Шундай белең... "Калп Детектор" капчык калыңдатма каражатпы? Коррупция менен күрөшүү боюнча эмне кылуу керек деген ой, азыркы кездеги өкмөт анын ичинде эл ишенимин көтөрөм деп келген президент Роза Исаковнанын башын ооруткан жагдай болду. Кезинде мунун жолун издөөнү ар кандай уюмдар изилдеп көрүшүп, биринчи эле саясий эрк керек экендигин айтышкан болчу. Себеби, ошол кездеги мамлекеттеги жогорку баскычтарда отурган чиновниктердин иштери боюнча көптөгөн материалдарды анализдеп, Эркештам чек арасы боюнча анализ жүргүзүлгөндө, бардыгы тең эле албетте, президенттин администрациясына, Жогорку Кеңешке, президенттин өзүнө карата гана сын пикирлер айтылып гана тим болгон. Демек, "балык башынан сасып жатат да" деген ойдо болушту көрүнөт. Учурунда ошол эле анализ жүргүзгөн материалдар ошолордун наамына жөнөтүлүп, бирок саясий эрктин жоктугуна байланыштуу чечимдер кабыл алынбай, ошонун баары кагаз жүзүндө калган. Эл аралык тажрыйбадан тастыктасак болот, саясий эрк болбосо агенттик түзөбү же башка эмне болот - көп натыйжага ээ болбойт. Ошондуктан "бул коррупционер экен, муну отургузуш керек" дебестен, коррупция каяктан келип чыгып атат, эмне үчүн келип чыгып атат, түпкү тамыры каякта жатат, ал үчүн эмне кылыш керек деп анализдеп, аны катуу көзөмөлгө гана алуу шарт болуп турат. Мындай жагдайда стратегиялык атайын иш пландарды иштеп чыгып, ошого көзөмөл жүргүзсө эффективдүү натыйжага жетсе болот. Бүгүнкү күндө кайсыл тармактар өзгөчө коррупция менен коюн-колтук алышып жатат? Албетте, сурамжылоонун же күнүмдүк турмуштагы эл арасындагы жел аргы болуп айтылып жүргөн коомдук пикирге кайрылсак милиция менен сотту, прокуратураны жана Жогорку окуу жайларын ириде санап берээри анык. Аталган тармактарга баш багып балээлердин ишине аралаша калсаң, кадимкидей базар көз алдыңа тартыла калат. "Баланча доллар" деп соодалашышат. Окуу жайларда да коррупция күчтүү, зачеттук китепчеси менен акчасын көтөрүп алып студенттер мугалимдердин артынан чуркап жүрүшөт. Муну мен айтпасам да жалпы эл жана жетекчилер билишет. Ал тургай медицина тармагы да оңбогондой коррупцияланып кеткени эч кимге деле жашыруун эмес. Кыскасы ден соолугуңду да акчага сатып аласың. Акчаң жок болсо, өлүп баратсаң да операция жасашпайт. Окуу жайларда болсо экзамен убагында, кабыл алуу учурунда коррупция гүлдөп эле жатып калат. Мисалы, медицина факультетинде бир экзамендин баасы жүз долларга чейин жетет. Шаар тургундары паракорлук өнөкөтү соңку кезде ачык көрүнүшкө айланып калганын, буга башкы себеп катары айлык акынын төмөндүгүн белгилешет. Бийлик өкүлдөрү болсо, коррупция менен тынымсыз күрөш жүрүп келгенин бетке кармашат. Эл аралык "Трансперенси Интернейшнл" уюму да өз баяндамасында Кыргызстанда соңку жылдары коррупциянын деңгээли бир кыйла өстү деген тыянагын чыгарган. Айтор, Кыргызстан бул жаатта Борбор Азия чөлкөмүндө алдыңкы орунду бербей келет. Мындай оор жагдайдан кантип чыгуубуз керек-бул бүгүнкүнүн негизги маселеси. Акыркы айла, адамдардагы абийир менен ар намыска, адилеттүүлүккө, Алла деген жүрөктөгү адамдык сапатка да ишенүүгө болбостугу Кыргызстандагы жетекчилердин акыркы кездердеги кадамдарынан билинди. Тескерисинче паракорчулуктун күчөп бара жатышынан улам аргасыз, "калп Детекторун" колдонууну