Министр менен бетме бет

БИЛИМДҮҮ ЭЛДИН БАЙРАГЫ БИЙИК

Саясый өңүттөн алып караганда быйылкы күз алда канча аптаптуу башталды. Саясатты эске албаган күндө да аба ырайынын салкын тартып турушу көпчүлүктү бүшүркөтүп турган чагы. Анткени сентябрь айында республиканын булуң-бурчтарындагы 2191 жалпы билим берүүчү мектептер эшик ачып, алардын босогосун 1млн. 36 834 окуучу аттады. Ал эми күздүн салкын тарткан илеби кыштын эрте келишин шарттап, мектептерибиз учурунда жылытылбай калбайбы, Апрель революциясынын, түштүк окуяларынын таасири билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейби, башталгыч класстардын окуучулары үчүн ачылган ашканалардын жабылып калышы мүмкүнбү? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолордун айланасындагы маегибиз КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен улантылды.

- Айтсаңыз, министр мырза, ушундай татаал шартта, дегеним утурумдук техникалык өкмөттүн курамында үлкөн кызматтык креслодо "чалкалоонун" кажети бар беле? Эртеңки күнү, шайлоодо утуп алган партия Сизди жаңы өкмөттүн курамына кошпой койсо, абалыңыз кантет?
- Кызмат абалымдын өзгөрүшү менин адамдык аброюма шек келтирбейт деп ойлойм. Анткени мен буга чейин да иштеп келгем , мындан ары да кандай кызмат жүктөлбөсүн иштей бермекчимин. Негизгиси, бар дараметиңди, билимиңди, тажрыйбаңды коомго арнаганда гана андан кандайдыр бир майнап чыгат. Анткени сенин иш-аракетиң өзүңдөн бийик турган бир адамдын эмес, бүтүндөй коомчулуктун көз алдында турса, анын акыбети бир кыйла жемиштүү болбойбу.
- Соңку мезгилдеги сиздин түштүк жергебизге иш-сапарыңыздын аягы үзүлбөй калгандыгынын чоо-жайын түшүнүп турам. Деги абал кандай экен? Башканы коелу, министрди канааттандырдыбы?
- Кырдаал кыйын эле болгон. Ар кандай ушак-айың сөздөр балдардан мурда алардын ата-энелеринин жүрөгүнүн үшүн алган. Ош коогалаңына 40 күн болгондо баягы тополоң кайрадан чыгат экен, Айт майрамынан кийин террордук акциялар башталат экен деген имиштер айыл-апага чейин тарап, айлабыз бир топ эле кетти. Алар эч кандай инцидент болбостугуна кандай кепилдик бере аласыңар дегенге чейин барышты. 1 -сентябрда окуучулардын мектептерге, студенттердин ЖОЖдорго келбей калуу коркунучу чындап жаралган. Бирок, тынымсыз жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы түздөн-түз аракеттердин натыйжасында абал жакшырды. Эл аралык фонддордун, өкмөттүн, биздин министрликтин,билим берүү бөлүмдөрүнүн жардамы аркасында бардык билим берүү мекемелеринде коопсуздук кызматтарын аракетке киргиздик. Мындай атайын фонддор тарабынан каржыланган коопсуздук кызматтары азыр да иштеп жатат.Жогорку курстардын студенттери , айрыкча юридикалык билим берүүчү жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын студенттери мектептерге өндүрүштүк практикага жөнөтүлүп, коопсуздукту сактап жатышат. Ошондой эле Ош шаарынын жана Жалал-Абад облусунун ЖОЖдорунун атайын каражаттарынын эсебинен 10 кичи автобустар балдарды "Үй-Мектеп-Үй" багытында ташый башташты.
- Коопсуздук камсыз болгону дурус жагдай экен. Ошондой эле болсун. Бирок мугалимдердин жетишсиздик маселеси да бар деп угабыз, ал жагы кантти экен?
- Бул жагынан чечилүүчү маселелер жок эмес. Республика боюнча жаппысынан 2500 мугалим жетишсиз.Ал эми Ош облусу 692, Жалал-Абад облусу боюнча 620 мугалим керек.Бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз.Бүтүрүүчү курстардын студенттери педагогикалык практикага 1-сентябрдан тартып чыга башташты. Бардыгы болуп 516 студент Ош шаарына жөнөтүлдү.
