Укугуңду уттурба!

Өз короосунда мыйзамды сактай албаган иимден кандай жардам күтөбүз??!

Кыргыздар ит жандуу калк эмеспизби. Кайсы бийлик келип, каалагандай калчаса да моюн сунуп жашоо кечире беребиз. Улам барган сайын жашоо оорлоп, өлкөнүн ар бир жараны өз тиричилигин тыңдап, өкмөттөн бир тыйын да сурабай, кайра өкмөттү багып келе жатканы жалган эмес. Жарандарыбыз ар кайсы кара жумушта иштеп, таман акы маңдай тери менен тапкан акчаларын тыңдап ала алышпай, убара тартып жүргөндөрү өкүндүрөт. Ал эми мамлекет алардын укугун коргоп бере албаганы бул чоң трагедия эмеспи.

Айтайын дегенибиз, Ички иштер министрлигинде Молдомуса Конгантиев министр болуп турганда ИИМдин короосунда заңгыраган жер төлөсү менен жети кабат имарат тургузулган. Ал имарат Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгына (ГУУРга) арналып салынган экен. 100млн сомдон ашык акчанын башын чапчыган объектини "Инкомполис" жабык акционердик коому ИИМге "белекке" салып берип жатканы айтылууда. Ушул күнгө чейин аталган имараттын 95%ы бүткөрүлгөн. Өкүнүчтүүсү имаратты салган кыргыз балдардын айлык маянасы берилбей калган. Анткени 7-апрелге чейин күркүрөп токтоосуз салынып жаткан имарат Конгантиевдин отставкага кетүүсү менен кошо токтотулган. 100млн сомдон ашык акчанын башын чапчыган объектини "Инкомполис" жабык акционердик коому ИИМге "белекке" салып берип жатканы айтылууда. Ал эми каржылоо булагы эч ким билбеген россиялык фирма болгон. Проектилик-сметалык документтери "Горпроект" фирмасы аркылуу бүткөрүлгөн. Азыркы учурда курулушту жүргүзүп жаткан курулушчулар биринин артынан бири алмашып, беш-алты айлап эмгек акысын ала албагандар тиешелүү органдарга кайрылып чуркап жүрсө, алардын арыз армандарына кулак салбаган чиновниктердин кайдыгерлигине жол болсун. ИИМ жетекчилиги аталган имаратты баштаарда курулушчуларды "Инкомполис" фирмасы алып келип, ортодогу келишимдерди милициянын полковниги Нургалы Асаналиев жайгарып турган. Айрым маалыматтарга караганда ал "Инкомполис" фирмасынын чыныгы ээси болуп чыгууда. Учурда Нургалы Асаналиев "Каганат" саясий партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан чагы. Бакандай болгон Жогорку Кеңешке депутат болууга аттанып жаткан талапкердин артында мындай иштердин болушу жакшы эмес деп билебиз. Ал эми учурда аталган фирманын директору Тарев Александр Борисович "бул имарат Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө "белекке" берилет" дегендей жообун берип жатыптыр. Анда төмөндөгү буйруктар эмнени түшүндүрөт болду экен? Андан да ИИМге Кубатбек Байболов министр болуп турганда "Инкомполистин" директору Таревге "Уважаемый" деп кайрылганы эмнеси? Ошондой эле ал кайрылууда министрдин колу Байболовдун колуна окшошпой жатат. Эгер Байболов кол койсо "Б" же "К" тамгасынан баштап коет эле го. Ошол себептүү Байболовдун колун кимдир бирөөлөр жасап койгон го деп күмөн санап жатабыз.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда жогорудагы буйруктар өз кезегинде жашыруун чыгарылган сыяктуу. Анткени, кыргыз өкмөтү же ИИМ жетекчилиги жаңы салынган имарат бүткөндө, ГУУРдун эски имаратын менчикке чыгарып алууну көздөшкөнү ачык көрүнүп турат. Ал ортодо алардын арам тилектерине каршы революция болуп, максаттары ишке ашпай калып жатпайбы.
Биздин редакцияга жардам сурап кайрылган курулушчулар "Инкомполис" фирмасы Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарын одоно тебелеп, жумушчуларды алдап иштетишкен, бизди жумушка алуу жөнүндө буйрук чыгарган эмес, салыктарды жашырган"-деп нааразы болушууда. Себеби, аткарылган жумушту өздөрү күндө көзөмөлдөп, аванс берип, курулуш материалдарын алып берип турушкан. Бирок, отчетту өздөрү каалаган формада алышып, мамлекеттик отчетту жүргүзүшкөн эмес. Качан гана курулушчулар эмгек акыларын доолай баштаганда мамлекеттик КС-2 формасындагы отчетту талап кыла баштаган. Мындан улам эмне үчүн буга чейин мамлекеттик архитектура жана курулуш боюнча көзөмөл (ГАСН) инспекциясы же дагы башка мамлекеттик орган бул курулушту көзөмөлгө алган эмес деген суроо туулат. Ал эми ИИМге курулуш жүргүзүүгө лицензиясы жок "Инкомполис" камсыздандыруу компаниясынын капиталдык курулуштар менен шугулданганына ким макулдук берген? Аталган курулушка удаа эле "Учкун" кичи районунда ИИМдин Академиясынын 27 квартирасын капиталдык жасалгалоодон өткөргөн ушул эле курулушчулар 4 млн сомдон ашык жумуш бүткөрүшкөн. Ал жердеги эмгек акысын алып берүүнү өтүнүп кайрылган курулушчуларга Академиянын жетекчиси А.Базарбаев "ошол "Инкомполис" биздин да 4 га жерди жеп кетиптир. Дайынын билдирип койгулачы" деген жообун билдирген экен. Ошондой эле эмгек маянасын ала албаган жумушчулар ай сайын алмашкан ИИМ министрлери Болот Шерге, Кубатбек Байболовго кайрылып, жарытылуу жооп ала алышкан эмес. Ушундан улам өз короосунда мыйзамды сактай албаган ИИМден келечекте кандай жардам күтөбүз деген коркунучтуу суроо туулат. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов "курулушчулардын эмгек акысын берүү боюнча биздин министрликтин эч кандай тиешеси жок. Биз келишимди "Инкомполис" фирмасы менен түзгөнбүз. Ошол фирма чечет"-деп жооп берди. Жалпысынан көз жүгүртүп караганда жаңы салынган имараттардын артында көптөгөн кызыктуу көз будамайлар бар окшобойбу…
Назгүл МАМЫТОВА