жаратты көрүнөт. Кезинде бул аппараттан азыркы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев дагы өтүп, эки саатка созулган бул иш-чарага Президенттин алдындагы Адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун, укук коргоочу Азиза Абдрасуловалар сереп салып турушуп, Текебаев мырзанын калп сүйлөбөгөндүгүн ачыкка чыгарып берген. Мындан соң көпчүлүктүн арасында Детекторго болгон ишеним пайда болду көрүнөт. Кезинде Данияр Үсөновдун кызмат орду 300 миң долларга тургандыгы тууралуу айткан сөзүн мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов "Дело №" гезитиндеги маегинде айтып чыккан эле. Ал эми Д.Үсөнов 300 миң доллар акчаны депутаттарга бербегенин айтып, эгер залда отургандардын арасынан алгандар болсо колун көтөрсүн деп күңкүлдөп анан күрсүлдөп чыккан. Өңдү көрсө жүз тайып бири да үндөгөн эмес. Суроону кай жерден беришти билет эмеспи. Акыры Парламент мүчөсү болуп отурган Өмүрбек Текебаев көпчүлүктүн алдында көз ирмебей туруп калп айткандардын жалганын чыгаруу үчүн: "Баарыбыз ант берип жатабыз. Америкалык компаниянын "Детектор лжиси" бар экен. Келгиле, урматтуу депутаттар, Данияр баш болуп баарыбыз ушул детектордон өтөлү" деген. Текебаев, Садырбаев, Мамашовдор гана өтүп, башкасы басып да келген эмес. Кыязы кылгандарын өздөрү жакшы билет окшобойбу. Бүгүн Кыргызстандагы паракорчулуктун кендирин кесүүдө жаңы өкмөт жана президент Отунбаева баш болуп ал детекторду колдонууну туура көрүп, ал аппараттан өтүүгө макул болушту. Анын натыйжасы кандай болорун эч ким азыр этибарга албай туру. Менин пикиримде кыргыздар үчүн ал детектор анык коррупциянын чордонуна айланган тармак болуп калышы мүмкүн. Себеби, ал детектордон коррупцияга өтө жакын тармактардын адистери өтө турган болсо, алардын баары чириген байлар болушары бештен белгилүү. Детектордон өтүп, майлуу кызматында калыш үчүн алар болгон мыдырын берүүгө даяр. Ал эми аны иштетип жатышкан, аппарат башчысы жана анын жан жөкөрлөрү суудай агылып турган акчалардан баш тартуулары күмөн. Канчалык комиссия карап турбасын, жыйынтыгы бир гана детекторчу адистин айтканы менен гана болот. Детектор улам берилген суроолорго "калп" же "чын" деп үн чыгарып айтып турбагандан кийин, адамдын нерв жана тери кыймылдарына жараша аракетте болуп турган шкалалар аркылуу жыйынтык чыккан соң, аны иштетип жаткан адистин чыгарган корутундусу менен гана бардыгы бүтөт. Бул аппаратты иштеткенди болгону үч гана адис билет имиш. Демек, детектор иштеткен үч адис миллионер болуп чыга келишерине эч бир шектенбейбиз деле. Албайм деген кишини алкымдап, бербейм дегенди белге тээп турган кыргыз чиновниктерине бу "жаман" детектордон өтүш "ерунда". Чолпонкул Арабаевдин ырасташынча, "Калп Детекторунан" тажрыйбалуу, жүрөгү бекем, калп айтып жүрүп каты бышкан, уурдаса да убайымга түшпөгөн адам опоңой эле өтөт экен. Ал эми жаш кадрлар бир аз кыйналып калышы мүмкүн" дейт. Колу, жүрөгү таза жаш кадрларды бердиртмейди ушул детектордон баштаганы турганбы деген ой чырмайт. Айтор, бул жол деле болбогон оокат көрүнүп калды. Аракетке берекет дейт кыргызда, аргасыздан кылып жаткан бул айланы деле бир көрөлү. Мүмкүн жыйынтыгы болуп калар, башында турган адистин бири кыргыз эмес, америкалык деп жатышпайбы. Күнболот МОМОКОНОВ |