- Баса, Оштогу коогалаңдан кийин көптөгөн студенттер түштүк региондун жогорку окуу жайларында билим алуудан баш тартып жатышкандыгы туурасында маалымат тараган эле?
- Ош жана Жалал-Абад облустарынын ЖОЖдорундагы жана атайын кесиптик окуу жайларындагы студенттердин талабы боюнча Бишкекке бир топ студенттерди котордук. Айталы, Элдердин достугу Университетинен-112, ОшМУдан-169, ЖаМУдан-3, Кыргыз-Өзбек Университетинен -3, ОшТУдан-9, ОшМЮИден-3 студент Бишкектен билим алууну уланта башташты.Жалпы эсеби 305 адамга жетти. Министрлик бул иш-чараны 15-сентябрга чейин эле аяктады.
- Канат мырза, эл арасында Бакиев баштап кеткен башталгыч класстардын окуучуларына берилүүчү тамак-аш токтотулуптур деген сөз бар. Буга кандай карайсыз?
- Мындай маселе келип чыгышы мүмкүн эмес. 1-4 класстардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 450 млн. сом каралган. Мындайынан алып караганда аз эмес сумма. Бирок, ар бир балага бөлүштүрө келгенде күнүнө 7сомдон гана айланып калат. Анткени башталгыч класстарда 301411 бала окуп билим алып жатышат.
- Революциялык өзгөрүүлөрдүн шартында мурдагы салтыбыз, тагыраак айтканда, ар жылы жаңы мектептерди куруп, пайдаланууга берүү маселеси токтоп калган жокпу? Экинин бири эле бүтүндөй бюджеттик каражаттар Ош , Жалал-Абадды көтөрүүгө жумшалып жатат дешет.
- Сан менен сүйлөйүн, 2010-жылдын 1-сентябрына карата 24 мектеп курулуп бүттү. Бардык объекттер окуу эмеректери жана жабдуулары менен камсыздалды. Бул жаман эмес көрсөткүч деп эсептейм.Эң эле көп мектеп Ысык-Көлдө курулду. Бардыгы-17. Мында жергиликтүү бюджеттин салымы зор экендиги көрүнүп турат. Ал эми Баткен жана Жалал-Абад облустарында экиден, Ош, Нарын облустарында бирден жана Бишкекте да бир мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 28 билим берүү объектилери эксплуатацияга киргизилет. Мындан тышкары 146 млн. сомго мектептердин мөөнөтсүз ремонту жүргүзүлдү. Ал эми 2010-жылга карата капиталдык ремонт үчүн 11,0 млн. сом каралган.
- Кыштан кантип чыгабыз деген кыжаалат маселе жокпу? Угушубузга караганда Бишкек жылуулук борборунун чама-чаркы да чектелүү экен. Борбордо акыбал минтип турса, элетибиз эмне болот? Көптөгөн мектептер элетте эмеспи.
- Чындыгын айтуу керек , акыбал алым сындырбайт.Болгону республика аймагы боюнча 183 гана мектеп жылуулук борборлоруна туташтырылган. 560 мектеп көмүрдү карап олтурушат. 904 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. 462 мектепте кадимки эле меш жагылат, 24 мектеп мазутка муктаж.Көрүнүп тургандай, көмүргө зарылчылык өзгөчө. Ал тургай, электр жарыгы адатынча өчүрүлө баштаса, көмүргө көзкордук мындан да күчөйт. Ал эми бүгүнкү күндөгү ташылып келинген көмүрдүн запасы жалпы керектелүүчү көлөмдүн 3,4 гана пайызын түзүп турууда.Жергиликтүү бийлик структуралары, Отун-энергетика министрлиги менен бирдикте иш алып барбасак абал татаал бойдон калып жаткандыгын жашырууга мүмкүн эмес.
- Республикадагы билим берүү тармагынын келечегин эмне менен байланыштыра аласыз? Интеллектуалдуу жаштардын катары өсүп олтурса, Европа , Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнүн арасынан өзүбүздү көрө алар белек?
- Мени кубандырып, шыктандырып турган бир гана нерсе, бул биздин жаштарыбыздын терең билимге, маалыматтык технологиянын заманында эч нерседен четте калбастан алга умтулуусу. Эгерде балдарыбыз билимдүү болсо, элибиздин көтөргөн байрагы баарынан бийик болот.

Маегиңизге рахмат. Асан Шыгаев.