакалап дүйнөсүн чачып, бочкалап кирешени сузуп жатканда, биз дагы деле элеңдеп эки жакты карап, ким бизге грант берет, кредит берет деп асманды карайбыз. Орустар айтмакчы, ким тобокелге салбаса, ал шампандан куру калат деген. Же кыргыз ойчул ойлонгончо, тобокелчил кыр ашыптыр деп айткан. Япондор деңиз үстүнө эки килейген аэропорт салып иштетип, күпүлдөтө киреше алып жатса , биз таранчыдан коркуп эгин экпей, наны жок отурабыз. Свалка иштегенине кырк жыл чамасы болуп калыптыр. Икир-чикирди жүз жыл бою ошол жерге төгүп дагы, жүз жыл түтүнгө көздү ачыштырып ошол жерге жашай беребизби, же чечкиндүү бир жыйынтык чыгарып, ал жерди жаап, башка жерден таштандыны кайра иштетүүчү завод ачып, эки иштен бир иш деп казынага бир аз да болсо акча түшүрбөйлүбү? Акча демекчи, таштандыда өтө чоң байлык быкшыйт деп билген бирөө айткан экен. Анын далили, Москва шаарынын мэри Ю. Лужков учурда эң бай адам катары белгилүү. Ошол Юранын жанында Алексей деген досу бар, Лужковдон эки эсе бай, олигарх. Ал кай жерде иштейт дебейсиңерби, ал ошол Москвадагы таштанды полигонунун кожоюну. Анан элестете бергиле, акча менен таштандыны катар коюп алып. Демек, Ак үй тараптан ошол бекер агып келе жаткан байлыкка кызыкдар болгон адам отурган үчүн ушул кезге чейин жабылбай келе жатабы деген арам ой да анда-санда башка келе калат.
Сиздерге ысык салам жолдоп: -
"Алтын Казык" жаңы конушунун атынан
убактылуу айылдын убактылуу айыл башчысы
Осмон Рыскулбеков.

P.S. Макала даяр болуп калганда Бишкек мэри И.Өмүркулов жана Түштүк Кореянын "Ремсити" компаниясынын ген директору Анатолий Ким 17.09.2010-ж. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу тууралуу меморандумга кол коюшкандыгы маалым болду. Завод биз сөз кылган "Алтын Казык" конушуна курулат экен. Кененирээк маалымат кийинки сандарыбызда.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика